Депрессиянын кесепеттери
Окумуштуулар депрессия адам мээсиндеги белгилүү бир ыргакты өзгөртө тургандыгынын алгачкы далилдерин таап чыгышты.
Мичиган университетинин изил­дөө­чүлөрү берген маалыматтарга караганда депрессиянын айынан биздин организмдин иштөөсүн жөнгө салып туруучу жана дене-бойдун суткалык цикли менен тең иштөөчү табигый биологиялык ыргак бузулат экен.
Бул ачылыш депрессиянын азабын тартып келе жаткан жана ага кабыла элек ондогон адамдардын мээ түзүлүштөрүн өтө кылдат иликтөөнүн натыйжасында жасалган. Ачылыштын жыйынтыктары адам баласы үчүн абдан маанилүү, анткени дүйнө жүзү боюнча депрессиядан жабыр тартып келе жаткан 350 миллион адамды дарылоо ыкмасы табылып калышына себепкер болуусу мүмкүн.
Биздин организмибиздин ар бир клеткасы күн-түндүн алмашуусу менен шартталуучу 24 сааттык циклда иштейт. Бул механизм эң байыркы убактарда эле калыптанып, анын аркасында адам мээси дене-бойдун клеткалык "саатын" тышкы дүйнө менен дал келтирип туруучу хронометражчынын (кайсы бир процесстин убактысын өлчөөчү адам) ролун аткарып турат. Мээ андагы циркаддык ыргактардын жардамы менен адамдын уйкусун, ойгонуусун, тамактанууга табитин ж.б. ар кандай каалоолорун башкарып, адамдын физиологиялык жашоосун жөнгө салып туруучу касиетке ээ.
Изилдөөчүлөр ар бир адамдын өлү­мү­нүн убактысын аныктоо үчүн циркаддык гендердин сүрөтүн пайдаланып (ички айлана), андан соң аны адам өлүмүнүн чыныгы убактысы менен (сырткы айлана) салыштырышкан. Депрессияга кабылбаган адамдардын генинин сүрөтү ачык-айкын жана түшүнүктүү болгон (сол жактагы сүрөт). Ал эми депрессиядан жабыр тарткандардын биологиялык сааты тышкы дүйнөнүн реалдуу убактысына дал келбей, чаташып калган (оң жактагы сүрөт).
Окумуштуулар депрессияга кабылбаган 55 адамдын мээсинин 6 бөлүгүндөгү 12000 гендик транскриптилерди изилдеген. Анын жыйынтыгында бир күн ичинде белгилүү бир гендердин активдүүлүгү кандайча өзгөрө тургандыгы тууралуу кеңири маалыматтар алынган. Арийне, депрессияга кабылган 34 адамдын генинин активдүүлүгү такыр башкача мүнөздө болору аныкталган: алардын гени күн менен түндү алмаштырып, туура эмес кыймылда болгон.
Жаңы ачылыш көрсөткөндөй, депрессиянын азабын тарткан адамдардын биологиялык сааты туура эмес иштейт экен. Бул калпыс­тык, а түгүл, мээ клеткаларындагы ти­йиштүү гендердин активдүүлүгүнө дейре жетет. Демек, депрессия циркаддык ыргактын жана кадимки суткалык циклдын бузулуусуна алып келе тургандыгына далилдер жетиштүү. Депрессияга кабылган адамдардын циркаддык гени туура эмес сүрөттөлүшкө ээ болуп, атүгүл, түн ичинде көрүнүүчү сүрөттөлүш күндүз көрүнүп, ал эми күндүзгүсү түнкү сүрөттөлүш менен алмашып калган. Дал ушул клеткалык деңгээлдеги чаташуулар депрессияга кабылган адамдын оор абалын шарттоосу мүмкүн.
Мындан тышкары, биз сөз кылып жаткан ачылыш айрым бир кесип ээсине пайдасын тийгизүүчү мыйзам ченемдүүлүктөрдүн ачылышына да түрт­кү берди. Эми биологиялык сааттын жардамы менен адам өлүмүнүн так убактысын аныктоо жеңил болуп, мунун аркасында криминалисттердин жумушу жеңилдейт.
Мичиган университетинин окумуштууларынын ачылышы депрессиянын алгачкы белгилерин аныктоого жардам берүүчү тесттерди иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түзөт. Андан тышкары, ачылыш бүгүнкү коомдун негизги көйгөйлөрүнөн болуп жаткан бул оору менен күрөшүүнүн жаңы каражаттарын табууга да таасирин тийгизбей койбойт.
Материал cnews.ru сайтынан алынды




Билл Гейтс - дүйнөнүн эң бай адамы
Билл Гейтс жер шарынын эң бай адамы наамын кайрадан кайтарып алды. Microsoft жана башка компаниялардын акцияларынын өсүшү буга себепкер болду. Ишкердин жалпы байлыгы $72,7 млрд менен бааланат.
Microsoft компаниясынын негиз­дөөчүлөрүнүн бири жана анын тө­рагасы Билл Гейтс 2007-жылы байлыгынын өлчөмү боюнча мексикалык медиамагнат Карлос Слимден артта калган. Эми Bloomberg Billionaires Indexтин жаңы чыгарылышынан белгилүү болгондой, ал дүйнөнүн эң бай адамы наамын өзүнө кайрадан кайтарып алды.
Учурда Гейтстин жалпы дүнү­йөсү 72,7 млрд $ менен бааланып, жыл башынан бери 15,9%га же 10 млрд $га өскөн. Ал эми Слимдин байлыгы 72,1 млрд $ды түзүп, жыл башынан бери ал 4,1% же 3,1 млрд $ акчасынан айрылган.
Гейтс Microsoft компаниясынын 5% акциясына ээлик кылат. Ошол 5% эле акция анын байлыгынын дээрлик төрттөн бирин түзөт.
Гейтс менен Слимдин орун алмашып калуусуна бир нече факторлор себеп болгон. 2013-жылдан тартып, Microsoftтун акциялары 28%га өскөн. Чыгымдарды кыскартуу боюнча программалар натыйжалуу аткарылгандыктан, ошондой эле, сервердик жана корпорациялык программалык камсыздоолор жакшы сатылгандыктан улам ушундай өсүш орун алган. Гейтстин капиталынын өсүшүнө ал акчасын салып койгон Canadian National Railway аталышындагы темир жол ишканасынын жана таштандыларды кайра иштетүүчү Republic Services компаниясынын акцияларынын жогорулашы да таасир тийгизген.
Гейтстин негизги акча каражаты Cascade Investment деп аталган инвестициялык ишканага салынган. Анын аркасы менен Билл Гейтстин ондон ашык жалпы жана бир нече жеке компанияларда үлүштөрү бар.
Карлос Слимге тиешелүү America Movil компаниясынын акцияларынын курсунун төмөндөшү менен Слим 3 млрд $ байлыгынан айрылган. America Movil Мексикадагы мобилдик байланыш кардарларынын 70%ын жана стацио­нардык байланыш абоненттеринин 80%ын тейлейт. Мексикада каралып жаткан жаңы мыйзам долбоору да Слимге олуттуу коркунуч жаратууда. Ага ылайык жергиликтүү жөнгө салуучулар рыноктун теңинен көбүн ээлеп алган ишканаларды майдалоо укугуна ээ болушат.
Дүйнө жүзүндөгү эң бай адамдардын тизмесиндеги 3-орунду 59,7 млрд $ байлыгы бар Уоррен Баффет ээледи. Ал эми төртүнчү орунга Inditex аталышындагы дүйнөдөгү кийим саткан эң ири дүкөндөр тармагынын 59%ына жана Zara башкы компаниясына ээлик кылган Амансио Ортега татыктуу болду. Бешинчи орунга IKEA ишканасынын ээси, Швеция ишкери Игнвар Кампрад илинди.
Oracleдын негиздөөчүсү жана башчысы Ларри Эллисон 41,6 млрд $ капиталы менен сегизинчи орунду ээлесе, Googleдын негиздөөчүлөрү Ларри Пейж менен Сергей Брин 26,3 млрд $ жана 25,9 млрд $ байлыктары менен он сегизинчи жана он тогузунчу орунга татыктуу болушкан. Amazon ишканасынын жетекчиси Жефф Безос 24,7 млрд $ капиталы менен 24-орунда, ал эми Microsoftтун башкы директору Стив Баллмер 45-орунда турат (16,6 млрд $).
Тизмеде төмөндөгү орусиялык ишкерлер да бар: Алишер Усманов отуз бешинчи орунда (19,7 млрд $), Виктор Вексельберг элүү жетинчи орунда (15 млрд $), Вагит Алекперов жетимишинчи (13,3 млрд $), Владимир Потанин жетимиш биринчи (13,3 млрд $), Михаил Прохоров жетимиш үчүнчү (13,1 млрд $), Роман Абрамович жетимиш төртүнчү (13,1 млрд $) ж.б.

Материал cnews.ru
сайтынан алынды







Пикир: