Башканы коюп, Манасты айт
Редакциядан: Жакында борбор калаабыздагы Тарых музейинде журналист, изилдөөчү, коомдук ишмер Темирбек Токтогазиевдин "Айкөл Манас" - тарыхый инсан" (Алтайдагы, Ала-Тоодогу, Бээжиндеги издер) аттуу китебинин бет ачар аземи болду. Ага республикабыздын маданий коомчулугунун бир топ өкүлдөрү катышты. Китеп "Турар" басмасынан миң нускада жарык көргөн.
Т. Токтогазиев иш-чарадан кийин биздин кабарчылардын суроолоруна жооп берди.

- Темирбек Шүкүрбекович, Сиз, Сиз башкарган телеканал кийинки мезгилде "Манас" эпосун жана манасчылардын иш­мердүүлүгүн эл арасына жайылтуу боюнча бир топ иштерди аткарууда. Анын жүйөөсүн айтып берсеңиз? Бул кадамга Сизди - мурдагы журналистти жана атка минерди эмне түрттү?
- Эгемендүүлүк алгандан кийин биз, кыргыздар бай тарыхыбыз бар экенин аңдап-түшүнө баштадык. Мурда деле атайын адабияттардан, тарыхый изилдөөлөрдөн кыргыздардын өткөн тарыхы туурасында окуганбыз. Бирок, жалпы элибизге Октябрь революциясына чейин кыргыздардын маданияты, адабияты болгон эмес деген жасалма пикир таңууланып келген. Ошол эле мезгилде дүйнөдө мухиттей болуп чалкып жаткан "Манас" дастаныбыз бар эле. Окумуштуулар эмгектеринин үзүндүлөрүндө "Манас" "Илиада" менен "Одиссеядан" мынча эсе көп, "Махабхаратадан" мынча эсе көлөмдүү деп айтып келишкен. Ал эми "Манастын" ички маанисин, мазмунун Илимдер Академиясында иштеген бирин-экин окумуштуулар эле билбесе, жалпы карапайым элибиз билбей келген. Ушул маселенин маанилүүлүгүнө көзүбүз жеткенден кийин "Манас" эпосу, манасчылар жөнүндө биздин "Манас" жаңырыгы телеканалыбыз аркылуу жайылтуу иштерин аткарып жүрөбүз.
- "Манас" эпосу, бир жагынан жомок, бир жагынан тарых, бирок, ал бүгүнкү күнгө, келечекке кандай кызмат кылууга тийиш деп эсептейсиз?
- Манас кандайдыр бир ойдон чыгарылган эле нерсе же жомок эмес, ойдон жасалган образ эмес, тарыхый инсан экендигин изилдеп көрдүм. Бир топ жерге барууга, бир топ сууну кечүүгө туура келди. Ошонун негизинде Манас атабыз мамлекетибизди түзгөн саясий ишмер болгонуна көзүм жетти. Муну билип алуу да келечекке жакшы кызмат өтөйт го деп ойлойм.
- "Манас" эпосунун кандай жаңы жагдайлары ачылып жатат? Кандай жаңы варианттары табылууда?
- "Манастын" кандайдыр бир жаңы варианттары тууралуу айтсак туура болбой калар. Негизи эпостун алтымыштай варианты, жыйырмага чукул үзүндүлөрү, баары - сексен чамалуу ар түрдүү тексттери белгилүү. Он тогузунчу кылымдын акырында, жыйырманчы кылымдын биринчи жарымында ал варианттар жазылып алынган, Илимдер Академиясынын корунда (фондусунда) турат. Бүгүнкү күндөгү жетишкен ийгилигибиз - ошол "Манас" эпосунун улам башка бир вариантынын китеп болуп чыгып жатканында. 2010-жылы "Хан-Теңири" деген жеке ишкананын каржылоосу менен Сагымбай Орозбаковдун варианты 8 килограмм, 700 грамм б.а. дүйнөдөгү эң чоң китеп болуп жарык көргөн. Ошондой эле, Саякбай Каралаевдин варианты "Турар" басмасынан жарыкка чыккан. Мындан тышкары, Мамбет Чокморовдун "Манасы", Багыш Сазановдун "Манасы", Шаабай Азизовдун "Манасы", Жусуп Мамайдын "Манасы" жарык көргөн. Анан Жайсаң Үмөт уулунун варианты 10 томдук болуп колубузга тийди. Бирок, ошолорду салыштырып, Манас атабыздын "Курама жыйып журт кылган" адам экендиги анык болуп олтурат.
- Улуу манасчылар туурасында эмнелерди айта аласыз? Алардын чыгармачылыгы толук изилденгенби?
- Улуу манасчыбыз Саякбай Каралаев тууралуу Болот Шамшиев, Мелис Убукеев, Лилия Турусбекова даректүү тасмаларды тартышкан. "Манасчы" деген фильмдер эл ичинде кеңири тараган. Ал эми Сагымбай Орозбаков жөнүндө тасмада тартылган фильм жок болгондуктан, ушул залкарлар, Сагымбай менен Ыбрайым жөнүндө даректүү тасма тарттык. Кудай буюрса, жакын арада ал тасманын бет ачары болот, азыр монтажын бүтүп, үнүн жаздырып жатабыз. Бул да кыргыз элине тартуулануучу фильм болот деп ойлойм.
- Азыркы манасчылардан кимдерди жогору баалайсыз?
- Бүгүнкү күндөгү манасчылардын эң эле аксакалы - Сапарбек Касмамбетов. Ысык-Көлдөн. Бул кишинин өзгөчөлүгү - "Манасты" гана айтпастан, "Кан Кошой" деген дастанды жаратып салды. Бул китеп болуп чыккан. Мындан тышкары, "Билерик" деген чоң көлөмдөгү дастаны жарык көрдү. Ошонусу менен баалуу. Чоң манасчылардан Назаркул Сейдирахманов деген манасчы бар. Ал Манастын он эки урпагын айтат. Тилекке каршы, кийинки жылдарда үнү жакшы чыкпай, эл алдында ырдабай жүрөт. Бирок, тубаса залкар манасчы. Албетте, Манастын сегиз урпагын айткан Жусуп Мамай аксакал менен бир нече ирет жолугуп, ал кишинин батасын алып, "Манасын" изилдеп келатам. Бул да өзүнчө татыктуу манасчы. Жаштардын ичинен Таланталы Бакчиев, Дөөлөт Сыдыков, Дамир Баялиев, Самат Көчөрбаев деген манасчыларыбыз бар. Булардын баары тубаса манасчылар, Кудай-таалам өзү касиет берип, "Манас" айтып калышкан.
- Бул багытта чет өлкө­лөр­дөгү кыргыздар менен кандай байланышыңыздар бар?
- Кытайдагы кыргыздар менен тыгыз байланышта болуп, "Манас" изилдөөчүлөр менен иштешип келатам. Андан тышкары, Кытайдын Ыраакы Чыгышында аттары кытайча болуп калган кыргыздар бар экен, ошол кыргыздарга барып, баарлашып, интервью алып, байланышып турам. Пекин университетинде "Манас" эпосун изилдеген окумуштуулар менен да байланышым бар. Орус окумуштууларынан Юлий Сергеевич Худяковдон жакында эле интервью алдым, биздин теле көрүүчүлөр көрүп жатышса керек. Москвада "Чыгыш таануу" институту бар, анын жетекчиси Рыбаков менен да чыгармачылык жакшы мамиледемин. Алардын да пикирин байкап келем.
- "Манастын" ЮНЕСКО тарабынан таанылганы кыргыз маданиятына эмне пайда берет деп ойлойсуз?
- ЮНЕСКО боюнча мындан үч-төрт жыл илгери бир топ чатак чыкпады беле. Муну баарыбыз эле билебиз. Азыр Кытайлык кыргыздар менен биргеликте ЮНЕСКОго "Манас" үчилтиги берилди, эми ишке ашат.
- "Манас" жана манасчыларды изилдөө багытында планда­рыңыздар кандай? Жакында эмне жаңылыктарды күтсөк болот?
- Фильмди айттым. Мындан тышкары экинчи, үчүнчү китептерим дээрлик даяр болуп калды. Бир аз тактоолор керек болуп жатат. "Башканы коюп, Манасты айт" деген долбоордун негизинде жазылган китептер чыгат. Бүгүнкү китептин негизги максаты - Айкөл атабыздын тарыхый инсан экендигин биздин окурмандарга жеткирүү. Менимче, эл жакшы эле кабыл алып жатат. Дагы көрөбүз да. Гезиттер эмне деп жазат, тереңдеп окуп чыккандан кийин окумуштууларыбыз эмне дейт. Китептеги материалдарды жыйноого он жыл кетти, китепти бир жарым жылда жаздым.
- Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдирем.
Аңгемелешкен:
Адилет КАРЫБЕКОВА
Сүрөттөрүн тарткан:
Баян Жыргалбек




Чыңгыз Айтматов:
"Манас" эпосу -
кыргыз рухунун туу чокусу"
"Манас" эпосу - кыргыз элинин кеңири белгилүү, өзгөчө зор кө­лөм­дүү баатырдык эпосу.
Көп кылымдар бою кыргыздардын эл катары атын сактап, тукум улоо, биримдигин жоготпоо үчүн жүргүзүп келген тынымсыз кармашын баяндоого арналган бул улуу чыгармадагы башкы тема - элдин эркиндиги, көз ка­рандысыздыгы үчүн күрөш, сырттан басып кирген душмандарга каршы салгылаштарда көрсөтүлгөн эрдиктерди даңазалоо, ынтымакка чакыруу.
Көлөмү боюнча дүйнөдө "Манаска" теңдеш эпос жок. Манасчы Саякбай Карала уулунан жазылып алынган эпостун үч бөлүмүнүн жалпы көлөмү 500 553 сап ыр. Бул көлөм гректердин "Илиадасы" (15693) менен "Одиссеясын"(12110) бирге кошкондогу (27803 сап ыр) көлөмүнөн жыйырма эседей көп. "Манастын" ошол бир эле варианты илимде узак убакыт бою эң көлөмдүү эпос деп эсептелип келген индустардын "Махабхаратасынан"(200000 саптын айланасында) эки жарым эсе чоң. Бүгүн илимге "Манас" эпосунун жетимишке жакын варианты белгилүү. Эпостун белгисиз тексттерин эл арасынан жыйноо улантылууда.
Чыгарманы алгач жараткан адам ким экени белгисиз. Эл оозунда айтылган уламыш боюнча Манас баатырдын көзү өткөндө анын иштеген иштерин, эрдиктерин өзү менен бирге жүрүп, көзү менен көргөн кырк чоронун бири Ырчы уул кошок түрүндө айткан экен. Кийинчерээк Токтогул ырчы (Жаныбек кан, Жээренче чечен менен доорлош болгон делет) үзүлдү-кесилди ырларды курап, Манас баатырдын иштерин баштан аяк баяндаган бир бүтүн чыгарма жараткан дешет.
"Манастын" качан, кандай тарыхый шартта жаралганы азырынча так белгисиз. Эпостун өзүндө "Бир миң кырк жыл болуптур, андан бери карата" деген ыр саптары бар. Бирок, бул эмне далилге негизделгендиги айтылбайт, манасчы бул маалыматты келтирүүнүн себептерин чечмелебейт.
Тарыхчылар, фольклорчулар чыгарманын жаралуу мезгилин кыргыздардын басып өткөн тарыхый жолунун урунттуу учурлары менен байланыштырып карашат. М. Ауэзов менен А. Бернштам эпоско уютку болгон анын өзөк окуяларын 7-9-кылымдагы кыргыздар менен уйгурлардын арасындагы мамилелерге байланыштырат. Б. Юнусалиев эпостун негизги окуяларын, чыгарманын жаралуу учурун кыргыздардын 9-11-кылымдар аралыгында кара кытайлар менен согуштарына байланыштырышса, В. Жирмунский эпостун окуяларында элдин байыркы түшүнүктөрү менен байланышкан, пайда болуу доору жактан эң эски материалдардын да орун алгандыгын белгилеп, чыгармадагы чыныгы тарыхый фон 15-18-кылымдарга туура келет деп эсептейт. Башка көптөгөн изилдөөчүлөр айрым алымча-кошумча түрүндө өз пикирлерин айтканы менен, негизинен ушул үч жоромолдун бирине барып кошулат.
"Манасты" билген, аны эл алдында аткарган адамдар жөнүндө алгачкы маалымат илимге он тогузунчу кылымдын экинчи жарымынын баш ченинен белгилүү. 1856-жылы кыргыз жергесинде болгон казак окумуштуусу Ч. Валиханов май айынын жыйырма алтысында ага кыргыздардын ырчысы келип жолукканын, ал ырчы "Манасты" билерин эскерет.
Ч. Валихановго удаа келип, "Манас" эпосунун үзүндүлөрүн жазып алган орус окумуштуусу В. Радлов өзүнө маалымат берген адамдарды "ырчы" (певец) деп, ошол учурда эпосту айтуучуларды башка көркөм сөз чеберлеринен айырмалап, чыгармачылыгынын өзгөчөлүгүн мүнөздөөчү адабий термин, салыштырмалуу жаңы сөз менен атаган. 1930-жылдын 27-майында К. Карасаев "Кызыл Кыргызстан" гезитине жарыяланган макаласында Сагымбайга карата "ырчы", "акын" деген түшүнүктөр менен катар "манасчы" деген да аталышты пайдаланган. Эл ичинде эпостун айтуучулары эки топко бөлүнүп, аларга карата "манасчылар" жана "семетейчилер" деген терминдер колдонулат. "Манасчы" деген наам чыгарманын биринчи бөлүмүн - "Манасты" же жомоктун негизги үч бөлүмүн тең ("Манас", "Семетей", "Сейтек") айткан адамдарга ыйгарылат. Эпостун экинчи бөлүгү "Семетейди", кээде "Сейтекти" да кошо аткарган адамдар "Семетейчи" делет.
"Манас" эпосун Келдибек, Балык, Тыныбек, Чоюке, Сагынбай, Саякбай, Тоголок Молдо жана башка улуу жомокчулар учуна чыгара айтышкан.
"Семетей" - эпостун экинчи бөлүмү. "Манасты" түздөн-түз уланткан бул эпос көп варианттуу. Азыр "Семетейдин" жыйырма бештен ашуун варианты белгилүү.
"Манастын" үчүнчү бөлүгү болуп саналган "Сейтек" - үчилтикти жыйынтыктаган корутунду бөлүм. Анын ондон ашуун варианттары белгилүү.
"Манас" эпосу орус, англис, казак, өзбек, немис жана башка тилдерге которулуп жатат. Бүгүн "Манас" эпосу дүйнөлүк көркөм оозеки адабияттын, жалпы адамзаттын, маданияттын ажырагыс бөлүгүнө айланды.
"Манас" эпосун доорубуздун улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов "Манас" эпосу - бийик гуманизмге сугарылган эпос", ал - "кыргыз рухунун туу чокусу" деп баа берген.
(Материал "Манас" энциклопедия китебинин негизинде даярдалды.)








Пикир: