Уруучулдук:
оң жана терс жактары
1. Учурда кыргыздар уруучулдуктун кайсы жагынан утуп же зыян тартып жатат?
2. Уруучулдук өлкөбүздүн өнүгүшүнө кандай таасир этет деп ойлойсуз? Себептерин түшүндүрсөңүз.
3. Уруучулдукка үндөгөн инсандар, коомдук уюмдар эмне себептен калктын кеңири колдоосуна ээ болбой жатат?

Корчубек Акназаров,
коомдук ишмер, пенсионер:
1. Кыргыздар уруучулдуктан пайда албайт. Жалпы коом мындан зыян гана тартат. Пайда алам деп эч ойлобош керек, анын зыяны гана көп.
2. Кыргыздар уруучулдукка бөлүнүүнү мындай коюп, жалпы мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн башын бириктирип, экономиканы көтөрүү, канал жасап, суу чыгаруу, өнөр жай, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү завод, фабрикаларды куруу, элге пайда алып келе турган коомдук иштерди уюштуруу жагын колго алса өлкөгө пайда болот. Ал эми жердешчиликке, уруучулукка бөлүнүүнү каалаган саясатчылар өлкөгө эч кандай пайда келтирбейт. Андан көрө алар биригип, "канткенде өлкөнү өнүктүрөбүз?" деп кеңеш куруулары керек.
3. Уруучулдукка үндөгөн инсандар, ага бириккен коомдук уюмдар ошон үчүн эл колдоосуна ээ болбой жатышат. Урууларга бөлүнүүдөн биз эчак эле өтүп кеткенбиз. Бул мезгил тээтиги феодалдык, кулчулук мезгилдерде керек болсо керек. Азыр биз өнүккөн илимдин, техниканын заманында жашап жатабыз. Социалисттик, капиталисттик коомдо жашап жатканыбызда урууларга бөлүнүү маселесин кайра-кайра көтөрө берүү, адамдарды уруу-урууга бөлүү такыр пайда келтирбейт. Жалпы улуттук, мамлекеттик кызыкчылык үчүн күрөшө турган мезгилде турабыз. Кыргыз улуту жалпы Кыргызстан мамлекети үчүн биригип, аракеттенүүсү керек.

Тургуналы Арипов,
"Тагай бий ата" коомунун
төрагасынын 1-орун басары:
1. Биз уюштуруп жаткан иштер, жыйындар уруучулдукка алып барбайт. Тарыхыңды, тегиңди, каада-салт, үрп-адатыңды, тилиңди таңууласаң уруучулук, улутчулдук болуп эсептелет. Эгер каада-салт, үрп-адатыңды калыптандырсаң - руханий байлык. Эгер бир уруунун тарыхын калыптандырсак, улуттун тарыхы түптөлбөйт. Ошондуктан, биз жасап жаткан иштер уруучулукка, улутчулдукка жатпайт, андан дегеле алыс.
Саясий түзүлүшүбүздү түптөп алдык. Жаманбы-жакшыбы чек арабызды кошуна өлкөлөр менен тактап жатабыз. Тарыхыбызды тактап жатабыз. Тарых - мамлекетибиздин идеологиясы. Улуттун тарыхын, рухий байлыкты калыптандырыш керек. Ар бир уруунун тарыхы калыптанмайынча, улуттун тарыхы түптөлбөйт. Тарыхы, руханий байлыгы күчтүү болсо, мамлекет күчтүү болот. Өнүккөн өлкөлөрдүн 70-80%ын руханий байлык, калган 30%ын экономикалык байлык түзөөрүн окумуштуулар далилдеген. Бизде тегибизди, тарыхыбызды билбегенибиз үчүн эки жолу ыңкылап болду. Биз бир атанын балдары экенибизди, тарыхыбызды билгенде мындай ыңкылаптар болбойт эле.
3. Жалпы коомдун колдобой жатканы - ал жалпы коомдун иши. Мен бир гана нерсени айтайын - жедигер уруусу кыргыздарда мурда болбогон. Былтыр жедигердин 16-19-кылымдардын аралыгындагы ата-бабаларын изилдеп, 5-6 инсанын тарыхка киргиздик. Былтыр 40тан ашык боз үй тигип, кыргыздын 40 уруусун биримдикке чакырып, эл өзү той өткөрдү. Ага мамлекеттен бир тыйын кеткен жок. Быйыл 11-майда Шамалды-Сайда орто кылымдардын тарыхын тактоо үчүн илимий жыйын өткөрдүк. Тарыхты тактап, сүрүштүрүүнүн аркасы менен уруулар кандайдыр бир деңгээлде бириге алды.

Абдылда Карасартов,
акын, котормочу:
1. Уруучулдук илгертеден эле кыргыз канына сиңип, салтка айланган көрүнүш. Бул салт азыр да уланып, айрым учурларда күч алууда. Анын күч алганы өзгөчө өлкөбүз эгемендүүлүгүн өз колуна алып, депутаттарды шайлоо учурунда ачык билине баштады. Уруучулдуктан коомдо карама-каршылык, нааразылыктар курчуп, ал мамлекеттин пайдубалынын бекемделишине кандайдыр бир даражада тескери таасирин тийгизүүдө. Уруучулдукту ата-текти сүрүштүрүү жагынан колдонсок да, мамлекеттик иш үчүн колдонуу анча пайдалуу эмес. Тагдырды, өлкөнүн өнүгүшүн чече турган маселелерде тигил же бул уруунун эмес, бүт кыргыздын орток пайдасын көздөсөк, чоң ийгиликке жетер эле. Бир мисалды келтирейин. Шинжандын үч аймак ыңкылабынын (1945-жыл) аскер башчысы генерал-лейтенант Ысакбек Монуев деген киши болгон. 110 жылдыгы быйыл Кыргызстанда белгиленген ушул кишини Иле, Алтай, Тарбагатайда, ошондой эле Кытай Эл Республикасында жашаган бардык эл "биздин генерал" деп айтышат. Кыргыздардын генералы деп эч качан айтпайт. Ошондон уламбы, айтор, илгери кыргыздар Ысакбек Текеске келет экен деген кабарды угуп калышат. Текестеги кыргыздардын акалакчысы - болушу Сыдык деген аксакал өзүнүн төрт бийин чакырып, Көк-Секи жайлоосуна тезинен ак өргө тиктирип, ат чабыш, улак тартыш, көк бөрү жана башка оюндарды уюштурууну тапшырат. Эл Ысакбекти өтө кубаныч менен тосуп алышат. Жолугушуу учурунда бир аксакал киши Ысакбекке: "Сиз кайсы уруу-дан болосуз?" - деп суроо берет. Ошондо Ысакбек: "Менин уруум да, улутум да - кыргыз" деп жооп берген экен. Бул сөздү Шинжан калкына белгилүү инсан Ысакбек Монуев мындан 70 жыл илгери айткан. Ал киши эмне үчүн өз уруусун айткан жок, себеби ал кыраакы инсан бир бүтүн кыргыз майдаланып кетпей, биримдикте болгула деген ишаратты туюндурган.
2. Уруучулдуктун арымы тар. Ошондуктан мындай көрүнүш жалпы кыргыз элинин жыргалчылыгын, байлыгын көздөбөстөн, тек гана бир уруунун кызыкчылыгын көздөп калат. Натыйжада уруучулук аз сандагы адамдар - уруулар үчүн жыргалчылык алып келсе да, көпчүлүк элди жокчулук, жакырчылыктын туткунуна айландырып коет. Мисалы, өлкөдөн качып кеткен эки ажо эң оболу бийликти үй-бүлөлүк башкарууга алып, эл байлыгын өздөрүнө ыйгаруу менен өз урууларына акырындап, аздап жем ыргыта баштаган. Эгер алар ушу күнгө дейре бийликте турганда бийлик ошолордун урууларынын колуна толук өтүп кетиши да мүмкүн эле. Ошондуктан уруучулдук мамлекеттин жалпы кызыкчылыгы жана өсүп-өнүгүшү үчүн бир топ эле чоң тоскоол болот деп ойлоймун.
3. Албетте уруу-урууларга бөлүнүүнү эл эч качан колдобойт. Себеби, уруучулукка бөлүнүү алсыздыкка бет алуу, ал эми алсыздыкка бет алуу - жоголууга бет алуу деген сөз. Урууларга бөлүнүүнүн пайдасыз экендигин эл түшүндү. Биз биримдик бекем тамыр тартышы үчүн "Манас" эпосунун рухун бүгүнтөн тартып, бакчадагы балдардын, мектеп окуучуларынын мээсине сиңиришибиз керек. Мисалы, жаш өспүрүмдөр бир класста, бир партада отуруп, 11 жыл билим алышат. Мына ошол кезде ата-энелер балдарына "Биз бул урууданбыз, тигил ал уруудан, ошондуктан бизге түкүнчө жакын, баланча алыс" деп айтпастан, баарыбыз бир айылданбыз, бир тууганбыз деген түшүнүктү жеткизишибиз керек. Менимче, уруучулдукту ата-тегин билип алуу үчүн гана колдонсо болот. Бирок бир урууну башка уруулардан өйдө коюп, башка уруу-ларды кемсинтүүгө баштан аяк каршымын. Уруучулдук күч алса, бир бүтүн кыргыздын ыркы кетип, алсырап, шору катары турган кеп.Ошондуктан, мен кыргыздан чыккан генерал Ысакбектин "уруум да кыргыз, улутум да кыргыз" деген сөзүн колдоймун.
Урматтуу окурман, бул менин жекече көз карашым, аны башкаларга тануулагым келбейт.

Замира Акбагышева,
Аялдар конгрессинин
президенти:
1. Кыргыздар уруучулдуктан көп зыян тартып жатышат. Анткени, уруучулдук кендирди кескен нерсе. Тарыхты бурмалабай, туура жазыш кажет. Тарыхты бийликте отурган кимдир-бирөөнүн же кайсы бир уюмдун кызыкчылыгы үчүн жазгандар болду. Антпей, тарых принциптерине таянып жазуу зарыл. "Ырысы жок элдин ырымы күч" деген сөз бар. Азыркы учурда жалпы Кыргызстандын келечегин ойлоп, анын өнүгүшү үчүн иштеш керек. Уруучулдукту пайдаланып, кээ бир адамдар кызмат алган учурлары бар, ушул туура эмес. ХХ1 кылымда бүт дүйнө жүзү прогресс жолу менен өнүгүп жатса, мындай нерселердин орун алышы - абсурд. Уруучулдук кыргызстандыктардын кызыкчылыгын коргобостон, улут кызыкчылыгына чоң зыян келтирип жатат.
2. Уруучулдук өлкөбүзгө абдан терс таасир этет. Уруучулдукту пайдаланып, бийликке келгендер Кыргызстандын өнүгүшүнө кантип пайда келтирсин? Орустардын "өз чочкоң жакшы коркулдайт" деген одоно макалы бар. Айыл өкмөт башчыларын шайлап жатканда ага эл кызыкчылыгын ойлогон, чын эле эл үчүн иштей алган, адамдык, интеллект деңгээли бийик, кесипкөй инсандар келбей, уруучулдук принциби менен "эмне болсо да өз балабыз болсун" деп, колунан иш келбегендерди шайлап алышса, ошол айылда жашаган калктын шору. Азыр айыл өкмөттөрдө каржылык абал жакшы. Бирок, уруучулдук менен келип калган айыл өкмөт башчылары маселени чече албай, кыйналган калк акимдерде, башка жетекчилерге, Ак үйгө барышат, митингге чыгышат. СССР кезинде башкарууда турган инсандар элдик адамдар болушчу, таза, патриот эле. Азыркы уруучулдук менен келип алгандардын же идеологиясы жок, же коомдо тамырлары жок. Уруучулдар тарыхый инсандарга марафон өткөрүп, акча чогултмайды токтотуп, экономиканы көтөрүүнү, элге жакшы жашоо тартуулоону ойлосо жакшы болот эле.
3. Уруучулдардын элге кеңири сиңбей жатканынын себеби - алардын тамыры жок. Рынок шартында, капитализм доорунда мындай нерселер өтпөйт. Капитализмдин башкы идеологиясы - пайда, акча. Эл азыр башка принциптердин негизинде биригип жатышат. Мисалы, кесипкөйлөр, бизнесмендер. Эгер азыр сарбагыш, солто, тынымсейит деп бөлүнө баштасак, туура эмес болуп калат. Андан көрө баарыбыз биригип, Кыргызстандын желегин көтөрүшүбүз керек.

Мавлян Аскарбеков,
Жаштар кыймылынын
активисти:
1. "Тарыхты мылтык менен атсаң, келечек сени замбирек менен атат", - деген жакшы сөз бар. Биз өз тарыхыбызды, санжырабызды билип, ага карай иш жүргүзүшүбүз керек. Мунун оң жагы - биз ким экенибизди, кайсы уруудан чыкканыбызды, ал уруу кандай болгонун билебиз, тарыхты жайылтабыз. Уруучулуктун дагы бир жакшы жагы - тигил же бул уруунун өкүлдөрү уруусунун атын, өз эл-жерин уят кылбайын деп, бийлик башында турганын кеп-сөзгө чакырат. Терс жагы - уруучулукту, жердешчиликти, тилекке каршы, азыр бийлик башында тургандар өз кызыкчылыгына колдонуп жатат.

(Уландысы 10-бетте)






Пикир: