PRESSKG.COM

Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript

mainkaptal
 
  меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Тату салону - бул колдонуучлардын кеңири тармагына арналбаган, жетиштүү спецификалык мекеме. Так ошондуктан, улам жаңы жана жаңы кардарлардын келиши менен эле кирешенин өлчөмү көбөйүп кетет деген үмүттөн алыс болуу керек.
Тату салон канчалык ийгиликтүү болоору бизнестин алгачкы уюштуруу концепциясына жана аны баштоо кадамына байланыштуу. Адистер бардык талаптарга жооп берген тату бөлмө ачуу үчүн, орточо эчеп менен 7-10 миң доллар коротконго гана ишкерлер максаттарына жетишет деп айтышат.
Биринчи кадамда, мында да ишкердүүлүктүн башка түрлөрүндөй эле ыңгайлуу имарат табуу керек. Белгилей кетчү нерсе, тату- салондордун имараты көптөгөн талаптарга жооп бериши шарт.
Бир устаттын иштеши үчүн болбоду дегенде 12 чарчы метр аянт керектелет. Анткени, андан аз болсо сапаттуу жана толук кандуу ишти камсыздай албайт. Тату салон орнотулган бөлмөнүн сөзсүз түрдө өзүнчө сыртка чыга турган каалгасы болсун. Дубалдар менен шыптар антисептикалык жабуусу бар, жууганга боло турган материалдар менен капталсын.
Тату салонду уюштурууга кете турган каражаттын көп бөлүгү санитардык- эпидемиологиялык кызматтан уруксат кагазын алууга кетет. Албай коюуга да болбойт, ансыз тату салонду иштетүү мүмкүн эмес. Документтерди топтоо бир канча убакытты талап кылышы мүмкүн, муну бизнести уюштуруу алдында сөзсүз эске алуу керек. Ошондой эле, сертификат алуу үчүн бардык жумушчу орундар тийиштүү деңгээлде болушу жана керектүү жабдыктар менен жабдылышы шарт.
Тату салон кардарларга ыңгайлуу болсун. Негизинен аны кандайдыр бир өзгөчө стилде жасоого аракеттенишип, кайсы бир окуянын, же доордун көрүнүшүн чагылдырышат. Салонду жасалгалоо стили татуировка көп жасаткан туруктуу кардарларды тартууда өзгөчө роль ойнойт. Андан тышкары, тату салон имаратынын сырт тарабына атайын жарнамалык көрнөк илиши керек, бул ары -бери өткөндөрдүн көңүлүн буруп, кардарларды тартат.
Тату салондун популярдуулукка ээ болуусуна адистер бир канча факторлорду көрсөтүшөт. Баарынан биринчи орунда анын географиялык жайгашуусу турат. Имарат элдин агымы көп өтө турган жерге деле көз каранды эмес, бирок, ошол эле убакта шаар ичинде, же шаар сыртындабы, кардарлар коомдук транспортто, же жеке автоунаада барууга ыңгайлуу болгон жерде жайгашканы жакшы.
Салондун ийгиликтүү болушуна сөзсүз түрдө анда иштеген устаттардын кесипкөйлүүлүгү чоң мааниге ээ. Устаттарды тандап алууга кылдат мамиле жасоо керек, анткени өз ишин жакшы билбеген адис, эң бир мыкты жасалгаланган тату салонун да кирешелүү кылууга тоскоолдук жаратат.
Кызматкерлер канчалык деңгээлде адис экенине байланыштуу салондун кирешеси аныкталат. Бардык адистер медициналык кызматкердин орто билимине ээ болушу керек, же ал багыттта окуу курсуна барышсын.
Бир катар ишкерлер бир гана денеге сүрөт тарткан адистер квалификациялуу болсо жетишет деп ойлошот, бирок бул туура эмес. Пирсинг жасаган устат да аны профессионалдуу, оорутпай жана кардардын ден соолугуна зыян келбегидей кылып жасашы шарт. Баса, салонду кайсы жерге жайгаштыруу керек деген маселеге кайта турган болсок, пирсинг салону үчүн жаштар көп жүрчү, алардын көңүл ачуу майрамдары көп өтчү жерден орун тандаган жакшы.
Тату салондун кызматкерлеринин айлык маянасын төлөөнү иштегенине жараша жана сыйлык иретинде жүргүзсө болот. Туруктуу маяна берүү иштин сапатынын ылдыйлашына жана кардарлардын санынын азайышына алып келет. Анткени, канча кардар тейлесе да, ай аягында баягы эле көнүмүш сумманы ала турган кызматкер бара-бара ишке кызыгуусун жоготуп, кардардын келишин эмес, иш күнүнүн тынч өтүшүн каалап калат. Салондун попуялрдуулугу өсүп- тегерене баштаган сайын кызматкерлердин айлык акысын көбөйтүп отуруу кызыктыруучу ыкма болуп эсептелинет. Анда кызматкерлер өз ишинин сапаттуу болушуна астейдил болушат, анткени, иш сапаттуу болгон сайын кардар да көбөйүп, аны менен катар айлык маянасы арбый турганын билишет. Бирок, адистердин белгилөөсүндө, тату салондордо көпчүлүк учурда материалдык максатты көздөбөгөн, өз ишин сүйгөн адистер иштешет.

Тату салондордун иштөөсү үчүн атайын профессионалдуу жабдыктарды сатып алууга туура келет. Буга үч миң долларга жакын акча коротулат. Жакшысы импорттук техника сатып алыңыз, ал сапаттуу жана функциялары да көп.
Жаранама компаниясын ишке салууну да унутпаңыз, мындан көп нерсе көз каранды. Бул аспектиде чыгашанын басымдуу бөлүгү жарнамалык ңиттерди ижарага алууга, маалымат каражаттарына жарнама берүүгө, баракчаларды, плакаттарды, көрнөктөрдү чыгарууга кетиши мүмкүн. Жарнамалар менен алектенүүгө катар эле ар кандай татуфестивалдарга, көргөзмөлөргө, тематикалык семинарларга катышыңыз, бул салондун элге алынышына жардам берет.
Жетиштүү киреше алуу үчүн тату салон күнүнө бештен кем эмес кардарды тейлеши шарт. Күнү бою кардарлар канчалык көп келсе, ошончолук ишкер көп киреше табат.
Кошумча каражат табуунун жолу салондогу мыкты адистер тарабынан өткөрүлчү семинарлар жана квалификацияны жогорулатуу окуулар болоорун да унутпаңыз.
Негизи татудан тышкары популярдуу салондор дүкөн жана мектептей иштешет. Биринчи кезекте бул жерден татуировкага керектеле турган бардык нерсени - жабдыктар, пайдаланылчу материалдарды сатып алууга болот. Эгер тату салон өзүнө мектептин милдетин алса, анда ал жерде көп учурда семинар, тренинг, мастер класстар өткөрүлүп, ар кандай көргөзмөлөр да уюштурулат.
Мындай бизнестин маанилүү өзгөчөлүгү анын мезгилге баш ийгендиги менен байланыштырылат. Сыягы, бул көбүн таң калтырса керек, бирок татуировка жасоо бизнеси чындап эле мезгилдик болуп саналат, жылуу айлардын келиши менен каникул, эмгек эргүүгө чыккандар көбөйүп, кардарлардын саны артат. А кышкы убакта ылдыйлаганы байкалат. Салон устаттарынын айтымында, кышында тату салондон бул искусствонун чыныгы күйөрмандарын гана жолуктура аласың, а моданын таасирине арбалып, келгендер көрүнбөйт.
Мунун баарын талдап чыгып, бир катар эрежелерди сактап, шарттарды карманып, бизнести сапаттуу уюштурганда, тез эле киреше алып келе турганын билүүгө болот.




Яндекс.Метрика