Михаел БОНГАРД, Германиядагы Кёльн университетинин профессору:
Кыргыздар оор кырдаалга дуушарланганда белин бекем бууп, ишке киришет
- Профессор мырза, алгач Кыргызстанга кандайча келип калганыңыз туурасында кеп салсаңыз?
- 2004-жылдары Кыргызстан кайда экенин билчү эмесмин. Картанын жардамы менен ал кайсы жакта жайгашкан, кайсы мамлекет менен чектеш экендигин билдим. Окумуштуу катары менде илимий кызыгуулар жаралды. Ошондо "Кыргызстанга барышым керек" деп чечип, бул мамлекетке кызыгуум арта баштады. Кыргызстанга келегенде өлкөнүн табиятына, ошол эле учурда билим берүү тармагына да өзгөчө көңүл бөлдүм. Ысык-Көлдүн тазалыгы үчүн кээ бир ишканаларды иштетүүгө аракеттендим. Бул жерден жакшы досторду таптым. Достукта жоопкерчилик сапатты өзгөчө баалайм. Мен жоопкерчиликтен эч качан качпайм. Кыргызстандан досторду тапкан соң, мендеги жоопкерчилик мурдагыдан да күч алды. Биз учурда Кыргызстандын айылдагы мектебине компьютер, башка техника алып берип, окуучуларды компьютердик сабаттуулукка окутканга мугалимдерди даярдап, үйрөтүп жатабыз. Мен бул өлкө үчүн өз салымымды мындан ары да кошууга даярмын. Бул менин жеке көз карашым. Өзүм чоң бизнесмен болбогондуктан, бул жагынан кесипкөй адамдардай ойлорду айта албайм. Экономика чөйрөсүндө тобокелдик болушу керек - бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Германияда айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын социалдык фонддор бар. Алар тигил же бул ишканалар тарабынан булганып калган жайларга салымдарын кошушпайт. Себеби, бул инвесторлор үчүн пайда алып келбейт.
- Бизде экономиканы өнүк­түрүү үчүн кандай аракет­тер керек деп ойлойсуз?
- Негизинен Кыргызстан үчүн эң биринчи кезекте инвестиция керек. Инвестиция тартылыш үчүн эң негизги шарт - бул республикадагы стабилдүүлүк. Инвесторлорго жакшы шарт түзүлүшү жана мыйзам тарабынан кепилдик керек. Экинчиден, кыйла мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанда билими бар жаш кадрлар көп. Германиядагы калктын басымдуу бөлүгүн кары адамдар түзөт. Ал эми Кыргызстандагы жаштар жаңы жакшы компанияларда иштеп, акча тапкылары келет. Бирок, мамлекет жаштарга жардам берип, компанияларды ачууга колдоо көрсөтө албай жатат. Мен сегиз жылдан бери Кыргызстандагы Техникалык университет менен кызматташып келатам. Ушул жылдар аралыгында биз көп инженерлерди окутуп, тарбиялап чыгардык. Мындай адистиктерди даярдап чыгарган менен чет өлкөлүк башка компаниялар Кыргызстанга келип, салымын кошпосо, майнап чыкпайт. Кимдир-бирөөлөр инвестицияны башкарып, колго алса, анда биз студенттерге берген билимибиздин пайдасын көрөбүз деп ойлойм. Бакиев жетектеп турган мезгилде мен элчи Грин менен кезиккем. Сүйлөшүү учурунда ал "Кыргыстанда стабилдүүлүк болбой жатат. Инвестиция алып келүүнүн кажети деле жок" деген. Бирок, азыр кырдаал өзгөрдү. Кыргызстанда стабилдүүлүк орноду.
- Ооба, Сиз айткандай, жаш жаңы кадрлар бизде көп. Алар иштеп акча таап, компанияларды ачкылары келет. Бирок, тилекке каршы, каражаттын жетишсиздигинен ушундай кыйын кырдаалда турабыз да.
- Акчанын жетишсиздиги жакшы эле көрүнүш. Бул баарына эле тааныш. Германия абдан өнүккөн, бай мамлекет. Көп мамлекеттерде акча аз эмес, бирок, инвесторлор жардам берүүдөн коркушат. Себеби, чоң каражаттарды жоготуп алуу коркунучу бар. Жогоруда билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо тууралуу кеп кылдык. Германиянын тарыхын сиздерге айтып берейин. Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин өлкөбүз толугу менен талкаланганы силерге белгилүү. Мен 1954-жылы туулгам, бактыга жараша бул кандуу согушту көргөн жокмун. Германия 1946-жылдан баштап 5-6 жыл аралыгында бардыгын калыбына келтирди. Муну мен Германиянын сыйкырдуулугу деп эсептейм. Бул кыска убакыт аралыгында немец эли бардыгын оңдоп, түздөгөнгө жетишти. Эмне үчүн мындай болду? Германиянын батыш бөлүгүн көзөмөлдөгөн Американын расмий экономикалык саясаты аны айыл чарбалык өлкө кылуу болгон. Америка Германиянын өнөр жайлуу мамлекет болушун каалаган эмес. Өлкөбүздөгү бул жетишкендик үчүн жогорку билими бар адамдарыбызга терең ыраазычылык билдирем. Биздин эмгекчил инсандарыбызда темирдей катуу тартип болгон. Немец улутундагы инсандар жумушка абдан так келишкен. 1980-жылдарга карата бизде абдан катуу өсүш болду. Кыргызстанда 70-80% жаштар мыкты университеттерде окуп, билим алышат. Алардын ичинде Техникалык университет да бар. Кыргызстанда калктын билим деңгээли жогору. Окуу жагы, билим берүү тармагы жакшы. Экономиканы либералдаштыруу энергиянын түрү өзгөргөн булагы (возобновляемый источник энергии), күн батареясы, туризм - бул абдан жакшы идея деп ойлойм. Тоо-кен казып алуу тармагын өстүрүү үчүн чоң компаниялар ири суммадагы акчалары менен жардам берсе жакшы болмок. Ал эми чакан ишканаларга тоо-кен тармагын өстүрүү оордукка турат го деп ойлойм. Мен эксперт болбогон соң, бул боюнча так айта албайм. Ал эми сиздердин өлкөдө туризм тармагы абдан жакшы өнүгөөрүнө ынандым.
- Динге, философияга карата мамилеңиз тууралуу айтсаңыз.
- Мен динге ишинген адаммын. Европада дин тууралуу маселе жеке өңүттөгү суроо болуп саналат. Эгер сиз сурабаганда бул тууралуу сөз козгобойт элем. Бирок, сурооңузга жооп берейин. Кыргызстанда мусулмандар көп, мусулмандар менен христиандардын кудайы бир деп ойлойм. Өзүм жөнүндө айтсам, кудай мага ден соолук, акыл-эс сыяктуу көп сапаттарды берди. Ошондуктан, бул сапаттарыма жоопкерчиликтүү мамиле жасашым керек. Философия менин жумушума абдан тиешелүү. Философтордун ичинен Марк Аврелийди өзгөчө баалайм. 2000 жыл мурда ал рим императору болгон. Ага чейин 35-40-жыл философ болуп жүргөн. "Өзүм жөнүндө ойлорум" деген китеп жазган. Бул китеп дүйнө жүзүнө кеңири тараган. Аны ар дайым жаныма алып жүрөм. Аталган чыгармада мага жаккан нускалуу ойлор көп. Анда "өмүр кыска, андыктан, бул кыска аралыкта адамдарга жардам беришиң керек. Көзүң тирүүсүндө аларга жардам берүү - сенин жоопкерчилигиң" деген сөздөр бар. Ал "адам дүйнөдөн өткөндө тынчтык, достук менен кетиш керек. Анткени, кудай тынчтыкты жакшы көрөт" деп жазган. Марк Аврелийдин жазгандары азыркы күнгө чейин актуалдуу. Көп инсандар, алардын ичинде Германиянын канцлери Шмидт Аврелийдин күйөрманы болуп келатат.
- Биздеги билим берүү тармагында сиздерден үйрөнө тур­ган кандай маселелер бар?
- Германияда билим берүүнүн эки тутуму бар - жалпы билим берүү жана кесиптик билим берүү. Биздин окуу жайларда практикалык сабактарды көп колдонушат. Кыргызстанга келип, эл менен аралашып жүргөн мекендештерим "Кыргызстанда прикладдык билим берүү начар, жада калса кир жуугуч машина сынып калса, аны оңдотуш абдан кыйын иш" деп айтышат. Менимче, Кыргызстанда прикладдык билим берүү жакшы өнүккөн эмес. Аны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керек. Дегеле, билим берүү тармагында практикалык сабактарга кыйла басым жасоо зарыл. Мен университетте сабак берем, студенттеримди адамдык сапаттарга үйрөтүү менен катар көбүнчө практикалык сабактарга басым жасайбыз.
- Биздин өлкө менен дагы кайсы тармактарда кызматташсам деген оюңуз бар?
- Мен "Ротер клубунун" мүчө­сүмүн, бул клубда дүйнө жүзү боюнча он миллиондон ашуун адам бар. Биздин ураан - "Башка адамдарга жардам берүү - өзүңүн кы­зыкчылыгыңан жогору болушу керек". Өзүң жөнүндө гана ойлобостон, башкалардын алдында жоопкерчиликтүү болуу абзел. Коомдук уюмдар жарды адамдарга жардам берет. Эгерде аталган клубдун мүчөлөрү аларга жардам көрсөтүшпөсө, анда клубдун мүчөсү боло алышпайт. Көп өлкөлөрдө "Ротер клубунун" бөлүмдөрү бар. Алар өз мамлекетине эле салымдарын кошот, демек, акчалары кайда, эмне максатка кетип жаткандыгын жакшы билишет. Ошондой эле өздөрү көзөмөл жүргүзүп турушат. Клубдун Эл аралык штаб квартирасы башка өлкөлөргө "өзүңөрдү эле ойлобостон, башка элдерди дагы унутпагыла" деп айтат. Бул биздин расмий ишибиз. Мен 10-20 жылдан кийин пенсияга чыгам. Алдыдагы аз убакыт аралыгында жардамга муктаж адамдарга пайдалуу иштерди кылгым келет. Кийин өкүнүп калбагандай болсом дейм. Кээде Техникалык университеттин алдына туруп алып, студенттерди карап, "бул студенттердин окуусуна мен мындан ары кандай салым кошо аламын. Кыргызстанга келечекте кандай жакшы, жаңы идеяларды алып келем?" деген ойлорго чөмүлөм. Мурда Йемен мамлекетинде элчи болуп иштеген, кийин Кыргызстанга которулуп келген элчи минтип айтты эле: "Мен Йемен эли менен кыргыздарды салыштырып, мындай тыянакка келдим. Йемен эли кандайдыр бир кыйынчылыкка дуушар болсо, тагдырдын жазмышына баш ийип, мүңкүрөп, чөгүп калат. Ал эми кыргыздар оор кырдаалга дуушарланганда, тескерисинче, белин бекем бууп, жигердүү чечимге келип, кайраттуулук менен ишке киришет". Аракеттенип, жол издеген элдин келечеги кең, деп айтар элем.
Айпери САТКЫН кызы