PRESSKG.COM

ActionTeaser.ru - ???????? ???????

mainkaptal
 
  меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Бүгүнкү күндө салтанаттарды аниматорсуз, же оригиналдуу жанрлардын чеберлерисиз элестетүү мүмкүн болбой калды. жакында эле жашообузга кум анимациясы, башкача айтканда, кумга сүрөт тартуу кирди.
Кум шоусу көңүл ачуу индустриясында дароо эле олуттуу орунду ээледи, а азыр да балдардын жана улуулардын чыгармачылык жөндөмүн арттырууга багыталууда.
Анын актуалдуулугунун мисалы кылып, мындай жанрдагы артисттердин кызматын сурангандар жарым жыл, кээде бир жыл алдын ала жазылышаарын айтсак болот.
Ооба, бул жанрды үйрөнүүнү каалагандардын катары күн сайын өсүүдө. Чеберчиликти бир гана жаштар эмес, улуулар да үйрөнүүнү кааларын белгилей кетели.
Кумдун жардамы менен тартылып, тез-тезден өзгөрүп туруучу сүрөт бул жанрдын негизги бөлүгү, туз, кофе жана сүрөтчүнүн сыйкырдуу колдору жагымдуу музыка ыргагында кайталангыс көз ирмемдерди тартуулайт. Анан да сүрөттөр тасмага айланат: анда башкы каармандар, сюжеттер жана кульминация да бар. Кум шоусу биздин планетадагы дээрлик бардык салтанаттарда көрсөтүлүүдө, мейли, үйлөнүү той болобу, бетачаар иш чараларбы, башка салтанаттарды, айтор, элдин көңүлүн ачуунун мыкты ыкмасы табылды.
Кардардын каалоосуна ылайык, аниматорлор уникалдуу картинаны чагылдырышат, баянды кумга сиңиришет, кайталангыс тарых арфанын кылдарынан чыккан ыргактай жагымдуулукка бөлөйт.

Кум шоусунун баасы
Кум үстүндө сүрөтчү саналуу мүнөттөрдө борпоң сүрөттөрдү тартканы үчүн көрүүчүлөр канча десе, ошончо акча берүүгө даяр.
Мисалы, Москвадагы аниматорлордун 8-12 мүнөттүк көрсөтүүсү 19 миң рублга бааланат. Албетте, көрсөтүү узарган сайын, ага төлөнчү акы да көбөйөт. Анан да чыгашасынан качпаган кардар компакт-дисктеги музыканын ордуна жеке ырчыны, же оркестерди чакырат. Бул кымбатка түшөт.
Аниматорлордун прайс-барагындагы баалар кум шоусунун тематикаына жараша коюлган. Эгер кардар каражатын үнөмдөгүсү келсе, өзгөчөлөнгөн көрсөтүүдөн баш тарта алат. Кээ бирлер индивидуалдуу, адаттагыдай эмес көрсөтүүнү самайт.
А мындай көрсөтүүлөр негизинен 10-12 мүнөтүнө 20-45 миң рублдан төлөнөт. Өз ишинин атактуу маэстролору да бар, алардын эмгеги 100 миң рублга чейин жетет. Аларга: Илана Яхава, Артур Кириллов, Ксения Симонова жана башка аниматорлор кирет. Бирок, көпчүлүк кардарлардын андай чоң чыгашага дараметтери жетпегендиктен сүрөтчүлөрдүн, же шакирт чеберлердин кызматынан пайдаланышат.

Кум анимациясы жана event-агентства
Ар бир сүрөтчү дайыма машыгып турууну милдетим деп эсептейт, анткени, колдор акырындык менен ритм сезиминен тайып калышат жана аларды улам жаңы программаларга көнүктүрүү керек. Ошондуктан, ар бир кум аниматоруна топ түзүү, же бир убакта үн режиссеру да, тапшырык берген жана аткарган тараптын ортомчусу да боло турган жардамчы алуу зарылдык жаратат. Кардарлар аниматорду көбүнчө салтанаттарды уюштуруу агенттиктери аркылуу тапшырык кылышат, андыктан event-агенттиктер өз тизмелеринде бир нече аниматорду кармашат.

Кум аниматорлорун кайдан издөө керек?
Кайсы бир салтанаттуу өткөрүүнү пландаганда, чеберлерди кайдан табуу керек деген суроо туулат. Украиналык серепчилердин эсептөөсүнө караганда, алардын өлкөсүнүн аймагында бул жанрдагы 10 миң аниматор бар экен. Орусияда дагы мындан кем эмес аниматорлор иш алып барышат.
Албетте, атаандаштыкты жаратуучу жанр өзүнө чеберлерди тартат, анын катарына көбүнчө мурдагы сүрөтчүлөр, же мультипликаторлор кошулушат.
Көпчүлүк компаниялар кум жанрынын жаңы чеберлерин жаш сүрөтчүлөргө турмуш жолуна жолдомо карматуучу көркөм окуу жайларынан издешет. Анан аларды бир канча убакытка жумуш менен камсыздашат. Ошондой эле көркөм окуу жайлары менен узакка келишим түзүшүп, мыкты студенттерди катарларына тартууга аракеттенишет. Анткени, бул кызмат барган сайын калктын калың катмарына сиңип, кызыгууну көп жаратууда.
Кумга сүрөтт тартуу техникасы оңой-олтоң нерсе болбогондуктан, бул багыттагы таланттуу сүрөтчүнү табуу да кыйын.
А эгер андай талант табылса, дароо агенттик көрсөтүүсүн уюштуруунун бардык убаракерчилигин өзүнө алат. Бир катар аниматорлор агенттиктер менен иштешет, айрымдары дүйнөлүк тармак аркылуу жарнама беришип, өз алдынча иш кылышат.

Кум шоусу үчүн инвентарь
Кум анимациясын өткөрүү үчүн атайын жабдыктар: кум анимациясы үчүн айнек үстөлү, видеокамера, штатив, проектор жана үн жабдыктары керектелет. Эрежеге ылайык, бардык керектүүлөрдү аниматордун өзү, же уюштуруучулар табышат. Жабдыктар кымбат, үстөлдүн өзү эле 5 миң сомдон ашат, а калган жабдыктарды иш талап кылган баада сатып алууга мүмкүн.

Кум анимациясын үйрөтүү бизнеси
Көркөм сүрөт окуу жайларынын билим алуучулары гана аз убакытта кум анимациясын да өздөштүрүп чыга алышат. Кум анимациясы боюнча окуткан студиялар да барган сайын көбөйдү, Москванын өзүндө эле бул жааттагы 7 студия билим берет. Орусиянын аймактарында мындай окуу жайлар 18ге жетет, көп дегенибиз менен акыркы кездерди кум шоусунун сырларын үйрөнүүнү каалагандар да арбыды. Демек, окуу жайлардын бул саны бардык каалоочуларды кабыл ала албайт.
Студияларда улуулар да, балдар да окушат, бирок, басым жаш балдарга жасалат. Белгилей койчу нерсе, балдарын 45 мүнөттөн кум анимациясына жумасына төрт жолу үйрөтүү ата-энеге 3400 рубль чыгаша алып келет. Кум анимациясы - бул бир гана оригиналдуу жанрдын ыкчам өнүккөн түрү эмес, аны менен катар сүрөт тарта билген адамга жеке бизнести калыптантыруунун эң сонун мүмкүнчүлүгү.
Кимдир бирөө бул өнөрдү үйрөнүп, оорчулугу жок иште ай сайын чоң акча табууну каалайттыр. Кумдун пырларынын арасында, жабалактаган көрүүчөлөрдүн көз карашынын алдында иштөөнү жеңил дебес элем.




Яндекс.Метрика