Демократиянын жарчысы ""Азаттык" радиосуна 60 жыл
Кыскача тарыхы
Адегенде, 1949-жылы, мурдагы коммунисттик Чыгыш Европада жашаган калктар үчүн "Эркин Европа" үналгысы (радиосу) түзүлгөн. Ал эми 1953-жылдан тартып мурдагы СССРде жашаган элдер үчүн "Азаттык" радиосу ачылган. Бул эки компания 1975-жылы бириккен.
"Эркин Европа/Азаттык" үнал­гысы ушу тапта дүйнөгө 26 тилдеги берүүлөрдү уктуруп келет. Ал АКШнын Конгресси тарабынан каржыланат.
"Азаттык" үналгысынын берүү­лөрү 1953-жылдан бери обого чыгып келатат. Эң алгач "Азаттыктын" "Түркстан редакциясынын" курамындагы кыргызча берүүлөрдү Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) даярдаган.
Ал өзүнүн туңгуч берүүсүн 1953-жылы 18-мартта Германиянын Мүнхен шаарында обого чыгарган. Кийинчерээк анын жолун Төлөмүш Жакып уулу уланткан.
1967-жылы "Түркстан редакциясы" экиге бөлүнүп, анын бирөө "Түштүк Түркстан" деп аталып, өзбек, тажик, түркмөн тилдеринде, экинчиси "Түндүк Түркстан" редакциясы болуп, ал кабарларды кыргыз, казак, уйгур тилдеринде уктурган.
1975-жылы аталган редакциялар өз-өзүнчө бөлүнүп, Кыргыз кызматын (азыркы "Азаттык" үналгысын) Төлөмүш Жакып уулу (1975-83/84), Азамат Алтай (1984-88), Аким Өзгөн (1989-95), Мамашарип Газы (1995), жана америкалык түрколог, доктор Чарльз Карлсон (1996-2002) башкарып келсе, 2003-жылдын 1-январынан 2010-жылдын 30-сентябрына чейин профессор, тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин жетектеди, ал эми 2010-жылдын 1-октябрынан Венера Сагындык кызы Жуматаева жетектеп келет.
Мүнхенде "Азаттыкта" Азамат Алтай (1920-2006), Төлөмүш Жакып уулу, Маматиса Арал ("Эркин-тоолук"), Мамашарип Газы, Аким Өзгөн, Майра Жакып келини ("Бактыгүл") жана Аруун Барпы Өзгөн иштеген. Баян Жумагулова менен Нарынбек Идинов 1993-2007-жылдары "Азаттыкта" иштешти.
Таанымал журналист Эсенбай Нурушев 1995-жылдын июнунан 2010-жылдын 31-декабрына чейин "Азаттыктын" Прагадагы баш кеңсесинде иштеди.
Прагадагы баш кеңседе ушул тапта Айнура Жекше кызы Асанкожоева, Венера Сагындык кызы Жуматаева, Амирбек Азам уулу Усманов, Жаңыл Жусубжан кызы Чытырбаева, Улан Алымкул уулу Эшматов, Төрөкул Дооров жана Гүлайым Ашакеева эмгектенип келет.

"Азаттык" Кыргызстанда
"Азаттык" үналгысынын Кыргызстандагы кабарчылары 1990-жылдан тартып иштеп келет. Анын алгачкы жергиликтүү кабарчысы - түрколог Кадыралы Конкобаев болгон. Андан кийин Т.Чоротегин, А.Дыйканалиева, А.Акматалиев, Э.Нурушев, В.Жуматаева жана башка ондогон алатоолук кабарчылар иштеди. Ушул тапта анын Кыргызстанда кырктан ашуун кабарчысы бар.
"Азаттыктын" Бишкектеги бюросун 1991-2005-жылдары Т.Чо­ро­тегин (1991-1995 жана 1996-1998), Э.Нурушев (1995), С.Жигитов (1995-96), К.Молдокасымов (1998-2005), Кубат Оторбаев (2005-2010) жетектешкен.
2010-жылдын 8-апрелинен 15-ноябрына чейин бюрону убактылуу Бурулкан Турдубек кызы Сарыгулова жетектеди. Бюронун учурдагы (2010-жылдын 15-ноябрынан берки) деректири - Султан Жумагулов.
2005-жылдын 31-мартында Кыргызстандын Адилет (Юстиция) министрлиги "Азаттык" үнал­гысынын жергиликтүү мекемеси "Азаттык-Медианы" расмий каттоодон өткөргөн. Бул мекеме Бишкек бюросунун мурдагы макамына караганда алда канча кеңири ыйгарым укуктарга ээ.
Ушул тапта "Азаттыктын" ар күнкү берүүсү - эртең мененки эки жарым сааттык, түшкү жарым сааттык жана кечки бир нече сааттык дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы жаңылыктар менен окуяларга арналган программалары уктурулуп келет.
Ошондой эле Кыргыз коомдук телерадио корпорациясы (КТРК, мурдагы УТРК, КТР) менен келишим түзүлүп, апталык сыналгы долбоорлору көрүүчүлөргө тартууланып жатат.
2005-жылдын 4-майынан тартып "Азаттык" менен УТРК биргелешкен сыналгы долбоорун ("Ыңгайсыз суроолор" берүүсүн) апта сайын обого чыгара баштаган.
2008-жылдын 1-октябрынан кийин кыйла үзгүлтүк болуп, андан соң 2010-жылдын 8-апрелинен тартып УТРК (азыркы КТРК) "Азаттыктын" берүүлөрүн кайра обого чыгара баштады.
2004-жылдын 13-декабрынан баштап "Азаттык Плюс" жаштар радио программасы обого чыгып келип, 2011-жылы күзүндө токтотулду.
2006-жылдын 16-январынан тартып "Азаттык" менен УТРК дагы бир долбоорду - жаштарга арналган "Азаттык Плюс" апталык сыналгы берүүсүн обого чыгарып келет.
Ал эми 2008-жылдан бери Facebook байланыш тармагында "Азаттык+" атайын баракчасы ачылган.
Азаттык Плюcтүн интернет дареги - azattykplus.kg.
Кыргызстан - "Азаттыктын" берүүлөрүн 1992-жылдан бери жергиликтүү жыштыктарда ырааттуу түрдө уктуруп келе жаткан борбордук азиялык бирден-бир өлкө.
"Азаттык" үналгысынын интернет дареги - www.azattyk.kg.

Сыйлыктар. Наамдар. Коомдук баалар
"Азаттык" үналгысынын ардагери, маркум Азамат Алтайдын ысымы менен аталган стипендиялар Жалалабат жана Каракол университеттеринин мыкты студенттерине берилип келди. Бул университеттерде маркум Азамат Алтайга арналган бурчтар бар. Ал эми Нарын облустук тарыхый-этнографиялык музейи 2006-жылдын ноябрында маркум Төлөмүш Жакып уулуна арналган атайын бурч ачты.
"Азаттык" үналгысынын бир катар жергиликтүү кабарчылары Кыргыз өкмөтүнүн жана бир катар коомдук уюмдардын ар кыл сыйлыктарына татыган.
Кабыл Макешов,
"Азаттык" радиосунда 19 жыл иштеген ардагер журналист.





ЭРКИН СӨЗГӨ
ЖОЛ ЧАПТЫК
Эркин Европа-Азаттык радиосунун кыргызча берүүлөрүнүн обого чыкканына 60 жыл толду. 1953-жылы 18-март күнү Азамат Алтай Германияын Мүнхен шаарынан алгачкы ирет кыргызча кабар окуган. Кийин өз эскерүүсүндө добушумду жакындарым, досторум угуп атабы деп толкунданып, колдору титирегенин айтып берген эле. Төлөмүш Жакып уулу, Аким Өзгөн сыңары сыртта жашаган кыргыз журналисттери эркиндик үнүн кыргыз журтчулугуна жеткирип турушкан. 1990-жылдар башында ага чейин жабык өлкө саналган Кыргызстанда "Азаттыктын"өз кабарчылары иштей баштап, Кадыркул Конкобаев, Тынчтык Чоротегин алгачкы кабарчылардан болушкан.
Азыркы кезде "Азаттык" радиосунун программалары, эки тилдеги интернет-сайты жана теле программалары Кыргызстандын гана эмес, дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнө кеңири таралган. Ачык, демократиялык коом куруу, адам укуктары жана эркиндиктери, сөз эркиндиги идеяларын жайылтуу "Азаттыктын" негизги миссияларынан саналат.
Биздин айрым күйөрмандар кээде "азат­тыкчылар" азаматсыңар, эч кимден жал­танбайсыңар, чындыкты айтасыңар деп көтөрө чалып калышат. Чынында "Азаттыктын" ушундай болушу Прага жана Бишкек кеңселеринде иштеген үркөрдөй кабарчылар тобунун эле эмгеги эмес. Бул дүйнөлүк, региондук жана жергиликтүү окуяларды калыс, бейтараптуу чагылдырган "Азаттыкты" уккусу, окугусу жана көргүсү келген, анын үнүн басуу аракеттерине жапырт каршы тура алган кыргыз коомунун жеңиши. Эркиндикти, адилеттикти туу туткан коом гана эркин сөздү кастарлап баркына жете алат.
Дагы бир жагдай. 2005- жана 2010-жылдары "Азаттык" оппозициянын негизги маалымат булактарынан болгон. Ошондон уламбы, көпчүлүк ичинде "Азаттыкты" неги­зинен бийликке оппозицияда турган маалымат каражаты деген ой өкүм сүрүп калган. Элдик эки козголоң маалында бийликтер каршылаштарын туш-туштан кысымга алып, анын маалымат булактарына жолун жаап, сөз эркиндигин чектеп салган.Ошондуктан, ал кезде оппозиция "Азаттык" аркылуу үнүн элге жеткирип турган. Азыр заман башка. Ким болбосун дээрлик бардык маалымат каражаттары аркылуу өз үнүн, оюн кеңири коомчулукка тарата алат. "Азаттык" бийликке да, оппозицияга да кызмат кылбайт, "Азаттык" коомго, өз угарманына, окурманына, көрөрманына кызмат кылат.
Кыргызстанда "Азаттыктай" окуяларды калыс, бейтараптуу, фак­тыларды бурмалабастан чагылдырган көз карандысыз маалымат каражаттары жаралып жатканы кубандырат. Бул - кыргыз коомунун ийгилиги.
Азыр "Азаттык" - мультимедиялык мекеме. Радио менен катар кыргыз жана орус тилинде интернет-сайтыбыз, "Ыңгайсыз суроолор" жана "Азаттык+" телепрограммаларыбыз жарыша чыгып жатат. Төгөрөктүн төрт бурчунда жашаган, иштеген жана окуган кыргыздар эне тилинде сапаттуу маалыматтарды "Азаттыктын" интернет-сайтынан окуу, радипрограммаларды угуу, видеопродуктуларды көрүү мүмкүндүгү бар. Ошондуктан, интернет кардарларыбыздын саны уламдан улам арбып баратат.
Кыргызстан демократиялуу болду, эркин маалымат каражаттары кыртыш алды, демек, "Азаттыктын" миссиясы аяктадыбы деген суроолор да угулат. Менимче, Кыргызстан жаңы гана демократияга кадам таштады, коомубуз али жаңыланууга муктаж. Адам укуктары жана эркиндиктери, жарандардын калыс, ар тараптуу маалымат алуу укуктары жаатында али дың буза турган иштер арбын. "Азаттыктын" келечеги биздин угармандардын, окурмандардын жана көрөрмандардын колунда. Башкача айтканда, жумурай журтта бизди угууга, окууга жана көрүүгө куштарлык жана муктаждык бар болсо, анда "Азаттык" сиздердин кызматта боло бермекчи.
Айтмакчы, "Азаттыктын" 60 жылдык мааракесине карата окур­ман-угармандар арасында атайын сынак жарыялаганбыз. Кайсыл жерде жашабасын, бизге чакан блог - ой-санат, эркин пикир же күндөлүк байкоолордон бир ирмем­ди камтыган аңгеме, сүрөт (же сү­рөттөр топтому) жана видео тасма жөнөтө алышат. Конкурска сиздердин окурмандар да катыш алат. Анын шарттары жана байгелери тууралуу кеңири маалыматты Azattyk.kg сайтынан таба аласыздар.
Султан Жумагулов,
"Азаттыктын"
Бишкек бюросунун башчысы