PRESSKG.COM

Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript

mainkaptal
 
  меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Жеке кичи-майжуваз бизнесин ачкыңыз келеби? Анда "айылчарба продукцияөндүрүүчү" статусун алууга аракеттениңиз. Бул сизге салык төлөөрдө бир катар жеңилдиктерди пайдаланууга жол берет.
Өндүрүш үчүн колдонуучу данды өзүңүз өстүрсөңүз да, сатып алсаңыз да болот. Чоочун чийки заттарды да колдонуудан качпаңыз, ал керектүү тааныштарды, байланыштарды табууңузга жардам берет.
Эске ала турган нерсе, сиздин кирешелериңиз толук бойдон базардын туруктуулугунан көз каранды. Башка ишкерлерге кызмат көрсөтүү эң кыйын убакта да сизди иш менен камсыздайт.

Бизнестин юридикалык тарабы
Жарым ишкердик кандайдыр бир атайын уруксат алууга деле убара кылбайт, анткени анын кирешеси деле миллиондорду чапчыбайт. Сөзсүз аткарыш керек болгон негизги талаптар санитардык- эпидемиологиялык станциядан алынчу уруксат кагазы. Анда адистер сизден майжувазды чочко фермасынан же, күйүүчү май бекетинен алыс жайгаштырууну талап кылышат. Өрт коопсуздугунун жана электр, жаратылыш газы кызматынын да эрежелерин аткарбай коюуга болбойт.
Атамекендик май базары каалоочулардын баарын батырат
Бүгүнкү күндө атамекендик базарда ири жана кичи май чыгаруучу цехтер иштешет. Кичи-майжуваз советтик учурда ар бир калк жашоочу пункта бар болчу жана анын баары мамлекетке таандык эле.
Мындай өндүрүштүн кубаттуулугу суткасына 3төн 5 тоннага чейинки данды чыгарууга жеткен, чийки зат ал убакта колхозчулар тарабынан иштелип чыгарылып, майга айланчу.
Советтик учур соңуна чыккандан кийин кичи - майжуваз өлкөнүн ар бир адамына таандык болуп калды. Учурда бул тармактын кичи өкүлдөрү аймактарда иштесе да ири ишканаларга татыктуу атаандаштыкты карманышат, анткени, алардын продукциясы айыл жергесинде жашагандар үчүн кол жеткен чекте болуп атпайбы.
Белгилей кетиш керек, майдын кичи ишканасынан алынчу киреше ири компаниялардыкы менен тең эле болот. Биринчиси, чийки затты дээрлик бекер алса, экинчиси кошумча тоскоолдуктар жок базарда продукциясын кенен сатат.
Адистердин пикиринде, базардын бул тарабы иштеп аткан кичи-цехтерге толгон, бирок, каалоо күчтүү болсо жаңы иш баштаган ишкер оңой батып кетет. Ийгиликке жетүү үчүн чийки затты сапаттуу алып келип жана даяр продукцияны калтырбай сатса, ашып кетсе 3 же 5 айдан кийин эле өндүрүш чыгашалары толугу менен акталып, 20% киреше кирет.

Имаратты кантип тандоо керек?
Майжуваз цехи башка азык-түлүк чыгаруучу өндүрүштөрдөй эле бир катар мамлекеттик мекемелердин талаптарына жооп бериши зарыл. Мисалы, 100-125 килограмм күн карама данын бир саат сыгууга 35-40 чарчы метрдеги аянт керектелет.
Пол бетон болушу шарт, а дубалдардын полдон өйдө эки метрге жакын жерин боелгон тактайлар менен каптап, андан аркысын актоо керек. Мындай имаратты чийки затты иштетүү жана даяр майды тазалоого пайдаланып, же мындай иштер аткарылган жердин айланасын тосмо менен тосуп койсо да болот. Күн карама данын сактоочу жай 50-80 чарчы метрден аз болбошу керек, анткени, тар жайда дан тез бузулат.
Дагы бир имаратты даярдоо туура - күнжараны сактоого 30-40 чарчы метрдеги аянты бар жай керектелет. Мында бул азыктын бир өзгөчөлүгүн көңүлгө бек тутуш керек, андан жалын тез тутанат, ошондуктан өрт коопсуздугун катуу көзөмөлгө алуу зарыл. Күнжаранын үймөгүнө күн ысык кездерде кургак жыгач таякты салып көргүлө, эгер таяк абдан ысып кетсе, анда тезинен өрт өчүргүч жабдыктарды даярдаңыз, же азыкты ыргытып жибериңиз.
Күнкарама майын жакшысы, 10-15 куб өлчөмдөгү идиште сактоо керек, а ал турган бөлмө 20-30 чарчы метрден кичинекей болбоого тийиш. Баса, даяр азыктын сактоо мөөнөтүн санэпидемстанция аныктайт, ал чүн сапатынын сертификаты каралат.

Чыныгы дипломат болуңуз
Жеке бизнести баштоону чечкенден кийин башкы маселелерди чечүү керек, кайсы жерден чийки зат алып, даяр продукцияны кайда жөнөтүү керек? Эсиңизде болсун, ишканаңыздын туруктуулугу кабыл алган чечимиңиздин ишенимдүүлүгөнө көз каранды, анткени, так чечим чыгаруу менен келеечктеги чыгаша менен кирешелириз менен да таанышасыз.
Адистер күзүндө эле күн карама данын жеткирүүчү тарап менен келишимге барып койнонуңуз оң дешет. Жакшысы майжувазга жакын жерде жашаган дыйкандар менен келишим түзүңүз, ошондо сизге чийки зат алып келүүгө жол каражаты анчалык көп кетпейт.

Жабдыктардын сапаттуусун алыңыз
Майжуваздын ишин баштоо алдында атайын жабдыктарды сатып алуу керектелет, мисалы, күн карама данын сактоочу, ташып келүүчү жана сыгып, май алуучу жабдыктар. Күнкарама данын май чыгаруунун алдында тазалоочу, таңгактоочу жана даярдалган майды чыпкалап, тазалоочу жабдыктарды да алышыңыз керек.
Даяр продукциянын стандарттагы майлуулугу 33-57%ды түзүшү зарыл, бул үчүн ар бир данды сыгууда көбүрөөк аракет керектелет. Ошондуктан сыгуучу жабдыктын эң бир натыйжалуусун алуу кажет.
Май чыгаруудагы аракеттердин алгоритми төмөнкүдөй: данды кошулуп кеткен чөп-чарлардан тазалап, сеператордон өткөрүп, майдалап, жылуулап анан алынган азыкты сууга чылап, андан кийин гана май сыгууга киришет.
Маңызды жылуулап атканда абдан баам салыңыз, ага алынчу азыктын көлөмү байланыштуу болот. Аба температурасын 120 градустан ашырбаш керек, мындай абада азыктагы бардык пайдалуу каражаттар өлөт. Сыгып алуудан кийин майды рафинацияга жөнөтөт, башкача айтканда, кошулуп кеткен ар кандай ыпыр-сыпырдан тазалап, андан кийин идиштерге куюп, сатыкка чыгарат.
Жумушчуларды алууда да абай таштаңыз, техникалык жабдыктар менен иштешүүнү жакшы билгендер болсун. Кичи-майжуваз көп сандагы жумушчуларга муктаж эмес, бир адам эки агрегат менен оңой эле иштей алат.
Өндүрүш техникасынын башкарууга оңой, жөнөкөй түзүмү сизди бир катар жумушчуларга маяна төлөө чыгашасынан кутултат. Баса, жабдыктарды чыгаруучулардын айрымдары агрегаттарды релазициялоонун алдында текшеришип, заводдон эле май чыгарып көрүшөт. Андан кийин сатып алуучунун колуна тийип, иштөөгө оңой болот.

Яндекс.Метрика