Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Өкмөттүн
9-жетекчиси
Мамлекеттик белгилүү ишмер, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, Кыргызстандын алгачкы тышкы иштер министри, маркум Казы Дыйкамбаев быйыл 100 жашка толмок. Көзү тирүүсүндө деле улуу инсанга жетиштүү сый-урмат көрсөтүлгөн эмес. Эгемен өлкөнүн жетекчилеринин бирөө да анын ал-абалын сурап, аксакалдык кеп-кеңешин уккан эмес эле. Көзү өткөндөн кийин өкмөт деле 100 жылдыгын өткөрүү, мамлекеттик жетекчилердин аллеясында эстелигин орнотуу, ысымын түбөлүккө калтыруу боюнча иш-чараларын көрүп жатканына деле күмөнүм бар. Себеби, каза болгондон кийин үч жылдан соң туугандары Ак үйдүн эшигин жыртып, кайрылбаган жетекчилери калбай, Ала-Арчадагы көрүстөнгө эстелигин араңдан зорго койдурганына мен дагы күбө болгом. Ал түгүл, Кыргызстандын биринчи тышкы иштер министри болгондуктан Казы Дыйкамбаевдин ысымын Дипломатиялык академияга ыйгаруу демилгеси мындан 4 жыл мурда көтөрүлсө дагы коомдук ишмерлердин кийлигишүүсү, өкмөткө улам кайрылуусу менен кечээ жакында гана аткарылды. Касиеттүү Ысык-Көл аймагынан кыргызды дүйнөгө тааныткан инсандар, мамлекеттик ишмерлер, окумуштуулар, ак тандай акын, манасчылар көп чыккан. Азыр деле көлдүктөрдүн уучу куру эмес. Былтыр мамлекеттик ишмер Абды Сүйөркуловдун 100 жылдык мааракеси өк­мөттүк, ал түгүл, эл аралык деңгээлде белгиленип, эстелиги орнотулуп, туулуп-өскөн жери Токтогулда кылымга тете дүңгүрөгөн иш-чара өткөрүлдү. Ысык-Көлдүк туугандар быйыл ойгонуп, Казы Дыйкамбаевдин 100 жылдык мааракесине кандай даярдык көрүп, кандай деңгээлде өткөрүшөт экен деп, калайык-калк кулак түрүп турган чак. Артында жалгыз кызы калыптыр, Кыргызстанга эмгек си­ңирген врач Марта Казиевна кабатыр болуп, сарсанаага батып турган учуру.
- Атам, каза болоордо дагы "калк кыйналып турганда мени эч кимди убара кылбай, көмүп койгула" деген эле. "Ала-Арча" көрүстөнүндөгү эстелигин койдуруу үчүн эле 2-3 жыл убара болуп, кирбеген эшигим, кайрылбаган жетекчи калбады эле. Акыры финансы министри болуп турганда Акылбек Жапаровдун жана башка жакшы санаалаштардын жардамы менен 3 жылдан кийин эстелиги коюлду. Каражатым бар болгондо чиновниктерге жалдырабай, атама өзүм эле эстелик койдурат элем. Быйыл 100 жылдыгы кандай өткөрүлөөрүнө да күмөн болуп, сарсанаага батып турам, -дейт Казы Дыйкамбаевдин кызы Марта Казыевна.

Эми сөзүбүз куру болбо­сун үчүн 2012-жылдын 4-ап­ре­линде президент Роза Отунбаеванын "Азаттык" радиосунун интернет сайты аркылуу окурман, угармандар менен түз байланышын­да бишкектик Жанаранын суроосун келтирели (су­роо-жооптун грамматикасы өзгөр­түлбөй берилди - редакция).
Жанар
каяктан: Бишкек
04.04.2012 16:25
- Саламатсызбы, Роза Исаковна? Сизге эң маанилүү суроонун бирин узатайын. Сиз президент болуп турганда Кыргызстандын биринчи тышкы иштер министри, Совминдин төрагасы Казы Дыйкамбаевдин Ала-Арча көрүстөндөгү эстелигине каражат бөлүп, улуу инсандын арбагын сыйлап койсоңуз болмок эле. Каза болгонуна 3 жылдай болсо дагы эстелиги коюлбай, ашы берилбей турат. Кызы КР эмгек синирген врач Марта Казыевна Сизге канча жолу кат жазып, кабыл алып коюңузду суранса да, неге кабыл албай койдуңуз эле? Сиз дагы КР тышкы иштер министри болгонсуз. Совет доорунда Кыргызстан үчүн Казы Дыйкамбаев учурунда тоодой эмгек кылып, завод-фабрикаларды салдырганын эсиңиздерден чы­гарбасаңыздар дейм. КР мамлект башчыларынын аллеясына Казы Дыйкамбаевдин бюстун орнотууну да көңүл сыртында калтырып койдуңуз. Себеби, эмдиги жылы 2013-жылы Казы Дыйкамбаевдин 100 жылдык юбилейи болот. Бир убакыт таап, кызы Марта Казыевнаны кабыл алып, ушул иштин башында туруп койсоңуз дурус болоор эле. Өлгөндөр даңкталбайын, тирүүлөр баркталбайт дегенди эске алып койсоңуз. Бул иш Сиздин колуңузда турган, бир звонок менен эле чечиле турган маселе да. Сиз дагы учурунда КР тышкы иштер министри болгонсуз да. Кайдыгер болбой ушул ишке көз салып койсонуз дейм. Себеби, бул улуу инсандын артында жалгыз кызы гана калып, ошол гана күйүп чуркап жүрөт. Эсен-соо болуп, эл үчүн кызмат кылган инсандарды, алардын ичинен Казы Дыйкамбаевди унутпай жүрсөңүз?! Сизди дагы кийинки муун унутпашы үчүн, Сиз дагы Кыргызстанга эмгеги сиңген улууларды унутпай, камкордук кылсаңыз дурус болоор эле...

Пикирге жооп
кимден: Роза Отунбаева
04.04.2012 16:52
- Казы Дыйкамбаев каза болгондо мен депутат болчумун, акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө катышкам. Марта Казыевнаны жакшы тааныйм. Бирок анын мага кайрылганын билбейт экемин. Эми сиз айткан маселелерди чечүү үчүн ТИМге, азыркы бийликке деле кайрылса болот,- деп жооп берген ошол учурдагы өлкө жетекчиси Роза Отунбаева.

Казы Дыйкамбаев ким болгон, кандай кызматтарды аркалаган, өлкө үчүн кандай салым кошкон? Учкай баяндай кетейин.
Казы Дыйкамбаев 1913-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында карапайым кыргыздын кедей-кембагал үй-бүлөсүндө туулган. Тири карак жаш жигит, Ашхабаддагы жогорку окуу жайынын даярдоо курсунан билим алган. Басмачыларга каршы күрөшкө да катышкан. 1932-1937-жыл­дары Ташкент шаарындагы Орто Азиялык экономикалык пландоо институтунда окуп, жогорку билимдүү адис болгон. 1937-1939-жылдары Кыргыз ССРинин Мамлекеттик пландоо комитетинин улук экономисти, 1939-40-жылдары Кыргыз ССРинин Мамлекеттик пландоо комитетинин төргасынын орун басары, Фрунзе облустук комитетинин төргасы болуп эмгектеген.
1940-1944-жылдары Элдик тек­шерүү комитетинин төрага­сы­нын орун басары, Кыргыз ССРинин мамлекеттик текшерүү комиссиясынын жетекчиси болуп, Улуу Ата мекендик согуш учурундагы бардык түйшүктү моюнга көтөрүп, жеңиш үчүн салым кошкон. Ал түгүл, ошол учурда мамлекеттик жашыруун сыр болгон СССРдин атом бомбасын түзүүчүлөргө шарт түзүп, камкордук көргөнүн замандаштары эми гана эскерип, ачык айтып жүрүшөт. Согуш учурунда фронтту азык-түлүк, керектүү жабдуу, ок-дары, кийим-кече менен камсыз кылуу анын моюнуна жүктөлгөн. Иштен кыйкым табылса башы менен жооп берип, атууга кетчи учур эле. Согуш учурунда Кыргызстанга көчүрүлүп келген завод, фабрикаларды жайгаштыруу, иштетүү милдети да ага жүктөлгөн. 1944-жылы Кыргызстанда биринчи тышкы иштер министрлигин ачып, беш жыл бул мекемени башкарып, бутуна тургузуп, тышкы иштер адистерин даярдап, алгачкы демилгелердин башында турган. 1948-49-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары (азыркыча вице-премьер), 1949-1951-жылдары Кыргызстандын Компартиясынын Борбордук Комитетинин курулуш жана өнөр жайын тейлеген катчысы болуп, ири курулуш, завод, фабрикалардын, өнөр жай ишканалардын салынышына зор салым кошкон. 1951-1958-жылдары Фрунзе обкомунун биричи катчысы, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп эмгектеген.
1958-1961-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы (азыркыча премьер-министр, өкмөт башчысы) болуп иштеп, Кыргызстандагы ири ишканалардын, ишканалардын салынышына, үзгүлтүксүз иштөөсүнө шарт түзгөн. Кыргыз адистерин көтөрүп, улуттук кадрларды даярдоо боюнча көз карашы ошол учурдагы Москва жетекчилерине жакпай калып, "иштеги олуттуу кемчиликтери үчүн" деген шылтоо менен кызматтан алынып, көрө албастыктын курмандыгы болгон. Анын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында бүткөрүлгөн айрым курулуштарды эске салсак эле жетиштүү болоор. Ал Чоң-Чүй каналынын курулушуна баштан аяк жооп берген. Фрунзе-Жалал-Абад-Ош-Лейлек кан жолун куруудагы анын мээнети ат көтөргүс жүк болгон. Нарын дайрасында курулган бир нече ири ГЭСтердин элге канча жылдан бери кызмат кылышына Казы Дыйкамбаевдин салымы зор. Мындан сырткары, Токтогул суу сактагычы баштаган бир нече суу сактагычтар, совет доорунда кыргыз жергесинде күркүштөп иштеп, миңдеген жумушчуларды иш менен камсыз кылган ири завод, фабрикалардын курулуп, жигердүү иштеп турушу анын талыкпаган мээнетинин акыбети болгонун ким тана алат?! Анын талыкпаган эмгеги учурунда совет өкмөтү тарабынан аз да болсо бааланган. Казы Дыйкамбаев СССР Жогорку Советинин (1947-55; 1958-63) жана Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин көп жолку депутаты болгон. Эки Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, I-даражадагы Ата мекендик согуш ордендери жана бир нече медалдары менен сыйланган. Өлкө эгемен болгондо ага 3-даражадагы "Манас" ордени да ыйгарылган. Кыргызстанга эмгек сиңирген экономист наамына арзыган.
Аны менен бирге иштеген кесиптештери уюштуруучулук жөндөмүн, тайманбаган көк жалдыгын, кыраакылыгын, акылмандыгын, иш дегенде ичкен ашын жерге койгон эмгекчилдигин, иштин көзүн билген адистигин жана кара кылды как жарган калыстыгын айтып жүрүшөт. Казы Дыйкамбаев үчүн "иш күнүм аяктады" деген түшүнүк болгон эмес. Ал согуш учурунда үйүнө түнөбөй, кабинетинде түнөп, күнү-түнү иштегенин азыркылар жомоктой жорук, адат катары айтып калышат. Анан дагы бийик мансап үчүн жан талашпай, кандай кызматка дайындалса, майын чыгарып иштей берчү сапаты бар эле дешет. Жогорку кызмат анын артынан өзү ээрчип жүр­чү, ал кызмат үчүн бирөөгө эч качан карасанатайлык жасабаган, бирөөнүн да жолун тосуп, кыянаттык кылган эмес.
"Кызмат - колдун кири, бүгүн бар, эртең жок. "Бетеге кетет, бел калат, бектер кетет, эл калат". Элге кызмат кылсаң, жүзүң жарык болот. Канчалык жооптуу, жогорку кызматтарда иштедим, бир да жолу өз кызыкчылыгынды ойлогон жокмун. Ошол учурда эле мен деле 2-3 кабат хан сарай салып, ишканалардан бөлүп, менчикке чыгарып алууга толук мүмкүнчүлүк, шартым бар эле. Андай арам ишке барганым жок. Азыр да эл алдында жүзүм жарык, абийирим таза. Азыркы жетекчилер элди ойлобой, өз камын ойлоп жатканы өкүндүрөт",- деп эскерет Казы Дыйкамбаевдин аталаш тууганы Жакшылык Калиев.
- Жогорку кызматтарда турганда бир дагы тууганын, тааныштарын кызматка коюп, аларды жөлөп-таяган эмес эле. Ал түгүл, "агабызды уят кылбайлы, ага сөз тийгизбейли, ак иштейли, Дыйкамбаевдин инилери мындай экен" деген сөз болбосун деп, адал иштеп, аны кеп-сөзгө калтырган жокпуз. Кызмат же жардам сурап кайрылган да эмес элек. Ал кишинин сүрүнөн, айбатынан коркуп, жанына да жолочу эмес элек, -деп сөзүн улайт Жакшылык аба.
Жакында эле Кыргызстандын туңгуч тышкы иштер министри Казы Дыйкамбаевдин ысымы Дипломатиялык академияга ыйгарылды. Көзү тирүүсүндө ага Дипломатиялык академиянын биринчи ардактуу профессору наамы да берилген. Бул кишинин архиви, алтын кортиги академиянын музейинде сакталып турат. Балким, келечекте анын музейи да ачылып калаар деген үмүттөбүз. Себеби, кыргыз дипломатиясынын тарыхы терең тамырларга жана көөнө салттарга ээ. Кыргызстан эгемен өлкө болгону дипломатиялык кызмат эл аралык шериктештик менен өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташуунун ишенимдүү аянтчасы болуп баратат. Анын башатында Казы Дыйкамбаев турганын унутпашыбыз керек.
Көлдүк чиновниктер, жердештери Казы Дыйкамбаевдин 100 жылдыгына кандай иш-ча­раларды көрүп жатышканын, качан белгиленээрин "Барометр" гезити аркылуу калайык калкка маалымдап коюшаар...
Кабыл Макешов,
калыс журналист





ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Барометр"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 -- -- --
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования