PRESSKG.COM

ActionTeaser.ru - ???????? ???????

mainkaptal
 
  меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Даараткана кагаздарынын базарына анализ жасоо. Орто курактагы адамдар азыр деле Советтик Союздун бардык аймактарында даараткана кагазы ойго келбеген жетишкендик катары баркталганын унутушпайт. Дүкөндөргө даараткана кагазы түшкөнүн көргөн адамдар аны мүшөктөп сатып алышчу.
Көчөдө оригиналдуу жасалгасы бар баштык көтөрүп, моюнуна бир рулон даараткана кагазын илип алып бараткан катардагы советтик адамдын сүрөтүн тарткан сүрөтчүлөрдүн эмгеги ойдон чыгарылган эмес, тарыхый факт. Дээрлик ар бир үйдөгү дааратканада даараткана кагазы эмес, кылдаттык менен кыркылган гезиттин айрындылары турчу.
Ал убак кетти, а бүгүн андагы таңкыс товар деген түшүнүк жашообуздан алынды. Туура, акча тартыштыгы пайда болду, бирок, бул башка операнын кайрыгы. Ошондуктан, эгер сиз бул таңкыс акчаны эмгегиңиз менен башка бирөөнүн чөнтөгүнө салып берүүнү каалабасаңыз, жеке ишиңизди ачууга туура келет. Даараткана кагазын өндүрүү сизге туруктуу киреше алып келерин бөркүңүздөй көрүңүз.
Биздин өлкөдө даараткана кагазын өндүрүүчүлөрдүн катары арбын. Сатып алуучулардын да суроо-талабы жогору болгондуктан, өндүрүшчүлөрдүн көптүгүнө карабай, базарда дале орун бар. Анткени, бул товар ар бир адамдын күнүмдүк жашоосуна абдан керек эмеспи.
Суроо-талаптын тенденциясынын өзгөргөнү да байкалат. Адамдар эми бир топ кымбат жана сапаттуу даараткана кагазына басым жасашат, жакында арзан жана сапатсыз даараткана кагазын өндүргөн өндүрүшчүлөргө базарда кылаарга иш жок калат.
Азыр дүкөндөрдүн текчелеринде даараткана кагазынын түрлөрү абдан көп. Бир кабаттуу жана көп кабаттуу, кадимки ак түстөгү, же жашыл, кызыл, сары түстөгү, сүрөт тартылган, сүрөтсүз, жыттуу жана жытсыз, деги койчу, каалооңо жараша миңдеген түрүн кыйналбай табууга болот. Ал турмак банкнот, жаратылыш жана башка толтура сүрөттөр түшүрүлгөн сувенерлик рулондогу даараткана кагаздары кездешет.
Кааласаңыз каардуу жетекчиңиздин, же бизнестеги атаандашыңыздын сүрөтү чегерилген эксклюзивдик даараткана кагазына тапшырык кылыңыз, заматта даяр болот.
Бул жаатта бир нерсени коркпой айта алабыз - даараткана кагазы ар дайым суроо-талаптан четтебейт!

Даараткана кагазын өндүрүү бизнесин эмнеден баштоо керек?
Алгач башталыш капиталды даярдаңыз. Оюнга кошулууга сизден эки миллион сомдой каражат керектелет. Андан соң юридикалык тарап катары катталыңыз. Бул үчүн сизге юридикалык дарек керек болот. Юридикалык дарек катары каалагандай имаратты тандай бериңиз, болгону ал турак-жай эмес, расмий почта дарегин камтысын.
Дагы сизге кагазды өндүрүүгө ылайыкталган имарат зарыл, анда чийки затты жана даяр продукцияны сактоочу жай да болууга тийиш. Жүз чарчы метрлик аянты бар имарат тапсаңыз толук жайгашасыз. Анан каттоо формасын тандаңыз. Оптималдуу вариант - Ачык Акционердик Коому катары катталуу.
Эмне жана кандай кылуу керек?
Башталышында, даараткана кагазын кагаз-негиздемеден жасайсызбы, же чийки заттан каражат үнөмдөп, макулатураны өзүңүз кайра иштетесизби - аныктаңыз. Эгер макулатураны өзүңүз кайра иштетсеңиз, анда аны жөндөгөн дагы бир жабдыкты сатып алышыңыз керек. Имараттын да аянтын кеңейтип, макулатураны кайра иштетүүчү жабдыкты орнотуп, макулатураны сактоочу жай да ачыңыз. Ага албетте, жумушчу күч керектелет. Макулатураны ыпыр-сыпырдан тазалоо иши кол менен жасалат.
Анан кандай кагазды чыгарасыз? Кадимки варианттагы сүрөтсүз, түссүз, ар кандай коздуктарсыз кагазга басым жасасаңыз, анда бир гана маселе калат.
Втулка деп аталчу кагаздын оромунун эң алдындагы катуу түрмөк менен чыгарасызбы, же ансызбы? Негизи, бул мааниге деле ээ эмес. Өндүрүштү убакыт - сааты менен втулка кошууга, же кошпоого өзгөртүп турсаңыз болот, анткени, алардын өндүрүшү бири биринен анчалык деле айырмаланбайт. Даяр втулкаларды сатып алууга да болот.
Даараткана кагазынын өндүрүшү жөнөкөй жана төрт этаптан гана турат:
1. Негиздеме -кагазды барабанга чаптап, блоктон өткөрөсүз, ал кагазды бекем оройт.
2. Кагаз втулкага оролот, же ансыз оролот. (Бул сиздин чечимиңизге жараша)
\3. Кагаз кесүүчү станоктон өтөт, анда стандарттык өлчөмдө кесилет.
4. Даяр продукцияны таңгактоо.
Болду. Жумушчулардын саны сиз сатып алган жабдыктардын түрүнө жараша болот. Автомат жана жарым автомат станоктор бар. Алардын баасындагы айырмачылык төрт жүз миң сомго чейин жетет.

Даараткана кагазын кимге сатасыз?
Эсиңизге түйүңүз - сиз соодагер эмес, өндүрүшчүсүз, ошондуктан, сизге чекене сатуучу эмес, дүң сатып алуучу кардар болот. Аларды кайдан табуу керек?
Жарыялар бар ар кандай гезитти алып, телефондц алыңыз. Бардык дүң базаларга жана сактоочу жайларга чекесинен чалыңыз.
Ошондой эле сатып алуучуларды Интернет аркылуу табуу да мүмкүн. Жолугушууну макулдашып, көрсөтүү үчүн даяр продукциядан бирли алып алыңыз. Же сатып алуучуну ишканаңызга чакырыңыз, бул варианта сиз меймандос кожоюндун түспөлүн берип, товарыңызды сунуштайсыз.
Линияны толугу менен ишке киргизип, бир айда отун тонна чийки затты иштетесиз. Ошондо, бир айда миллион сомдон ашыгыраак каражат топтой аласыз. Бирок, кубанбай кое туруңуз, мында чийки затка кеткен чыгым каралбады, аны, имараттын ижара акысын, электр энергияга төлөмдү, таңгак кагазды, жумушчулардын эмгек маянасын, жармаштыргыч жана башка чыгашаларды чыгарыңыз, андан калган каражат сиздин нак кирешеңиз.

Тажрыйба көрсөткөндөй, даараткана кагазын өндүрүүчүлөрдүн орточо кирешеси айына төрт жүк сиң сомду түзөт. Салык төлөмүн унутпаңыз, аны убагында төлөө ишкерлерге таттуу жана тынч уйкуну камсыздап берээрин баары билсе керек.

Таштандыларды сорттоо жана кайра иштетүү бизнеси
Таштандыларды кайра иштетүү абдан кызыктуу иштердин катарына кирет. Бул өзгөчө адамзатынын артынан толтура таштанды калтырмайын жүрө албаган жашоосунда актуалдуу.
Станислав Лем айткандай, жашоонун маңызы төрөлүп, таштанды таштап, анан өлүүдө жатат. Биз жашоого философиялык көз карашты карманбай, таштанды жалпы адамзатынын турмушунда маанилүү орунга ээ экенинен баштайлы.
Таштандыларды кайра иштетүү экинчи жолу пайдаланууга дээрлик жарактуу жарымфабрикаттарды алууга мүмкүнчүлүк берет. Таштанды маселеси мындай абалда жетиштүү натыйжалуу чечилет, аны менен катар жыйынтыгы кубантаарлык кирешеге ээ болосуз.
Бул планда айрыкча желимге басым жасалат. Желим контейнерлерди кайра иштетип чыгарууда, кайра пайдаланууга толук жарактуу буюм пайда болот жана аны көптөгөн компаниялар чын дилден сатып алышат. Заводдор экинчи пайдалануудагы чийки затты кымбат баада эле алышат. Биринчи колдонуудагы буюмдар кымбат болооруна карабай, экинчи колдонуудагылар да арзан кетпейт, ошондуктан, бул багыттагы ишкер сөзсүз бизнесин бутуна тургузат.
Окумуштуулардын эсебине караганда, бир эле адам жыл ичинде таштандылардын төрт тоннасын гана иштетип чыга алат. Башка эсептерге таянсак, азык таштандылары төрттөн бирин түөзт. Калган 5-10%га кагаздар кирет жана желимдер да таштандыда көп кездешет. Андан тышкары металл, резина, кездеме жана башка ар түрдүү таштандылар да бар.
Эгер мындай таштандыларды жок кылуунун кадимки варианты кечээги күн менен кетип, колдонулбай калды. Адатта таштандыны шаар четине жеткирип, өрттөп салышат. Таштанды менен кошо чөптүү талаалар өрттөнүп, түтүн менен чыккан зыяндуу заттар көп аймакты кучагына алат.
Ошондуктан, таштандыны кайра иштетүү бир топ акылга сыярлык нерсе. Зыянсыздандыруу менен катар таштандыдан акча да жасалат.
Кайра иштетүүнү толук курамын камтыган бир нече заводдор бар. Мындай бизнести баштоо үчүн көп каражат салууга туура келет. Жалпысынан 20 миллион доллар сарпталат, ага толтура жабдыктар жана башка керектүү нерселер сатылып алынат.
Анчалык каражат болбосо, бир топ арзан жолго түшүүүгө да болот, бир гана желимдерди кайра иштетүүнү колго алыңыз. Мындай учурда баштапкы акча коротууда үнөмгө барып, 50дөн 300 миңге чейинки суммага басым жасаңыз. Бул каражат да өтө көп көрүнүшү мүмкүн, бирок, биринчи аталган сумманын алдында "тыйын" көрүнөөрү бышык да.
Ишкананы каттоодо бир катар документ топтоо менен убараланасыз. Бардык формалдуулукту аткарууга үч-төрт ай кетет. Баары туура болушу үчүн экология кызматынан мындай ишмердүүлүктү жүргүзүүгө уруксат алыңыз.
Андан соң ишканаңыз экологиялык талаптарды канчалык деңгээлде аткаргандыгын тийиштүү кызматтар текшеришет. Бул иш чарага да акча сарпталат. Андан ары сизге санитардык, өрт жана башка кызматтар менен макулдашууга туура келет. Бул да чөнтөгүңүзгө зыянын тийгизет.
Ошентип, сиз бардык бюрократиялык тоскоолдуктарды аттап өтүп, керектүүлөрдү жасадыңыз. Эми ишканаңыз үчүн имарат издеңиз. Имарат 300-500 чарчы метрде болушу шарт жана да жүз чарчы метрлик сактоочу жай да керек. Аларды нормаларга жооп бергидей кылуу үчүн үч миң доллар чыгаша чыгат.
Мындай ишкананы шаар борборуна орнотуу туура эмес. Жакшысы, шаар сыртынан же алысыраак аймактардан имарат табыңыз. Имарат табылып, керектүү жабдыктар орнотулгандан кийин чийки затты кайдан табууну ойлонуштуруңуз. Адатта атамекендик өндүрүш арзаныраак бирок сапаттуу жабдыктарды чыгарат.
Жабдыктарды сатып алуугу 50-60 миң каражат коротконго аргасыз болосуз. Чет өлкөлүк жабдыктар мындан да кымбат болоорун эске алсак, сиз бул жактан уттуңуз. Бардык керектүү линиияны түзгөндөн кийин чийки затты сатып алууну жолго коюу керек. Жөн эле ала коюу да мүмкүн эмес, таштандыны аралоо да болбойт. Коммуналдык чарбачылыктан таштандыны иштетүүгө алууга уруксат берилет. Таштандыны чогултуп отурбай сатып алсаңыз, көп эле чыгашаны талап кылбайт, анан да жашыңызга тынч болот.
Андан тышкары сизге кезметтешип иштегенге жумушчулар керек. Адатта кырк чакты адам таштандыларды сорттогонго жетишет.кезметте ондон он бешке чейин адам иштейт. Бардык чыгашаларына карабай таштанды бизнеси кирешелүү болгондуктан, ез эле өзүн өзү актайт.
Таштандыны кайра иштетүүнүн актуалдуулугу абдан белгилүү маселе. Кайра иштетүүчү ишканалар болбогондо, адам өзү чыгарган таштандысына өзү чөгүп кетүүсү да мүмкүн. Биз бир жолу колдонулган нерселерди кайра иштетип, дагы бир жолу колдонууга боло турганын дегеле ойлоп койбойбуз. Экологияны, аны менен катар өзүбүзгө зыян арттырып, өрттөйбүз. Бул каражаттарды, материалдарды жана күчтү куру бекер коротуу.
Андан көрө кайра иштетүү ишканаларын ачууга каражат жумшоо керек. Планетаны таштандыга толтурбай, алардын ар бирин кайра колдонула тургандай кылуу туура. Балдарыбыз жана неберелерибиз бизден кийин бул планетада жашай турганын унутпайлы.


Яндекс.Метрика