"Кыргызстан аксакалдар"
Кеңеши
Кыргыз радиосунун ардагери
Кыргызстандын эл артисти Турсун Уралиев "Кыргызстан аксакалдар" кеңешине кийинчерээк кошулуп, Убактылуу өкмөттү колдоп, аксакалдык озуйпасын аткарды. Ал республикабыздын радиосунда көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенип, анын бай архивин түзгөн инсан. Кыргыз радиосундагы үн жазуучу кабинет анын ысымы менен аталган.
24-майда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында Турсун Уралиевдин 80 жылдык мааракеси салтанаттуу кырдаалда белгиленди. Анда чыгып сүйлөгөн аттуу-баштуу адамдар анын улуттук радио журналистикага, маданиятыбыз менен искусствобузга кошкон салмактуу салымы туурасында айтып беришти.

Турсун Уралиевге арноо

Түкө бүгүн мынакей,
Сексен жашка келдиңиз.
Чымырканып эл үчүн,
Кызмат кылып бердиңиз.

Эмгегиңиз бааланып,
Элден бата алдыңыз.
Радио фондуна,
Ата болуп калдыңыз.

Санааркабай жашоодо,
Кубанычка толдуңуз.
Кааларыбыз ар дайым,
Ден соолукта болуңуз.

Дагы улам өйдөлөп,
Арта берсин баркыңыз.
Түбөлүккө унутпайт,
Сизди кыргыз калкыңыз.

Ыңкылапта
курчуган төрага

Үмөталиев Өмүрбектин (Иб­рахим ажы) "Кыргызстан акса­калдар" кеңешин түзгөнүнө үч жылдан ашыгыраак убакыт болду. Уюм түзүлүп жаткан­да анын төрагасын шайлоо боюнча бир топ талаш-тар­тыштар болду. Негизги доомат Өмүрбек Үмөталиевдин жаш курагына коюлду. Анткени кеңеш түзүлгөндө ал 57 жашта эле. Кеңештин кээ бир мүчөлөрү мындай уюмду улгайган адам жетектөөгө тийиш деген пикирин билдиришти.
Арийне, эл арасында "Ибрахим ажы" деп сүймөнчүк менен аталган инсан аталган кеңешке төрага болууга толук татыктуу эле. Анткени ал Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруусу менен көп жыл чечкиндүү күрөшкөн. Бул сөзүбүзгө убагында Арашан айылында уюштурулган аксакалдардын форуму күбө. Ал боз үй тигип, элдин таламын талашып, мурдагы бийликтин чекесине чыккан чыйкан болгон. Ибрахим ажы 1500ге жакын санаалаш аксакалдарды топтой алган. Алардын ар кайсы аймактардан келишкен карыялар эле.
Элдин мындай сесинен чочуган Курманбек Бакиев шашылыш түрдө өзүнүн "Аксакалдар жыйынын" өткөрөт. Анын мындай арамза, жасалма аракетине нааразы аксакалдар ошол жыйын өтүп жаткан жерге топтолгон. Бирок, бийлик аларды коркутуп-үркүтүп, кууп чыгат. Ал эми Ибрахим ажы бир күн темир торго отургузулуп, 2500 сом айып пул төлөгөн.

Ибрагим ажыга каалоо

Өмүкө биздин башчыбыз,
Алтымышта жашыңыз.
Нарын дарыя өңдөнүп,
Буркан-шаркан ташыңыз.

Тайгак кечүү, тар жолдун,
Далайларын бастыңыз.
Чымырканып дагы да,
Бийик дабан ашыңыз.

Өйдөлөсүн ар дайым,
Ыргыткан сиздин ташыңыз.
Туталанып күл болсун,
Көрө албаган касыңыз.

Эч жамандык көрбөңүз,
Соо болсун, алтын башыңыз.
Ден соолук берип Жараткан,
Жүздөн ашсын жашыңыз.

Бул бетти даярдаган: журналист жана акын Абдылда Карасартов




Пикир: