КЫРГЫЗСТАНДЫ КИМДЕР БАШКАРГАН?
(1922-2013)

(Башталышы - гезиттин 1-санында)
1. Советтик Кыргызстандын жетекчилери
1.1. Кыскача тарых (гезиттин 1-санында жарыяланды)
1.2. Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Биринчи катчылары (гезиттин 1-санында жарыяланды)
1.3. Кыргыз өкмөтүнүн жетекчилери (Эл комиссарлар Советинин (Кеңешинин) төрагалары (1927-1946), Министрлер Советинин (Кеңешинин) төрагалары (1946-1991)

Абдрахманов Юсуп (Жусуп)(1904-1937) - 1927-ж.марты- 1933-ж. сентябры;
Исакеев Баялы (1897-1937) - 27.09.1933 - 5.09.1937;
Юлдашев К.(?) - 05-09.1937, убактылуу;
Уваров -9.09-27.09.1937, убактылуу;
Салихов Мурат (1905-1938)- 27-сент. 1937-02.1938, убактылуу;
Абузяров Исмаил Хасьянович (1904) - 02-04.1938, убактылуу;
Иван Павлович Ребров (1890-?) - 04.-19.07.1938, убактылуу;
Кулатов Төрөбай (1908-1984) - 20.07.1938-14.11.1945;
Раззаков Исхак (1910-1979) - 14.11.1945-10.07.1950;
Сүйөркулов Абды (1912-1992) - 10.07.1950 - 6.03.1958;
Дикамбаев Казы (1913-2010) - 6.03.1958 - 10.05.1961;
Мамбетов Болот (1907-1990) - 1961-ж. май - 1968-ж. январь;
Сүйүмбаев Ахматбек (1920-1993) - 23.01.1968 - 22.12.1978;
Ибраимов Султан (1927-1980) - 22.12.1978 - 4.12.1980;
Ходос Петр (1928-1989) - 4.12.1980-14.01.1981;
Дүйшеев Арстанбек (1932-2003) - 14.01.1981 - 20.05.1986;
Жумагулов Апас (1934) - 20.05.1986 - 21.01.1991.

1.4. Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун төрагалары
Орозбеков Абдыкадыр (1889-1938) - 12.03.1927-7/8.09.1937;
Юлдашев К. - 8 - 15.09.1937, убактылуу;
Шамурзин Султанкул (?-1938) - 4.10.1937-29.11.1937, убактылуу;
Дуванов Петр (1892-?) - 29.11.-14.12.1937, убактылуу;
Соколов Иван Федорович (1897-?)- 14.12.1937-1938, убактылуу;
Салихов Мурат (1905-1938) - 28.02.1938-8.05.1938.

1.5. Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагалары
Айдарбеков Иманалы(1884-1938) - Кара-Кыргыз автономиялык областынын Революциялык комитетинин төрагасы (1924-ж. 12-ноябрынан 1925-ж. 27-мартына чейин);
Орозбеков Абдыкадыр(1889-1938) - Кара-Кыргыз (Кыргыз) автономиялык областынын Аткаруу Комитетинин төрагасы (1925-ж. 7-мартынан 1927-ж. 12-мартына чейин), Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин (БАК) төрагасы (1927-ж. 24-мартынан 1937-ж. 16-сентябрына чейин);
Ус Михаил Иванович(1896-1961) - Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин (БАК) төрагасынынорун басары (1937-ж. 16-сентябрынан-1937-ж.);
Тугамбаева Марьям(1907-1986) - Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин (БАК) төрагасы (1937-ж. 4-октябрга чейин);
Шамурзин Султанкул (?-1938)- Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин (БАК) төрагасы (1937-ж. 4-ноябрынан 16-декабрына чейин), убактылуу;
Соколов Иван Федорович(1897-?) - Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин (БАК) төрагасынынорун басары (1937-ж. 16-декабрынан- 1938-ж. 15-февралына чейин), убактылуу;
Салихов Мурат (1905-1938) -Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин (БАК) төрагасы (1938-ж. 15-февралынан - 1938-ж. 15-майыначейин), убактылуу;
Аманкулова Калима (1915-?) -Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин (БАК) төрагасынынорун басары (1938-ж. 15-майынан18-июлуна чейин), убактылуу.

1.6. Жогорку Советтин (Ке­ңеш­тин) Президиумунун төрагалары
Толубаев Асаналы (1896-1962) - 19.07.1938-22.03.1943:
Токобаев Молдогазы (1905-1974) - 22.03.1943-14.11.1945;
Кулатов Төрөбай (1908-1984) - 14.11.1945-25.08.1978;
Ибраимов Султан (1927-1980) - 25.08.-22.12. 1978;
Бусс Андрей (1911-1980) - 22.12.1978-10.01.1979, убактылуу;
Дүйшеев Арстанбек (1932-2003) - 10.01.1979-14.01.1981;
Кошоев Темирбек (1931-2009) - 14.01.1981-8.08.1987;
Акматов Таштанбек (1938) - 8.08.1987-10.04.1990.

1.7. Жогорку Советтин (Кеңеш­тин) төрагалары

Масалиев Абсамат (1933-2004) - 1990-ж. 10-апрелинен 27-октябрына чейин;
Шеримкулов Медеткан (1939) - 1990-1994.
(Уландысы кийинки сандарда)





КЫРГЫЗДАРДЫН УЛУУ ДЕРЖАВАСЫ:
АЖО (ЖАРГАН)
Кыргыздардын улуу державасы жө­нүндө бир катар илимий изилдөөлөр бар. Бирок ошол доордо уйгур каганатын талкалап, Борбордук Азиянын кең аймагына бийлик жүргүзгөн, кытайдын императоруна үстөмдүгүн салып, бийик даражага ээ болгон кыргыз каганы Ажо жөнүндө маалыматтар изилдене элек.
Ал тургай бул инсандын "Ажо" деген кытай тилиндеги аты жана каза болгон жылы (847-жыл) гана белгилүү. Ушул кезге чейин Ажого арналган изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес. Бул макала ушул маселеге арналган.
Байыркы кытай тарыхый маалыматтарына ылайык уйгур каганатын талкалаган кыргыз каганы "Ажо" () деп аталган.
Демек, "Ажо" деген сөз кытай тилинен калган. Бул сөз эки бөлүктөн турат. иероглифи адамдын атын, титулун билдирет. иероглифи "ысык, жарык, жылуу" деген маанини билдирет. Бул иероглиф байыркы кытай тилинде net деп окулат. Ал эми байыркы алтай тилинде "nera" деп окулат. Мааниси: "күн, жылуулук, нур". Бул сөздөн байыркы түрк сөзү "jari" келип чыккан. Демек иероглифи "jari" деп окулат.
Байыркы кыргыздардын "Суужийн" деген жазуусунда "UyYur : jerinte : Yaylaqar : qan : ata : keltim. Qirqiz : oyuli : Boyla : Qutluy: Yaryan: men : Qutluy: Baya: Tarqan: Oge: Buyruqi: men" деп жазылган. Котормосу: Яглакардын уйгур жергесине кан атагым менен келдим. Кыргыз уулумун мен. Атым Бойла Кутлуг Жарган (Куттуу Элдин Жарганы). Менин наамым Кутлуг Бага Таркан Өге Буйрук (Куттуу Күчтүү Акылман Даңктуу Буйрук берүүчү)". Ушул жазма эстеликке ылайык кытай тилиндеги "Ажо" деген ат байыркы кыргыз тилинде Yaryan (Жарган - Нурдуу) деген сөздү билдирет.
Байыркы кытай жазмаларына ылайык Ажонун (Жаргандын) апасы түргөш кызы болсо, аялы карлук кызы болгон. Ал эми байыркы кыргыздардын "Суужийн" деген жазуусу боюнча анын жети иниси, үч уулу жана үч кызы болгон. Кыздарын калыңсыз берген.
Ошол эле учурда байыркы кытай жазууларында Ажонун (Жаргандын) кайсыл уруудан экендигин да жазылган. Кытайдын императору Тайцзун Вэнь-хуаньди 843-жылы Ажого (Жарганга) кат жазып, катында төмөнкүдөй билдирген: , , . Котормосу: "Сенгун (генерал) Табу Хецзу Тензи келди. Мен катты окуп билдим: каган (сөз Ажо-Жарган жөнүндө жүрүп жатат) ардактуу Жетиген уруусунун жеринде төрөлүп, өз уруусунун суук жергесинде жашайт экен".
Демек, Ажонун байыркы кыргыз тилиндеги аты Жарган (Нурдуу) болгон. Ал кыргыздын Жетиген уруусунан чыккан. Анын жети иниси, үч уулу, үч кызы болгон. Жарган (Ажо) 847-жылы каза болгон.