PRESSKG.COM

ActionTeaser.ru - ???????? ???????

mainkaptal
 
  меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Көлмө же акы төлөнчү балык уулоону кантип уюштурууга болот? Эгер сиздин тааныштарыңыздын арасында балык уулоонун күйөрмандары бар болсо, балык уулоо акыркы убактарда ырахатты азыраак бере баштаганын угуп калгандырсыз. Анын баары балык кайырмакка анда-санда гана түшүп калды.
Буга экологиянын начарлашы, балыктардын санынын азайышы, броконьерлердин көбөйүшү жана тазалыктын сакталбаганы күнөөлүү. Анан да тор менен балык кармаган балыкчылардын да айыбы бар.
А чыныгы ырахат достор менен таза абада, өзөн боюнда отуруп, жеңил сырадан ичип, кайырмакты сууга ыргытканда жатпайбы.
Балык уулоодо бир да жолу болбогон адам кайырмакты көлгө ыргытып, ал оордой түшкөндө тартып чыгарып, бултактаган балыкты алуу кандай ырахат экенин түшүнбөйт. Ушул убакта эркектерде миңдеген жылдар бою жашап келаткан инстинк пайда болот. Термелген, жел, таза аба, кайырмак анан балык.
Эх, балык уулоого баргым келди!
Бирок ырахаттан тышкары бул процесстен акча табууга да болот. Ынтызарланган балык уулоочулар бизде жетиштүү, бул ырахаттын кумарына берилгендердин саны көп. Алар көлмөдө балык кп болсо, азгырыкка кабылгандай айланып келе беришет. Биз азыр жеке көмөдөгү акы төлөнчү балык уулоо тууралуу кеп кылабыз. Бул иш чаранын негизги багыты көлмө, көлдү уюштуруу жана ага балык салып, аны кармоону акы төлөнчү кылуу болуп эсептелинет. Эми баарын жайыраак түшүндүрөлү.
Бул бизнес үчүн эмнелер керек?
Бизнести уюштуруу үчүн биринчи кезекте, ААК же Жеке Ишкананы катттоодон өткөрүү зарыл. Каалооңузга жараша жана беттеген бизнестин түрүнө ыңгайлаштырыңыз. Керекке жарабай турган көлмөнү анын ээсинен ижарага алсаңыз да болот.
Бул ыкманын негизги кемчилиги жарым жылга ижарага алуу үчүн келишим түзүп, бизнесиңизди өнүктүрүүнүн үстүндө иштейсиз, жаңы балык уулоочуларды өзүңүзгө тартасыз.
Жыйынтыгында сизде, Павлов иттериндей эле "сиздин көлмө - балык уулоого ыңгайлуу" рефлексии иштелип чыгат. Баары сыягы идеалдуу болгонсуду, бирок биз сизге көлмөнү ижарага берген адамды унутуп калдык, ал сиздин ишиңиз ийгиликтүү кетип атканын көрүп, эмнеге өзүм ушуну жасасам болбойт деген ойго тушугушу мүмкүн. Ошентип, себепсиз эле келишимди жарым жылдан кийин узартпай коет. Сиз ага бардык сырларды билдирип, көлмөгө каалоочуларды тартып, анан эч нерсеси жок куру кол калып кетесиз.
А ал болсо, даяр бизнеске ээ болуп, бир гана көлмөнү жакшы акыбалда кармоо милдетин гана аткарып калды.
Юридикалык жактан алганда баары жылмакай. Ошондуктан сиз бул бизнес менен олуттуу алектенүүнү кааласаңыз, эринбей биринчи кезекте өзүңүз үчүн бизнес- план түзүңүз. Керектүү нерселердин баарын майда-чүйдөсүнө чейин жазып, ойлонуңуз да аларды ишке ашырууга багыт алыңыз.
Мен көлмөнү толугу менен сатып алууну, же аны нөлдөн баштап өзүңүз уюштурууну сунуштайт элем. Экинчи вариант бир топ жеңил болот, бул үчүн кооз пейзаждагы ылайыктуу жер тилкесин сатып алып, ага жасалма көл орнотуңуз.
Бул кантип жасала турганын билгиңиз келсе, интернеттен таап окуңуз, мындай материалдар ал жакта сандаган. Ал турмак мындай иш менен алектенчү фирмалар да бар. Бирок, алар декоративдик көлмөлөрдү жасашат, бирок ал колунан келген фирмаларга кадимки жасалма көл орнотуу деле кеп эмес болсо керек.
Жасалма көлмөнү жасоодо балык кармоо үчүн, башкы маселе курулушта эмес, документтерди топтоп, керектүү уруксаттарды алууда турат.
Көлмө орнотула турган жер караган жергиликтүү бийликтен уруксат алып, экологиялык текшерүдөн өтүп, ал жердин балык өстүрүүгө канчалык деңгээлде шарттарга жооп берерин далилдейсиз. Андан тышкары ӨКМдан да уруксат алыгш керек. Коопсуздук баарынан жогору турат да.
Эгер сиз балык уулоонун күйөрманы эмес, чыныгы ишкер болсоңуз, балык тууралуу эч нерсе билбесеңиз, адистер менен кеңешиңиз.
Же балык чарбачылыгында иштеген адистерди жалдасаңыз да болот, алар сизге чогуу жашай ала турган балык түрлөрүн тандашууга жардам беришет. Андан сырткары балыктарга берилчү азыктарды алууга да кеңеш беришет, бул сиз үчүн абдан баалуу кеңеш болот.
Ошондой эле балык уулоонун күйөрмандарынан акыл суроого да мүмкүн. Бул бизнес менен жан баккандардын бардык сыры ачык айтылбаса да, алардын ишине көңүл коюп кароо менен өзүңүзгө керектүү нерселерди таап аласыз.
Биз көлмөнү нөлдөн баштоо вариантын карадык. Мамлекеттик көлдөрдү ижарага алуу кандай болоорун карайлы, бирок бул жерде бир катар тоскоолдуктар бар. Бул бизнестеги эң татаал нерсе бардык инстанциядагы чиновниктер менен бирдей тил табышуу кыйынга турат.

Бир аз маалымат:
1. Суу ресурстары үчүн суу чарбачылыгынын Мамкомитети жооп берет
2. Балыктарды кармоо квотасы үчүн балык чарбачылыгынын Мамкомитети жооп берет
3. Ижарага жергиликтүү өзүн өзү башкаруу башкармалыгы жооп берет
Бизнестин башталышында жетиштүү чоң суммадагы акча жана абдан көп нерв керектелет. Бирок, балык көлмөсүнөн түшкөн киреше 50%га жетет. Демек, баш оорунун ошончо акталчу себеби бар.
Бирок, көлмөнү уюштуруу иштин биринчи жарымы гана. Сизди эми аны балыка толтуруу, болгондо да балык уулоочулар балаган түрүнө толтуруу иши күтүп турат.
Муну билүү кыйын эмес: балык уулоонун күйөрмандарынан эле сураңыз, эркектер негизинен балык темасына баш-оту менен кирип, айтып беришет. Ошондуктан алар кандай балыкты кармаганды каалашарын билип алуу беш мүнөттүк иш.
Экинчиден, бул тууралуу маалыматты интернеттен табууга да болот, же тематикалык форумдарга суроо таштаңыз. Кыскасын айтканда, варианттар толтура.
Андан ары балык сатып алып, көлмөгө кое беребиз. Адистен кеңешин так аткарып, бири бири менен чогуу жашай ала турган түрлөрдөн алыңыз.
Эми балыктарды азыктандыруу маселеси калды. негизи кичинекей балыктарга караганда чоң балыктарды тамактандыруудан көбүрөөк ырахат аласың. Бирок, азыкка жакшылап мани берсеңиз, толук кандуу тамактандыруу менен кичинекей балыктарды да тез эле чоңойтуп алууга болот. Мында да адистер менен кеңешүүнү унутпаңыз.
Эске алыңыз, балыктар канчалык чоң жана саламаттыгы чың көрүнсө, балык кармоочулар ошончолук канааттанышат, бул сиздин чөнтөгүңүзгө пайда келтирет. Эгер ишенбесеңиз, карасиктерди көлмөгө толтуруп, эмне колуңузга тийсе, ошону менен азыктандырыңызчы, мен бизнесиңиз кантип өнүгөөрүнө көз салып турайын.
"Балык кармоочуларга үнөмдөбөш керек" деген башкы эрежени эске тутуңуз. Эгер аларга сиздин көлмө жаккан болсо, лотореянын утушу сиздики, кийинкиде досторун, тааныштарын ээрчитип келишет. Алар да өз кезегинде дос-тааныштарына сиздин көлмөнү айтып, чакырышат. Ошентип, кардарларыңыз барган сайын көбөйүп, кирешеңиз арта берет.
Акырында бир нече кеңеш айтайын:
1. Көлмө дайыма тазаланып турсун
2. Балыктар башка тирүү жандыктар сыяктуу эле ар кандай эпидемияларга учурашат, ошондуктан, аларды текшертип туруңуз
3. Бир көлмөдө бири бири менен тил табыша ала турган балыктарды гана кармаңыз жана алардын санын так билиңиз
4. Мезгилдик факторлорду да көңүлгө алыңыз
5. Көлмөгө келчү жолду жакшыртыңыз
6. Көлмөнү ири шаардан анча алыс эмес жерде жасаган бир топ туура. Бул болжол менен 30-40 км болсун. Андан алыс болсо, жетүү кыйынга турат. Демек, потенциалдуу кардарлардын көбү жолдун алыстыгынан жакынкы көлмөлөрдү тандашы мүмкүн.
7. Балыктар көлмөдө жылы бою болушу абдан маанилүү
Бул бизнес ресторан бизнеси сыяктуу эле. Же убакыттын өтүшү менен көңүл ачуучулардын сүйүктүү жайына айланат, же атаандаштарга алдырып, жабылат…

Дүкөндү кантип ачуу керек: кадамдык инструкция
Дүкөн киреше алып келиши үчүн эмнелерди эске алуу керек? Дүкөндү кантип популярдуу кылса болот? Бул жана башка суроолорго төмөнкү макаладан жооп табасыздар.
Бир карашта дүкөн ачуудан өткөн оңой нерсе жок. Бирок, бул 99% жаңы ишкерлер туш келген терең жаңылышуу. Дүкөн ачуу чечимиңиз пайда болоору менен сизде жооп табылбаган бир топ суроолор пайда болсо керек. Бирок, аларга жооп издеп атып сиз бизнесиңизди ийгиликке жакындаштырып, старт алдында кездешү ар кандай жагымсыз тоскоолдуктардан арачылай аласыз. Ошондой эле кыйынчылык дүкөн ийгиликтүү иштеп аткан учурда да жаралбай койбойт.
Ылдыйда биз сизге бизнес баштар алдында пайда болчу суроолордун тизмесин жазып, ага жооп да камдадык.

Кадам 1.
Дүкөндө сатылчу товарлардын түрү
Ар бир жаңы иш баштоочу ишкердин алдында турчу эң башкы суроо: эмне сатуу керек? Дүкөнүңүздө кандай товар сатылаарын сиз гана чече аласыз. Бул сиз жашаган шаар, аймактын өзгөчөлүгүнө жараша болот.
Калктын суроо-талабынан жана сиздин жеке каалооңуздан чечим чыгарылат. Кандай товар сата турганыңызды аныктаган соң кийинки суроого жооп бериңиз: сиз сатууга даярданып аткан товарга суроо-талап көп болобу? Атаандашыңыздын товарынан сиздин товар айырмаланабы? Дүкөн кандай өлөмдө болот? Бул бир дүкөнбү, же дүкөндөр тармагыбы? Сооданын формасы канлай болот? Дүкөн кайсы жерде жайгашат?

Кадам 2.
Потенциалдуу кардарларды тактоо
Идеяны тандап алгандан кийин сизге потенциалдуу кардарларыңыз кайсы катмардын өкүлдөрү болот деген суроого жооп берүү керектелет. Жакшылап ойлонуп, жазып чыгыңыз. Сатып алуучулардын орточо статистикалык портерин түзүңүз. Эмнеге алар сиздин дүкөндөн соода кылышат? Жакынкы үйлөрдүн тургундары, потенциалдык кардарлар менен сүйлөшүңүз, аларга кандай дүкөн, кандай товарлар жетишпей атканын сураңыз. Кошуна аймактагы элдин басымдуу бөлүгү эмне менен алектенерин иликтеңиз.

Кадам 3.
Товарлардын ассортименти
Сиздин кадамдык инструкцияңыздагы кийинки кадам - ассортимент. Сиздин текчелерди кандай товарлардын ассортименти болот? Атаандаштарыңыз кандай ассортименттерди сунуштап атат? Эмнеге суроо-талап көп да, эмнеге жок?
Ассортимент, талашсыз, сатып алуучуларга маанилүү, "канча сатып алуучу болсо, ошончо табит" деген белгилүү макал бар эмеспи. Бирок, аны түз кабыл алып, колбасанын жүз түрүнөн сатып алуунун кереги жок, азыктардын 3-4 популярдуу түрлөрүнүн тизмесин түзүп, сатып алып, аны текчелерге тизиңиз. Убакыттын өтүшү менен кайсы товар жакшы өтөөрүн баамдап, ошого жараша араке кыла бересиз. Ал эми жакшы өтпөгөн товарларды кийин сатып албай эле койгонуңуз оң.

Кадам 4.
Каржы эсеби
Бизнес план түзүүдө бардык нюанстарды эске алууга аракеттениңиз, сиздин басымдуу чыгашаңыз билинбеген чыгымдар менен болушу мүмкүн. Адистер алгач бизнес план түзүп, бардык чыгалашарды көрөтүп, андан кийин алынган сумманы экиге көбөйтүүнү сунушташат. Эми алынган санды карап, дүйөн ачууга мүмкүнчүлүгүңүз жетиштүүбү, же жокпу акыл калчаңыз.

Кадам 5.
Юридикалык аспект
Кыязы, ар бир бизнести уюштуруунун негизги маселеси фирмага керектүү документтерди даярдоо жана каттоодон өткөрүү болсо керек. Документтерди топтоого канча деген убакыт, нерв жана акча кеткенден тышкары, фирманын каттоого алынуусун дагы көп убакыт күтүүгө туура келет.
Бизнести ачып атып ушуларды эске алыңыз. Өзүңүз үчүн бир катар суроолорго жооп табыңыз, фирмаңыздын канча түптөөчүсү болот, дүкөндүн атын кандай атайсыз, кандай салык түзүмүн тандайсыз ж. б. Бул суроолордун баарына жоопту бизнес-форумдардан издеп көрүңүз.
Мындан тышкары бюджеттик эмес фонддордо мисалы: пенсиялык, медициналык, социалдык камсыздандыруу, ошондой эле кайсы банктан болбосун жеке эсеп ачтырып, мөөр жасатышыңыз керек. Дүкөндү ачууда дагы бир катар татаалдыктар пайда болот, ишмердүүлүктүн башка түрлөрүнө караганда. Мисалга дүкөндүн атын жазып илүү, жарнама шити катары эсептелинип, ага да тийиштүү уруксат алышыңыз керек.
Бул үчүн арыз жазышыңыз керек. Каттоо картасын, фирманы ачуу боюнча күбөлүктүн көчүрмөсүн, аны алгач нотариустан тастыктатып алыңыз, анан дүкөндүн аталышынын эскизин, дүкөндүн түстүү сүрөтүн ж.б.
Андан тышкары, Мамлекеттик өрт кызматынан жана санитардык- эпидемиологиялык кызматтын корутундусун алыңыз. Касса аппараттарын колдонууга да уруксат алууну унутпаңыз.

Кадам 6.
Дүкөндүн аталышы
Дүкөндүн аталышынын таасири да аз эмес. Сиздин дүкөнүңүзгө кандай ат жарашат? Бейтааныш адамдарга аталышты айтып, аларда кандай таасир бергенин сураңыз. Фирманы кантип туура атоо керек жана эмнени жасабоо керек деген темадагы макалаларды окуңуз.

Кадам 7.
Дүкөн жайгашкан жерди тандоо
Дүкөн жайгашкан жерден ага кирген кардарлардын санын көптүгү, же аздыгы көз каранды. Эгер аз адам өткөн жерди тандасаңыз, анда бир- эки жолу кардарлар кирет да, ошону менен унутуласыз. Көп кабаттуу үйлөрдүн, турак-жайлардын жанында, аялдамалардан алыс эмес жерлерде жайгашкан дүкөндүн соодасы жакшы жүрөт.

Кадам 8.
Дүкөндүн дизайны
Дүкөндүн курулушун баштаганга чейин же ижарага алууга имарат тапканга чейин дүкөндүн дизайн планын түзүү керек жана анын интерьерни. Аны стандарттык каражаттар менен жасоого мүмкүн, кагаз жана карандаш менен. Заманбап техниканы да колдонууга болот компьютер жана атайылаштырылган программалар менен.

Дизайнерлердин алдына конкреттүү тапшырма коюу керек. Дүкөн кандай көрүнүштө болушу керек, анда текчелер кандай орнотулушу керек -баарын ойлонуңуз. Өзүңүздү сатып алуучунун ордуна коюңуз. Ички дизайнды гана эмес, сырткы дизайнды да эске алыңыз. Ага аталыш жазылган көрнөктү жана сырткы жарнаманы да кошуңуз.

Кадам 9.
Дүкөн үчүн имарат издөө
Имараттын дизайны менен болжолдуу түрдө тактагандан кйин өз алдыңызча курасызбы е ижарага аласызбы ылайыктуу жа издөөгө туура келет. Сизге кызматтык эшиги да болушу керек ал аркылуу товарларды дүкөнгө алып киресиз. Бир жагында сатып алуучулар кире турган параддык эшик болсун. Дүкөндүн айланасында автоунааларды токтоотучу жай жана абдан таза, тыкан көрүнүшкө ээ болушу шарт.

Кадам 10.
Дүкөндүн жабдыктары
Дүкөн үчүн соода жабдыктарынын ролу абдан чоң. Азыр базарда дүкөндөр үчүн кымбат эмес ошол эле кезде сапаттуу жабдыктар көп, ошондуктан бул маселеде кыйынчылык болбойт. Сизге алардын арасынан дүкөнүңүздүн дизайнына туура келчүлөрүн тандап алуу гана керек болот.

Кадам 11.
Товар жеткирүүчүлөр
Жеткирүүчүлөрдөн дүкөнүңүздөгү товарлардын сапаты көз каранды. Алардын тандоосуна адан кылдат мамиле жасаңыз. Эгер сизде бир нече жеткирүүчү тааныштар болсо, эмнеге арасынан бирөөсүн тандап алганыңызга жакшылап баам салыңыз. Ага канча пайыз ишенүүгө болоорун жана анын товарларынын канчалык деңгээлде мыкты экенин да иликтеңиз.


Кадам 12.
Логистика жана товарлардын эсебинин түзүмү
Жеткирүүчүнү тандаганыңыздан кийин товарды жеткирүүнү графигин түзүңүз. Алып келинүүчү товарды ар кандай кырдаал үчүн камсыздандырып коюу туура. Өзгөчө бул товарлар алыскы шаарлардан алынып келинип, көп убакытты талап кылса абдан актуалдуу. Дайыма товардын эсебин алыңыз, түгөнүп бараткан товарларды дароо жаңылаңыз.

Кадам 13.
Товарлардын ички жасалгалоосу жана аларды жыйноо
Мерчендайзингдин эрежелери менен таанышсызбы? Бул эмне деген илим экенин билесизби? Эгер жок деп жооп берсеңиз, анда тренингдерди барып, китеп окуңуз. Же ал жакка кызматкериңизди жөнөтүңүз. Аларга сизге караганда бул нерсе көп керектелет. Ал үчүн камкордук көрүңүз. Жарнамасы күчтүү продукциялар бардык товарды жаап салбасын. Эл аз алган товарларды ачыгыраак, көрүнүктүү жерлерге коюуну үйрөнүңүз.

Кадам 14.
Дүкөнгө кызматкерлерди алуу
Башка факторлордон тышкары дүкөндүн сатуучуларынын кңп нерсе көз каранды болуп, кардарлардын келиш-келбеши байланышат, бул ңз кезегинде сиздин чөнтөгүңүзгө да таасирин тийгизет.
Жумушка тааныштарды, же тааныштар сунуштаган адамдарды алуу жарабайт. Көчөдөн бир көргөн адамды да ала калбаңыз. Мүмкүн болушунча профессионал сатуучуларды тандап, шайыр, элпек мүнөздүүлөргө басым жасаңыз. Сатуучулардын ишинин сапатын көзөмөлгө алуу үчүн жашыруун сатып алуучу кызматынан пайдалансаңыз болот.

Кдам 15.
Сатуучуларды окутуу
Эгер сиздин дүкөнүңүздө бирден ашык сатуучу иштей турган болсо, анда аларды окутуу талапка ылайык. Дүкөнүңүздөгү сатыла турган товарлардын артыкчылыктарын айтып берип, сатып алуучуларга кандай мамиле жасоо керектигин үйрөтүңүз. Бул таң калыштуу угулушу мүмкүн, бирок биздеги дүкөндөрдө кандай сатуучулар тураарын кңргңн адам кардарга жакшы мамиле жасоодон баары баштала турганын билет. Сатуучулардын жөн эле сатуучуну эмес, бүтүн жамаатты түзгөнгө аракеттениңиз.

Кадам 16.
Дүкөндүн жарнамасы
Сооданын жүгүртүүчүсү жарнама экенин билчү белеңиз? Дүкөнүңүзгө кардарларды кантип чакыруунун ыкмаларын ойлонуштуруңуз, ал үчүн кандай жарнама колдонуу керек? Дүкөн үчүн жарнама тандоодо биринчи кезекте анын спецификасын билүү керек. Бюджетти да эске алыңыз, бардык эле кымбат жарнамалар натыйжалуу боло бербейт.

Кадам 17.
Имаратыңыздагы дүкөндөн ашкан аянттарды ижарага берүү менен кошумча кирешеге ээ болосуз. Мисалы, бир чарчы метр жерди төлөмдөрдү кабыл алуучу автоматка берсеңиз болот. Же терминалды өзүңүз сатып алып орнотуңуз.
Ижарачыларды тандордр бир нече факторлорду эске алыңыз. Сиз сатып аткан товарлардын спецификасы маанилүү роль ойнойт. Спортук азыктарды сатчу дүкөндө тамеки сатылган бөлүмдүн бардыгы кызыктай болуп калат.

Кадам 18.
Коопсуздук
Дүкөнүңүздүн коопсуздугуна кайдыгер болуу жарабайт. Өрткө каршы түзүмдөрдү орноштуруу менен катар сигнализация жана башка чоочун бирөөлөрдүн уруксатсыз кирүүсүн кабарлаган жабдыктарды орнотуңуз. Эгер сизге ылайыктуу келсе, кароолчу менен келишим түзүңүз. Көзөмөл камераларын коюп, атайын күзгүлөрдү да жайгаштырыңыз жана кассирдин анализ операциясы менен ага көзөмөл коюу да ашыкча болбойт. Кыскасы, сиз дүкөн ача турган оюңуздан кайтпаган болсоңуз, башка бирөө ордуңузду тартып алганча кечеңдетпей, тезинен максатыңыздын өтөөсүнө чыгыңыз.



Яндекс.Метрика