PRESSKG.COM

ActionTeaser.ru - ???????? ???????

mainkaptal
 
  меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Кичи бизнестин идеясы:
суу аттракциондорун ижарага берүү
Ар кандай компанияларда кызыкчылыктын ылдыйлашын жана кызыкчылыктын жогорулашын коштогон маал болот. Көпчүлүк компаниялардын кызыкчылыктарынын мындай өзгөрүүсү мезгилге жараша байкалат.
Учурда суу аттракциондорун ижарага берүү базары бутуна турду. Кл жээгинде жайгашкан дээрлик бардык эс алуу үйлөрүндө ижарага аттракциондорду берүүчү жеке станциясы болот, андан эс алуучулар пайдаланышат.
Сууда сүзүүгө арналган буюмдар жыл сайын популярдуу болууда. Суу станциясын же керектүү каражатты ижарага берүү пунктарын ачууга акча керек, мындай чыгашага бардык эле эс алуу үйлөрүнүн ээлери даяр эмес.
Суу үстүндөгү көңүл ачууларга багытталган ар бир бизнес чоң тобокелчиликти алып жүрөт. Мындай каражаттарды ижарага берүү аба ырайына жараша аткарылат. Буюм же жыртылып, же кайтарылбай жоголуп кетиши да ыктымал. Анын үстүнө мындай бизнестин өзүн актоосу кечеңдейт, а кирешеси анчалык көп эмес.
Анткен менен бул ишти жайкы мезгилде ийгиликке жеткирүү мүмкүн. Башталышында ишке он миң долларга жакын акча саласыз. Базардын катышуучулары өзүнүн мезгилдик станцияларын ачышат, андан соң пляж жээктерине таратышат.
Андан тышкары толук кандуу жабдылган станционардык клубду ачса да болот. Анда спорттук көңүл ачуулар үчүн кеңири ассортименттеги буюмдарды сатып, атайын сатуучу жалдайсыз.
Ижарага берүүнү эки банан, эки гидроцикл жана эки инструктор- кызматкерди алуу менен эле ишке киргизе аласыз. Олуттуу клубда албетте, ижарага жер да берилип, тажрыйбалуу адис коштоп, инфраструктара өнүккөн абалда болсо - бул чоң жетишкендик. Анда сизге жарнама абдан зарылдык жаратат.
Мезгилдик ижарага берүүдөгү негизги чыгымдар каражаттарды сатып алуу, кызматкерлердин айлык маянасы жана жерди ижарага алууга коротулат. Бирок, бир тобокелчилиги - бийлик бутактары каалаган убагында мындай бизнести жаап кое алат. Ошондуктан, ишти баштоодон мурун өзөн жана көл коопсуздугунун нормалары жана талаптары менен жакшылап таанышыңыз.
Анан албетте, ижарага берүүнүн акысы, мисалы, гидроцикл олуттуу клубдун башкы орунунда турат. Ижарага берүү станциясын ачууда жок дегенде эки гидроцикл болушу маанилүү. Аларды он төрт миң доллардын тегерегиндеги акчага сатып аласыз. Отура турган орундугу бар, үч орундуу жана аз кубаттуу гидроциклге басым жасаңыз. Ижарага саатына, же мүнөтүнө канча сомго баалайсыз, аны өзүңүз чечиңиз.
Ар бир аквабайктын жанында айдоочулук укугу бар инструктор болууга тийиш. Аквабайкта айдоону үйрөтүүчү окуу эки миң сомдой болот. Инструктордун негизги тапшырмасы коопсуздук техникасын камсыздоо жана суу коридорунда айдоонун сырларын билүү болуп саналат.
Ал эми эң башкы милдети - аквабайкта сүзүүгө уруксат берилген жерлерди билүү. Ижарага берүү базарынын катышуучулары бир жайкы мезгилде сегиз миңден он миң долларга чейин киреше таба алышат. Бирок, интенсивдүү колдонуудагы аквабайктарга бир мезгилде бир жолу оңдоо иштери талап кылынат.
Эгер сиз олуттуу көңүл ачуудагы бизнести уюштурам десеңиз, анда сизге катер-буксир керек. Адатта жакшы катер - бул ижарага берүүдөгү ийгиликтин кепилдиги, аны менен катар каржылык чыгашанын чоң бөлүгүн талап кылат.
Жаңы катер-буксир отуз миң доллардай баада сатылат, бирок, мурда колдонулган, жакшы акыбалдагы катерди да табу мүмкүн, аны жыйырма миң долларга аласыз. Катерди пайдаланууга алуунун дагы бир ыкмасы - ижара. Аны балыкчылардан табууга болот. Мисалы, Азов деңизиндеги. Ижаранын айлык акысы эки жүз-эки жүз элүү долларга бааланат.

Моторлуу кайыкты сатып алуу бир топ жеңил, ал он миң доллардын тегерегиндеги баада табылат. Бир катар ишкерлер эбактан бери эс алуучуларды моторлуу кайыктарда термелтишет.
Катердин кубаттуулугу канчалык көп болсо, ошончолук көңүл ачуу максатына жетет деген эреже да бар. Катерге "банан", "пельменди" байлап, эс алуучулардын кызыгуусун жаратууга болот.
Суу аттракциондору бири биринен эмне менен айырмаланат? "Банан" - бул кармоочу бар чоюлган резина колбасасы. Аны катер-буксирге кошушат. Эс алуучулардын кеңири аудиториясына абдан бап келет.
Көп орундуу "банандар" да кездешет. Анын баасы үч жүз доллар. Ачык аба ырайында суу үстүндөгү көңүл ачууга жарайт. "Банандагы" он мүнөттүк көңүл ачуу жүз сомдон ашык баага бааланат. А эгер "банандын" отургучу бар болсо, баа кымбаттайт.
"Ватрушка" же "бублик" - бул кармоочу бар үйлөмө тоголок нерсе. Эс алуу ортосундагы оюкка отурат. Анда сүзүү "банандагыдай" эле жүргүзүлөт. "Банандан" айырмасы - бир гана адам батат. Ал толкундарда секирип, термелет.
Парасейлинг - бул парашюта учуруп көңүл ачуучу каражат. Активдүү суу эс алуусунун бул түрү пляждарда жана курорттордо абдан популярдуу. Аны да катер-буксирдин жардамы менен падаланышат. Парашют алты жүз элүү - сегиз жүз кырк еврого сатылат. Ага жараша аны ижарага берүү акысы да кымбат тураарын унутпаңыз.
Сүзүүдөгү эң бир популярдуу каражат катары катамаран эсептелинет. Желимден жасалган эки орундуу шайтан араба миң доллардай турат, ал эми төрт орундуктуусу эки миң долларга барабар.
Кадимки парктарда беш-он катараман эс алуучуларга кызмат кылышат. Андан тышкары калактуу кайыкты да ижарага берүү менен жакшы каражат табууга болот. Калактуу кайыкты сүйүүчүлөр көп, бирок, ага кеткен чыгым үч, же төрт мезгилде гана кайтарылат.



Яндекс.Метрика