mainkaptal
 
  меню
Бизнес идеялар
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси жана туризм: кичи-отель кирешелүү бизнес. Бизнестин алдыга жылган эң бир рентабелдүү түрлөрүнүн бири болуп учурда мейманкана ачуу болуп саналат.
Белгилеп коюу керек, ири комплекстерге да мейманкананын жалпы көлөмүнүн 60%ын гана толтурган коноктор келип, тейлөө кызматынан пайдаланат. Анткени, башка шаарга иш сапары, жеке иштери менен барып калган адамдар көбүнесе чакан отелдерге, же саатына төлөнчү жеке батирлерге эле баш калкалоону туура көрүшөт.

Акыры атамекендик ишкерлер да өздөрүнүн менчик мейманканаларына жылуулук жана чындап эле кайталангыс дазайн орното башташты. Алар кардарларды мейманкананын баасы менен гана эмес, жасалгасы менен да тартууну каалашат.
Акыркы бир нече жылда биздин өлкөдө мейманкана бизнеси өнүгө баштады. Кичи-отелдерди учурда ар бир аймактан жолуктурууга болот, шаарлардан гана эмес, район борборлорунда да жеке менчик мейманканалардын катары арбыгандан арбып баратат.
Кичи-мейманканалардын популярдуу болушуна аларга коюлган баанын жетимдүүлүгү себеп болду, арзан жерде каалоочулар канча күн же түндү комфорттуу өткөрө алышат.
Заманбап мыйзамдуулукта азырга чейин Батышта эчак эле иш жүзүнө ашкан кичи-мейманканалар тууралуу мыйзам иштеле элек. Биздин өлкөдө элүү адамдан ашпаган көлөмдөгү кичи отелдер мейманкана деп аталат. Бул багытта Санкт-Петербургдун ишкерлери бир нукка түшүп алышты.
Алар аймактагы болгон мейманканалардын бардыгын кичи-отелге айлантышты, аларга бир убакта 10-15 конок жайгаша алат, андан тышкары батир тибиндеги мейманканалар да бар, аларга 10-15 адам жашаганга болот, кыскасы бул тармак өнүгүүнүн үстүндө.
Мейманкана бизнесин тейлөөсүнөжараша бир нече топко бөлүүгө болот. Мындай акыбалда биз жаштардын арасында абдан популярдуу болгон жана демократиялуу хостелдерди, үй отелдерин жана үнөм классы менен бизнес классындагы номерлерди айта алабыз. Алардын баары номерлердин таң калыштуу дизайны менен айырмаланат, "люкс" номерлеринде адам өзүн кенен сезүүгө болгон шарттардын баары жыйылган.
Бирок, эгер биз бүгүнкү күндөгү мейманканаларга көз таштасак, анда ал жакта чоң мейманкана менен кичи-отелдин ортосундагы айырмачылыкты даана көрөбүз.
Мындай айырмачылык кээде атамекендик ишкерлерге жетиштүү тоскоолдук жаратат, алар өз ишин баштагылары келишиет бирок бул тактактан пайда табууга күмөн санашат.
Бүгүнкү күндөгү мейманкана бизнесин түптөөдөгү башкы маселе- ыңгайлуу имараттын жоктугу. Жеке мейманканалардын көпчүлүгү сатылып алынган батирлерге ачылган, сатып алынгандан кийин ремонт жасалып, жаңы эмеректерди коюшуп, кыскасы конокторду кабыл алууга бардык шартты түзүшкөн.
Баса, мейманкана ачуу үчүн сатып алынган имаратты адам жашабай турган фонддо айлантуу убаракерчилиги бар. Көпчүлүк ишкерлер мейманкана ачуу бизнесинен ага керектүү документтерди чогултууда түйшүк көп болоорун билип баш тартышкан.

Алар чоң чыгымдарга даяр эмес болушкан, документтерди даярдоо бир жылдан ашык убакытты алаарына да көнүшпөгөн. Ага кошумча жер салыгы, мүлк салыгы деген бар, булардын баары кичи-отелди түптөөнүн чыгашасын эки эсе көбөйтөт.
Баса, статистикалык маалыматтарга караганда, болжол менен 70% обьекттер мейманкана бизнесине ыңгайлашкан, адам жашаган фондуна байланышкан. Мындай уюмдар имаратты суткага же бир нече саатка берүүгө ыңгайлашкан, иш сапарларына келген адамдарга, же сүйүшкөн жуптарга беришет.
Мейманкана бизнесин ачууну каалаган атамекендик ишкерлер туш келчү экинчи маселе санитардык жана өрт коопсуздугунан алынчу уруксат кагаздары болуп эсептелинет. Көзөмөл органдандарынын кызматкерлерине имарат өрт коопсузудуган жана санитардык нормаларга ылайыкталганын далилдөөгө оңой эмес убакыт жана нерв кетет.
Кээде жаңы иш баштоого кайра пландоо сыяктуу маселе да жолтоолук кылган көрүнүштөр кездешет, анткени, ишкер имаратты миң ирет бардык талаптарга ылайыктаса да, чиновник анын арызын бир шылтоо менен артка кайтарып кое алат. Так ушундан улам бүгүнкү күндө иштеп аткан отелдердин 15%дан көбүрөөгү легалдуу эмес жолдо иштешет, анткени, каттоодон мыйзам чегинде өтүүгө дараметтери жетпей калган.
Бирок, өжөр, өз оюн бербеген ишкерлер өздөрүнүн кичи-мейманканасын каттоодо өткөрө алышты, бир нече жылдан бери бул бизнес тармагында эмгектенишип, ой-чуңкурун жакшы билишти. Аларды максатына жетелеген аракеттердин алгоритмин көңүл буруп карал көрөлүчү.
Алгач алар кыймылсыз мүлктү тандоо менен алектеништи, алар тандаган имарат бардык тийиштүү нормаларга жана талаптарга жооп берүүсүнө басым жасашты. Негизинен алар биринчи кабатта жайгашкан коммуналдык батирлерге ыкташты, анан да мындай батирлерди шаардын ортосунан сатып алышты.
Идеалдуу болушу үчүн мейманкананын жанында ресторан, кафелер болгону дурус. Дүкөн, супермаркеттер жайгашса андан да сонун. Шаардын ортосундагы коммуналдык батирлерди толугу менен сатып алуу үчүн, анын жашоочуларына өзүнчө батир сатып берүүгө ишкерден болжол менен 800 миң доллар чыгаша кетет.
Эми мейманкананы ААК катары каттоодон өмкөрүп, имараттын ичин оңдоп-түзөш керек, бул 400 миң долларга чейинки каражатты талап кылат. Жыйынтыктоо этабында оригиналдуу интерьер жасоо жана коноктордун толук кандуу эс алуусуна шарт түзүү турат.
Акыры көптөн күткөн күн да келет, документтерге, имаратты оңдоп-түзөөгө байланышкан бардык түйшүктөр артта калды, отель ишке кирүүгө даяр! Эми сизге мейманкана кызматкерлерин алып, алардын милдетин тактап, айлык маянасын да белгилөө маселеси эле калды.

Кичи бизнестин 5 өзгөчө түрлөрү
Заманбап жашоодо жашаган дээрлик ар бир адам өзүнүн бинесин ачып, эч кимге көз каранды болбой жашоону кыялданат. Айрымдары жөн гана кыялданып жүрөс берсе, кээ бирлер эңсөөсүн орундатууга жолдорду издейт.
Мына ошондуктан биң оригиналдуу жана ишкерликке жаңы аралашкан адамдарга бир топ ыңнайлуу болчу кичи бизнес идеяларын топтоштуруп, сиздерге сунуштоону туура көрдүк.
Биздин тизмеде болгону беш вариант каралды, алар башка альтернативаларга салыштырмалуу бир топ артыкчылыктарга ээ, анткени аларды баштоодо каражат аз керектелет жана каалоочулардын баарына эшик ачык.
Биз сунуштаган варианттардын ар бирине токтолуп, бизнестин артыкчылыгы менен кемчилигине назар салууга убакыт жетти.

?1 өзгөчөлүү бизнес түрү
Биринчиден, кылмыш болгон жерди тазалоо. Ооба, ооба, туура уктуңуз, америкалык Жерри Тернердин айтымында, коммерциялык ишмердүүлүктүн бул түрү абдан кирешелүү жана перспективалуу экен. Мындай билдирүүнү ал жеке тажрыйбасына таянып жарыялаган. Анын бир нече саат мурун кылмыш болуп өткөн жерди тазалап, калыбына келтирүүчү атайын компаниясы бар.
Америка Кошмо Штатынын ойлоп тапкыч тургуну компаниясын Advanced Bio-Treatment деп атаган. Бул компанияга зордуктоо же киши өлтүрүү болгон имараттардын, үйлөрдүн ээлери кылмыш болгон жерди тазалап берүү өтүнүчү менен кайрылышат.
Андан тышкары алар маньяк же өзүн өзү өлтүргөн адамдар калтырган издерди, кан тактарын абдан чеберчилик менен жашырууга үйрөнүшкөн.
Бул компаниянын өкүлдөрү атайын бөлүмдүн агенттери тарабынан имарат курчоого алынганда атылган көздөн жаш агызуучу каражаттардын кийин бөлмө ичинде калып кеткен жытын да жок кыла алышат. Ал турмак көп убакыт өтсө да оңой менен өлбөй турган микробдорду да жок кылышат.
Бирок, аталган компаниянын тейлөө тизмеси булар менен аягына чыкпайт. Алар бөлмөлөрдү каптаган жагымсыз жыттарды айдашып, аны менен катар жаныбарлардын кыгын да тазалап беришет.

?2 бизнестин өзгөчө түрү
Биздин рейтингде экинчи болуп турган бизнестин өзгөчөлүү түрү - иттин богун тазалоо болуп саналат. DoodyCalls компаниясынын жумушчуларынын иш күнү ар дайым так ушундан башталат. Алардын милдетине карамагындагы газондорду идеалдуу тазалыкта кармоо жана ага жуманын беш күнү бою көз салып туруу кирет.
Бул ординардуу эмес ишмердүүлүктү тандап алган фирманын түптөөчүлөрү Джейкоб менен Сьюзан Даниеллонун башына иттин богунан акча жасоого боло турган акылга сыйбай тургандай сезилген ой келген. Башкача айтканда, алар иттин богунан шаарды арылтууну көздөшкөн. Албетте, муну уккан алардын досторунун таң калганын айтып жеткирүү мүмкүн эмес, бирок, убакыт баарын ордуна коюп, фирма биринчи кирешесин алып келгенде таңыркагандардын ооздору жабылган. Алар көк чөптүн үстүндө адамардын төрт буттуу досторунун богу болгонуна нааразыланып, бирок, бул кемчиликти кантип жоюунун жолун таппай келишкен.
DoodyCalls убакыттын өтүшү менен өздөрүнүн туруктуу кардарларына жеңилдетүү беришип, кылган кызматтарына алардан жылына 24 500 америка долларын алышкан.
Бул төлөм фирманын кызматынан колдонгон компаниялар көп экенин эске алганда, фирманы толук кандуу камсыздоого, кызматкерлерине айлык акы төлөөгө жана аларды окутууга кенен жетет.

?3 бизнестин өзгөчөлүү түрү
Эми Eternal Reefs компаниясы аткарган кызматты сиздерге тааныштырууга убакыт келди. Компаниянын кызматкерлери дүйнөдөн кайткан адамдарды акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн колго алышаарын айтышат.
Алардын ишмердүүлүгүнү мааниси өлгөн адамдын денесин цементке жаткырып, калпын алып калышат. Анан андан адамдын сөлөкөтүн жасашат. Андан соң кичи-скульптура деңиздин түбүнө чөктүрүлөт. Өлгөн адамдын жакындары аны сагынган учурда деңиз тереңине акваланг менен сүзүп кирип, сөлөкөтүн көрүп чыга алышат.
Компаниянын өкүлдөрү мындай ишмердүүлүгү менен каза тапкан адамдын элесин жакындарына түбөлүк сактап берүүгө гана аракет кылышпастан, акыркы кездери деңиз түбүнөн жоголуп бараткан деңиз кораллдарын да калыбына келтирүүнү көздөшөөрүн айтышат.

?4 бизнестин өзгөчөлүү түрү
Дагы бир ыкмасы менен башкалардан кем эмес оригиналдуу бизнестин түрүнө нудисттер (нудизмдин жактоочулары) үчүн пансионат куруу. Бул ишти DeAnza Springs Resort колго алган. Бул мекеме энеден туума жылаңач аялдар менен эркектер жүргөн, эс алуунун мыкты жайы катары айтылат. Ал Якымба колифорниялык шаарынын четинде жайгашкан. Ал заманбап жашоодо кийим кийинүүнү милдет катары санабаган көз караштагы адамдар арасында популярдуу болду.
Аны бул багыттын чыныгы күйөрмандары Дейв менен Хелен Ландман жетектейт. Алар пансионаттын кызматкерлери: азык-түлүк жеткирүү менен алектенген жана мезгилик жумушчулар гана атайын формада болушу керек деп эсептешет.

?5 бизнестин өзгөчөлүү түрү
Биздин эң бир оригиналдуу бизнестердин түрүн камтыган рейтинг попуялдуу телесериалдар тартылган жерлерге экскурсиялык тур жасоо менен соңуна чыгат. Популярдуулукка жетишкен телесериалдар тартылган жерлерге адамдарды саякаттатуу идеясы Жоржетт Блауга таандык. Ал абдан жакшынакай аял, заманбап онлайн сериалдарды жата калып көрөт жана тасмалар тууралуу режиссерлорунан да ашык маалымат билет. Ошентип, ал тасма сүймөй адатын акча табууга пайдаланып, адамдарды "Секс в большом городе", "Клан Сопрано", "Централ парк", "Человек-паук", "Дьявол носит Prado", жана "Охотники за привидениями" аттуу кинолор тартылган жерге алып барып келген.
Булардан тышкары адамдар каалашса, телесериалда экрандан тез-тез көрүнүп турган тамактануучу жайларга да алып кирип, ал турмак киножылдыздар токтогон мейманкана номерлерин, батирлерди да көрсөткөн.