Кыргызстан - Тайланд мамилелери талкууланды
Өлкөбүздүн Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев 1-апрель күнү Тайланд королдугунун тышкы иштери боюнча вице-министри Жуллапон Нонсичай мырза башында турган делегация менен жолугушуу өткөрдү.
Сөз башында Ж. Оторбаев өзүнүн Бангкокко ишсапарын жы­йынтыктап, минтип айтты: "Мени Борбордук Азиядагы кырдаал жөнүндө сүйлөшүүгө чакырышты. Тайланддын Тышкы иштер министри менен жолугуп, сүйлөшүүнүн алкагында жеңил өнөр-жай, туризм тармактарында кызматташууну талкууладык. Эки өлкөнүн кызматташуусу боюнча сүйлөшүүлөр башталды, эми аны мындан ары улантуу керек. Эң негизгиси экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, инвестициянын булактарын жайылтуу зарыл".
Кезегинде Жуллапон Нонсичай Тайланд Кыргызстанга башкы консулдугун ачуу тууралуу жакшы тилеги бар экендигин, инвестиция жана соода чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташууну жөнгө салуу маселесин баса белгиледи. Ошондой эле, ал Тайландда Кыргызстандын элчилигин ачууну карап көрүүнү сунуштады. Мындан сырткары, эки тарап түз авиа каттамдардын киргизилишин талкуулашты. Биринчи вице-премьер-министр жакынкы күндөрдө "ачык асман" саясатынын кириши тууралуу маалымат берди.
Жолугушуу эки тараптын эксперттик топторунун тажрыйба алмашуусу, кызматташуусу жө­нүндө чечим кабыл алуу менен аяктады.
КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү




Айрым соттордун судьялары кызматынан четтетилди
Бүгүн, 2013-жылдын 1-апре­линде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларын кызматынан четтетүү жө­нүн­дө" Жарлыкка кол койду.
Жарлыктын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 5-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңеши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна Султанов Кушчубай Култаевичти жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу, ал Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн четтетилди.
Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңеши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна Чырмашев Урмат Дуйшенбаевичти жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу, ал Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Чүй облусу­нун Жайыл район­дук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүр­гүзүүдөн четтетилди.
КР Президентинин
басма сөз кызматы




Артисттердин апрелдеги сапарлары
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Сатылган Сазаев башкарган тобу 1-апрелден баштап Талас облусунда бир жумалык гастролдо-чыгармачылык сапарда жүрөт. Алар таластык театр сүйүүчүлөргө казак дрматургу Рахымжан Оторбаевдин "Тагдыр" пьесасынын негизинде сахналаштырылган спектаклди (режиссеру - Эгемберди Бекболиев) көрсөтүп кайтышмакчы.
Ал эми үстүбүздөгү айдын он бешинен отузуна чейин Кыргызстандын эл артисти Муканбет Токтобаев баштаган топ Ош облусунда болот. Артисттер аталган облустун көрүүчүлөрүнө " Жан азык" спектаклин сунушташат. Пьесанын автору - Табылды Актанов, койгон режиссер Замир Сооронбаев.

Өз маалыматыбыз




"Жаш Канаттын" жеңиши
Казакстандын Астана шаарында өткөн Эл аралык чыгармачыл балдардын "Ак Көгер­шин" 7-кароо-сынагында Кыргызстандын атынан барган Бишкек шаардык мэриясынын маданият жана туризм башкармалыгынын алдында тү­зүлгөн 6-искусство мектебинин "Жаш Канат" бий ансамбли баш байгени жеңип алды. 25-28-мартта бир нече номинациялар боюнча өткөрүлгөн бул сынакка биздин өлкөнүн жаш таланттары эки курак категориясы боюнча катышып, ортончу топ Гран-прини утуп алса, чоң топ үчүнчү даражадагы лауреат болуп сынактан олжолуу кайтышты. Сынак хореография, эстрадалык вокал, музыкалык ас­паптарда ойноо, көркөм окуу жана балдардын мода дүйнөсү боюнча өткөрүлүп, калыстар тобуна казактын белгилүү балетмейстерлери жана хореографтары кирген. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
"АКИpress"
маалымат агенттиги





Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамэкотехинспекцияда коомчулук менен байланыш мүмкүнчүлүгү түзүлдү
Калктын, айлана-чөйрөнүн коопсуз­дугун камсыздоо жана экономиканы өнүктүрүүгө кө­мөк­төшүү максатында Кыргыз Республикасынын Өк­мөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция (Мамэкотехинспекция) түзүлгөн. Анын урааны - "Коопсуздук аркылуу өнүгүү".
Мамэкотехинспекциянын тү­зү­мүнө 9 борбордук жана 17 региондук башкармалык кирет. Алар экологиялык, энергетикалык, өнөр жай, тоо-кен, суу, жер, ар­хитектура-курулуш, өрт кооп­суз­дугу, эмгекти коргоо жана эмгек мамилелерин көзө­мөлдөйт жана контролдойт.
Инспекциянын ин­тернет-пор­талы www.geti.kg. Сайтта инспекция жүргүзгөн тек­ше­рүү­лөрдүн жыйынтыктары жана иштин жү­рүшү тууралуу маалыматтар берилип, коомчулук менен байланыш мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Коомдук кабылдама ачылган,
"ишеним телефону"- 0312 56 30 27.




"Апрель 2010" фотокөргөзмөсү ачылды
Кечээ Бишкекте, Гапар Айтиев атындагы көркөм искусство му­зейинде "Слово Кыргызстана" гезитинин фотожурналисти Нина Горшкованын "Апрель 2010" аттуу фотокөргөзмөсү ачылды. Ушул эле жерде уйкаш аттуу альбомдун бет ачар аземи да болду.
Н.Горшкова 2010-жылдын ап­релиндеги кайгылуу окуялардын тарыхый ирмемдерин фотоаппа­ратына тартып гана тим болбос­тон, алар тууралуу өзүнүн көңү­лүндө баккан ойлорун, таасир-пи­кирлерин эссе катары да жазып, альбомго жарыялаган.
Көргөзмө көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынууда.


Жолбун жаныбарларга жардам
Кечээ борбор шаарыбыздагы Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында кол өнөр­чү­лөр­дүн кайрымдуулук көргөзмө-жарманкеси ачылды. Бул иш-ча­рага Бишкектик сү­рөтчүлөр, кол өнөрчүлөр, уздар өздөрүнүн кийизден, жибектен токулган сайма­лары жана башка ушул сыяктуу буюм-тайымдары менен катышып жатышат.
Уюштуруучулардын айтканына караганда, бул көргөзмө-жарман­ке­ден түшкөн каражаттын 10 пайызы "Жашоого укук" аттуу жолбун жан-жаныбар, айбандарга көмөк көр­сөтүү Фондусуна бөлүнүп берилет.
Дегиңкиси, були иш-чара 2008-жылдан бери жыл сайын өткө­рү­лүүдө. Төрт жыл аралыгында жарманкенин уюштуруучулары кайрымдуулук иштерине 200 миң сомго жакын каражат которушкан.
Көргөзмө-жарманке 7-апрелге чейин уланат.


Университеттердин Ассоциациясынын 2-курултайы өтөт
2013-жылдын 29-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттинде түрк тилдүү мамлекеттердин университеттеринин 2-курултайы өтөт.
1-курултай Түркиянын Стамбул шаарында уюштурулуп, ал жерде түзүлгөн Ассоциацияга Кыргызстандын, Казакстан­дын, Азербайжандан жана Түр­киянын 12 күчтүү жогорку окуу жайы кирген. Кыргызстандын өкүлдөрү - Кыргыз улуттук университети, Бишкек гуманитардык университети, Кыргызстан эл аралык университети жана Кыргыз техникалык мамлекеттик университети.
Кыргызстан эл аралык университеттинин президенти А. Айдаралиевдин билдиргенине ылайык, бул Ассоциацияга башка университеттер, башка түрк тилдүү өлкөлөр кошулса да болот.
Окуу жайларынын мындай бирлиги билим берүү тутумунун интеграциялык жараяндардын жанданышына жол ачмакчы.