Сен сүйгөн
кыргыз макалы
Жакында борбор шаарыбызда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы менен "Тынчтык борбору" коомдук фонду "Кыргыз өзөгү" долбоорунун алкагында "Сен сүйгөн кыргыз макалы" эссе сынагын өткөрүштү. Сынактын максаты кыргыздын салттуу баалуулуктарын жандандыруу, алар аркылуу жаштарды тарбиялоого багытталган.
Сынакка Кыргызстандын ар тарабынан: (Ысык-Көл облусунан - 179, Жалал-Абад облусунан- 30, Баткен облусунан - 15, Ош шаарынан 18, Чүй облусунан - 44, Нарын облусунан 18, Талас облусунан - 5, Бишкек шаарынан - 64) бардыгы 400дөн ашуун улан-кыздарыбыз жигердүү катышышты.
Кыргыздын рухий дүйнөсүнө үрөн сээп, терең ойго салчу уюткулуу ойлорго жык толгон, улуттун артыкчылыгын көрсөткөн эсселерди окуп чыгып, калыстар тобунун төрагасы К.Сарымсаков өсүп келе жаткан муундун арасында ою тунук, кыргыздын туусун татыктуу көтөрүп кете алчу мекенчил жаштар бар экендигин сыймыктануу менен белгилеп кетти. Сынактын катышуучулары коомчулугубуздагы көйгөйлүү маселелерди: байлык жыйноодогу атаандаштыкты, чет өлкөгө кетип жаткан эмгек мигранттарынын көйгөйүн, мектептеги "рекетчиликти" жана башка бир топ маселелерди жеке турмуштары менен айкалаштырып, макал аркылуу таамай чагылдырышкан.
1-орунга ээ болгон Саалаева Назгүл - "Жакшы аял-капкалуу шаар­, жаман аял - ичи толо заар" аттуу эссе жаратуу менен кыргыз коомчулугундагы аялзатынын ролун таамай ачып берген. Салыштыруу менен аялдын образы элестүү чагылдырылып, эң актуалдуу маселе көтөрүлгөн. Н. Саалаеванын ал иши баш байгеге татыктуу болуп, ноутбук менен сыйланды. Ал эми 2-орунга татыктуу деп табылган Адилбек уулу Тилек - "Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп уурулук кылба" аттуу эссесинде элди, коомду ак жолго үндөйт. Дал ушул макал ар бир жарандын жүрөгүндө уюп турса, жүрүм-турум ченеми сакталат беле? -деген суроо коет Тилек. Анын байыркы улуу элдин урпактарын өз тарыхын билүүгө, барк­тоого чакыруу иретинде жазган эмгеги 2-орунга татыктуу болуп, компьютер ыйгарылды. 3-орунга арзыган Кадырова Айзаданын "Эр жигит эл четинде, жоо бетинде" эссесин жаратууга 7-апрель окуясы түрткү бергендигин баяндайт. 3-орундун ээси жана төмөндө аты-жөнү атала турган "өзгөчө" байгенин ээлери жайкы лагерге жолдомо алышты. Турмуштан алынып жазылгандыгы менен таасирдүү, бир топ ойго чөмүлткөн, комплекстүү маселе көтөргөн 9 эссе "өзгөчө" байгеге татыктуу деп табылды: Токомбаев Тилек- "Сен сүйгөн кыргыз макалы", Айтбаев Жакшылык - "Өткөнүн билбеген эл - атасын билбеген баладай", Кудайбердиева Жылдыз - "Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса", Дүйшеева Аида "Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн" , Алымбеков Дастан "Жабагыны ат болбойт деп кордобо", Камчыбек Самат "Бөтөн жерде султан болгуча, өз элиңде ултан бол", Сейитбеков Айбек "Эл башына күн тууса, эл эңсеген эр келет", Узенова Камила - "Өрнөктүү карыя жок жерде, өнөрлүү жаш да жок", Асанбекова Каныкей "Акылдуулук адамды улуу кылат, ыймандуулук адамды сулуу кылат". Элдик акылмандуулукту даңаза кылган чын дили менен жазылган 60 эссенин ээлери "Кызыктыруучу" сыйлыктарга татышты.
Тил маселеси бүгүнкү күндө өтө кызуу талаш-тартышты жаратып жаткандыктанбы, айтор сынакка катышуучулардын басымдуу көп­чүлүгү тил маселесине көбүрөөк кайрылышып, ой-толгоолорун бө­лүшүшкөн. Калыстар тобунун чечими менен Алымбеков Дастан жана Кенжешов Арсланбектин эссеси мыкты деп бааланып, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын диплому менен сыйланышты. Сынактын башкы демөөрчүсү Ж. Жумаков жана К.Сарымсаков, А. Сариев, Г. Тажиева, Г. Шакирова, Н. Сакиева, Р. Жумалиев, А. Эгембердиева, А. Жапанов, Ж. Турдубаев, О.Саткеев, Ч. Капарбай уулу, А. Бузурманкуловдор таланттуу жаштарга сыйлыктарын тартуулашты:
Макалдын маңызы сөздө, айтылган сөздүн кудурети, касиети зор эмеспи, ошондуктан тээ байыртан эле кыргыз эли сөзгө абдан чоң маани берген. Ар бир макалда өзүнчө бир философия жатат. Улуттун тагдырын ойлогон, мамлекеттик тилди колдогон мыкты мекенчил инсандарды салттуу багытта тарбиялоодо бул сынактын ролу зор экендигин эске алуу менен "Тынчтык борбору" коомдук фонду жана "Ак Шумкар КУТ" жаштар тобу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясына жыл сайын "Сен сүйгөн кыргыз макалы" сынагын өткөрүп туруу милдетин расмий түрдө өткөрүп берди.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Н.Бексултанова









Пикир: