Ата мекендик курулуш
Ата Журттун тагдырына тагдырлаш болуп, тээ атам замандан бери кылым карытып, жашоо кечип тарыхта аты жазылып, адам өмүрүнө сырдаш болуп келе жаткан күнөстүү Кыргызстан деген сүйүктүү мекенибиздин гүлдөп-өсүшүнө өз салымдарын кошкон миңдеген азамат уул-кыздарыбыздан, Кудайга шүгүр, уучубуз кур эмес.
Мындай сыймыктуу сезим менен атын атап, сөз кыла турган замандашыбыз, "Азат" үй куруу ачык акционердик коомунун башкы директору Медис Казакбаев.

Көп кабаттуу үйлөрдү курган ишкана жарым кылымга жакын үзгүлтүксүз иштеп келатат
СССР курамынан бөлүнүп, эге­мендүүлүк алган 90-жылдар бул ишкана үчүн дагы опурталдуу жылдардан болду. Себеби, жеке менчикке өткөрүп, майдалап бөлүүнү көздөгөндөр көп болгон.
Кыргызстан үчүн абройлуу аталган мекеменин сакталып калуусуна түздөн-түз кийлигишип, чоң аракеттерди жасаган М. Казакбаевдин эмгеги текке кеткен жок.
Союз учурунан кийин курулуш кыскарып, андагы көр­сөткүчтөрдө асман менен жердей ажырым болуп калды. Азыркы учурда мурдагы кездеги курулуш иштеринин 30,40 эле пайызын иштеп жатабыз. Бул жалгыз эле биздин ишканага тиешелүү эмес, Кыргызстандагы бардык региондордогу курулуш мекемелериндеги өсүш ушундай, - дейт ишкананын башкы директору М. Казак­баев. Ошентсе да, учурдун ургалдуу шарттарынан калышпаган "Азат" үй куруу корпорациясы республикабыздын Ысык-Көл, Ош, Нарын облустарындагы мектептерди мамлекеттик стандарттагы талапка ылайык куруп берип жатат.
"Азат" ААК үй куруу корпорациясы 1965-жылы ЖБИ-1 заводунун КПД цехинин жана "Фрунзестрой" трестинин 6-КМБсынын (СМУ) базасында түзүлгөн.
Өзү иштеген кырк жылдан ашуун убакыт ичинде "Азат" корпо­рациясы Бишкек шаарында жашаган бир топ сандагы элдүү пункттарды камтып, борборго көрк берип турган көп кабаттуу турак-жайларды куруп, элди коммуналдык батирлер менен камсыз кылууга чоң салым кошкон. Тактап айтканда, бул ишкана 3-кичи­райондон тартып, 10 жана 12--кичирайондорун, ошондой эле "Жал", "Улан", "Асанбай", "Восток-5", "Туңгуч", "Көк-Жар" деп аталган кичи райондорун курду. Бардыгы болуп 1464 АС/62 жана 105-серия­ларындагы 1088ден ашуу­н ири панелдүү үйлөрдү жана жүз­дөгөн төрт, беш кабаттуу үйлөр курулган, бул 66655 батирди түзөт. "Азат" ачык акционер­дик коому эл кирип жашаган турак үйлөрдөн башка "Кыр­гызстан"АКБ, "Меркури" банк­тарынын 140 орундуу бала бакчаларын жана 130 орундуу балдарды дарылоонун профилактикалык имараттарын, СЭЗ Бишкек, корейлик, немецтик борборлор, түрк, немец элчиликтеринин турак-жайлары, Кемин районундагы Кызыл-Байрак айылындагы мектепти, этнографиялык комплекс болгон "Манас айылы", "Манас ордо" жана Бишкек шаардык мэриясынын балдарды социалдык адаптациялоо борборун курушкан.

Корпорация республикабыздын чегинен тышкары курулуштарды да пайдаланууга берген
"Азат" үй куруу корпорациясы Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарда да, Украинанын Харцизк, Россиянын Магнитогорск, Салехард шаарларында социалдык маданий объекттерди жана турак-жай үйлөрүн курууга катышкан. Жер титирөөнүн кесепеттерин калыбына келтирүү мезгилинде Армениянын Иджеван шаарында сейсмикалык жактан туруктуу 13 үйдү, ошондой эле Ташкент шаарында ушундай 7 үйдү курган.

Корпорациянын автожол, суу өткөрүү тармактарында салымы чоң
"Азат" корпорациясы автожол тармактарына дагы чоң салым кошуп, 2002-жылы Бишкек Ош автожолун реабилитациялоого, "Төө-Ашуу" туннелин ремонттоп калыбына келтирүү жумуштарына катышкан. Билим берүү министрлигинин багыты боюнча дагы капиталдык ремонт иштерине активдүү катышып, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында мектептерди ремонттогон. Мындан тышкары 2003-2004-жылдары "Азат" корпорациясы тарабынан "Таза суу" программасынын алкагында да саамалыктарды башталып, үзүрлүү иштерге белсенип киришип, республикада 40 миллион сом суммасындагы бир канча километр аралыктагы суу түтүктөрү салынган.
Республикада турак жай программасын орундатуунун алкагында 2005-жылдын июнунан тартып, "Жал" кичирайонунда 105-сериядагы үч 54 батирлүү үйдүн курулушу башталган.

Корпорациянын Нура айылынын элине кылган көмөгү өзгөчө
Мына ушундай мыкты сапаттагы курулуштардын бири катары сөз кылууга арзырлык курулуш ишин айтпай кетсек болбос. Ош жергесиндеги Нура айылындагы жер силкинүүдөн улам алар жашаган үйлөрдүн дубалы урап, чатырлары басып калып, кыйраган турак үйлөрдүн жапа чеккен элдин абалы менен телевидение аркылуу жалпыга маалым болгон. Ошол жерде болгон кыйроолордун ичинен биздин корпорация тарабынан бүткөрүлгөн мектеп өзүнүн сапаттуу курулушу менен болуп өткөн зилзалада бир жерине жарака кетип солк этпей, кадимки абалында калганына бардыгы күбө. Азыр дагы ошол мектеп балдардын билим алуусуна кызмат кылып жатат. Ал эми ошол жабыркаган элдин саламаттыгын чыңдап, сасык тумоолоп ооругандар жеринде дарыланып сакайышына кам көрүп, шарт түзүү максатында жаңы технологиядагы жылуулукту сактап туруучу "базальт" деген курулуш материалдарын колдонуп курулган заманбап үлгүсүндөгү оорукана 2008-жылдын акыркы кварталында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Ал жердин жашоочулары дагы саламаттыкты сактоого кызмат кылган жаңы, жылуу, жарык жайлуу ФАПты кубануу менен кабыл алышкан, учурда ийгиликтүү иштеп жатат. Мына ошол жаңы бейтапканада жакында беш перзент жарык дүйнөгө келди. Кайсы жерде, кандай иштебе дарыгер, мугалим, бухгалтер, айдоочу, үй куруучу ж.б. кесиптегилер болобу бардык иште анын ысык-суугу, оор-жеңили дегендей түркүн түйшүктөрү болот эмеспи. Союз учурунда мындай түмөндөгөн түйшүктү артка калтырып, эл кадырлаган сый-урматка жетишүү үчүн талыкпаган эмгектин, кажыбас кайраттын, тынымсыз аракеттин аркасында гана эл оозуна алынып, алдыңкы дарыгер, айдоочу ж.б. адистеги инсандардын кызматы бааланып аларга мекеме, өкмөт тарабынан баалуу сыйлыктар, батирлер берилип келип, эгемендүүлүк алгандан кийин токтоп калган. 2008-жылы Бишкек мэриясы тарабынан борбор калаадагы тургундардын мүдөөлөрүн эске алып, социалдык жактан колдоо ниетинде 9 кабаттуу көп батирлүү үйлөрдү куруу ишке ашырылып жатат. Курулуп жаткан башка конструкциядагы үйлөргө салыштырмалуу "Азат" корпорациясы курган ири панелдеги көп кабаттуу үйлөрдүн сейсмикалык жактан абдан туруктуулугу турмуштагы ар кандай кырдаалдарда сыналган.
2008-жылдын ноябрь айында "Дүлөйлөр жана азиздер коому" үчүн курулган биринчи үй пайдаланууга берилген болсо, экинчиси 2009-жылдын январь айынын аягында ишке кирүүсү күтүлүүдө. Биздин ишкана тарабынан мамлекеттик күзөт кызматындагылар үчүн бүткөн жаңы үй да пайдаланууга берилген. Мындай жакшы жөрөлгөлөрдүн жандана баштаганына ич жылып, эл ыраазы боло баштады. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу дагы үй салынууда. 2009-жыл ичинде үй курууга берилген заказдар бар. Кудай буюрса, ишке ашырабыз деген илгери үмүттө куруп берүүгө даяр турабыз.

Эмгек жамаатына карата камкордук
Дүйнө жүзү боюнча байкалып жаткан кымбаттоо кризиси азык-түлүк продуктылары, кийим-кече эле эмес, курулуш материалдарына дагы таасирин тийгизип жатат. Баалардын көтөрүлүүсү менен курулуп жаткан үй­лөрдүн баасы бир, эки жыл мурун бүткөн үйлөргө салыштырмалуу арзан болбосу маалым.Баалардын жогорулашына анча басым жасабастан, эл камын ойлогон мекеме жетекчиси өзү иштеген мекемедеги эки миңден ашуун жамаат мүчөлөрүнүн таман акы, маңдай терден тапкан айлык маяналарын жогорулатуу аракети менен учурдагы азык-түлүк ж.б. товарларынын кымбаттаганын эске алып, эмгек акыларына каражат кошулаарын дагы баса белгиледи.

Ишканада чыгаан адистердин мектеби дагы бар
Мектеп босогосунан кийин эле жаңы кирген бардык жаштардын кесиптин түрлөрү боюнча адистиктери боло бербейт. Жаңы келген жумушчу кадрларды өздөрүнүн шыгына жараша кыш кыноочу, бетон куюучу, бульдозер айдоочу, сантехникалык кесип сыяктуу өндүрүштүк жумуштардын түрлөрү боюнча окутуп, практикада өзүбүздө такшалтып, устат бекитип, экзаменден өткөргөндөн кийин күбөлүк берип, ишке коюунун өзү дагы социалдык жактан колдоо көрсөтүүнүн бирден-бир камкордугу болуп эмеспи.

Азат корпорациясы энергияны натыйжалуу пайдаланууга өзгөчө көңүл бурат
Энергияны натыйжалуу пайдалануу - бул корпорациянын тарыхындагы жаңы нерсе жана пайдаланууга бергенде энергия ресурстарын кыскартууга зор өбөлгө түзөт. Республикабыздагы турак жайларда жалпы энергияны натыйжалуу пайдаланууга аны долборлоого, курууга жана реконструкциялоого өтүүдөн үйлөрдү жылытууда электр энергиясын сарптоону азайтууда эң зор потенциал болуп саналат.







Пикир: