Сөз төркүнү
Кыргыз адабиятындагы оозеки чыгармачылыкта терең мааниде айтылган айрым сөздөр азыркы заманга жетпей калды, жеткендеринин да көбүн туура түшүнө албайбыз. Мына ушул маселени элге жеткирүү максатында кыргыз тили илиминин устаты, аксакал мударис (профессор) Хусейин Карасаев бир топ эмгектерди, түшүндүрмө сөздүктөрдү жараткан. Гезитибиздин ар бир санында "Сөз төркүнү" рубрикасында бул инсандын эмгегинен алынган накыл сөздөрдүн түшүндүрмөсүн берип турабыз.

ОБОГО ШЫЙПАҢ ҮЙҮР…
"Обого шыйпаң үйүр, обу жокко кыйшаң үйүр" - макал, жүрүм-турумга карай бир-бири менен шынаарлашкан, жакындашкан адамдар жөнүндө көбүнчө мыс­кыл иретинде колдонулат.
Бул илгертеден бери келе жаткан накыл кептин төркүнү - байыркы ишенимге барып такалат. Илгери аскарлуу Ала-Тоонун боорунда мал багып, малга ылайык жайлуу жайыт издеп, толгон ашууларды ашып жүргөн заманда бийик ашуулардын ээси бар деп, ага сыйынып жүргөн экен. Анткени, татаал ашууларда жүгү менен уй, ботосу менен төө учуп кеткен учурлар көп болгон. Ошондой бийик ашууларда ага сыйынып, ал ашуулардын ээсине табынып, таштан "обо" көтөрүшкөн. Көчтүн ээлери белестен, ашуудан өткөндө ошол ашуунун ээсинин урматына бир нечеден таш көтөрүшүп, обого койгон. Ошентип, обо чоңое берген. Бул "обо" - ойроттордо (алтайлыктарда), калмактарда, хакастарда да бар. Так ушул мааниде. Демек, "обо" - үйүлгөн таш.
"Шыйпаң" - жал куйругу суйдаң, жылкынын үйүрүнөн бө­лүнүп калган селсаякат. Мындай "шыйпаң" аттар бирден-экиден болуп, өзүнчө жүрөт. Чымындан качканда, ылаадан жадаганда, бе­лестеги үйүлгөн "обо" ташка барып, ошонун түбүндө ылаалап турушат. Ошого үйүр болот. Мына ушуга байланыштуу жогорку накыл кеп чыккан. Коом турмушунда жыш колдонулат. "Обоого шыйпаң үйүр, обу жокко кыйшаң үйүр" деп, узун да айтылат.

КОШОМАТЧЫГА КОЙ СОЙДУРБА
"Кошоматчыга кой сойдурба!" - макал, көшөкөр адамдын үйүнө барып, анын коюн сойдуруп, этин жебе деген мааниде. Кийинчерээк бул маани башкачараак, кандайдыр күңүрт болуп калган. Жалпы эле терс мааниде колдонулат. Ошентип, макал кыскарат да, мааниси күдүк болуп калат. Мындайлар тилибизде көп учурайт. Мисалы: "эт менен челдин ортосунда", " сен мага эле тапсың", "мурдуна суу жетти" деген сыяктуулар.
"Кошомат" - фарсы-тажик сөзү. Эки сөздөн бириккен: "хуш" - жакшы, "омад" - келүү. "Көшө­көрлөнүү, жалпылдоо" деген мааниде.

Эски малдын көзүндөй
Кыргызда уурдап келген жылкынын жал-куйругун кыркып, же кыскартып, сырткы кебетесин өз­гөртүп салат. Кыскасы уурдап келген жылкы таанылгыс болуп калган учурда ээси аны көбүнчө көзүнө карап тааныйт. Көбүнчө улам бир жерин окшоштуруп бүшүркөйт. Анан улам бир жерин окшоштуруп айтуу да көп колдонулат.

Чубактын кунундай чубалды
Чубак "Манас" эпосундагы башкы каармандардын бири. Ал Бээжинди басып аларда (эпосто) Чубак баатыр бир топко чейин жок болуп кеткенде ушундай деп айтылган экен. Ошого байланыштуу ар кандай сөздөр айтылат. Көбү колго түшүп кеттиби деп да ойлошот. Ошол сыяктуу сөздөр көп айтылып калган.

ОРМОН ОПУЗА
- Ой жигит! Сен жөнү жок Ормон опузаңды кое тур… Ш. Үметалиев. "Турмуш тузагы"
"Ормон опуза" - курулай коркутуу, ары жагында эчтекеси жок болсо деле калп корсоюу сыяктуу маанилерде колдонулган лакап.
Лакаптын теги мындай: Ормон тарыхый болгон адам. Ал Сарыбагыш уруусунан чыккан. Манап Ниязбек дегендин уулу, 1790-жылы туулган, 1853-жылы өлгөн. Чоң манап. Кыргыздын бардык урууларына кан боломун деп, көп аракет кылган. Ысык-Көлдү Бугудан тартып алсам деп да жулунган. Казактын шонжуру Кененсары Касымов кыргыздарга кол салат. Ошондо Ормон жигиттерине мындай буйрук берет: "көрүнөө жол менен чаңдатып, чычырканак сүйрөткүлө. Кененсары Ормондун кошуну ушунчалык көп экен деп корксун. Караңгыда талаанын баарына жылтылдатып от жаккыла, жоонун жүрөгү түшсүн". Мындан тышкары, төөлөргө жыгач комдотуп, үстүнө килем жаап жетелетип, Ормондун жоо жарагы деп элдин үшүн алган. Ормон кол аткарат экен деп, башка уруулардын жүрөгүн үшүткөн. Анын ушундай калп коркутушу "Ормон опуза" же "Ормон окуу" деп элге тарап кеткен.




АТ ЖАБДЫКТАРЫ
Ээр
- үзөңгүгө куюшкан, көмөлдүрүк тагылып, атка басмайыл тартылат. Ат миңген кишиге отургуч милдетин аткарат.

Үзөңгү
- ээрдин эки жак капталындагы көзөнөктөргө үзөңгү боонун жардамы менен тагылат. Ал атка минерде же түшкөндө бутка таканч болуп турат.

Көмөлдүрүк
- токулган ээр артка жылып кетпес үчүн аттын омуроосунан алынуучу өрүлгөн кайыш.

Басмайыл
- ички жана сырткы болуп бөлүнөт. Токулганы бекитүү үчүн белинен тартылат.

Куюшкан
- туюк жагы аттын куйрук жагына келип эки бөлөк жагы соорудан кайчылашып, учу ээрдин арткы чагарактарына бекитилүүчү өрмө кайыш.

Жүгөн, нокто
- атты ийкемдүү башкаруу жана байлоо үчүн жүгөн, нокто колдонулат. Кыргыздарда атты сол жагынан токушуп, ушул жагынан атка минишет.





Шахмат:
Өлкөнүн 14 чемпиону аныкталды
Бишкекте 6 жаштан 18 жашка чейинки балдар-кыздар арасындагы шахмат боюнча өлкө чемпионаты 9 күнгө созулду. Мында өлкөнүн бардык аймактарынан тандалган 264 жаш шахматчы мөрөй талашты.
Акыл таймашы швейцариялык тутум боюнча 9 турда өткөрүлдү. Балдар дагы, кыздар дагы жети курак категориясы боюнча өзүнчө мөрөй талашып, жаш өзгөчөлүгүнө жараша 14 чемпион аныкталды.
Алты жаштагылардан бишкектик Атай Алыбаев менен Айжан Эсенбек кызы өлкө чемпиону аталды. 8 жаштагылардан да бишкектик Мирлан кызы Азалия менен Азия чемпионатынын үч жолку коло медаль ээси Артур Саломко биринчи орунду ээледи. Он жаштагылардын акыл таймашында нарындык Алтай Акматов менен бишкектик Дарья Ли баш байгенин ээси болду.
12 жаштагылардан чүйлүк Нурита Кулсариева жана бишкектик Руслан Сьездбеков бардык атаандаштарын утуп, чемпион болду. "Шахматтан Кыргызстанды дүйнөгө таанытсам деген тилегим бар. Бул оюнду ойногон балдардын акылы өсүп, ойлонуу жөндөмү артат" -дейт Руслан Сьездбеков.
Кыргызстандын чемпиону болуп, толкунданып турган Нурита Кулсариева шахмат менен 2 жылдан бери машыгаарын, мелдеш курч мүнөздө өткөнүн, эми Азия чемпионатына бараарын айтып берди.
14 жаштагылардан дүйнөлүк шахмат олимпиадасынын катышуучусу Диана Өмүрбекова жана Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Айбек Исакжанов чемпиондук наамын сактап калды.
Быйылкы өлкө чемпионатында шакирттери 6 алтын, 3 күмүш жана 2 коло байге уткан эл аралык спорт чебери Бактыгүл Тиленбаева таланттуу балдарга мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу керектигин белгиледи.
16 жаштагы улан-кыздардан бишкектик Елена Самудин жана Тагир Таалайбеков айырмаланды.
Он сегиз жашка чейинкилер арасында Бакай Эсенбек уулу менен Айжан Алымбай кызы өлкө чемпиону деп таанылды. Мелдеш аяктаары менен Айжан Алымбай кызы Бириккен Араб Эмираттарында башталган Азия чемпионатына жөнөп кетти.
Мыкты ойноп, өнөрү менен таанылган айрым жеткинчектерге демөөрчүлөр баалуу сыйлыктарды тартуулады.
Алардын катарында беш жаштагы Бекназар Кубандыков өзүн болочок чемпиондой салабаттуу алып жүрдү.
- Бойтойгон балдардын шахматка кызыгып, акыл жөндөмү өсүп жатканы келечекке ишенимди жаратат. Айыл жергесиндеги таланттуу балдарга көңүл бурулбай келатат,- дейт федерациянын вице-президенти Алмаз Кененбаев.
Акыл таймашынын жеңүүчүлөрү июнда Иранда өтө турган Азия чемпионатына барып, өлкө намысын коргойт. Быйылкы дүйнө биринчилиги декабрда Бириккен Араб Эмираттарында өтмөкчү.
- Эки федерация биригип, ынтымакка келгени балдардын да көңүлү өсүп, чемпионат уюшкандыкта жакшы өттү. Ынтымак бар жерде ийгилик, жеңиш болот, - дейт нарындык устат Болот Такырбашев.
Кабыл МАКЕШОВ,
спорттук баяндамачы