PRESSKG.COM

Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript

mainkaptal
 
  меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Мал эти базарын өнүктүрүүнүн заманбап тенденциясы соорото турган эмес. Бул базардын бардык катышуучулары өсүмдүк өстүрүү тармагына оошту. Ага кырдаалды толугу менен түшүндүргөн бир канча себептер бар.
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести баштоо олуттуу инвестиция зарыл болот, айрым эсептөөлөрдө ал алты миллион сомго чейин жетери айтылат.
Албетте, мындай сумманы короткон ишкерлер кетирген акчасынын эртерээк кайрылып келишин күтүшөт. Бирок, бизнес көп мөөнөттө гана киреше берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Жаңы ишкана бул тармакта ордун таап, базар деңгээлине чыгып, өзүн базардагы олуттуу атаандашкатары көрсөткөнгө чейин беш жылдан жети жылга чейин убакыт кетет.
Бул мөөнөт ишкананын толук бойдон жөнгө салынчу убагын эсептегенде келип чыгат. Башкача айтканда, айтылган мөөнөттөн кийин ишкер эч нерседен коркпой, кеткен акчасы менен жасалган мээнетинин үзүрүн көрөт.
Ишкананын өзүн өзү актоо мөөнөтү кеч болгондуктан, анын бир катар катышуучулары өсүмдүк өстүрүүгө кетишти. Албетте, өсүмдүк өстүрүүгө акча каражаты аз салынат жана да киреше алуу убагы тез келет.
Эт өндүрүү боюнча ишкананы дагы бир артка тартчу себеп - мында иш жыл бою активдүү болот. Аөсүмдүк өстүрүүдө эки гана түйшүктүү мезгил бар: үрөн эгүү жана түшүм жыйноо. Демек, эт өндүрүү жаатына киришкен ишкерге жыл бою эмгек күчүн көп колдонууга жана аларга маяна төлөп берүүгө туура келет.

Тажрыйбалуу ишкерлер бул тармактын башкы маселеси болгон бир катар факторлорду дароо байкашат. Алар: мамлекеттин жем берүү жараянына такай аралашуусу, жеңилдетүүлөрдүн так иштелген тутумунун жоктугу, өндүрүштү кеңейтүүгө, импорттолгон уй этине атаандашууга мүмкүнүчлүктүн жетишпегендиги. Эмнеге импорттолгон уй этине атаандашуу кыйын? Анткени, сапаты ылдыйраак, ага жараша баасы да ылдый. Так ушул баасынын ылдый болушунан улам эле керектөөчүлөрдүн суроо-талабына ээ болуп, базардан түшпөй келет.

Аны менен катар малга тоютка болгон суроо -талап өсө баштагандыктан атамекендик уй этине болгон талап азайды. Албетте, мындан кичи ишкер жабыркайт, жогоруда импорттук товарга атаандашууга дарамети жетпейт деп айтпадыкпы.

Ошондуктан эгер ишкер мал этинин базарына чыгууну кааласа, анда дароо орточо мал фермасын же жогорку технологиялык мал фермасын түзүү керек. Ишмердүүлүктүн ушундай форматында гана бүгүнкү күндө базарда кармалып, орчундуу орунду ээлеп калууга мүмкүнчүлүк бар.

Мындай бизнести уюштурууга киришип атып мал фермасы түптөлө турган райондо жайыттар көп экенин көңүл буруу керек. Эгер фермер чарбачылыгын түптөөнү пландаган райондо жайыттар көп болбосо, анда бул идеядан баш тартышы керек.
Ушул ө)үттөгү бизнести түптөөнүн көп жылдык тажрыйбасы уй фермасы ферманын айланасында мыкты жайыттар орун алганда гана ийгиликтүү болоорун көрсөткөн. Жайыттар уйлардын табигый оттоосуна шарт түзөт жана эт бир топ даамдуу да болот.
Андан тышкары мындай шартта уйлар жыл бою табыгый жайыттарда табигый жол менен өскөн 60 пайыз бекер тоют менен камсыздандырылат.

Эгер уйларга табигый "ашкана" табылбаса, аларды жасалма тоют менен, же сатылып алынган тоют менен азыктандырууга болот. Бирок, анда ишкер узак убакытка киреше алмак турсун, туруктуу чыгашага дуушарланат.
Жайыттарда өскөн чөптү такыр бекер деп эсептөө болбойт, айрым жайыттардын ээлери болгондуктан, уйларыңыз оттогону үчүн акы төлөөгө туура келет, ал тоюттардын да өздүк наркы бар. Бирок, баа абдан ылдый болгондуктан, фермага жакын арада жайыттар болсо аны колдонбоо акылсыздык.

Эттин ылдыйкы өздүк наркы - бардык сатып алуучуларга бирдей жеткиликтүү эт менен камсыздоонун ыкмасы. Эгер ишкана 100 уйду жана бир нече букаларды кармаса, анда бизнестин жашап баштаганына үч жыл толгондо биринчи кирешенин карааны көрүнөт, дагы беш жылдан кийин бизнес толугу менен өзүн актайт.
Фермердик чарбачылыкты ушунча сандагы мал менен уюштуруу үчүн малдарды жайууга 70 жана 20 метрдеги эки аянт жана эки жем берчү узун акыр, жем сактоочу жай жана тоюттарды койчу жер керектелет.

Пайлалуусу, ферма жылытууга муктаж эмес, бул ишкерге суук убакта каражатын үнөмдөөгө түртөт. Болгону сарайдагы нымдуулуктун ылдыйкы деңгээлин карманып, шамалдатууга жол бербеш керек.
Эгер фермадагы мал үйүрү үч жүз баштан аз болсо, анда жараянды автоматташтыруунун кереги жок. Бир жагынан бул техника менен жабдыктарды сатып алууга кетчү каражатты үнөмдөөгө алып келет, бирок, ошол эле учурда ишкерди үйүрдү тейлөөгө көп жумушчуларды алууга аргасыз кылат. Ферма кышында ийгиликтүү иштеши жана уйлар сууктан салмагын жоготпошу үчүн жем берүүнүн өлчөмүн көбөйтүү керек. Ошону менен катар, кыштын камын эрте көрүп, жайында эле тоют маселесин чечүү туура.
Бул үчүн азыктандыруунун өлчөмүн так билип, 100 пайыз тоют жана ага кошумча дагы отуз пайыз тоют камдоо керек. Аба ырайынан жана башка факторлордон улам жем керектүү нормасынан ашып кетиши мүмкүн. Аны менен катар 20 пайызга жакын жем кышка чейин бузулуп кетиши ыктымал, анда аны ыргытканга туура келет.
Фермер чарбачылыгынын ишин пландап атып, эт өндүрүшүнө керек болчу тукум тууралуу да унутпоо керек. Бир жылда бир уй бир торпок тууйт, болбосо аны кармоо ишкер үчүн чыгашага алып келет. Бир жыл жана эки айда жаш торпок 450 килограммга жакын салмак кошот, башкача айтканда суткалык салмагы бир жарым килограммды көрсөтүшү керек.
Ферманын ишин жолго коюуда торпоктун кошулушун февралдан апрелге чейинки убакытка пландоо туура. Бул торпокту бекер жайытка дароо чыгарууга шарт түзүп, аны колдо кармоодо кымбат баалуу жем колдонуудан арылтат. Эгер жайыттар жок болсо, анда торпокту азыктандырууда минералдык -белок аралашмасын колдонгонго туура келет.
Торпокторду үйүргө ийгиликтүү кошуунун башкы шарты- туура бөлүштүрүү. Бул үчүн ферманын штатында атайылаштырылган адистер болушу керек. Белгилей кетчү нерсе, туура шарт түзгөндө гана ишкерге жогорку киреше агып келет.



Яндекс.Метрика