Атаандаштар арасында айырмалануунун жети ыкмасы
Базар экономикасы өз доорун сүрүп турганда анда атаандаштык болбой койбойт. Мындай учурда өзгөчөлөнүү үчүн кандай аракет кылуу керек? Бизнес чөйрөсүндө атаандаштар дайым озунуп мыкты иштерди жасап келет. Сиз жасачу ишти алар дайыма сизден мурда жасайт. Чын-чынына келгенде сизда өз чөйрөңүздө кимдир-бирөөгө атаандашсыз, башкалар да сиздин ийгилигиңизге көз артат. Бул учурда сиз өзүңүңүздүн деңгээлиңизди сактап калууңуз керек. Жагдайдан чыгуу үчүн атаандаштыкта колдонулуучу жети ыкманы сунуштайбыз:

1.Жакшы баа
Товарларга болгон бааны тү­шүрүү аркылуу атаандаштык кылуу амал калбагандагы ыкма. Мындай амалды арга кеткен убакта колдонуу сунушталат. Себеби, арзан баадагы товарды кардарлар түп-тамыры менен колдон жулуп кетет. Бизнестин 99 пайызында баага болгон айыгышкыс күрөш жүрөт. Бирок, бааны төмөндөтүү бардык эле учурда туура боло бербейт. Ошол себептен бааны түшүрүүнүн ордуна товардын сапатын, баалуулугун арттыруу зарыл. Товардын арзандыгы кардарларды чочулатпай койбойт.

2. Товардык атрибуттарга же кызмат көрсөтүүгө басым жасоо
Бул чыныгы баалуулук. Товардагы же кызмат көрсөтүүдөгү кандайдыр бир керектүү, пайдалуу нерсени кардар үчүн баса белгилеп кетүү зарыл. Мисалга алсак, буйрутма берилген кардардын талабын(товар же кызмат көрсөтүү) өз убагында орундатуу өтө маанилүү. Кимдир- бирөө үчүн кечиккен иш ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн. Өз убагында аткарылган бардык иш -чара сиздин деңгээлиңизди дагы бир тепкичке жогорулатат. Эгерде сиздин товардын эч кандай атрибуту болбосо эмне кылуу керек? Бул суроонун эки жообу бар:
а) бардык товардын атрибуту бар, болгону аны баамдабай жатасыз.
б) фантазияңызды иштетип, аны издеп табуу керек.

3. Товардын сапаты жана бүтүндүгү
Эгерде сиздин товар абдан сапаттуу болсо, анда кардарлар ага өздөрү тартылат. Бул учурда эч кандай жарыя берүүнүн зарылдыгы жок. Себеби, сатып алуучулар же сиздин кызматтан пайдалангандар элге жакшы кабар жайышат. Мындай даражага жетүү үчүн тек тынымсыз иштөө абзел. Эң башкысы санында эмес, сапатында.

4. Товардык ассортименттин кенендиги
Товардын түрдүүлүгү, ар кайсы өндүрүш продукцияларынын болушу, кардардын убактысын үнөмдөп, анын кызыкчылыгын коргойт. Сатып алуу да өзүнчө бир эмгек жана чоң жоопкерчилик. Алардын аз убакыт коротуп, көздөгөнүн табуусу, сиздин ийгиликке жетүүңүздүн дагы бир алга шилтенген кадамы.
Ошол эле учурда жакында дагы кандай ыңгайлуу кызматтар болоорун эскертип коюушуңуз артыкбаш болбойт.

5. Инновациялык сунуштар
Мында жаңы нерсени коомго таратуу каралган. Талапка шайкеш келген, кардардын учурдагы керектөөсүн камсыздашыңыз максатка ылайыктуу. Бул учурдан пайдаланып калуудан тар­тын­ба­ңыз. Мындай ийгиликке атаандаштар көз артпай койбойт.

6.Аталган товарга же Сиздин ишмердүүлүгүңүзгө коомдогу кызыгууну жаратуу
Кызмат көрсөтүүңүзгө, това­рыңызга уу-дуу кызыгууну өзүңүз жаратпайсыз. Андай кызуугуу өз алдынча деле жаралып калышы мүмкүн. Кимдир-бирөө бул жагынан жолдуу, дагы бирөө кырдаалды ыктуу пайдаланганды билет, анткени, алар туура кабар угуп,чындыкка жакын имиштер менен дайыма камсыз болуп турат. Асыресе, кээде уу-дуу маалыматты уюштуруу, колдонуу сунушталат.

7. Беделдин жана сунуш кылуунун болуусу
Товар жөнүндө маалымдама, багыт берүү - соода ишинде күчтүү кыймылдаткыч болуп саналат. Чындыгы болбосо да кардардын көбү ошол берилген баракчага ишенет. Кай бири аны ачып карабашы деле мүмкүн, бирок, сиз маалымдаманы сөзсүз түрдө даярдаңыз , анын жоктугу айрымдар үчүн шек жаратат. Бренддин -жакшы аттын белгилүүлүгү -сунуш кылуунун көп түрдүүлүгүнө жатат. Керектүү китепче, товар тууралуу кыскача маалымдамаларды кардарга көрсөтүү менен алардын ишенимине кире аласыз.Демек, кийинки жолу сиздин товарды же кызматты сөзсүз түрдө пайдаланышат. Маалымат куржунуңузда начар, терс таасирин тийгизчү пикирлердин жок болушу да сунуш кылууну күчөтөт. Тек гана аны туура пайдалануу керек. Сизде мындай кемчиликтердин бири да жоктугун, кардарлар тарабынан эч кандай арыздануу болбогонун кыстарып кетиңиз.
Атаандаштар ортосундагы артык­чылыкты бир калыпка салуу - пайдубал болуп саналат. Жерпайы жок куру­луш чөгүп кетээри баарыбызга белгилүү. Эгерде сиздин ба­гыттамаңыз, товарга карата ишенимиңиз болбосо, анда сатуучуларыңыз сунуш кылган нерсесинин тигил же бул артыкчылыгын айтып бере албай калышы мүмкүн, Ошондуктан алгач кызматкерлериңизге пайда алып келүүчү кардар менен кандайча иштөө керектигин үйрөтүңүз, коомдогу жалпы кызыгуунун жаралышына ара­кеттениңиз. Атаандаштыктагы артыкчылыктарды аныктоо аркылуу натыйжалуу жарнаманы калыптандыра аласыз.
Булагы: Ирина Семёнова (Executive "Сообшество менедшеров")
Которгон: Адилет Карыбекова