Айылдыктар америкалыктардан айып пул талап кылышты
Панфилов районунун Чолок-Арык айылынын тургундары "Манас" транзиттик жүк ташуучу борборунан АКШнын КС-135 учагынын кулаганына байланыштуу келтирилген зыянды төлөп берүүнү талап кылышууда. Айылдык кеңештин депутаты Айдарбек Алыбаевдин айтымында, учурда Чолок-Арыктагы канал толук жараксыз болуп калды. Ал эми Шекербек булагы өзөнүндө эки метр калыңдыктагы керосин жатат. Суунун булгангандыгынын кесепетинен эл көп ооруй баштады.
Айылдыктардын алдын ала маалыматы боюнча, учак куландан кийин 100 гектарга жакын айыл чарба аянты бузулду. Бул айылда, баса, 360 адам жашайт.


"Жаш мугалимдин депозити" аракетте
2013-жылы "Жаш мугалимдин депозити" программасы боюнча тө­лөм­дөр толук төлөнүп берилет. Бул жөнүндө республикабыздын каржы министрлиги билдирди.
2012-жылы программа боюнча төлөмдөр бюджеттин тартыштыгына байланыштуу кыскарып калган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын биринчи токсондугунда карызды жоюуга 25 миллион жумшалса, апрелде 10 миллион бөлүндү. Дагы 11 миллион май-июнь айында каржыланат.


Кен казуучу компания эки жыл салык төлөгөн эмес
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамкызматы тарабынан Чүй облусунун Панфилов районундагы "Жогорку Карабулак" кенинде ишкердик жүргүзгөн "ELKO-service Limited" ЖЧК 2009-2010-жылдары 19,5 кг алтын казып алгандыгы жана бюджетке тийиштүү салык төлөбөгөндүгү аныкталган.
Мындан тышкары, аталган коомдун жасалма укуктук дарек боюнча катталганы жана кайра катталгандыгы ачыкка чыккан.
Жогорудагы факты боюнча кылмыш иши козголду.


Нобель сыйлыгынын ээси Кыргызстанга келет
27-майда Нобель сыйлыгынын лауреаты Джон Форбс Нэш Кыргызстанга келет. 85 жаштагы окумуштуу Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы мамлекеттик академияда бир жолу дарс окуйт.
Аталган академиянын ректору Чың­гыз Шамшиев айтылуу "Акыл-эстин оюндары" аттуу Голливуддун фильми­нин каарманынын прототиби болгон аалымга "ардактуу профессор" күбө­лүгүн тапшырып, чепкенин (мантия) жапмакчы.


Олжас Сулейменовдун байгеси
20-майда Алматыда бел­гилүү жазуучу жана коом­дук ишмер Олжас Сулейменовдун байгесине арналган волейбол боюнча ардагерлер арасында эл аралык мелдеши жыйынтыкталды. Бул турнирге 11 команда катышты. Кыргызстандын "Ардагер" командасы жарым финалга чыгып, жеңилүү ызасын тартып, 5-орунга түшүп калды. Бул тууралуу федерациянын вице-президенти Жеңиш Кызалаков маалымдады.
Ошондой эле, Бишкекте волейболдон өлкө чемпионатынын финалдык оюндары башталды. Мында өлкө аймагынан тандалып, эки тур мелдеште сыналган 10 команда катышууда.


Журналисттер үчүн сынак жарыяланды
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы USAID/DFIDдин Кыргыз Республикасынын парламентине көмөктөшүү Программасынын колдоосунда Кыргызстандагы парламенттик демократиянын өнүгүүсү, Жогорку Кеңештин, анын комитеттеринин, фракциялар жана депутаттардын ишмердүүлүгү тууралуу, мыйзам чыгаруу органы кабыл алып жаткан ар кыл ченемдик укуктук актылары жөнүндө маалыматтарды калкка кеңири жеткирүү максатында республикада парламентаризмдин өнүгүүсүн жалпыга маалымдоо каражаттары менен маалымат агенттиктеринде чагылдыруу боюнча республикалык сынак жарыялады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Сынак парламентаризм идеяларын тү­шүндүрүү жана Жогорку Кеңештин ишин кесипкөй жана объективдүү маалымдоого жалпыга маалымдоо каражаттарын тартууну, парламенттин өкүлчүлүк, мыйзам чыгаруу жана көзөмөл иш-милдеттерин аткаруусун жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырууну активдештирүүнү көздөйт.
Сынакка уюмдук-укуктук абалдарына, иш тажрыйбасына, жашына карабастан, республикалык, облустук, райондук жана шаардык жалпыга маалымдоо каражаттарынын, маалыматтык агенттиктердин авторлору, теле жана радиожурналисттер, кызматтагы жана эркин журналисттер, аналитикалык макала жазгандар - баардык калемгерлер катыша алат.
Жеңүүчүлөргө номинацияларга ылайык каралган каражат өлчөмүндө техникаларды сатып алуу үчүн белек тастыктамалары тапшырылат.
Гезиттеги материалдар, радио жана теле­берүүлөр, интернет барактарындагы материалдар 2013-жылдын 20-майынан тарта 20-октябрына чейинки мөөнөттө далилдүү түрдө жарыялануусу кажет. Сынакка катышуу үчүн билдирмелер менен материалдар 2013-жылдын 21-октябрынын 17:00 саатына чейин кабыл алынат.


Айлык акы жогорулайт
Кыргыз Өкмөтү 1-октябрдан тарта мамлекеттик жана саясый кызматтагылардын айлык акысын жогорулатууну болжолдоп жатат. Ал эми 1-июлдан тарта муниципалдык кызматкераким, алардын орун басарлары жана акимиаттардын башка кызматкерлеринин айлык акысы жогорулатылат.
Бул туурасында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.


Кыргыз тилинде боёмо китепчелер жарык көрдү
"Таалим-Форум" коомдук фонду тарабынан даярдалган "Билгим келет" серия­сын­дагы 4 боёмо китепче кыргыз тилинде алгачкы жолу жарык көрдү. Китепчедеги ырлардын автору - балдар акыны Каныбек Жунушов, сүрөтчүсү - Күлнар Рымбек. Боёмо китепчелердин мазмуну ар түрдүү: "Бөбөктай" - жаныбарлар тууралуу, "Кызгалдак" - гүлдөр, "Кулпунай" - мөмөлүү өсүм­дүктөр, "Оюмдар" - кыргыз элинин оюулары жөнүндө. Үч китепче ырлар менен коштолгон, "Оюмдар" - китепчеси чакан тү­шүндүрмө тексттер менен чыгарылган.
Китептер жакында Бишкек шаарында өткөн Билим фестивалындагы китеп жар­маң­кесине коюлду. Анда сүрөтчү Күлнар Рымбек сүрөттөрдү туура боёонун жолдору боюнча чеберчиликке үйрөттү. Жакында "Билгим келет" сериясындагы дагы башка китептер басмадан чыгарылат.


Оклахомада - өзгөчө кырдаал
АКШнын президенти Барак Обама үс­тү­бүздөгү жуманын башында торнадо- мухиттин ташкыны каптаган Оклахома штатын чукул кырдаалдын аймагы деп жарыялады. Соңку маалыматка караганда торнаданын кесепетинен 91 киши каза тапты, анын жыйырмасы жаш балдар, ал эми 145 адам ооруканага жаткырылды.
Учурда өзгөчө кырдаалдын аймагында куткаруу иштери жүрүп жатат. Бийликтер курмандыктардын санынын көбөйүшүнөн күмөн санабайт.





Пикир: