Кыргызстандагы туризм: күңгөйү менен тескейи
(Уландысы.
Башы өткөн санда)
Кыргызстандын алыскы өлкө­лөрдөн келген саякатчылары менен иштөөнүн айрым өзгөчөлүктөрү бар. Алар үчүн, мисалы, жайкысын треккингди (жөө же ат, велосипед, авто менен), альпинизмди, ал эми кышкысын лыжа тебүүнү кеңейтүү керек. Туризмдин бул түрүнө ат, төө, өгүз жана эшекти деле, ыңгайына жараша, колдонсо болот. Тек гана жарашыктуу жабдыктары болушу абзел. Туризмдин бул түрлөрүнө кызык­кандар негизинен европалыктар жана америкалыктар. Бирок, Азиянын өнүккөн өлкөлөрүнөн да саякатчыларды тартуу керек. Туризмде саякатчылардын көңүлүн өзүнө тартканар бир жарнамалык мүмкүнчүлүктүсалтка айландыруу зарыл. Жакшы идеяларды башка өлкөлөр илип кетип, киреше таба баштаса, биз куржалак калабыз. Өт­көн жылкы кол өнөрчүлүк боюнча фестивалды кеңири жайылтуу дагы максаттуу.
Чет элдиктерге кызмат көрсөтүү өзгөчө мамилени талап кылаары бышык. Альпинизмди өнүктүрүү менен өкмөттүк куткаруучулар командасы даярдалып, алар жардам берүүгө дайыма белен турушу керек. Кокус саякатчылар кырсыккакабылса, киреше эмес, чыгым тартып калабыз. Ошондуктан жакшы даярдыктагы коштоочулар, тилмечтер, көлдө - суучулдар сөзсүз болушу зарыл. Өрт коопсуздугун камсыздоо үчүн саякатчылардын түнкү эс алуучу жерлери токой чарбасынын, экология кызматынын өкүлдөрү менен бирдикте белгиленүүгө тийиш. Бул боюнча туристтик маршруттардын картасы түзүлүп, ар бир топко же жеке саякатчынын колуна тапшырылышы абзел. Саякатчылардын жол кыймылы, коопсуздугу саякатты уюштурган туристтик мекемелерге кабарланып турушу зарыл.
Оштогу Сулайман тоо Индия менен Пакистандын зыяратчылары үчүн жакшы жай болор эле. Бабурдун жерлери катарында Ош аймагы ал жактагы мусулман калкына кызыктуу. Бул өлкөлөрдүн киночулары үчүн табылбаган табият -Кыргызстандын ак карлуу тоолору. Индияда жана Пакистанда ж.б. Азия өлкөлөрүндө, араб мамлекеттеринде туристтерди ал жакта ысык башталгандан б.а. март айынан баштап кабыл алуу көптөгөн эс алуу жайларына жакшы эле пайда алып келмек. Бул жаатта Кыргызстандын элчиликтерин маалыматтык материалдар менен камсыздоо керек (элчиликтерде андай ишке акча каражаты каралган эмес).
Күч органдары менен макулдашуу көп убакытты алып, туристтердин эле эмес, инвесторлордун дагы айнышына алып келип жатат. Бул маселеге өкмөттө негедир көңүл бурулбай келет. Туристтердин жана инвесторлордун келип, кайра кеткенге авиабилеттери бар болгонуна, "Кыргызстандан виза мөөнөтү аяктаганча, чыгып кетем" дегенине карабай, бир ай, кээде андан да көп убакыта уруксат берилбеген соң, алар коңшу өлкөлөргө кетип жатышы, элчиликте иштешкен дипломаттардын эмгектерин жокко чыгарууда. Элчиликтер өздөрү жакшы билишкен адамдарга да виза бере алышпайт, жоопкерчиликти алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган. Тышкы иштер министрлиги виза маселесинде ортомчу гана ишти алып барышы, СССР убагынан бери келе жаткан көрүнүштү өзгөртүүгө алы келбей жатышы бизде сенектик абдан терең орногонун далилдейт. Эски стереотип ойлордон кетпесек, туризм, инвестиция алга жылбайт.
Виза жаатында дагы бир маселе, бул 44 өлкөлөрдүн жарандарына болгон 60 күндүк визасыз саясат. Бүт дүйнөдө виза маселеси эки тараптуу чечилет. Бир тараптуу чечилиш абдан эле сейрек көрүнүш. Виза акысы өкмөттүн чечими менен бекитилет. Башка өлкөлөр визаны сатып жатса, биз эмне үчүн баш тартабыз? Же Европа биримдиги, ага кирген өлкөлөр визаны жойбосоңор Кыргызстанга жардамдашпайбыз, барбайбыз дештиби? Визасыз болгондон бери Кыргызстанга келген чет элдиктердин турист, жеке инвесторлордун саны канча эсе өстү? Кимдер келип жатат? Муну талдаган мекеме барбы? Менимче, бизге көп келгендер - бул негизинен студенттер, арзан туризмди каалагандар, жол тосуп жүргөн "жапайы" туристтер. Булар күнүнө 20 АКШ долларын да сарптабайт.
Салабаттуу саякатчылар визанын баасы тууралуу эч убакта сөз кылышпайт, тескеринче, визаны тез тариф менен төлөп, тез алышты каалашат. Кеп визанын баасында эмес, тийиштүү органдардын уруксатты создуктурганында. Уттуруштун эле үстүндөбүз. Виза баасын алып салбай, көбөйтсөк деле грант, кредиттер берилмек. Салабаттуу бир америкалык же европалык "визаны бекер кылганыңар туура" деген жок.
Эки жылдан бери көлдө жүргөн туристтерди көрүп жүрөм. Дээрлик жаштар. Боз үй тигип, иштеп жүргөн кыргыздар "бизге келгендер бир суткага тамагы менен 400-500 сом араң төлөшөт" дешти. Жүздөгөн акчасыз туристтерди кабыл алганча, чөнтөгү калың саякатчылардан он-жыйырманы кабыл алганыбыз жакшы эмеспи. Экологияга да зыяны азыраак.
Экология демекчи. Эки окуяга токтолуп кетейин. 1994-жылы "Прайс вотерфаус" деген америкалык компания менчиктештирүү боюнча Мамлекеттик мүлк фондусуна кеңеш берип туруучу. Анда иштеген, күйөөсү Пакистандын Казакстандагы жана Кыргызстандагы элчиси, америкалык Сузана аттуу айым Америкадан теңтуштарын чакырган экен, мен төрагалык кылган "Кыргызсаякат" корпорациясына кооз жерлерди, Ысык-Көлдү көрсөтүүнү суранып кайрылышты. Аларды Караколго, Жети-Өгүз капчыгайына алып бардык. Америкалык айымдар мурдагы дипломаттар экен, "Көк-Жайык" жайлоосуна суктанып көпкө туруп, "жалпы туризмди өстүрбөгүлө, бул керемет сулуулуктан ажырайсыңар" деп, андан соң "бул абаны түтүк менен Нью-Йоркко жөнөтүп турсаңар, кандай керемет болоор эле" деп тамашалап, суктанышты эле. Дагы бир жолу Малайзиянын Премьер-министри 1996-жылы Кыргызстанга келгенде, Тышкы иштер министрлигинен "Көк-Жайыктагы" кабыл алууга жооптуу болуп калдым. М.Махатхир мырза жубайы жана туризм министри ж.б. меймандар, ошондой эле, коштоп жүргөн адамдар болуп, эки тик учак менен учуп келишкен эле. М.Махатхир мырза тизеден болуп, гүлдөп турган түркүн чөптөрдү баспай, гүлдү тебелеп албайын дегендей, бутун этият гана коюп,чыйыр менен басканына күбө болгом. Жаратылышка карата кандай ыйык мамиле!
Өткөн жайда "Көк-Жайыкка" барсам, мурдагы кооздук, баягы корук, көйкөлгөн чөп жок, ал зээнди кейитүүчү абалга туш келиптир. Жергиликтүү эс алуучулардан тышкары, күнүнө күңгөйдөн 25-30 кичи, 2-3 чоң автобус менен көлгө келген эс алуучуларды алып келишип, жөө барып шаркыратманы көрүшөт экен. Бир жылда келгендердин саны орто эсеп менен 15 миң адамды түзөт, дешет айыл өкмөтүндөгү адамдар. Бул сан жыл сайын айныксыз өсүүдө. Мындан сырткары, Каракол шаарынын, облустун башка райондорунун жашоочулары келген меймандарына курортту, капчыгайды, жайлоону көрсөтүшүп, дем алыш күндөрү кой-козусун алып, ар кандай чакан тойлорду, шаан-шөкөттөрдү токой арасында өткөрүүнү адатка айландырып алышыптыр. Үч жыл мурда бул көрүнүшкө бөгөт коюу максатында айыл өкмөтүнүн чечими менен орнотулган кароол мыйзамсыз деп алып салынган.
Келгиндер калтырып жаткан бөтөлкөлөр, пластик баштыктар, сөөк-саак, тамак-аштын калдыктары жана башка акыр-чикирлер көбөйүп, Жети-Өгүз капчыгайында, "Көк-Жайык" жайлоосунда экологиялык коркунуч пайда болуптур. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин акыр-чикирди тазалоо иштери, ал коркунучтан арылта албай жатат. Унаалар жайыктарга ар кандай жолдорду салып, кээ бир жерлерде 3-4 катар жолдор пайда болуп, автоунаалар шалбааларды такырлантып, бузуп жатканы ичти ачыштырат. Бул көрүнүш улана берсе, 15-20 жылдан кийин "Көк-Жайык" куу такырга айланаары бышык.
Жети-Өгүз курортуна Союз убагында ыплас сууларды тазалоо тармагы курулган. Азыр ал иштебейт. Курорттун акыр-чикири, ыплас суулары өзөнгө агып, ал көлгө кошулуп жатат. Төмөнкү айылда суу түтүк ошол өзөндүн суусуна кошулуп, айыл эли ичип жатышына, бул курортко ээлик кылган профсоюздар бирикмесинин жаны деле кейибейт. Аларга, сыягы акча, акчабай маанилүүдөй. Жети-Өгүз капчыгайы менен "Көк-Жайык" жайлоосун Улуттук паркка айландыруу жаратылышка, эртеңки урпактарга камкордук болмок.
Көлдүн күңгөй тарабына жылчык калтырбай, эсепсиз эс алуу жайларын куруп жатабыз. Мамлекет канча пайда таап жатат? Арийне, жер салыгы төмөн, кээ бир эс алуу жайларынын жер тилкелери өтө эле чоң, жерге салыкты көтөрүү менен жерди натыйжалуу пайдаланууга мажбурламакпыз, жергиликтүү бюджетти көбөйтүү менен элеттик­тердин социалдык маселелерин - оорукана, балдар бакчасы, мектеп, почта куруп, таза суу көйгөйлөрүн чечмекпиз. Экологиялык салык дагы алынышы талапка ылайык болор эле. Ушул жаатта эреже-жобону мына ошол маданият жана туризм министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу агентиги менен бирдикте иштеп чыгып, Жогорку Кеңеш чечип, көзөмөлдөп туруусу абзел. Бирдиктүү мамлекеттик жобо болбосо экологиялык оор кырдал түзүүлөрү, көлүбүзгө коркунуч туулаары ачык эле көрүнүп турат. Жайында эс алуучулар көп жээктерде көлдүн суусу заара жыттанып жатышы - экологиялык коңгуроо. Даратканалар көл жээктен алыс жайгашкан жатаканалардын жанында, пляждарда биодараткана такыр жок. Тазалоочу тармак жок болсо, ыплас суулар кайда агып жатат? Ар бир эс алуу жайларын пляждарга бекер биодаратканаларды коюуну милдеттендирүү керек.
Ысык-Көл жаратылыштын кайталангыс, эң бир кооз, ажайып керемети. Аны көзүбүздүн карегиндей сактап туруу жалпыбыздын милдетибиз деп эсептейм. Ошондуктан, өкмөттүк жана коомдук болобу же жеке жарандарбы, жалпы жапа тырмак көлдү коргоого алууга милдеттүүбүз. Ошону менен бирге экология маселелерине эл аралык донорлордон гранттарды тартууга биздин элчиликтер катуу киришүүсүн кырдаал талап кылып жатат.
Туризмдин тийгизип жаккан пайдасынан зыяны республикабыз­дын башка аймактарында абал кандай деңгээлде экендиги айтпасак деле белгилүү. Туризм өнүккөн, анын борбору эсептелген Ысык-Көлдө абал ушундай болсо, башкасын айтып не керек.
Эки айдан соң эс алуу сезону башталат. Экология маселесине карата талапты абдан катуулатпасак, эртеби-кечпи жаратылышыбыз айыккыс дартка чалдыгаары айдан ачык. Туризмди жөн эле өнүктүрө бербестен, илимий жана пландуу негизде, эсеп менен, келечекти көрө билүү менен өнүктүрсөк. "Жылкычым, жылкыңа ченеп ышкыр" демекчи, саякатчыларды Ысык-Көлдө июль-август айларындагы мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша кабыл алсак. Жергебиз бейиштин төрү эмес, кейиштин төрү болуп калбасын, кагылайын мекендештер!
Сактанбек Кадыралиев,
Толук жана Ыйгарым укуктуу Кичи элчи