mainkaptal
 
  меню
Бизнес идеялар
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Ар бирибиз үчүн өзүбүз жашаган үй күнү бою жумушта кетирген энергиябызды калыбына келтирчү, жанга жакын, көңүлгө тынч жай болуп эсептелинет. Ошондуктан үйүбүздү дайым кооз, жайлуу, жарык жана абдан комфорттуу кылууну каалайбыз.
Бул үчүн мыкты планировкалуу батирди сатып алуу жетишсиз. Ага дагы сапаттуу ремонт жасатып, оригиналдуу, жарашыктуу стиль киргизгибиз келет. Бүгүнкү күндө үйдүн ичин ремонттоо боюнча көптөгөн компаниялар сапаттуу жана квалификациялуу кызмат көрсөтүшөт. Бул жерде атаандаштыктын күчтүү агымы болсо да, көптөгөн ишкерлер ага кирүүдөн жалтанышпайт.
Азыр ремонт бизнестин түрүнө кирбеген, бардык ишкерлер айтылып жүргөндөй "кара схема" менен иштеген убак эчак кеткен. Эми батирлердин ичин ремонт кылуу иши легалдуу колго алынып, тийиштүү лицензияга ээ болду.
Мындай "кара" жана "ак" ишкерлердин ортосундагы айырмага карабай, бул да ал да статустагы ишкерлер сапаттуу кызмат көрсөтүшсө да, көпчүлүк кардарлар легалдуу эмгекти тандап алышат.
Мындай учурда фирмага салык кызматтары тарабынан эч кандай претензия коюлбайт, туруктуу кардарлар компаниянын жумушчуларына ишеним артышат. Ошондуктан, бизнес баштаганда, алгач ишкананы каттоодон өткөрүп, андан кийин тапшырыктар менен иштешүү керек. Булардын баарына акча төлөнөт, бирок кеткен чыгымдар тез эле калыбына келет.
Имараттын ичине ремонт жасоо боюнча бизнес келечектүү жана кирешелүү болуп эсептелинет, буга бир нече себеп бар. Биринчиден, борбордук аймакты алганда деле, бул жерде көп кабаттуу батирлер абдан көп салынгандыктан, алардын баарын ремонттоо иши базардын жык толгонуна карабай баарына жетет.
Экинчиден, азыр көпчүлүк курулуш компаниялары батирлерди анча -мынча ремонту менен, же такыр эле ремонтсуз, курулуштан кийинки көрүнүштө эле беришет, ошондуктан алардын ээлери ремонт кылчулардын кызматынан пайдаланууга аргасыз.
Үчүнчүдөн, ички ремонт кылуу кызматы экинчи жана биринчи сорттогу турак- жайларга талап кылынат.
Популярдуулуктун төртүнчү себеби ар бир батир туруктуу түрдө ар бир 7-10 жылда сапаттуу оңдоп -түзөөгө муктаж.

Батирлерди ремонттоо иши менен алектенген компания косметикалык, "люкс" жана "үнөм" класстагы ремонт боюнча кызмат көрсөтөт. Албетте, косметикалык ремонт бул эң бир арзан вариант, бирок ага убакыт да бир топ аз кетет. Баасы боюнча орточо болгон вариант - үнөм классы калктын социалдык бардык катмарына жетимдүү болгон ремонт.
Так ушул үнөм класстагы ремонт потенциалдуу кардарлардын арасындагы таңкыс болгон кызматтардын катарына кирет. Эң кымбаты люкс классындагы ремонт, ага оригиналдуу дизайн менен эсклюзивдик сапаттуу материалдар колдонулат. Кандай болбосун, кандай ремонтко кардар кызыкпасын квалификациялуу усталардын сапаттуу иши компанияга олуттуу киреше алып келет.
Бул базарда бир жылдан кем эмес убакыт иштеген тажрыйбалуу ишкерлер "евроремонт" деген сөздү колдонуу туура эместигин айтышат, анткени абдан эски ыкма бул ишти жакшы талдаган адамдардын компанияга болгон ишенимин азайтып, шылдыңдуу жылмайусун жаратат.
Эгер ишкер өзүнүн курулуш жаатынан кабарсыз экенин билдиргиси келбесе, анда ал "евроремонт боюнча кызмат көрсөтүү" дегенден баш тартышы керек.
Батирлердин ичине ремонт жасоо боюнча бизнести уюштуруу үчүн атайын офистик имарат издөөнүн деле кереги жок. Тапшырыктарды телефондон үйдөн деле кабыл алып, керектүү инвентарды жертөлөдө, же гаражда сактаңыз. Анын шарапатынан ижарага төлөнчү акчаны үнөмдөп, кирешени көп табасыз.
Учурда натыйжалуу аткарылган тапшырыктын таасирдүү алгоритми пайда болуп, бул ишти тез бүтүрүүгө жана кирешенин өлчөмүн көбөйтүүгө багытталган.
Бул алгоритмдин биринчи кадамы - потенциалдуу кардардан тапшырыкты телефондон алып жана ага бир катар кеңештерди берүү. Андан соң обьектке прораб менен эсепчи, эгер тапшырык берген тарапка кызматы керек болсо архитектор да барат. Андан кийин иштин көлөмүн эсептешип, анын болжолдонгон баасын да чыгарышат. Эсепте эмгектин бардык ниеттелген чыгашасы менен наркы каралышы керек. Эсептин негизинде келишим түзүлүп, үч күндөн кийин обьектиднги иш башталат.
Кирешени көбөйтүүдөгү кызыктуу жана жетиштүү таасир берүүчү ыкма -материалдарды кымбат сатылган базардан эмес, а арзан баадагы дүң саткандардан алуу керек.
Имараттын ичине ремонт жасоо боюнча бизнести жолго салуу үчүн ишкер квалификациялуу адистерди табышы керек. Алар инновациялык технологиянын негизинде иштешип, дайыма курулуштагы жаңычылдыктардан кабардар болушуп, квалификацияны жогорулатуу курсунан өтүп туруулары зарыл. Мындай усталар ишти кылдаттык жана этияттык менен жасашат.
Билип алуу зарыл, курулушчунун катачылыгы менен кетирилген жаңылыштык компаниянын эсебинен кайра жасалат, бул ишкерди ашыкча чыгымга алып келет. Ар кандай иштерди бирдей аткарган "универсалдуу" деп аталган адистерге басым жасоо болбойт. Тажрыйба далилдегендей, бир багытта квалификацияланган адистер менен иштешүү иштин сапатынын жогору болушуна жана ашыкча чыгымдын учурабоого алып келет.
Имараттардын ички ремонтун жасоо боюнча бизнестин дагы бир маанилүү мүнөздөмөсү анын мезгилдик экенине байланыштуу. Жайкы убакта компанияга тапшырыктар өтө көп келет, ага кошулуп, албетте, киреше дагы. А кышында тескерисинче, кардарлар ички ремонт боюнча компанияга аз кайрылышат. Бизнести уюштурууда муну сөзсүз эске тутуу керек.
Бул бизнестеги кирешелүүлүктүн деңгээлин аныктоо кыйын, анткени ал иштин түрүнө жараша өзгөрүп турат. Орточо алганда, ремонттук иштердин кирешелүүлүгү 20 -50 пайыздын ортосунда жылып турат.