Маанилүү иштин "майда" маселелери
же мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзам кандай аткарылып жатат?
Мамлекеттик-жеке өнөк­төш­түк боюнча талкуулар узак убакыттан бери эле уланып, бул тууралуу мыйзам да кабыл алынды. Бул мыйзамда мамлекеттик каржылык колдоо жөнүндө жазылган.
Мыйзамдын беренелеринен мисал келтирели:
12-берене. Мамлекеттик каржылык колдоо
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте жана шарттарда салык төлөөнүн мөөнөтүн узартуу жана/же бөлүп төлөөгө уруксат берүү жана/же жеңилдиктерди берүү;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте жана шарттарда бажы төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнө­түн узартуу жана/же бөлүп тө­лөөгө уруксат берүү жана/же жеңил­дик­терди берүү.
2012-жылдын ноябрь айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин салык жана бажы органдары тарабынан жогорудагы мыйзамдын алкагында эч кандай жеңилдиктер каралган эмес. Башкача айтканда, бизнес үчүн бериле турган преференция тууралуу ишарат да жок. Ал эми мамлекет бажы жана салык мыйзамдарындагы негизги параметрлер боюнча жеңилдиктерди сунуштаган менен иш жүзүндө андай болбой жатат. Президенттин Жарлыгынын, кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышы эмне үчүн көзөмөлгө алынбайт?
Жогорудагы мыйзамда ишкер чөйрөсү үчүн эң чоң мааниге ээ болгон маанилүү компонент бар. Окуп көрөлү:
30-берене. МЖӨ (мам­ле­кет­тик-жеке өнөк­төш­түк) долбоорун финансылоо
3) Эгерде мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жана жеке өнөктөшкө же долбоорлоочу компанияга убактылуу пайдаланууга берилген мүлк, МЖӨ жөнүндөгү мыйзамда башкача айтылбаса, күрөөгө коюлса болот.
Жогорудагы беренеде көрсө­түлгөн жобого ылайык күрөө жаатындагы мыйзамдарга да, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (КРУБ) нускамаларына да өзгөртүүлөр киргизилүүсү тийиш эле. Саналып өткөн компоненттердин бардыгы МЖӨнүн өнүгүшү үчүн негиз болуп бермек. Бирок, тилекке каршы, андай болгон жок. Ал эми аткаруучу органдар чет элдик ишкерлер качан өлкөбүзгө агылып келе баштайт деп, күтүп жатышат.
МЖӨ институтун өнүктүрөбүз десек, Салык жана Бажы кодекстеринде, башка мыйзам актыларында жеңилдиктерди берүү боюнча мыйзамдарда так механизмдерди иштеп чыгуу зарыл. Жеңилдиктер каралган деген жалпы сөз менен ишкерлерди кызыктыра албайбыз. Ал эми МЖӨ жөнүндөгү мыйзамдын мазмуну көбүнчө мамлекеттин инфраструктуралык көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган.
Гурас ЖАПАРОВ,
экономика илимдеринин
кандидаты




инвесторлор Кыргызстанга келүүдөн коркот
"Чынын айтсам, чет өлкөлүк инвесторлор Кыргызстанга келип, акча салуудан коркот. Бул жерде Өкмөттүн инвесторлорго мамилесинин фактору бар", - деп айтты Бүткүл дүйнөлүк банктын республикабыздагы кеңсесинин башчысы Александр Кремер Жогорку Кеңештин КСДПка фракциясынын жыйынында.
Агымдагы кырдаалга жараша банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө республиканы инвесторлорго кызыктуу көрсөтүү боюнча сунуштарын берет.
Мурда депутат Бахтияр Кадыров Кыргызстан дүйнөдө чыгарылып жаткан технологияларга чаңкап турат деп айткан. "Эгерде Бүткүл дүйнөлүк банк ФРГ, Кытай, Жапония сыяктуу Кыргызстанга жаңы технологияларды алып келүү саясатын жүргүзүүдө жардам берсе, анда абдан жакшы болмок эле. Аталган мамлекеттерге жогорку технологияларды сатып алуу үчүн гранттар, насыялар берилген. Мындай мамиле Кыргызстандын өнөр жайын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк жаратмак", - дейт депутат.
Казакстанда технологияларды коммерциялаштыруу ишке ашырылып жатат, - деди Бүткүл дүйнөлүк банктын Кыргыз Рес­публикасындагы программасынын жетекчиси Динара Жолдошева. "Бул, демек, сиздер айтып жаткан чоң технологияларды өлкөгө алып келүү дегендик. Арийне, чоң технология чоң акчаны талап кылат. Долбоор 150 миллион АКШ долларын түзөт, а бизде сиздердин өлкөгө 4 жылга 220 миллион АКШ доллары гана каралган. Кыргызстан Эл аралык өнүгүү ассоциациясынан каражат алгандыктан, биздин бул багыттагы мүмкүнчүлүгүбүз чектелген. Андыктан, мамлекет өзү жеке секторду өнүктүрүү үчүн шарт түзүп, Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын макамына өтүүгө тийиш. Ошондо гана чоң каражаттарга ээ болушу мүмкүн. Учурда, чынын айтсам, андай мүмкүнчүлүк аз", - дейт Д. Жолдошева.
А. Кремер башка мамлекеттердин жаңы технологияларга жетип жатканынын эки жолу бар экенин көрсөттү: "Биринчи жол - ушул технологияларды иштете ала турган техникалык кадрларды даярдоо. Бул жагынан Бүткүл дүйнөлүк банктын позициясы күчтүү эмес. Биз азык-түлүк өндүрүшүнүн адистерин даярдоодо күчтүүбүз. Таасирибиз бар, борбордун ачылышына катышканбыз. Эгерде ошол эле Жапония, Түштүк Корея сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдүн тамыры менен тарыхына кайрылсак, анда жаңы технологиялар аларда чет мамлекеттик инвестицияларды тартуу жолу менен ишке ашырылган".
Чет өлкөлүк инвесторлор өз инвестициялары, өз технологиялары менен келет, асыресе, бул Кыргызстандын экономикасын өстүрүүгө көмөктөшөт, - деди А.Кремер.
Д. Жолдошеванын айтымында мурдагы СССРдин дээрлик бардык - Кыргызстан менен Тажикстандан бөлөк, мамлекеттери Бүткүл дүйнөлүк банктан насыя алышат, демек, алардын экономикасы береги эки өлкөнүкүнө караганда жакшы өнүгүүдө.
Бардык өлкөлөргө каражат калыс бөлүш­түрүлөт, Бүткүл дүй­нө­лүк банктын каражаттарды бөлүштүрүү боюнча так чен-өл­чөмдөрү жана формулалары бар. Алар бардык өлкөлөргө бирдей тийиштүү. Каражат бө­лүш­түрүүдө Ички дүң продукция­нын көлөмү, жардылыктын дең­гээли менен экспорттун кө­лөмү эске алынат.
Д. Жолдошева Бүткүл дүй­нөлүк банк каражатты эки жерден - Эл аралык реконструк­ция банкы менен Эл аралык өнүгүү ассоциациясынан бөлүш­тү­рөө­рүн айтты:.
"Эл аралык өнүгүү ассоциациясы аркылуу жарды өлкөлөр каражат алышат. Булар негизинен Африка өлкөлөрү. Тилекке каршы, Кыргызстан да ошолордун катарында. Мындай мамлекеттерге төлөө мөөнөтү 10 жылга созулган жана пайызсыз каражат 40 жылга берилет. Грант алуу бардык учурда эле жакшы эмес, бул, демек, ал өлкөнүн экономикасы кашаң өсүп жатат дегенди билдирет", - дейт Д. Жолдошева.






Пикир: