Маалымат технологиялары
Электрондук өкмөт
Электрондук өкмөт түзүү идеясы мамлекет тарабынан улуттук стратегия катары 2002-жылы эле каралган. Андан бери бир топ мыйзамдар, Өкмөттүн жана мамлекеттик органдардын чечимдери кабыл алынды.
Жакында Бишкек шаарында болуп өткөн "Электрондук лидерлик: Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү үчүн электрондук башкаруу" аттуу эл аралык конференцияда кыргыз өкмөтү өлкөдөгү жана мамлекеттик башкаруудагы маалымат-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү жана электрондук башкарууну киргизүү боюнча оюн ачыктады. Анда маалымат-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрү, электрондук башкарууну киргизүүдөгү проблемалар жана аларды чечүүнүн негизги багыттары баяндалды.
Учурда телекоммуникациялык кызматтардын рыногу мурда болуп көрбөгөндөй ылдамдык менен өсүүдө. Алсак, байланыш операторлорунун кызматтарынын жалпы көлөмү 2012-жылы 21,1 млрд сомду, жалпы дүң продукциянын 8%ын түздү. Андагы негизги сегмент мобилдик байланыш рыногу болуп саналат, ал кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн 74,1%ын түзөт.
Азырынча чиновниктер мекемелер аралык өз ара натыйжалуу байланыш практикасына, ыкчам маалымат алмашууга, мындайча айтканда, өкмөт бирдиктүү уюм катары иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Ошондуктан республикадагы ар кайсы бийлик органдарынын бири-бири менен маалымат алмашуусун ыңгайлаштыруунун мааниси зор. Ошондой эле, кандайдыр бир ишкердикти баштаган жарандардан ар бир мекеме маалым кат талап кылбай тургандай жагдай түзүү зарыл. Бул иштерде компьютердик тутум мекемелердин маалымат базаларына кирүүгө жол ачат. Бийликтин бардык тармагынын тийиштүү кызматкерлери өкмөттүн чечими чыгар замат, ал документтерди электрондук-цифралык колтамга менен PDF түрүндө өздөрүнүн иш ордунда алууга мүмкүн болот. Буга отурумдун стенограммасы, укма жана көрмө жазуулар, сүрөттөр тиркелип, маалыматты толугу менен интернет аркылуу алууга жол ачылат, демек, иш бардык жагынан жеңилдейт.
Дагы бир мисал. МАИ кызматкерлери Ошто жол кырсыгын каттады дейли, бул боюнча түзүлгөн сүрөттөр дароо компьютерде жүргүзүлөт. Ал материалдар ИИМдин МАИ бөлүмүнүн окуяларды каттоо китебинде катталат. Бул сот жана прокуратура кызматкерлеринин маалыматты дароо алууларына, тергөө, сот иштеринин ачык-айкын жана калыс болушуна шарт түзөт. Ошондой эле, тергөөгө кедергисин тийгизбеген маалыматтарды интернет аркылуу жабырлануучу жана жоопкер тараптарга да берүүгө болот. Бул программанын негизинде тийиштүү органдар жарандын ким экени тууралуу маалымат алууга, жарандарга социалдык жөлөкпул алууга, ар кандай салыктарды төлөөгө, алар боюнча түрдүү маалыматтарды алууга, медициналык камсыздоону тариздөөгө мүмкүн. Ошондой эле, ар бир жаран өзүнө карата мамлекет же жарандар тараптан берилген суроо-талаптардын тарыхы менен тааныша алат. Бул жарандардын маалыматтык коопсуздугун жогорулатат. Учурда мындай программалар Азербайжанда, Арменияда, Түштүк Кореяда, Сингапурда, Жапонияда, Норвегияда, Улуу Британияда бар, көпчүлүк мамлекеттерде бул программаларга өтүүгө кадамдар жасалууда. Биздин өлкөдө ушундай программаларды ишке киргизүү аракети башталганына он жылдан ашык убакыт өтсө да, жигердүү практикалык кадамдар жасала элек.
Үстүбүздөгү жылы республикабызда электрондук өкмөттү өнүктүрүүгө ПРООН тарабынан 1млн АКШ доллары бөлүнүп жатат. "Өнүгүүнүн эл аралык ассоциациясы" "Кыргызпочтасы" ААКсын модернизациялоо үчүн жана Улуттук банктын маалымат саясатын оптимизациялоого 9 миллион $га жакын каражат бөлөт. Ошентип, учурда маалымат технологияларын өркүндөтүү менен электрондук өкмөткө өтүүгө чаралар көрүлүүдө. Маалымат технологиясы жаатында ушул тармак боюнча ар кайсы долбоорлордун иштери бириктирилип, активдештирилүүдө.
Бул багытта аткарылып жаткан иштер жана олуттуу көйгөйлөр тууралуу окурмандарга айтып берүүсүн өтүнүп Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (УИА) мүчө-корреспонденти Улан Нургазие-вич Бримкуловго кайрылдык. Окумуштуунун айтымында, биринчи кезекте электрондук өкмөттү мамлекеттик кызмат адамдарынан баштап, катардагы жарандарга жеткирүү башкы зарылдык болуп саналат. "Коомчулукта маалымат технологиялары, маалымат коому, маалымат согушу, электрондук өкмөт, электрондук кызмат көрсөтүү, сандык (санариптик) бөлүнүү, электрондук акча сыяктуу түшүнүктөр кеңири тарап, жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланууда", - дейт окумуштуу. Ошол максат менен ал маалымат технология-лары боюнча түшүндүрмө сөздүгүн даярдап жаткандыгын айтып, аны окурмандарга жеткирип туруу үчүн "Барометр" сөздүгү" рубрикасы аркылуу өз эмгегиндеги негизги терминдерди чечмелеп берүүгө макулдук берди.

"Барометр" сөздүгү
Электрондук өкмөт (ЭӨ) - салттуу мамлекеттик функциялардын жана кызматтардын маалыматтык байланыш технологияларын (МБТ) колдонуу жолу менен натыйжалуулугун жогорулатуу.
(Орусча-англисче: ЭӨ - электронное правительство (ЭП) - Electronic Government - Egov; МБТ - информационно-коммуникационные технологии (ИКТ) - Information-Communication technologies (ICT).
Жарандандарга мамлекеттик тейлөөнү санариптик технологияларды колдонуу менен бат жана ыңгайлуу түрдө көрсөтүү - ЭӨнүн негизги максаты. Интернетте канчалык көп кызмат болсо, алар ошончолук көп колдонулат, алар канчалык көп колдонулса, ЭӨ таасири күчөйт. Демек, ЭӨ концепциясы ички натыйжалуулук жана мамлекеттик башкаруунун тунуктугу үчүн "электрондук жарандар" (e-citizens) жана "электрондук бизнес" (e-business) критикалык массасын талап кылат.
ЭӨ калктын көпчүлүгүн кызыктырган сунуштар менен иштегенде гана ийгилиги артат. Андай сунуштардын көпчүлүгү калк-тын кызматтарды бат жана оңой жол менен көрүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү маалыматка ээ болуусу менен реалдуу. Жарандар менен бизнес актуалдуу жана оңой санариптик жетүү мазмунундагы ЭӨ кызматтарын колдонууга кызыгышы керек. Алардын кызыгуусу үчүн бул кызмат аларга белгилүү бир даражада материалдык же моралдык кирешеге жол ачат.
Демек, ЭӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн МБТ түшүнүгү эң башкы ролду аткарат, андыктан кызмат көрсөтүүчү дагы, колдонуу-чу дагы МБТны жакшы түшүнгөн, жетүү мүмкүнчүлүгү жогору болушу керек. Ошондой эле, аларга компетенциялуу жыйынтык берген кызматтар болушу абзел. Бул учурда жарандар да МБТнын жардамы менен мамлекеттик иштерге аралашат, башкача айтканда, жарандар өкмөт иштерине электрондук түрдө катыша алышат.
Электрондук катышуу ("e-participation" же "eParticipation") өкмөт жана башкаруу менен байланышкан процесстерде МБТ колдонууга байланыштуу жалпы кабыл алынган термин. Процесс катары башкарууну, кызмат көрсөтүүнү, чечимдерди кабыл алууну ж.б. айтсак болот. Электрондук катышууга толугураак аныктаманы "маалымат жана байланыш технологияларын жарандардын өз ара жана өздөрү тандаган өкүлдөр менен биригип, саясий иштерге терең жана кенен катышуусу үчүн колдонуу" катары кароо менен түшүндүрсө болот. Ошондой эле, электрондук катышуу электрондук демократиянын бир бөлүгү катары да каралат. "Катышуу" термини жалпы максатка жетүү үчүн биргеликте аракет кылууга катышууну билдирет.
Маалымат эң татаал түшүнүктөрдүн бири. Ошол себептен төмөндө маалыматтын бир нече аныктамасы келтирилген. Окурман аларды окуп, өзү бир жыйынтыкка келет деп ойлойбуз.
Маалымат [informati (лат.)] - иштин ал-жайы жөнүндө билдирүү, бир нерсенин ал-абалын билдирүү (К. Юдахиндин кыргызча-орусча сөздүгү).
Маалымат [information (англ.) - кабар, билдирүү] - сактоо, иштетүү жана берүүгө мүмкүн болгон билдирүүлөр, кабарлар, фактылар.
Маалымат - билдирүү алгандын негизинде аныксыздыктын азайганынын (алып салынганынын) сан өлчөмү (маалыматтын ыктымалдык, кибернетик аныктамасы).
(Уландысы кийинки санда)


Бримкулов Улан Нургазиевич 1948-жылы туулган. 1972-жылы Москва энергетикалык институтун (азыр - университет) бүтүргөн. 1992-жылы докторлук диссертациясын ошол окуу жайда коргогон. Профессор, Кыргыз Рес-публикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Россия Федерациясынын маалыматташтыруу, эл аралык инженердик, педагогикалык жана социалдык илимдер академияларынын академиги.




Адам жана мыйзам

Окурмандардын суроолоруна нотариус
Дамира Алсеитова жооп берет
Cуроо: Мен Россиянын жаранымын, кыргызмын. Бишкек шаарынан турак-жай сатып алганга укугум барбы?
Жооп: Сиз Россиянын жараны катары турак-жай сатып алуу үчүн биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-февралындагы N 82 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк юридикалык жактарга жана жеке адамдарга турак жай фондунан турак үйлөрүн жана батирлерди ээликтен ажыратуу боюнча комиссия жөнүндө" жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу комиссиядан уруксат алышыңыз керек. Ал үчүн Сиз юстиция министрлигине арыз менен кайрылышыңыз керек. Берилүүчү арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- толук аты-жөнү (фамилиясы, аты, атасынын аты);
- жарандыгы (башка жарандыкта турганбы, турса кайсында, жарандыгын жоготкон же андан чыгуу себеби);
- Кыргыз Республикасында болуу максаты (иш ордун, болгон же жашаган жерин, кызматын, билимин жана адистигин так көрсөтөт);
- сатып алуучу турак-жайдын дареги;
- сатуучунун фамилиясы, аты жана атасынын аты.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- арыз берүүчүнүн паспортунун көчүрмөсү же белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан берилген жашоочу жайга укукту ырастаган документ.
Суроо: Менин жеке менчик турак жай салуу үчүн берилген жерим бар, анын жарымын сатайын дегем, кантип сатсам болот?
Жооп: Жер участогу бөлүнүүчү жана бөлүнбөс болушу мүмкүн. Эгерде Сиздин жер участогуңуз бөлүнүүгө мүмкүн болсо, жердин ушул бөлүгүн белгиленген тартипте өз алдынча жер участогуна бөлүп, бөлүнгөн жерге өзүнчө Жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты алып, аны мамлекеттик каттоодон өткөргөндөн кийин ал бөлүнгөн жерди сатууга Сиздин толук укугунуз бар. Жер участогун бөлдүрүш үчүн Мамлекеттик кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо кызматына кайрылсаңыз болот.
Суроо: Ишеним кат менен унаа сатып алгам, убагында өзүмө өткөзүп албай, мөөнөтү өтүп кетиптир, ээсине барсам, ал киши каза болуп калыптыр, эми кантип өзүмө өткөзүп алышым керек?
Жооп: Ишеним кат боюнча кыймылдуу мүлктөр (автомобиль транспорту) менчикке өтпөйт. Ишеним кат - бул үчүнчү жактын алдында өкүлчүлүк кылуу үчүн бир жак тарабынан экинчи жакка берилүүчү кат жүзүндөгү укук. Ишеним каттын мөөнөтү бүткөндө же ищеним кат берген жаран каза болгондо токтотулат. Сиз ишеним кат берген жарандын мураскорлоруна кайрылышыңыз керек, алар автомобиль транспортун мурас катары кабыл алып, өздөрүнө каттаткандан кийин Сизге өткөзүп бере алышат.






Пикир: