PRESSKG.COM

ActionTeaser.ru - ???????? ???????

mainkaptal
 
  меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Заманбап базардын өнүгүү тенденциясын эске алганда курал-жарак сатуучу жеке дүкөндү ачуу барган сайын көптөгөн ишкерлерди кызыктырып баштады. Жакныкы кездеги эсептөөлөргө караганда, мындай бизнестин кирешелүүлүгү 49 пайыздан ашат, бирок, жыл өткөн сайын бул көрсөткүч болжол менен 5 пайызга өсөт.
Көптөгөн ири шаарлардагы курал-жарак базарынын түзүмү көрсөткөндөй, ал мыкты репутациясы бар компанияларга ылайыктуу, ошондуктан бул базарга аралашып кетүү татаал.
Адатта курал-жарак бизнесине мурда ушундай дүкөндө иштеген, бул жааттагы көптөгөн тааныштары бар жана потенциалдуу жеткирүүчүлөрдү тааныгандар, ошондой эле бизнестин бул түрүн абдан терең түшүнгөндөр гана келет.
Андан тышкары курал-жарактар дүкөнүнүн ээлери көбүнчө укук коргоо кызматтарынын кызматкерлери болушат, аларга мындай ишмердүүлүктү жүргүзүүгө лицензия алуу жеңилирээк.
Негизи эле курал-жарак дүкөнүн ачуу үчүн жергиликтүү Ички Иштер Башкармалыгынан жана шаардык бийликтен уруксат алуу жетиштүү.
Курал-жарак дүкөнүн ачууга даярданып атып, эксперттердин бул 100 миң долларга чейинки каражатты талап кылат деген пикирин да эске алыңыз. Анткени, дүкөнгө көптөгөн ар түрдөгү курал-жарактарды сатып гана албай, имаратты да лицензия берүүчү кызматтардын техникалык талаптарын эске алып жасаш керек. Андан кийин ички жасалгалоо деген да бар. Сатыкка сапаты мыкты куралдар гана алынып келинет.
Курал-жарак дүкөнүн ачуу үчүн аянты орточо эсеп менен 150-170 чарчы метрди түзгөн атайын имарат керек. Кээде 120 чарчы метр да жетиштүү болот. Бардык товарлар сатып алуучулар жана дүкөндүн сатууучу үчүн ыңгайлуу болгудай тизилиши шарт.
Ишкер 200 чарчы метрлик чоң аянттуу имараттын ээси деп коелу, анда дароо бир нече соода залын даярдоо керек. Биринчи аңчылыкка керектелүүчү куралдар сатылса, экинчисинде согуш куралынын макети, үчүнчүсүндө пневматикалык курал, куралдардын акссесуарлары ж.б. багытта улана берет. Бир катар курал-жарак дүкөндөрү куралдарды үй шартында сактоого темир сейфтерди да сунушташат.
Учурда курал-жарак дүкөнүн иштеткен ишкерлер куралдарды тизүүдө эки популярдуу вариантты колдонушат. Биринчисинде, алар куралды дубалдын ачык бооруна илишет. Ошол эле маалда товарды сатып алуучуга көрсөтүүчү сатуучу болушу шарт. Экинчи вариантында курал айнек текчелерге тизилет.
Бүгүнкү күндө пирамида түспөлүндөгү текчелер көп колдонулат, анда куралдар ар башкача болуп илинет. Сатып алуучуга бул куралдарды абдан кылдаттык менен карап, майда - чүйдөсүнөн бери таанышып чыгууга шарт түзөт.
Курал-жарактарды айнек текчелерге тизүү боюнча экинчи вариантты тандап алсаңыз, анда сиз текчелерди сатып алууга кошумча чыгашага туш келесиз, андан соң аларды талкалануудан сактоо, коопсуздугун кароо сыяктуу маселе башталат. Айнек текчелер ок өтпөгөн калыңдыкта болушу шарт жана аларга сигнализация да орнотуу керек.
Көңүлдү өзүнө буруп тургандай бай интерьерлүү дүкөндөр популярдуулукка тез жетишишет. Сатып алуучунун ишенимине кирген дүкөн табигый дарактарды, терилерди жана металлдарды пайдалануу менен ички жасалганы ишке ашырат. Соода залы жарык болушу шарт.
Курал-жарак дүкөнүнүн популярдуулугун арттырып, кирешени көбөйтүү үчүн көптөгөн ишкерлер өзгөчөлүү маркетингдин кадамга барышат - дүкөндөн анча алыс эмес жерге тир орнотушат. Ал жерден сатып алуучулар куралдын жарактуулугун текшере алышат. Кээде тирге мурда ок атуу менен алектенип жүргөн адамдар келишет, кызыгуусун туудурса дүкөнгө да баш багышат, балким курал сатып алышып, сиздин кардарыңыга айланышат. Курал-жарак дүкөнүнүн кардарлары мына ушундай жол менен да көбөйөт.
Курал-жарак дүкөнүнүн кардарларын арттыруунун дагы бир жолу бар - ал дүкөндүн алдында аңчылыкты сүйүүчүлөр клубун ачуу. Бул клубдун мүчөлөрү өздөрүнүн арсеналын тез-тезден толуктап турушат, анын баары сиздин чөнтөгүңүзгө акча болуп түшөт.
Биздин өлкөдө курал-жарак дүкөнүнө бир катар катаал талаптар бар. Биринчи кезекте соода имаратын сөзсүз түрдө өрт өчүргүч жабдыктар менен камсыздоо керек. Дүкөндө өрт сигнализациясы үзгүлтүккө учурабай дайым иштеп тургандай болсун.
Дүкөндүн стабилдүү иштеши үчүн электр кубаттуулугунун кошумча булагын пайдалануу зарыл, ал авариялык учурларда жана башкы тармак өчкөндө ишке кирет. Бардык терезелер, мейли ал кадимки терезе болобу, же вентиляциялыкпы, сөзсүз түрдө сыртынан темир тор кадалсын.
Башкы маселе курал-жарак дүкөнүнүн ассортиментинде турат. Кирешенин көп бөлүгү өзүн өзү коргоо жана согуш куралдары сатуудан түшөт. Ошондой эле кымбат баалуу аңчылык мылтыктарына да суроо-талап күчтүү.
Курал-жарак дүкөнүнүн ээлери негизинен атамекендик өндүрүштүн аңчылыкка пайдаланчу "дробовик" деп аталган мылтык менен дүрбүсүн сатып алышат. Импорттук куралдар кымбат турат, а сапаты жагынан экөөнүн айырмасы деле жок.
Албетте, сатыктагы куралдардын айрымдары элита классына таандык болушу мүмкүн, бирок бардык текчелерди мындай кымбат куралдар менен толтуруу болбойт.
Бул биринчи инвестициянын көлөмүн бир топ чоңойтот жана дүкөндүн соодасынын жакшы жүрүүсүнө терс таасирин берет. Өзүн коргоо багытындагы куралдардын түрлөрү канчалык көп болсо, дүкөндүн кирешеси да ошончолук өйдөнү карай өсөт деп ишене бериңиз. Адата кирешенин басымдуу бөлүгү электрошокерлерден, газ баллондордон, куралдын макеттеринен жана башка өзүн коргоо жаатындагы куралдардан түшөт.
Курал-жарак дүкөнүнүн өзүн актоосуна орточо эсеп менен бир - бир жарым жыл кетет. Бизнести сапаттуу уюштуруу менен аз убакытта кирешелүү тармакка айлантып алса болот.



Яндекс.Метрика