Иран таасирлери
Жакында диний билимим боюнча классификациямды жо­горулатуу үчүн Иранга Аль-Мус­тафа Эл аралык университетине кыска мөөнөттүк курс­ка барып кайттым. Бул багыт боюнча Кыргызстандан 4 адам барганбыз. Аталган университет­тин 120дан ашуун мамлекетте филиалдары бар, аларда ар кайсы өлкөлөрдүн ар кандай улуттагы жана курактагы жарандары окушат.
Биз барган учурда Афганистан, Пакистан, Ирак, Грузия, Казакстан, Корея, Өзбекстан, Тажикстан, Босниядан өкүлдөр келишиптир. Мурда Иран мамлекети жөнүндө гезит-журнал­дардан, интернеттен жана теле­берүүлөрдөн гана кабардар болчумун. "Миң уккандан бир көр­гөн" демекчи, баргандан кийин менин жан дүй­нөм­дө башка Иран ачылды...
1979-жылы Иранда ислам революциясы болуп, анын натыйжасында монархиялык бийлик кулап, ислам мамлекети орногондон кийин өлкөнүн конституциясы негизинен шариятка негизделиптир. Башкаруу мекемелери да дин уюмдары менен тыгыз байланышта иштешет экен. Иран тарыхын жана мамлекеттик түзүлүшүн революциялык жол башчы, иран эли терең урматтаган Имам Хомейнинин ысмы менен байланыштырышат эмеспи.
Болжол менен мындан 3 миң жыл мурда Иранды Пехлеви династиясы бийлеп турган учурда Иран жерлери сатылып кетиптир. Алар ошол убактагы шахтарга бардык шарттарды түзүп, ар кандай жолдор менен мамлекеттик жерлерди өз ыктыяры менен өткөрүп берүү боюнча келишимдерге кол койдуруп алышкан. Мына ушундай саясаттын негизинде Иран империясынын жерлери жылдан-жылга азая берген. Ал иран элинин нааразычылыгын жарат­кан. Иран элинин мүдөөсүн Имам Хомейни ишке ашырган. Ислам революциясынын негизги максаты келечек муунга татыктуу жашоо тартуулоо болгон. Имам Хомейни элин азап-тозоктон куткаруу үчүн 15 жыл бою керт башын канжыгага байлап күрөшүп, жеңишке жеткен. Ошентип, 1979-жылы шах бийликтен кетип, Ислам республикасы түзүлгөн. Бул төңкөрүштө 3000 миңден ашуун адам курман болгон...
Азыркы күндө Иран шариятка таянган, өз алдынча, көз карандысыз, экономикасы дүркүрөп өсүп, өнүккөн мамлекет. Ички дүң продукциясынын көлө­мү боюнча ал Түркиядан кийин экинчи орунда турат. Иранда муңайзаттын ири кору болгондугунан улам, экономикасында муңайзат өндүрүү басымдуулук кылат экен. Мындан тышкары, көмүр, көмүр кычкыл газы, жез жана түстүү металлдарды иштетүү да абдан өнүккөн.
Иран мамлекети Кытай, Жапон, Түштүк Корея сыяктуу өнөр жайы, технологиясы, айыл чарбасы өнүккөн мамлекеттердин катарында туруп, азыркы ааламдашуу процессинде өзүнүн татыктуу ордун тапкан. Бюджетке түшкөн кирешенин 45 %ы муңайзатты экспорттоодон, 31%ы салыктардан экендигинен улам эле мамлекетте кандай тартип орнотулганын байкаса болот. Ошондой эле, Иран жердин бетин космостон тартып алууга жетишкен сыяктуу чоң ийгиликтерге ээ экендиги менен белгилүү.
Мени студент катары билим берүү тутумундагы өзгөчөлүктөр кызыктырды. Иран мамлекети өз жарандарынын азыркы учурдун талаптарына карата ар тараптан сабаттуулугун арттырууга өзгөчө көңүл бурат экен. Аларда билим берүү акысыз, андыктан көпчүлүк жөнөкөй эле адамдар 2-3төн кесипке ээ болууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Иранда жүргүзүлгөн расмий маалыматтарга таянсак, ар бир төртүнчү киши илимий иштер менен алектенет, бул үчүн өлкөдө жетишерлик шарттар түзүлгөн. Ал эми социалдык жактан аялдарга карата өтө аяр мамиле жасалат экен. Иранда аялдар мамлекеттик кызматтарга көп тартылаарына күбө болдук. Алар тейлөө тармактарында жана кара жумуштарда иштешпейт экен. Ошондон улам ислам аялдарга карата урмат-сый менен мамиле кыларына дагы бир жолу ынандым.
Менин оюмча, мындан ары иран-кыргыз мамилесиндеги экономикалык маселелер менен бирге билим берүү тармагында да кызматташтыкты өнүктүрүү керек. Себеби, алар илим жагынан (диний гана эмес) бизден кыйла алдыга кетишкен.
Курманжан Өмүрбекова,
КМЮАнын Эл аралык факультетинин студенти




ДҮЙНӨЛҮК ГИННЕСС КИТЕБИНЕ КИРГЕН кыргызстандыктар
"Гиннестин рекорддор китеби" англис тилинде
40 өлкөдөн чыгарылат жана 30 тилге которулат. Ал китепке кыргыздардан төмөнкүлөр кирген:
o Дүйнөдөгү эң узун поэма - кыргыз элинин "Манас" эпосу болуп эсептелет. Ал 1958-жылы жарыяланган, 500 миң ­саптан турат.
o Кыргыздардан эле эмес, Борбордук Азия республикаларынын ичинен чыккан 1-каскадер - Үсөйүн Кудайбергенов (1949-2005). Ал СССРде эле эмес дүйнө жүзүндө кайталагыс трюктарды жасаган. Каскадер катары көп­төгөн фильмдерге тартылган. "Улуу Петр, "Бабек", "Борис Годунов", "Али Баба жана кырк каракчы", "Ярослав мудрый" ж.б. фильмдерди тарткан режиссер дагы. Ал "Юность гения" аттуу өзбек фильминде 27 м бийиктиктеги жерден ат үстүндө 1,5 м тереңдиктеги Сырдарыяга секирип трюк жасаганы үчүн Гиннесс китебине кирген. Голливуд киностудиясынын экспеттеринин мыкты каскадер деген баасын алып, 1980-жылы дүйнөдөгү эң мыкты 10 каскадердун бири болгон. Каскадерлордун "Ардактуу куру" сыйлыгын алган.
o Буту менен жаа атып, атканда да көзгө атар мергендей дана атып Гиннесс китебине кирген циркач кызыбыз Аида Акматова (20 жашта, 2007).
o 2007-жылы 14-майда Япониянын Ниигата шаарындагы Япония эл аралык университетинин 50 студенти (50 мамлекеттин өкүлдөрү, балдар-кыздар аралаш) мончонун буу бөлмөсүнө чогуу кирип, 72 градус ысыктыкта 1 саат отурушкан. Ошентип алар Гиннесстин рекорддор китебине жазылышкан. Алардын арасында кыргызстандык Ташболотов Турдакун деген мекендешибиз болуп, ал Кыргызстандын кичинекей желегин оозуна тиштеп отурган.
Ысмайыл Кадыровдун "Кыргыз Гиннес китебинен" алынды