PRESSKG.COM

Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript

mainkaptal
 
  меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Мезгилдик болгонуна карабай, квас бизнеси туруктуу өнүгүүнүн үстүндө жана базарды ээлеп алды.
Жайдын ысык аптабында активдүү жарнама компаниялары бул чыныгы орус суусундугун жарнамалашат. Чындыгында, кваста жасалма жыт бергичтер жана өң бергичтер колдонулбайт, бул анын күйөрмандарынын катарын арбытат.
Суроо-талап белгилүү болгондой, сунушту жаратат. Кваска суроо-талап абдан жогору, бул квас бизнесинин өнүгүп-өсүп атканын кабары. Жайдын ысыгы адамдардын чаңкоосун басуучу нерсени издетет. Көбүргөн квастан башка мындай акыбалда эмне жардамга келе алат дейсиз?
Жеке квас бизнесин баштоонун алдында, алгач өндүрүшчү болосузбу, же сатуучубу - аныктаңыз. Анан бир мезгилде сатасызбы, же жыл бою ишиңизди алдыга жылдырасызбы - бул да сиздин чечимиңиз.

Тандап алган жолуңузга карата чоң жыгач челектерди ижарага аласызбы, же сатып аласызбы, белгилүү болот. Бир мезгилде гана квас сатууну чечсеңиз, жакшысы ижарага алганыңыз оң. А эгер жок, квас бизнеси менен туруктуу киреше булагым болот, аны менен жыл бою алектенем деген ой чырамаса, челектерди дароо эле менчиктеп сатып ала бериңиз.
Квасты сатуунун эң бир текшерилген ишенимдүү ыкмасы - дө)гөлөктүн үстүндө сатуу. Бул ыкма жаңы иш баштаган ишкерге бизнеске катталышына жардам берет, бардык жөндөмүн жана аракетин толук колдонуп, туруктуу кардарларды да арттырат. Көчө соодасына камылганы кыштан баштоо керек.
Алдын ала жумушчуларды жалдоо маселесин кароо ашыкчалык кылбайт, соода түйүндөрүн орното турган жер дайындап, квасты өндүрүшчүлөрдү тандаңыз. Популярдуу өндүрүшчүлөргө кезекке тургандар да көп болот.

Андан соз санитардык-эпидемиологиялык кызматынан квас соодасына уруксат алыңыз. Бул үчүн алдын ала тийиштүү документтерди топтоо зарыл. Анан, албетте, квас жыгач челектерин ижарага алыңыз. Азыркы тапта илгерки квас жыгач челектери менен катар заманбап термоцистерналар да колдонулат.
Илгерки жыгач челектерде квас эки күн сакталса, цистернадагы квас беш күнгө чейин бузулбай турат. Ошондуктан, илгерки челектерди сатып алуу пайдасыз.
Анда суусунтуктар узакка сакталбашына кошумча аларды кароо да кыйын. Аны күн сайын жууп туруу талап кылынгандыктан, убаракерчиликтен башыңыз чыкпай калат. Анын үстүнө санитардык- эпидемиологиялык кызматы да жыгач челектерди колдонууну анча колдошпойт. Айрым аймактарда квастарды көчөдө сатууда илгерки жыгач челектерди колдонууга тыюу салынган.
Жумушчулар боюнча маселе бир топ олуттуу. Сатуучулардын бардыгы тең колдоруна тийиштүү санитардык китепчени алышы зарыл. Анан да сатуучулардын ишенимдүүлүгү, абийирдүүлүгү да орчундуу роль ойнойт, ири шаарларда мезгилдик жумушчулар көп - алар башка аймактардан келишип, жай мезгилинде акча табуунун камылгасын көрүшөт. Ошондой жумушчулардын арасында түшкөн акчаны алган бойдон качып кеткендер көп кездешет.
Мындай кырдаалга кабылбаш үчүн жумушка башка аймактан келгендерди албаңыз, анан да алкоголдук көз карандуулугу барлардан да оолак болуңуз. Түнт жана кем сөз сатуучулардын да кереги жок. Сатуучулукка жакшы жарайт деп мектеп окуучуларынын, же үйүнүн жанына челекти коюп, квас сата берүүчү пенсонерлердин талапкерлигин сунуштайбыз.
Жумушчуларга эмгек акысын мындайча төлөңүз: сатыктан түшкөн акчадан пайыз коюп, кошумча жумушка чыкканы үчүн кайсы бир чектеги сумманы айтыңыз. Квас сатуунун күн тартиби: эртең мененки саат сегизден кечки сегиз-тогузга чейин. Жамгыр жааган же суук күндөрү соода токтойт. Квас челектерин коюу май айынан башталып, сентябрь-октябрдын аягына чейин уланат. Баары аймактын климатынан жана аба ырайынан көз каранды.
Текшерүү кызматтарынан пайда болчу маселелерден качуу үчүн ар бир соода түйүнүнө анын ээси тууралуу толук маалымдама, соода-сатыкка уруксат берген тийиштүү кызматтардын тастыктамаларынын көчөрмөлөрүн коюп коңуз. Андан сырткары сатуучунун аты-жөнүн жазып, ар кандай талаштуу учурларда чалууга мүмкүн болгон телефон номерди калтырыңыз.
Соода түйүнү колдонулган стакандарды таштоого тандашты чака, күндө калкалоочу чоң чатыр жана сатуучуга орундук менен камсыздалсын.
Адамдардын күчтүү агымы болуп турган жер ийгиликке өбөлгө түзөөрү айтпаса да белгилүү эмеспи. Парктар, гүлбактар, өзөндүн бойлору, аялдамалардын жаны жана базарлар сооданын өзөгү. Заманбап шаарда квас сатылбай турган жерлер бар деп айтуу кыйын. Ошондо дагы мүмкүн болушунча адамдар абдан көп өткөн жерди тандаңыз.
Бизнеске олуттуу мамиле жасап, жанталашып аракеттенсеңиз, бир мезгилде эле чөнтөгүңүздө кыйла кампайтып алууга мүмкүнчүлүгүңүз бар.
Бүгүнкү күндө салтык жыгач челектердин салмактуу атаандашы пайда болду, акырындык менен жыгач челектер базардан четтетилет. Ал атаандаштын аталышы - кеги. Кеги деп аталган квас сактоочу чоң идиштерге 30дан 50 литрге чейин суусундук батат жана ал төрт айга чейин бузулбай сакталат.
Кеги андан тышкары соода түйүндрүнө ташууда жыгач челекке караганда абдан ыңгайлуу. Жыгач челекти автоунаага салып, күйүчү май кетирип, бир орундан экинчи орунга жылдырса, кеги бир катам менен эле бир нече соода түйүндөрүн кыдырып чыгат.
Бул өз кезегинде суроо-талаптарды көп канааттандырууга алып келет, а көп канааттандыруу каражат болуп агылат. Кечинде квас сатылбай артып калса, эртеси күнкүгө чейин кегинин ичинде курамын өзгөртпөгөн бойдон сакталаарына кепилдик бар.
Соода түйүнү жөнөкөй көрүнөт - үстөл, текчеси жана муздатуучу аппараты бар араба, анын үстүндө эки чоргоосу бар кеги.
Муздатуучу аппарат керектүү температураны кармаганга жардам берет, мындан улам суусундук жылыбайт, ал эми жыгач челектеги квас кечке жуук абанын температурасын өзүнө сиңирип, сырт кандай үп болуп турса, так ошондой жылуу тартат.




Яндекс.Метрика