PRESSKG.COM

Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript

mainkaptal
 
  меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Чай базары колго өтө алынган эмес жана "эмоционалдуу" азыктар менен алектенүүнү каалаган ишкерлерге ылайыктуу нерсе.
Алардын бири элиталык чайдын сегменти 2008- жылдагы кризиске чейин аз убакытта калыптанган, андан кийин сатып алуучулар тарабынан суроо- талаптын көп болбогондугу, бул базардын активдүүлүгүнүн ылдыйлашына алып келген. Бирок, убакыттын өтүшү менен кайра бул бизнес ишке киришти.
Революция - чай базарынын катышуучуларынын айтымында, бул сөз чайга ылайыксыз. Көлөмү боюнча көбөйтүүгө муктаж эмес, ансыз деле элдин 98 пайызы чай ичет. Биздин өлкө эбактан чайды негизги суусундуктардын бири катары карайт, андыктан бул жаатта маселе жок.
Адамдар чайды "варварчасынан" ичишет: таттуулар менен, шекер менен, бутерброд менен, күндүн ар кайсы убагында жана ар кандай компаниялар менен ичилген чайга өзгөчө салтанаттын деле кереги жок. Эксперттердин эсептөөсүнө караганда, Оруссияда 2011-жылы бир күндө 1,4 кг чай колдонулган, ошол эле убакта эң бир дүйнөлүк чай маданиятын карманган Кытайда болгону 0,7. кг чай демделген. Чай ичүү жагынан биздин эл орусиялыктардан кем калышпайт.
Орусия чайды колдонуу жагынан дүйнөдө Индия, Кытай жана Түркиядан кийинки төртүнчү орунду ээлейт, бир жылда орточо эсеп менен 180 миң тонна, бул 1,5 млрд долларга тең.
Бул туруктуулугу жакшы, бирок азырынча колго жакшылап алына элек базардын жылдык көлөмү 2 пайыздан ылдыйлабайт. Ошол эле убакта чай базарынын наркы абдан тез өзгөрөт, буга себеп, кээде чийки зат кымбаттайт, жалбырактарды чогултуу жараяны татаалдайт.

Коюу демделген чай
Сыртынан тынч көрүнгөн бул базардын ичинде узакка созулган тыныгуулар да болот деп чай компаниялары ишендиришет. Анча кымбат эмес чайга болгон суроо-талап да өсүүдө, ачыгын айтканда алар эч нерсеге жараксыз азыктар - ичинде технологиялык ыпырлар салынган баштыкчадагы чайлар болуп эсептелинет.
Масс- маркеттин кийинки таанымал тренди - баштыкчага салынган чайлардын сатылуусунун өсүшү. "Росчайкофе" компаниясынын маалыматына караганда, "баштыкчалардын " үлүшү 56дан 90 пайызга чейин өсүшү мүмкүн. Баса, баштыкчалардагы чайларга болгон сатып алуучулардын суроо -талабынын өсүшүн элдин бул азыкты үнөмдөө менен колдоно баштаганынан кабар берет дешет эксперттер.
А бул чай базары үчүн сүйүнүчтүү кабар эмес: ал сунуштардын өлчөмүнө жана чай бренддерине байланыштуу да. Бүгүнкү күндө Орусияда 120-130 чай бренддери бар. Жакынкы жылдары алардын катарынын 70-80ге азайышы күтүлөт.
Базардын өсүшү адаттагы сегменттен четтеп башка түрлөргө ык салуусуна байланыштуу болушу мүмкүн, мисалы, чөп чайлар, мөмө чайлар, экзотикалык чайлар. Эксперттин айтымында, акыры эки жылда кадимки чайлардын сатылышы аз өсүп атат, акчага айлантканда базардын 2 пайызын гана түзөт.
Мындан улам чай базарына кирүүгө аз гана ишкерлер тобокелчиликке барышат. Алар негизинен чайдын элиталык сортуна басым жасашат. Чай бизнесин аркалагандар сатып алуучулардын табитин билип, биринен бири озуп, айтор чай эрежесинин оюнчуларына айланышат.

Мындай продукция негизинен килограммдап атайылаштырылган дүкөндөрдүн чай бөлүмүндө же чай бутиктерде сатылат. Баасы негизинен жүз граммы 100 сомго бааланат.
Базардын бул түрү 2000- жылдардын башталышында башталган, базарларда Индия Кытай Кения Вьетнам жана Тайванда өндүрүлгөн элиталык жана таза чайларды саткан дистибьюторлор пайда болгон.
Орусиялыктар да акырындык менен чай маданиятына өтүштү, ал чай салтанатын чагылдырган клубдардын ачылышына алып келди.
Оюнчулардын айтымында, чай бизнеси толугу менен кызыктуу ишмердүүлүк. Аны көп мөөнөткө россиялык норма менен эки жылга чейин сактоого болот. Бирок, элиталык чайдын сегментинде мындай көп убакыт сактоо туура эмес. Бул жерде чайдын айрым түрлөрүндө азыктын жаңы экендиги башкы орунда тураарун да эскерте кетели.
Элиталык ак чай айталы, жыйналгандан кийин эки- үч айдын ичинде сатылышы керек. Wintergreen компаниясынын сатуу боюнча менеджери Денис Капустиндин айтымында, сапаттуу даам үнөм жана элита классындагы чайлардан так айырмаланып турат. Маркетингдин көз карашы менен алганда, элиталык чай сатып алуучулардын өтө чоң аудиториясын потенциалдуу кармоого болот - элиталык болгон учурда да анын баасы бардык сатып алуучулардын кирешеси канча экенине каабай жетимдүү, башкысы мыкты чай ичүүгө каалоо болсо эле болгону.

"Ичкич" адамдар
"Мей Хуа" чай компаниясынын москвалык соода борборундагы офисинин каалгасынын артында өзгөчө мейкиндик бар. Текчелерге тизилген чай банкалары, чоподон жана форфордон жасалган чайниктер жана каалганы ачканда жагымдуу шыңгыраган коңгуроолор. Компаниянын директору кытайлык Чу Яньхун офистин бурчунда эртең мененки чайды атайын үсөлдүн үстүндө даярдайт. Орусияда өзүн Наташа деп тааныштырган Чу Яньхун Кытайда жашап атканда анын өлкөсүндө чайдын болгону эки түрү кездешерин билбеген.
Көпчүлүк кытайлар сыяктуу эле ага чайдын эки - үч түрү маалым эле. 10 жыл мурун Орусияга келип, капысынан чай бизнесине туш болгон. Ошондон бери ал чайдын чыныгы билерманына айланды. "Мей Хуа" Кытай менен Москванын колдоосунан ачылган базардын пионерлеринин бири, ал орусиялыктарды көргөзмө дегустация уюштуруу менен көк чайга тарткан.
"Москвада азыр алкоголь пайдаланбаган адамдар бар, тамеки да тартышпайт, бир гана чай ичишет. Аларын арасында йога менен машыккандар көп, - деп айтат компаниянын башкы менеджери Екатерина Вартанова, - Аларга айына эки- үч килограмм чай керектелет".
Бул алдыга жылган жаштардын публикасы, чыгармачыл чөйрөнүн жана жашоо образы ар түрдүү адамдар, алардын көңүлү экзотикалык сорттордогу жыттуу чайларга тартылат.
"Биздин сегменте сатып алуучулардын үн кошуусу абдан маанилүү,- деп сөзүн улайт Екатерина, - Чай сүйүүчүлөр көбүнчө кумары боюнча бири бири менен байланышат. Көпчүлүгү телевизор көрүшпөйт, радио угушпайт, өз чөйрөсүндөгүлөр менен гана мамиле кармашат. Алар интернет жок жактан колдоруна баштыкча көтөрүп алып чай сатып алууга келишет.
Аларды биринчи көргөндө таңыркайсың. Бирок, бешинчи адам да баштык көтөрүп, чайга келгенде бул нерсеге көнүмүш катары карап каласың".
Кичи дүң чай сатуу менен өлкө боюнча алектенген "Мей Хуанын" басымдуу кардарлары ресторан тармагына чай жана кофени жеткирүүчү чакан жеткирүү компаниялары, чекене саткан соода түйүндөрү жана интернет -дүкөндөрү.
"Мей Хуадан" айырмаланып, Орусиядагы чай компаниялары тар адистештирүү менен чектелбей, кеңири түрлөрдүн аудиториясын камтууга умтулушат. Алардын аракети бир топ натыйжалуу жыйынтык үчүн жасалат. Чекене базардагы жайылган кулачы кең жана чай сатуу боюнча 2000- жылдан бери иштеп келаткан "Орус чай компаниясы" биринчиликти бербейт.
Бүгүнкү күндө үч миңге жакын өнөктөшү бар компания жыпар жыттуу чайлардын сортуна басым жасайт. Болбосо, чай базарында мындай обьем менен иштөө кыйын, анын үстүнө таза сорттуу чайларды өстүрүү плантациясы да көп эмес.
Чай бизнесине киришкендер килограммдан сатыла турган чайлардын түрүн пландоо абдан татаал экенин моюндарына алышат. Плантациялардагы чай түшүмүн жыйноо жылына бир нече жолу болот, товардын саны мезгилге байланыштуу өзгөрөт, анткени анын сапаты жана көлөмү бир нече фактордон көз каранды. Кытайдагы плантацияларда жакшы аба ырайы анчалык көп болбойт.
"Мей Хуа" компаниясынан Екатерина Вартанова жогорку сорттогу чайларды өстүрүү плантациялары ар кандай себептерден улам азайганын айтат. Сапатты кармоо үчүн жеткирүүчүлөр аны мыкты плантациялардан аукцион негизинде сатып алууга аргасыз болушат. Андан улам базардын катышуучулары мындай сорттор менен иштөө кыйындыгын айтышат. 2008 -жылдагы кризис алдында чай маданияты калыптанып баштаган, бирок кийин базарга сапатсыз жасалма чайлар толуп кеткен.
Элиталык чай сортторун орусиялыктар азырынча жакшы талдай алышпайт, бул алдамылыктын көбөйүшүнө, маркетингдик оюнга алып келишине шарт түзөт. "Сатууну көбөйтүү үчүн айрым компаниялар чайга туура келбеген аталышты чаптап салышат",- дейт Екатерина.
- Ар кандай уламыштарды ойлоп табышып, чайдын келип чыгышы тууралуу кооз тарыхты айтышат. Ошол эле чайдын кытайча аталышындагы маанисин такыр эле эстен чыгарышат. Биз чайларды нак кытай аталышында сатабыз. Мен муну маркетинг планындагы өзгөчөлүк катары баалабайм, анткени, кытай аталышында сатуу кыйынчылыкты жаратат. Бирок, бул биз карманган принцип".
Сатып алуучуларга кээде бир аталыштагы чай магиялык түрдө таасир бергендиктен, бул жерде байыркы ийгиликтүү сатуунун принциби жардамга келет: "Товар канчалык кымбат болсо, аны сатып алуучулар да көбөйөт".
"Мисалы Тайванда чай Кытайга караганда төрт эсе аз өндүрүлөт,- деп айтат Евгений Зайцев "Орус чай үйү" компаниясынын баш директору,- Анда бул үчүн абдан жакшы шарт бар, нымдуу аба, бул чайды сапаттуу кылат. Эгер сизде Тайвандда өндүрүлгөнгө окшош мыкты кытай чайы болсо, этикеткага "Тайвань" деп жазуу жетиштүү, ошол замат баасы бир жарым эсеге кымбаттайт".
Мындай абалда чай маданиятын өнүктүрүп калктын калың катмарына жеткирүү оңой эмес, бирок аракет жасоо керек деп эсептейт "Орус чай үйү" компаниясы. Компания 2008- жылы базарга кирип, өзүнө жыпар жыттар кошулбаган, таза, элиталык чайды тандап алган. Башталышында компаниянын башкы директору Евгений Зайцев айткандай, ондогон чекене соода түйүндөрүн ачуу, дүң баада чай сатып алуу пландалган. Бирок, кризистин кесепетинен сатуу азайып, башка дүкөндөрдү ачууга каражат жетпей калган.
Чечим дүң базарга ык салууга кабыл алынган. Компаниянын 50 пайыз соодасы кичи чекене дүкөндөрдөн түшөт, калганы дүң баада сатып алуучулардан, мисалы, кафе- ресторандарга жеткирүүчүлөрдөн келет, аларга чай профилдүү эмес позиция. Ошентип, жылына кырк тонна чай сатууга болот. Бизнес жакшы эле иштейт дейт Зайцев, бирок ага салынган үч миллион рублди кайтарып алуу азырынча мүмкүн болбоду. Бирок, ишкер кайгырбайт: "Чайдагы бизнес көпкө ойнойт, биз муну жакшы билгенбиз".
Жалпысынан бул базардагы айрым татаалдыктарды эске албаганда, чай жеткирүүчүлөрдүн саны артууда. Бул аймактарда атайылаштырылган чай чекене өөрчүп, дүкөндөр тармагы түптөлүп, алып келүүдө ашыкча маселе жаралбагандыктан, ишкерлер башка өлкөлөрдөн өз өлкөсүнө чай жеткирүүнү колго алышканы менен түшүндүрүлөт. Wintergreen компаниясынан Алексей Володяев: "Биз кытай чайлары боюнча базарда олуттуу өсүү болуп атканын сезебиз, акыркы эки - үч жылда индия жана цейлон чайларына кызыгуу жаралды",-дейт.
Чай жеткирүүчүлөр чайды сатуунун кыйынчылыгына арызданышпайт. Негизи, чайды чекене сатууда өзгөчө пайда түшөөрүнөн үмүт да кылбаш керек дейт "Росчайкофе" компаниясынан Рамаз Чантурия. Анын пикиринде, суперпремиумдагы чайларды ресторандар менен кафелер сатып алууга жөндөмдүү, анткени алар бир гана азыкты эмес, сервисти, өзгөчө атмосфераны да сатышат, анын баары биригип келип, олуттуу сумманы түзөт.
Универсалдуу чекенеде фасон жана баштыктагы чайлар адатта жакшы сатылат, анда суперпремиалдык жана премиалдык да сорттор бар. Атайлаштырылган чекене тууралуу айта турган болсок, негизинен чай-кофе бутиктеринде, супермаркет жана гипермаркеттердин өзүнчө бөлүмдөрүндө бар, бул формат өлкөдө анчалык тез өнүкпөй атат.

Чай сатуучулар
Биринчи ири чекене сатуучулар чай менен базарга 2000 -жылдары чыккан. Бул бүгүнкү күндө Оруссияда эң ири чай -кофе бутигине айланган "Кантата кофеси" бутигине таандык 170 дүкөн бар. Дагы бир ири дүкөн тармагы - "Унция", анын 100гө жакын дүкөнү бар. Бул компаниялар дүкөндөрдү ачышып, аймактарда активдүү иштешет.
Акыр аларга атаандаштыкты "Орус чай компаниясы" түзүүнү чечти, чай -кофе бутиктерине франшизди, же бөлүмдөргө "Чайбург" белгисин сунуштады. Бирок, чекене бизнесинде жайгашуу ага азыр бир аз эртелик кылат, ал башынан чекене соодага ыктаган, ошентип атып, ондогон жылдарда Москванын бир катар соода борборлорун кучагына алды.
"Бүгүн алар борборлордун ачылышына эки жылдык мөөнөт менен келишим түзүп атышат",- деп айткан чай базарынын катышуучусу. Туура, "Орус чай компаниясынын" дүң товар жеткирүүдө көлөм жана жеткирүү каналы боюнча өзгөчөлүгү бар . Азыр "Чайбург" белгисинин алдында болгону төрт түйүн иштейт. Бирок чарчаган оюнчуларга атаандаштыкты түзүү үчүн компания супер пайдалуу шартты сунуштайт- ал өнөктөштөрүнүн 50 пайыз ижара акысын компенсациялоого даяр жана соода жабдыктарын бекер орнотуп берет.
Жай табуу чай сатуучулардын бирден бир татаал маселеси. Негизинен, чай сатууга 4-15 чарчы метрдеги чакан аянт керектелет. Жүз чарчы метрдеги чай дүкөнүн ачуу пайдалуу эмес, чайдын анча көп түрү эч кимди кызыктырбайт. Эң арзан ижарага алынган бөлмө бул - ар бир чарчы метрине акча төлөнгөн бөлмө болуп саналат.
Жалпысынан чай соодасынын тармагынын келечеги бүдөмүк. Сегмент кризиске абдан сезгич, кантсе да кымбат баалуу чай абдан зарыл болгон азыктарга кирбейт. Ошондуктан, тармактарды түзүү бирдиктүү стандартка ылайык жүргүзүлүшү керек. Бизнеске киришүүдө алдын ала олуттуу даярдык көрүү жана чайды сатуу үчүн консультация сунуштоо, кардарларга экмоциналдуу таасир берүү үчүн сатуучуларды окутуу чай бизнесиндеги башкы зарылчылдык. Буга бардык эле компаниялар даяр эмес. Мисалы, мындай ыкманы "Кантата кофейнаясы" кабыл алган. Эми ал компанияга жетүү мүмкүн эмес.
Чекене чай соодасы негизинен анча чоң эмес соода түйүндөрүндө болот. Көпчүлүк ишкерлер үчүн бул бизнестин кадимки кабыл алынган формасы катары саналат, мындай дүкөндөрдүн пайдасы да майда. Москва шаарындагы соода борборлорундагы Чай бутиктеринин айлык жүгүртүүсү 300-500 миң рублга жетиши мүмкүн.
Орточо базардагы баалоо 200-300 пайызды түзөт, бир нече жыл мурунку 500 пайызга салыштырганда, атаандаштыктын катаалданышына байланыштуу көрсөткүч ылдый түшкөнү баамдалат. Элиталык чайды арзан баада сунуштаган интернет- дүкөндөрүнүн көбөйүшү да реалдуу сатуучулардын ишине тоскоолдук жаратты.
Чекене дүкөндөр бул -көбүнчө жандүйнөгө жакын бизнес, ал "чай дүкөндөрүнүн империясын жаратам" деген амбициясы жокторго арналат.
Орусияда бир чай дүкөндүн ачылышына болжол менен миллион рубль кетет. "Этикеть" бутигинин стилистикасы -чыгыш көрүнүшүн камтыган ко)гуроосу, желпингичи жок, чыгыш "фэн- шуйунунун" башка атрибуттарын колдонбогон кадимки нукура орусча көрүнүштө. Бул компания элиталык сортторду Кытайдан, Европадан, же Мовквадагы дүң компаниялардан сатып алат. Азыр бул компания дагы эки - үч дүкөн ачууну ниет кылууда, жалпысынан бизнестеги кырдаалы жаркырак эмес, бир катар түйүндөрү чыгашанын кырында турушат.
Дүкөндү ийгиликтүү жолго койсо, бир жарым жыл ичинде чыгашасын кайтарып, ал турмак айына таза 400 миң рубль пайда да алып келет. Бирок, компания бардык дүкөндөрүн мындай деңгээлге көтөрүүгө дарамети жетпей турат, муну ал профессионалдуу сатуучулар менен бардык штатты толуктай албаганынан көрөт жана чай түрлөрүн сатып алууда катачылыктар кетти деп эсептейт.
Бирок, ага карабай компания бараткан багытынан кайтып, бир топ арзан продукцияларды сатыкка чыгарууну каалабайт. Азыр кардарларды товардын баасы чочутпайт, аларга сапат керек деп, ишендирет компания.
Базар катышуучулары чындыгында жогорку сорттогу чайлардын эсебинен кармалышат. Бул бизнестин айырмачылыгы ал калктын кирешесинин эсебине гана эмес, экономикадагы кырдаалдан да түздөн түз көз каранды. Ошол эле кезде сатып алуучунун кандайдыр бир жаңы нерсени баамдап көрүү каалоосуна да байланышат.
"Биз үчүн адам ичип аткан чай бул анын жашоосунун сапатынын көрсөткүчү, так ошондой, кирешесинин деңгээлинин эмес, сапатынан,- дейт Денис Капустин из Wintergreen компаниясынан, - Чай адам канчалык өскөнүн, өзүнүн жашоосуна канчалык ыңгайлашканын, көп нерсени айтып берет".
Сатып алуучулардын баамынын өсүшү бул, албетте, тренд. Бирок, ал азырынча азык-түлүктүн чайдан башка түрлөрүнө гана калыптанган.



Яндекс.Метрика