Туруктуу киреше кантип табылат?
"Барометр" гезити Кыргыз фонду биржасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Нурбек ЭЛЕБАЕВ жетектеген "Ниет-Аракет" финансы-консалтинг компаниясынын финансы рыногу жана финансы куралдары (инструменттери) тууралуу аналитикалык материалдарын жарыялай баштоо менен окурмандарды бул материалдарда козголгон маселелерди талкуулоого катышууга, пайда болгон суроолорду берүүгө чакырат.

Алгач инвестиция деген эмне экендигин жана анын кандай зарылчылыгы бардыгын түшүнүп алуубуз зарыл. "Invest" сөзүн латын тилинен сөзмө-сөз которгондо "салуу" дегенди түшүндүрөт. Демек, инвестиция - бул пайда табуу максатында же пассивдүү болсо да туруктуу бир кирешеге ээ болуу үчүн акча каражатын/капиталды узак же кыска мөөнөткө салуу. Инвестициялар төмөнкү эки топко бөлүнөт. Портфелдик инвестициялар - потенциалдуу киреше алууга багытталган ар кандай аракеттердин жар­дамы менен активдерди диверсификациялоо же натыйжалуу башкаруу максатында аталган активдер тобуна капитал салуу. Реалдуу инвестициялар - конкреттүү, узак мөөнөткө белгиленген, көбүнчө реалдуу активдерди өз карамагына алган долбоорго финансы каражатын салуу.
Инвестициялардын башка дагы түрлөрү бар. Биз Кыргызстандын шартында жемишин бере ала турган инвестициялар тууралуу кеп козгойлу.

1. Корпоративдик баалуу кагаздар
Акция - акционердик коомдун үлүшүнүн менчик укугун аныктоо­чу баалуу кагаз. Акцияга ээ болуу менен инвестор компаниянын тең ээси болуп калат. Дивиденддер түрүндө же ар кайсы убакыт аралыктарында акцияларды сатуудан (спекуляция) түшкөн айырма түрүндө киреше алууга болот. Алып сатуу (купля-продажа) операциялары брокерлик компания аркылуу Кыргыз фондулук биржасында өткөрүлөт. Төмөндөгү таблицадан "ВС" категориясына (көгүлтүр фишкалар) кирген "Кыргызтелеком" ААКнын акцияларынын 2012-жылга карата бааларынын көлөмүнүн жана келишимдердин санынын өзгөрүшүнө көз жүгүртөлү (бизге фото аркылуу берилгендиктен, диаграммалар орус тилинде - Редакция).
2012-жылкы акциялардын наркы боюнча кирешелүүлүк 11,33төн 8,58ге, же болбосо 24% төмөндөгөн. Жыл аягында "Кыргызтелекомдун" акциялары боюнча соода көлөмү жыл башына караганда бир топ эле азайып, 92 814 сомду түзгөн. "Баасы түшкөн акцияларды сатып алуунун зарылчылыгы барбы?" деген акыйкат суроо туулат. Эгер финансылык отчёттор боюнча потенциалдуу кирешелүүлүк чоң бойдон кала берсе, анда төмөндөтүлгөн баада акцияларды сатып алуу узак мөөнөттүү инвестор үчүн алда канча пайдалуу болот. Акциянын жарыяланган соңку баасы 18 сомду түзгөн (09. 04. 2013).
Облигация - баалуу бересе кагазы. Эмитентти инвесторго андан карызга алган акчасын кайтарып берүүгө, ошондой эле, белгилүү бир убакыт аралыгында пайызын төлөп турууга милдеттендирген келишим. Демек, облигация - карыздын бар экендигин, аны сатууга жана сатып алууга мүмкүн боло тургандыгын далилдөөчү документ.
Төмөндө "Шоро" ЖАКнын облигацияларынын бааларынын жана ал боюнча келишимдердин көлөмүнүн 2012-жылгы карата өзгөрүшүнө көз жүгүртөлү. Жылдык кирешеси - 17%, номиналдык наркы - 1000 сом.

Келишимдердин көлөмү өскөн­дөн кийин август айында баалуу кагаздардын баалары 18 421 сомго чейин жогорулаган. Жыл аягында рынок баасы 1039 сомго - эң жогорку көрсөткүчкө жетип, кирешелүүлүгү 3,9%ды түзгөн. 2013-жылга карата дагы кошумча облигациялар чыгарылгандыгы маалым болгондон кийин баалар кайрадан түшө баштады.

2. Мамлекеттик баалуу кагаздар
Мамлекеттик казына векселдери (МКВ) - мамлекет тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар. Баалуу кагаздардын бул түрү баалуу бересе кагаздарынын категориясына кирет. Мамлекеттик казына векселдери бюджеттин тартыштыгын жабуу же мамлекеттин башка дагы муктаждыктары үчүн акча тартуу максатында чыгарылат. Мамлекеттик баалуу кагаздар коопсуз болуп эсептелет. Кыска мөөнөттүү баалуу кагаздардын номиналдык баасы 100 сомду түзөт. МКВ 3, 6, 9, 12, 18, 24 айлык мөөнөт менен чыгарылып, ишенимдүүлүгүнө кепилдик берилет. МКВнын негизги кардарлары - коммерциялык банктар. Алардын жалпы түзүмдөгү үлүшү 80%ды түзөт. МКВ боюнча орточо кирешелүүлүктүн деңгээли 5,5% - 14,5% ортосунда термелип турат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын (КРУБ) маалыматтары боюнча мамлекеттик баалуу кагаздар (МБК) рыногунун активдүүлүгү жыл аягында пастайт. Айрым бир өйдө-төмөндүктөргө карабастан, жогорулоонун жалпы тенденциясы байкалган. Өсүү июнь айында башталып, ноябрь айына чейин сакталган. 2012-жыл ичиндеги сатуулардын эң чоң көлөмү ноябрь айында катталып, 559,5 млн сомду түзгөн. 2012-жылдын декабрь айында активдүүлүк кескин төмөндөп, сатуулардын көлөмү араң эле 57,15 млн сомду түзүп, 54%га азайган.
2012-жыл ичинде 12 айлык МКВнын орточо кирешелүүлүгү 14,41%дан 9,55%га чейин төмөндөп кеткен. Муну менен бирдикте республиканын Финансы министрлиги тарабынан канааттандырылган эң кичине кирешелүүлүк 9,38% түзгөн. Жыл аягында 12 айлык МКВны сатуунун көлөмү былтыркы жылдын ноябрь айына салыштырмалуу бир топ эле азайып, 212,1 млн. сомду түзүп калган. Ушул эле жылдын декабрь айында январь айына салыштырмалуу сатуулардын көлөмү өсүп, 37%га жеткен. Ал эми сатуулардын эң чоң көлөмү 2012-жылдын май айына туура келип, 481,7 млн сомду түзгөн.

Кыргызстанда мамлекеттик казына векселдери (МКВ) жана мамлекеттик казына облигациялары (МКО) чыгарылат.
Номиналдык баадан төмөн баада МКВны сатып алуу менен дисконт кирешесин алып турууга болот.
Улуттук банктын ноталары - документтик эмес түрдө чыгарылган мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар. Алар акча-кредит саясатын жүгүртүүдөгү акча массасын жөнгө салууга ылайыкташкан куралы катарында колдонулат. Бир нотанын номиналдуу баасы 10 миң сомду түзөт. Ноталар жүгүртүүгө 7, 14, 28, 91, 182 күндүк мөөнөт менен чыгарылат жана дисконт менен жайгаштырылат, номиналдык баасы менен төлөнөт. Ноталар ар жума сайын өтүүчү аукциондор учурунда жайгаштырылат. Түз катышуучулар (өлкөнүн Улуттук банкы менен келишим түзгөн коммерциялык банктар жана башка финансы мекемелери) аукционго катышуу укугуна ээ.
28 күндүк ноталар
28 күндүк ноталар боюнча өткө­рүлгөн аукциондо жарыяланган суроо-талаптын 68%ы канааттанды­рылып, суммасы 24 591 млн сомду түзгөн. Канааттандырылган өтүн­мөлөр (заявка) боюнча ор­точо кирешелүүлүк 6,65%ды түз­гөн. Жалпы мөөнөт аралыгында кирешелүүлүк 11,52%дан 2,65%га төмөндөгөн.

Банк аманаттары
Банк депозити - Кыргызстан жарандары тарабынан эң көп талап кылынган инвестициялык курал.
Кыргыз Республикасында банк аманаттарынан түшчү пайыздык кирешелер төмөндөгүдөй берилген:
6-12 айлык аманаттар:
Эң кичинеси: "Кыргызстан Казкоммерцбанкы" ААК - улуттук (улут.) жана чет элдик (чет) валютада 1,5-2%; Пакистандын УБ Бишкек филиалы 3,50% (улут.) жана 3% (чет).
Эң чоңу: "Дос- Кредобанк" ААК - 10-13,5% (улут.) жана 1,5-2% (чет); "АКБ Кыргызстан" ААК - 8-13% (улут.) жана 5,9% (чет); "РСК Банк" ААК - 10-13% (улут.) жана 4-6% (чет).
12 айдан ашык мөөнөттүү аманаттар:
Эң кичинеси: "Кыргызстан Казкоммерцбанкы" ААК - 2-2,5% (улут.) жана 2-2,5% (чет); Пакистандын УБ Бишкек филиалы - 3,50% (улут.) жана 3% (чет.), 5% (улут.) жана 3,5% (чет.).
Эң чоңу: "Айылбанк" ААК 15% (улут.) жана 10% (чет); "Дос-Кредобанк" ААК - 13,5-15% (улут.) жана 10,5- 11,5% (чет); "АКБ Кыргызстан" ААК - 13-15% (улут.) жана 7-12% (чет), "РСК Банк" ААК - 13-15% (улут.) жана 6% (чет).

Урматтуу окурман, Сиз мындан да тагыраак маалыматтарды алгыңыз келсе, "Ниет-Аракет" компаниясынын кеңсесине да кайрыл­саңыз болот. Байланыш дареги: ОсОО "Ниет - Аракет" ФКК, Кыргыз Республикасы, 720020 Бишкек шаары, 8-к/р., 1\2 +996 312 910 124, +996 312 910 123 телефон +996 312 910 122 факс http:// www.niet-araket.kg e-mail: office@niet-araket.kg






Пикир: