АтатҮрк Ала-тоо университети
Ататүрк Ала-Тоо университети 1996-жылы "Себат" билим берүү мекемесинин демилгеси менен негизделген Бишкектеги ири жогорку окуу жайларынын бири. Университет бүгүнкү күндө эл аралык деңгээлдеги жогорку квалификациялуу адистерди даярдап жаткан абройлуу жогорку окуу жайы болуп саналат. Андагы билим берүүнүн сапатын келечектеги жумуш берүүчүлөр болуп эсептелген ата мекендик жана чет элдик ири компаниялардын өкүлдөрү текшеришет. Окуу жайында 3 факультет жана 12 бөлүм бар. Университет кесипкөй адистерди даярдоого потенциалдуу мүмкүнчүлүктөргө ээ. Окутуучулук-профессордук курамы - билим берүүдө чоң тажрыйбага ээ докторлор, профессорлор жана илимдин кандидаттары. Ошондой эле окуу жайына чет элдик мугалимдер да келип лекция окушат.
Эл аралык Ататүрк Ала-Тоо университети Тунгуч кичи районунда орун алган. Окуу жайдын инфраструктурасы жана техникалык жактан камсыздалышы эл аралык стандарттарга жооп берет, Анда 2 окуу имарат, кең дарсканалар, спорттук аянттар жана залдар, китепканалар, бий, салтанаттуу жыйындар өткөрүлчү зал, конференц-залдары, буфет, жатакана, заманбап компьютердик жана илимий лабораториялар бар. Учурда үчүнчү заманбап окуу кампусунун курулушу уланып жатат.
Коопсуздукту сактоо максатында университетте видеобайкоо камералары коюлган, алар аркылуу 24 саат бою көзөмөл жүргүзүлүп турат.
Ататүрк Ала-Тоо - бул студенттер менен илимдин шаарчасы. Окуу жайдагы билим берүү процесси эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлөт. Ататүрк Ала-Тоо университети эл аралык университеттер союзунун мүчөсү. Билим берүүнүн эл аралык долбоорлорунун алкагында чет элдик жогорку окуу жайлары менен бирдикте университетке жүздөгөн чет элдик студенттер келип билим алышат. Ошондой эле Ататүрк Ала-Тоо университетинин студенттеринин да башка өлкөлөргө барып билим алуу мүмкүнчүлүтөрү бар. Учурда бул окуу жай АКШ, Түркия, Албания, Босния жана Герцоговина, Румыния, Кипр, Малайзия, Ирак, Азербайжан, Грузия, Казакстан, Нигерия, Польша, Түштүк Корея жана Кытай сыяктуу өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен кызматташат.
Бүгүнкү илимий-техникалык өнүгүү доорунда дүйнөнү заманбап илимий жабдууларсыз элестетүүгө мүмкүн эмес. Ататүрк Ала-Тоо университетинин студенттери баштапкы курстарда эле мыкты дүйнөлүк үлгүлөргө туура келген уникалдуу илимий аспап-шаймандарды колдонууга мүмкүнчүлүктөрү бар.
Бай илимий жана көркөм адабияттарды камтыган китепканаларда студенттер сейрек кездешкен китептерди гана эмес, алардын электрондук варианттарын, ошондой эле илимий документтер менен архивдик маалыматтарды окуй алышат.
Университеттеги негизги билим берүү тили болуп англис тили эсептелинет. Аны менен катар студенттер түрк, француз жана кытай тилдерин үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ.

Факультеттер жана бөлүмдөр:
1. Экономика жана башкаруу факультетинин негизги максаты - каржы долбоорлорун уюштуруу жана ишке ашыруу, фундаменталдык анализ жүргүзүү жана экономикалык окуяларды божомолдоо үчүн студенттерге сапаттуу экономикалык билим берүү.
Факультетте төмөнкүдөй бөлүмдөр бар:
o Дүйнөлүк экономика бөлүмү.
o Эл аралык мамилелер бөлүмү.
o Каржы жана насыя бөлүмү.
o Менеджмент бөлүмү.
2. Жаңы технологиялар факультети төмөнкү адистиктер боюнча жогорку деңгээлдеги инженерлерди даярдап чыгарат:
o Компьютердик инженерия
o Сапатты башкаруу (инженер - менеджер)
o Колдонмо математика жана информатика
o Электрондук инженерия
3. Гуманитардык илимдер факультети студенттерге сапаттуу гуманитардык билим берүүнү максат кылат. Көп аспекттүү даярдык менен атайын профессионалдуу терең билим алган бүтүрүүчүлөр жумушка дароо орношо алат. Бүгүнкү күндө факультетте төмөнкү адистиктер боюнча билим берилет:
o Түркология бөлүмү.
o Кытай тили жана адабияты бөлүмү.
o Англис тили жана адабияты бөлүмү.
o Синхрондук котормо бөлүмү.
Университетте студенттердин ата-энелери үчүн да ыңгайлуу шарттар түзүлгөн - алар балдарынын жетишкендиктери менен сабактарга катышууларын интернет аркылуу байкоо жүргүзө алышат.
Урматтуу абитуриент! Ататүрк Алатоодо билим алуу - сизге билим, достук жана кең келечек алып келет!
Университетте маданий жана спорттук иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Ататүрк Ала-Тоонун студенттик маданият борборунда студенттер өздөрүнүн кайталангыс таланттарын көрсөтүп, алар ойлонуп жүргөн өзгөчө бир идеяларын ишке ашыруусуна бардык шарттар бар. Студенттер тарабынан окуу жайда бий, музыкалдык, вокалдык, спорттук, илимий, дизайнердик ж.б.топтор уюштурулган. Бул жерде жеке КВН лигасы жана калктын муктаж катмарына жардам берип кайрымдуулук менен алектенген V - Fund деген волонтердук клуб бар. Ошондой эле университеттин илимий лабораториясында өлкөнүн тарыхында биринчи жолу робот жасалган. Ал окуу жайдын сыймыгы болуп калды.
Студенттер өзүлөрүнүн мыкты өнөрлөрүн, кайталангыс таланттарын жыл сайын өткөрүлүүчү фестивалдарда, концерттерде жана сынактарда көрсөтө алышат. Маданий иш-чаралардан сырткары факультеттин студенттери тарабынан актуалдуу темалар боюнча илимий жыйындар, тегерек столдор жана семинарлар өткөрүлүп турат. Маданий жана илимий иш-чаралардын бардыгы 550 орундук жыйындар залында өтөт.
Окуу жайда спорт дүйнөсүнө да өзгөчө көңүл бурулат. Университеттин айланасында футбол, волейбол, баскетбол жана теннис ойноого ылайыкташтырылган спорт аянтчалары курулган. Дени сак жашоону пропагандалоо максатында университетте көптөгөн студенттер катышкан спорттук сынактар тез-тез өткөрүлүп турат.
Окуу имаратынын жанында студенттер үчүн бардык шарттары менен ыңгайлуу жатакана курулган. Бул жатакана да эл аралык стандарттардын талабына жооп берет. Окуу жайда ошондой эле заманбап дары-дармектер жана медициналык жабдуулар менен жабдылган медициналык борбор бар. Мындан студенттер менен окуу жайдын кызматкерлери ыкчам жана сапаттуу медициналык жардам ала алышат.
Университетте тыныгуу маалында студенттердин тамактануусу үчүн ашкана, буфет, кафетерийлер бар, алар даамдуу жана арзан баадагы тамак-аштарды сунушташат.
Ал эми интернетке кирүү үчүн окуу жайдын бардык аймагында Wi-Fi тутуму орнотулган, ага окуу имаратынын ичинде гана эмес, сыртында да кошулуу мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн.
Республиканын алдынкы жогорку окуу жайларынын ичинен Эл аралык Ататүрк Ала-Тоо университети Кыргызстанды өнүктүрүү пландарында өзгөчө орунга ээ. Ататүрк Ала-Тоо - жаңы билим берүү ыкмалары менен стандарттарын калыптандырып жаткан абдан чоң интеллектуалдык борбор. Окуу жайдын билим тажрыйбасы, бай инфраструктурасы жана бүгүнкү абитуриентке түзүлгөн шарттары алардын Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө дагы суроо талапка ээ болгон жогорку квалификациялуу адис болуусуна мүмкүндүк берет.





Жеңилдиктер

Ататүрк Ала-Тоо университетинде окуу Сиздин мүмкүнчүлүгүңүз
жана зор ийгиликтерге шилтеген кадамыңыз!

Ийгиликтүү адамдардын дүйнөсүнө
кош келиңиз!


o11-класста кесипке ылайык адистиктер боюнча республикалык олимпиадада 1-орунду ээлегендер бекер билим алышат.
o2-орунду алгандарга -50% жеңилдик берилет.
o3-орунду алгандарга - 40% жеңилдик берилет.
o10-класста 1-орунду ээлегендерге -25% жеңилдик берилет.
oКесиптик адистигине байланыштуу предметтерден 1-орунду ээлгендерге - 20% жеңилдик берилет.
oМектепти артыкчылык менен бүтүргөндөр үчүн 15% жеңилдик каралган.
oБиздин университетте эки же андан көп балдары окуган үй-бүлөлөргө 10% жеңилдик каралган.
oЖРТ боюнча биринчи 100 орунду алгандардан ар бир бөлүмгө бирден студент бекер окутууга кабыл алынат.
oЖРТ боюнча биринчи 200 орунду алгандардан ар бир бөлүмгө бирден студент 50% жеңилдик менен окутууга кабыл алынат.
oЖРТ боюнча биринчи 300 орунду алгандардан ар бир бөлүмгө бирден студент 40% жеңилдик менен окутууга кабыл алынат.
oЖРТ боюнча биринчи 500 орунду алгандардан ар бир бөлүмгө бирден студент 30% жеңилдик менен окутууга кабыл алынат.
oЖРТ боюнча биринчи 1000 орунду алгандардан ар бир бөлүмгө үчтөн студент 25% жеңилдик менен окутууга кабыл алынат.
oЖРТ боюнча биринчи 2000 орунду алгандардан ар бир бөлүмгө төрттөн студент 20% жеңилдик менен окутууга кабыл алынат.
oЖРТ боюнча биринчи 3000 орунду алгандардан ар бир бөлүмгө төрттөн студент 15% жеңилдик менен окутууга кабыл алынат.






Пикир: