mainkaptal
 
  меню
Бизнес идеялар
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Көптөгөн ишкерлер бүгүнкү күндө кандай болбосун парфюм - костметикалык дүкөн жетиштүү пайдалуу жана келечектүү бизнес экенине ынанышат.
Айрыкча, бул бир соода түйүнүн эмес, фирмалык дүкөндөрдүн толук тармагын ачууну пландаштырганда так анык болот. Мындай тармак адатта көп мүмкүнчүлүктөргө ээ жана келечеги да кең.
Мындай бизнести уюштуруунун тажрыйбасы, парфюмериялык- косметикалык дүкөндөр тармагы өзүнчө соода түйүнүнө караганда, кеңири товар жүгүртүүнүн шарапаты менен заманбап базар шартында жашап кетүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк алаарын көрсөткөн.
Ири кирешелүү парфюмериялык - косметикалык дүкөндөрүн алдын ала кардарлардын күчтүү агымы кайсы жерде болоорун иликтеп, андан кийин гана ири шаарларда, облустук же райондук борборлордо ачыңыз. Андай аймактарда эл көп жашагандыктан, дүкөнгө болгон кызыгуу да көп болот. Ири шаарлар өнүккөн инфраструктураны камтыгандыктан дүкөндөргө жаңы партиядагы товарларды жеткирүү да оңой.
Парфюмериялык - косметикалык бизнести ири шаарларда баштоонун дагы бир оң фактору - мындай шаарлардын тургундары башка шаарларга салыштырмалуу бардар жашашат, андыктан аталган дүкөндөрдүн кардары болууга дараметтери жетет. Бирок, кээде парфюмерия жана косметика дүкөндөрү чакан шаарларда да ачылат, алар болгону атайылаштырылган өзүнчө дүкөндөр, ал эми дүкөндөр тармагын ачуу пайдасыз.
Парфюмериялык-косметикалык соода тармагында бул, же тигил товарды өлкөнүн аймагында сатууга укугу бар экслюзивдүү дистрибьюторлор иштешет. Бул жааттагы ар бир дүкөн же өзү дистрибьютор болот, же алар менен тыгыз байланышта иш алып барат.
Бул дүкөнгө кайсы бир соода белгисинин алдындагы товарды сатуу мүмкүнчүлүгүн берет, ар кандай маркетингдик жана жарнамалык иш чараларды өткөрө алат. Мындай базардагы боло жүрчү терс көрүнүш - дистрибьюторлор- компаниясы товарларды өндүргөндөр тарабынан белгиленген чекене баада гана сата алышат.
Кирешени көбөйтүү максатында бааны көтөрүү тууралуу бул жерде сөз болушу мүмкүн эмес, анткени мындай кадам жагымсыз калдыктарын калтырат, ал турмак дистрибьюторлук укуктан ажырап калуу да мүмкүн. Албетте, ишкер аталып жүргөндөй "боз" базарга кирип, соодагер тандаган баада товарларды сатканга мүмкүнчүлүк тапса болот.
Бирок, анда соода түйүндөрү сатып алуучулардын ишенимине кире албайт, ага жараша иши да кирешелүү болуп кетпейт. Мунун баары парфюмерия жана косметика багытындагы ачык иш алып барган дүкөндөр заманбап шаарлардын тургундарынын арасында популярдуулукка жетишет, андыктан алдын ала белгиленген катаал шартта иштөөгө туура келет.
Парфюмердик- косметикалык дүкөндөрдө товарлардын түрү менен толтуруу дээрлик татаалдык жаратпайт. Дүйнөлүк базарда бүгүнкү күндө белгилүү аталышка ээ көптөгөн ири өндүрүшчүлөр бар. Алар дайыма өзүнүн продукциясын сатыкка коюуну сунуш кылышат, бирок бул үчүн дүкөн алардын бардык талабына жооп берүүгө тийиш.
Парфюмериялык- косметикалык дүкөн ачууга ылайыктуу имарат издегенде көңүлдү өзгөчө анын жайгашкан жерине буруу керек. Эгер дүкөн соода борборунда жайгашса, анда сөзсүз биринчи кабатта болгону жакшы.
Сатып алуучу дүкөнгө оңой жана адашпай жол таап келгидей болсун. Эгер дүкөн өзүнчө турган имаратта жайгашса, анда имараттардын биринчи катарында турсун. Парфюмериялык- косметикалык дүкөнгө сатып алуучулар канчалык тез жол таба ала турган болсо, кардарлардын агымы да ошончолук көп болоорун унутпаңыз.
Эгер дүкөн ири косметикалык же парфюмериялык дүкөндүн дистрибьютору болсо, анда аны кайда ачууну ошол фирманын жетекчилиги менен акылдашып чечүү керек. Мындай бизнести уюштуруунун биринчи тепкичинде имаратты ижарага алуу пайдалуу. Анткени, имарат турган жер ылайыктуу болбосо, ал эч убакта киреше көп алып келбейт. Бирок, ишкер дүкөн пландалган көрсөткүчтөгү киреше алып келээрине көзү жеткенден кийин, имаратты сатып алышы мүмкүн, себеби ижарага имарат алуу баары бир ашыкча чыгашаны көбөйтөт.

Сөзсүз түрдө интерьерди жасоо жана ишке ашырууга көңүл буруңуз. Дүкөндөгү ар бир текче бул тармакка тешелүү талаптарга жооп берсин. Албетте, бардык дүкөндөр түрдүүчө интерьерге, жасалгалоо стилине ээ, бирок жалпы концепциясы өзгөрүүсүз калат. Соода залы сөзсүз абдан жарык болушу шарт, ал жарыктар "күндүзгү" болуп, ар кайсы кубаттуулуктагы лампочкалардан чагылып турса эң сонун.
Мындай дүкөндүн эмеректери мүмкүн болушунча бекем айнек текчелерден куралганы оң. Дүкөндүн дубалдарын текчелерде турган продукцияга таандык фирмалардын плакаттары менен кооздоңуз. Товардын жайгашуусу толугу менен өндүрүшчүнүн, негизинен мерчендайзингдин талабына жооп бериши керек. Ар бир товар коюлчу текченин узун-туурасы миллиметрине чейин эсептелет. Адатта парфюмерия- косметикалык дүкөндүн жасалгасы арзан болбойт, бирок анда үнөмдөөнүн кереги жок.
Кожоюнга жетиштүү киреше алып келген дүкөндүн сатуучусу мыкты билимдин ээси болушу шарт. Тренингдерге, семинарларга катышып, дүкөн ачылганга чейин эле бул жаатта терең билим алса, сатуучулар ишкананын соода жүзүнө айланышат. Андан кийин сатуучу- консультанттар квалификацияны жогорулатуу курсунан өтүп, дайыма чыныгы адистин статусун карманганга аракеттенишсин. Баса, кызматкерлер штаты бул жаатта билими жана тажрыйбасы бар сатуучу- консультанттардан куралса, аларды окутууга убакыт жана каражат азыраак коротулат.
Парфюмерия- косметикалык дүкөндүн жарнамасы иш чаранын эки түрүн камтыйт. Алардын биринчиси, компаниянын имиджин түзүү жана атаандаштар арасындагы репутациянын деңгээлин көтөрүү болсо, экинчиси потенциалдуу кардарларды дүкөндө жүрүп аткан акциялар тууралуу кабардар кылуу.
Учурда парфюмерия- косметикалык продукциялардын базары толугу менен ээленген эмес, ошондуктан белгилүү чектеги аракеттерди жасап жана эмгектенип, ишкер аз мөөнөттө эле көп киреше тапса болот.