Лайли Үкүбаева:
"ӨЗГӨРҮҮНҮ ӨЗҮБҮЗДӨН БАШТАЙЛЫ"
Лайли Үкүбаева 1948-жылы туулган. 1970-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1980-жылы Уфа шаарындагы Университетте "Ч. Айтматовдун чыгармаларында мүнөз тү­зүү өзгөчөлүктөрү" темасында кандидаттык ишин жактаган. 2001-жылы "Ч. Айтматов жана кыргыз элдик оозеки чыгармачылык" аттуу темада докторлук диссертациясын жактап, ошол жылы ага профессорлук наам берилген.
Л. Үкүбаева 13 илимий, окуу-методикалык жана публицистикалык китептин жана 300дөн ашык илимий жана публицистикалык макалалардын автору. Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын "Кыргыз совет адабиятынын тарыхы (1999), Кыргыз адабиятынын тарыхы (2005) басылмаларын чыгарууга катышкан. Түркияда чыгарылган "Түрк дүйнөсүнүн адабиятчыларынын энциклопедиясынын" авторлорунун бири. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер. 2011-жылы илим жана техника жаатындагы К. Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.

Жакында Түркия мамлекетинде өткөрүлгөн "Гендерлик теңсиздик жана аялдар маселесин чечүүдө мамлекет саясаты жана атуулдук жоопкерчилик" аттуу эл аралык симпозиумуна биздин республикадан белгилүү адабиятчы-окумуштуу Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Лайли Үкүбаева чакырылган. Чет өлкөлүк сапардан кайткан окумуштуу эжебизге жолугуп, ага төмөнкү суроолор менен кайрылдык:

- Лайли эже, Сиз катышып келген аялдар маселесине арналган симпозиум тууралуу азыноолак кеп кылып берсеңиз?
- Түркиянын Гирезин шаарындагы Гирезин университетинде аялдардын эл аралык симпозиуму жана искусство боюнча семинар болду. Аялдар симпозиуму менен искусство семинарынын катар болушу да иш-чара өткөрүүнүн эң жакшы ыкмасы экен. Ал жакка барган сүрөтчүлөр аялдардын образдарын ар тараптан ачкан сүрөттөрдү тартышып, ал эмгектерин көргөзмөгө коюшту. Симпозиумга дүйнөнүн он жети мамлекетинен, анын ичинде Франция, Испания, Россия, Молдова, Румыния, Азербайжан, Казакстан жана Татарстандан өкүлдөр келишти. Өзбек, тажик, түркмөндөрдөн негедир өкүлдөр келишкен жок. Аялдар маселеси боюнча түздөн-түз иштеп жүргөн илимпоздор, коомдук ишмерлер, бейөкмөт уюмдардын жана ЮНЕСКОнун өкүлдөрү катышты. Мындан тышкары, Түркиянын бардык университеттеринен окумуштуулар келишти. Ар бир өлкөдөн барган өкүлдөр өздөрүндөгү гендер маселеси боюнча кызыктуу баяндамаларды жасашты.
- Ал баяндамалардан гендер маселеси боюнча эмне жаңы нерселерди уктуңуз?
- Негизинен бардык эле мамлекеттерде гендер маселесинде чечилбеген көп иштер бар экен. Көптөгөн мазмундуу, социологиялык изилдөөлөргө таянган баяндамалардан кийин "Аял болуу мындан бир кылым мурда кыйын эле, бүгүн да аял болуш кыйын" деген философиялык жыйынтык чыгарылды. Чын-чынына келгенде дүйнөнүн түркүгү да аял заты эмеспи, коомдо аял заты аралашпаган кайсы тармак бар?! Алар үйдө мээримдүү эне, тарбиячы, жароокер жар, тышта коомдук ишмер, кызматкер, илимпоз, ишкер, жумушчу ж.б. Гендерлик саясат жалпысынан бардык жерде эле бирдей экен. Мисалы, бардык өлкөлөрдө калктын санынын көпчүлүк бөлүгүн аялдар түзүшөт. Симпозиумга катышкан өлкөлөр боюнча бул көрсөткүч болжол менен 47%дан 52%ды түзөт. Ошого карабастан, гендерлик саясаттын сакталбагандыгы, аялдарга тиешелүү шарттардын түзүлбөгөндүгү айтылды. Андыктан аялдар маселеси бардык өлкөлөрдө түбөлүктүү тема, ал дайыма изилдене берет.
- Гендер маселеси өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө да байланыштуу болсо керек, өнүккөн өл­көлөрдө аялдарга карата кам­кордук кандай экен?
- Туура айтасыз, бул маселе ар кайсы өлкөдө ар кандай жолго коюлган. Алсак, Түркиянын ар бир университетинде аялдар иштери боюнча изилдөө борборлору бар экен. Анкара университетинде аялдардын маселесин илимий жактан изилдөө борборунун иштегенине жыйырма жыл болуптур.
Көпчүлүк өлкөлөрдө социологиялык изилдөөлөргө таянып, аялдардын коомдогу ордун билүүгө мүмкүнчүлүк бар экен. Мисалы, банктан канча аял насыя алууга мүмкүнчүлүгү бар. Ушуга карап эле аялдардын социалдык абалын билип койсо болот. Ал эми бизде насыя алган аялдар кандай татаал тагдырга туш келип жатышканы белгилүү эмеспи.
Ал эми Чехияда аялдардын иш жумасы бир күнгө кыскартылып, үй жумуштарын аткарууга берилет экен. Башка өнүккөн өлкөлөрдө турмуш-ти­ричиликтеги технологиянын өнү­гүшү менен аялдардын жашоосу жеңилдегени менен, ашыкча деле жеңилдиктер берилбейт экен. Аялдардын келечектеги жаркын жашоого, коомдун гүлдөп-өсү­шүнө кошкон салымы зор экендигин эске алганда, аларга ар тараптан колдоо зарыл.
- Аялдардын коомдогу ролунан мурда анын үй-бү­лө­дөгү ордун, абалын аныктоо туура го, бул жаатта сөз бо­лдубу?
- Албетте, сөз болду. Заманбап үй-бүлө түзүш үчүн заманбап эне болуш керектиги кызуу талкууланды. Анткени, күчтүү аял очокту бекем кармап турат да, күчтүү эне, мамлекетке чоң тирек болот. Мында азыркы учурда орчундуу маселе болуп турган билимсиз, турмушка эрте чыккан кыздар туурасында да кеп козголду. Мунун көп факторлору бар эмеспи. Мисалы, аялдар жана дин маселеси. Айрыкча Орто Азия өлкөлөрүнө мүнөздүү көрүнүш - кыздарды окутпай, эртерээк күйөөгө берүү. Ошондой эле, аялдардын саламаттыгына кам көрүүдөгү жагдайлар да талкууланды. Жыйындын катышуучулары дени соо аялдан, дени соо бала төрөлөт, дени соо бала келечекте дени соо коомду түзөт деген дагы бир жыйынтыкка келишти.
- Адатта, гендер маселеси десе эле бизде башкаруу чөй­рөсүнө аялдарды тартууга квота киргизилиш керек деген маселени көтөрүп чыгабыз, бул боюнча башка мамлекеттердеги көз караштар кандай экен?
- Бул маселе бардык мамлекеттерде эле бар экен, бирок деңгээли боюнча ар кандай болсо керек. Дүйнөдө башкаруу бийлик тармагында иштеген 100% адамдан 15% гана жетекчи кызматтагылар, алардын 8%ын гана аялдар түзөт экен. Бул өтө төмөнкү көрсөткүч катары бааланды. Ал эми бизде бул көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй: башкаруу чөйрөсүндөгү кызматтагылардын арасында аялдар 1996-жылы 0,4%, 2000-жылы 6,7%ды, 2008-жылы 26,6%ды, 2010-жылдан кийин 22,5%ды, бүгүнкү күндө 20,8%ды түзөт. Төмөнкү цифраларды изилдей келсек, кийинки көрсөткүчтөр Жогорку Кеңешке шайлоого квотанын киргизилиши менен байланыштуу. Ал эми өкмөттүк түзүмдөрдө жетекчи аялдар жокко эсе десек болот.
Андыктан, бул маселени оң чечиш үчүн саясатты өзгөртүү керек деп ойлойм. Себеби, аялдар илим-билим, жоопкерчилик, иш­мердүүлүк жагынан эркектерден ащса ашат, бирок кем калбайт. Ушундан улам эл аралык жыйындын катышуучулары да башкаруу чөйрөсүнө аялдарды тартуу зарылдык гана болбостон, муктаждык да экендигин бир добуштан ырасташты.
- Жогоруда айтылган маселелерди чечүүнүн жолдору да талкууланса керек?
- Аялдар үй-бүлөгө, коомдук турмуштун бардык тармактарына толук кандуу мүчө болуш үчүн билимдүү болуш керек. Маселен, жөнөкөй эле, эркектин жары, баланын энеси болуш үчүн да билим керек. Билимдүү аял жарынын ишин алга жылдырат, анын ишине туура кеңеш берип, билимдүү эне балага туура тарбия берет, ал бала келечекте коомдун керегине жараган инсан болот. Ошондуктан, бардык аялдар керектүү билим деңгээлине ээ болушу керек. Жыйында аялдардын үй-бүлөдөгү орду гана эмес, эркектердин ролу да кызуу талкуудан өттү. Аялга татыктуу жар, ага карата камкордук көрүү, биринчи кезекте, эркектерге тиешелүү болору далилдүү баяндалды. Ушул маселеде көпчүлүк өлкөлөрдөгү аялдарга карата көрсөтүлгөн зомбулук эң жакын адамдары аркылуу жасалары да фактылар менен көрсөтүлдү. Бул бардык эле өлкөлөрдөгү жалпы көйгөйлүү маселе экен.
- Сиз баяндамаңызда бул маселеге кайрылдыңызбы?
- Мен "Кыргыз аялдарынын коомдогу ролу жана бүгүнкү күндөгү аялдар маселеси" деген темада баяндама жасадым. Мен негизинен биздин элибиздин өткөн тарыхына кайрылдым. Кыргыз элинин 200 жылдык тарыхына назар салсак, кайсы гана учур болбосун, элибиз аялдарды ар дайым аздектеп келген. Аялдар дайыма кеңешчи, акыл кошчу болушкан, алар эч качан жүзүн чүмбөттөп жүрчү эмес. Курманжан датка сыяктуу энелерибиздин эл башкаргандыгы жөнүндө айттым. Бул биздин көптөгөн чыгармаларыбызда, эпосторубузда жазылып калгандыгын мисалдар аркылуу көрсөттүм. Кыргызстандын аялдарынын коомдогу орду чоң. Бирок көйгөйлөр да көп экендигине, өзгөчө СССР урагандан кийин аялдардын мойнуна чоң жүк үйүлүп, ата-бабабыз эзелтеден аздектеп келген ордун жоготкондугун да жашырганым жок.
- Лайли эже, өтө олуттуу жыйынга катышып келипсиз, ошондон кийин аял заты катары, кыргызга белгилүү инсан катары гендер маселеси боюнча бизде кандай иштер жүргүзүлсө дейсиз?
- Бул эл аралык жыйын мага көп пайдалуу маалыматтарды берди. Аялдар маселеси боюнча иштер бул "бузулбаган дың" боюнча экенине ынандым. Биз жогоруда айтып өткөн көйгөйлөр бул маселенин бир гана чети деп ойлойм. Анткени, аялдардын азыркы учурдагы оор жүгү, үй-бүлөдөгү көйгөйлөр, турмушка чыкпай калган, турмуштагы жолунан адашкан кыздар ж.б. боюнча изилдөөчү иштер арбын. Мындан ары бул маселенин үстүндө жигердүү иш алып баруу менин атуулдук парзым деп эсептейм. Андыктан Түркиядагы симпозиумдун аягында айтылган "эгерде коомдогу, үй-бүлөдөгү бардык нерсени өзгөрткүң келсе, анда ошол өзгөрүүнү өзүңөн башта" деген жыйынтыктоочу ойдон баштасак деп ойлойм. Коомдогу терс көрүнүштөргө карата, ар бир аялдын жоопкерчилигин күчөтүүнү максат кылып биргелешип иштесек, жакшы болмок. Ушул максатта аялдар маселеси боюнча социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү менен алгач окуу жайларында, андан кийин республикалык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүп, бул жаатта иш алып барган коомдук уюмдар менен байланышта иш жүргүзөбүз деген оюм бар. Буга силердин гезитти жана гезит аркылуу жалпы окурмандарды да кызматташууга чакырат элем.
- Маанилүү маегиңизге ырахмат, ишиңизге ийгилик каалайбыз.
Редакциядан:
Жогорудагы маекте айтылган аялдар темасы боюнча көйгөйлүү маселелерге карата ар кандай сунуштарды окурмандардан күтөбүз. Көйгөй ачык айтылса, чогуу талкуулап, чара көрүү оңойго турат.
Кат-кабарларды күтөбүз.

Маектешкен
Тамара Козубекова







Пикир: