PRESSKG.COM

ActionTeaser.ru - ???????? ???????

mainkaptal
 
  меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы өлкөлөрдө, андан соң биздин өлкөдө дагы фаст -фуд өнүгүп, барган сайын улам жаңы түрлөрүнө ээ болду.
Учурда заманбап шаарлардын бардык ашпозчулары тез тамактануу пунктары жылып жүрүүчү вагончолордо, же трейлерде болоорун билишет. Бул бизнес жаңы баштаган ишкерлерди өзүнө тартат, анткени, тез тамактануу жайларын уюштуруу абдан оңой. Тез да бүтөт, чыгашасы да аз. Орточо эсеп менен алганда, фаст- фуд базары бир жылда жыйырма пайызга өсөт, ошондуктан бул тармак анчалык толбогон.
Фаст -фуд тууралуу айтканда, көпчүлүгү дароо "Макдональдс" деп аталган шаурма же хот -догдору сатуучу тармагынын ресторандарын элестетишет. Таң калыштуусу биз жөнөкөй, даамдуу жана орустун улуттук тамагы болгон блинчиктерди унутуп калабыз.
А болбосо так ошол блинчиктер иш убагында, же башка кырдаалдарда шам- шум этүүгө эң жарактуу нерсе эмеспи. Учурда өзгөчө популярдуулукка дөңгөлөк үстүндөгү блинчиктер жетүүдө, барган сайын пайдалуу жана кирешелүү бизнестик репутацияга ээ болду.
Мындай бизнести эгер серепчилдик көз караш менен караганда, компаниянын кирешеси түздөн түз байланышта болгон бир нече факторду бөлүп көрсөтүүгө болот. Биринчиден, бул түйүндөрдүн саны- соода түйүндөрү канчалык калк жашачу аймактарда көп болсо, ошончолук пайда да түшөт.
Андан тышкары соода өндүрүш түйүндөрдүн көптүгүнүн шарапатынан ишкер бир гана блинчик чыгаруу менен чыгашаларды кыскарта алат, мисалы таштанды чыгаруу, электрэнергияга акы төлөө, соода жүргүзүүгө укук бере турган тийиштүү документтерди каттоодон өткөрүү сыяктуу.
Экинчи фактор- бул азык кандай кырдаал болбосун абдан жогорку сапатта боло алат. Көпчүлүк жаңы баштаган ишкерлер тажрыйбанын жоктугунан же башка себептерден улам арзан жабдыктарды же блинчик жасала турган азыктарды арзан алуу менен чыгашанын эсебин азайткылары келишет. Бирок, эске алуу керек, мындай кирешенин кубанычы узакка созулбайт.
Бир канча айлардан кийин сатып алуучулар бул түйүндөрдүн блинчиги даамсыз экенин байкайт, ага жараша, албетте, соода ылдыйлап, киреше да азаят. Ошондо, ишкер акыбалды оңдоого аракеттенет жана кайра сапаттуу чийки зат сатып алат. Анткен менен түйүндүн репутациясын кайра кайрып алуу мүмкүн эмес.
Жумушчуларга да абдан үнөмдөөнүн кереги жок.
Жогоку квалификациялуу ашпозчу азыкты чындап эле даамдуу жасайт жана ал акысына оңор эмес сумма талап кылат. Муну маанисиз чыгымдардын катарына кошпоо керек анткени, даамдуу жана сапаттуу продукция ийгиликтүү бизнестин күрөөсү да.
Дагы бир кирешенин маанилүүлүгү боюнча ылдыйда калбаган фактору- дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчиктин тандаган жери. Тез тамактануу жайынын ээлеген жерин тез -тезден алмаштырууга болооруна карабай, ал дайыма эл көп өтө турган жерлерде турууга тийиш. Блинчик сатып алуу ниети сатып алуучулардын оюна капысынан келиши мүмкүн, ошондуктан шаардын шашып бараткан тургундарынын көзүнө түйүн уруна тургандай кылуу керек.
Кирешенин төртүнчү фактору - бул базардын максималдуу так баасы. Ал матркетингдик иликтөөлөрдүн жүрүшүндө аныкталышы керек.
Блинчикти ошол аймактагы сатуу баасы кардарлардын суроо -талаптарына жара болот. Кайсы бир жерде 20 сомдон, кайсы бир жерде 15, ал турмак андан да арзан баада сатылышы мүмкүн. Ошондуктан бизнестин ээси дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчиктин баасы кайсы жерде канчадан болоорун так аныкташы керек.
Блинчиктерди сатуу боюнча бизнес, же дөңгөлөк үстүндөгү блинчик жетишкендиктерди да, кемчиликтерди да камтыйт. Бул ишмердүүлүк тармагынын мындай оң мүнөздөмөсүнө жөнөкөй жана баарына жеткиликтүү технология кирет: камырга чыгымдын аз кетиши, чоң имараттарды ижарага алуу зарылчылдыгынын жоктугу. Орус улутунун улуттук тамагына айланган бул азыктын бизнеске айлануусу кеңири тараган эмес, чийки заттар арзан, ушунун баары өздүк наркын ылдыйлатып, жогорку кирешеге алып келет.
Мындай бизнестин жетишпестиги эки фактор менен айтылат. Биринчиси, кардарларга блинчиктерди өзү менен алып кетүүгө берүүгө болбойт. Негизи андай кылса да болот, бирок сатып алуучу үйүнө жеткиче блинчиктер муздап калса даамын да жоготуп, жеген адамга ишкана тууралуу жагымсыз сезимдерди жаратат.
Демек, кардар блинчикти үйүнө же жумушуна алып кетпей, сатып алган жеринде жеши үчүн бардык шарттарды түзүү керек. Экинчи жетишпестик, көп аймактарда блинчик жасап саткан түйүндөр бар, бул жаңы атаандаштын базарга чыгуусуна тоскоолдук жаратат. Эгер алар базарда олуттуу орун ээлеп алышса, жаңы иш баштаган ишкер атаандаштыкты көтөрө албай калышы мүмкүн.
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчикти ачуу үчүн санитардык, өрт жана соода инспекциясынан толгон -токой уруксат алуу керек жана текшерүүлөрдүн келишин дайыма күткөнгө туура келет. Тамак- аш соодасы аталган инстанциялардын таттуу токочу, ошондуктан ишкер бардык талаптарды так сактоого аракеттенүүсү керек.
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчиктин техникасын сатып алууда эки сценарийде аракет көрүү туура. Бир жагынан арзан техниканы сатып алса болот, ал арзан, бирок ошончолук аз да кызмат кылат.
Жаңы теника жараксыз болоору менен ишкер аны таштандыга таштоого аргасыз, анткени бардык ресурсун иштетип бүткөндүктөн кайра о)доого болбойт.
Экинчи жагынан, айрым ишкерлер сапаттуу, аны менен катар жетиштүү кымбат техникага басым жасашат. Ал кымбатка келгендиктен арзан техникага караганда көпкө кызмат кылат.
Компаниянын кирешесин бир нече эсеге өстүрүү үчүн кофе, чай, балмуздак жана сергитүүчү суусундуктарды кошуп сатууга болот. Дөңгөлөк үстүндөгү блинчик сатуучу жай кожоюнуна көп киреше алып келет. Бул тармак Орусияда абдан пайдалуу бизнестин бир түрү болуп эсептелинет.



Яндекс.Метрика