PRESSKG.COM

ActionTeaser.ru - ???????? ???????

mainkaptal
 
  меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Ар бир олуттуу салтанат олуттуу чыгашага дуушарлантат. Чакыруу барагы жана аларды конокторго жеткирүү, мыкты ресторанда чайлашуу, келген элдин көңүлдүү шоу менен маанайын көтөрүү - оңор эмес каражатты кетиртет.
Бул жерде ойлонуп көрүү керек - экономикалык кризис убагында мындай шаан-шөкөттү өткөрүү туурабы? Балким, жогоруда аталгандарга каражат жетсе жететтир, бирок көбүнчө майрамдык кийим менен жасалгаларга да акча кетерин унутуп калышат. Анткени, салтанат өткөргөн тарап сырткы көрүнүшүнөн да мыкты болушу зарыл.
Чочулап, башыңызды мыкчып калдыңызбы? Акча жетпейт, а кооз кийимсиз кандай майрам болмок эле… Эрте эле капалана бербеңиз. Андан чыгуунун жолу дайыма табылат.
Сиз так ушундай иш чаралар үчүн атайылыштырылган дүкөндөрдү кыдырып көрүңүз. Негизи бул салтка айлангандай көрүнүштөгү дүкөн деле эмес, майрамдык костюмдарды ижарага берүүчү уюм деп айтканыбыз кңбүрңңк окшошсо керек.

Эгер сизге костюм, майрамдык көйнөк, жасалгалар жана аларга ылайык аксессуарлар керек болсо, а бюджетиңиз мындай сатып алууларга жол бербесе, анда ижарага алуу менен абалдан чыгасыз. Анан муну кантип бизнес деп атпай кое алабыз? Мындай уюм ачуу пайдалуу, анткени, сиздин кардарларыңыз эс алып, көщүл ачкысы келет, экономикалык кризис да аларга жолтоолук кылбайт.
Албетте, кандай убакта болбосун, аз-маз үнөмдөп иш жасоо туура, бирок, конок чакырууда, дасторконду даярдоодо көбүнчө бул сөздү унутуп коебуз. Ал эми кийим жана жасалгаларга келгенде эле кысынып калмай жайыбыз бар. Муну да түшүнүүгө болот - учурда кийим менен жасалганы ойлонбой туруп сатып алгандар арабызда саналуу эле болсо керек.
Так ушул себеп менен үнөмдүү кожейкелердин баары кече көйнөгүн жана жасалгаларды ижарага алууну туура көрүшөт. Калган акчаларды башка олуттуу нерселерге коротушат. Чындап эле бир эле жолу кийилип, андан соң шкафта илине турган үлпөт көйнөгүн сатып алуунун кереги эмне?
А мындай көйнөктүн баасы да арзан эмес. Андан тышкары ак көйнөктүн кол кабы, үстүнөн кийип алма шубасы сыяктуу аз эмес аксессуарлары да бар эмеспи. Турмушка чыгып аткан ар бир кыз ошол күнү сулуунун сулуусу болууну каалайт. Мында жасалгалар да бир топ жогорку роль ойнойт. Албетте, баары эле бир күндүк той үчүн жасалгаларды сатып алууну акылсыздык деп эсептешет. Эгер бриллиант, же башка кымбат баалуу таш чегерилген жасалгаларды сатып алса, анда кеп башка.
Бирок, бул жагынан караганда, бриллиант сатып алууга чама-чаркы жеткен аял, ижарага көйнөк албайт. Ал дароо эле сатып алат, же тигүүчүгө тапшырык берет. Демек, бул сиздин кардарыңыз эмес. Сиздин кардар кымбат баалуу таштары бар жасалгаларга эмес, кооз айнек чегерилген тагынчактарга басым жасагандар болот.
Бул бизнестин түрүнө туура мамиле жасаганда гана жемишин терип жей аласыз. Кечеге даярдануу толтура убакытты алат, ошондуктан, кызмат көрсөтүү уюмунун тейлөөсүн пайдаланып, бир аз эс алууну каалаган той ээлери четтен чыгат. А сиздин дүкөн кандай өлчөмдөгү болбосун, бардык көйнөктүн түрлөрүн толугу менен таап бергидей болсун.
Мисалга алсак, дүкөнгө үй-бүлөсү менен келген той ээлери бир убакытта баары кийинип, колукту үлпөт көйнөктүү, күйөө костюм-шым, колуктунун курбусу кечки көйнөктүү болуп чыгып кеткидей болгону дурус.
Эми, келгиле, олуттуу нерселер тууралуу бир аз сөз кылабыз - бул баа менен кызмат көрсөтүү. Биринчи убактарда дүкөнүңүзгө кымбат баалуу жасалгалар менен кийимдерди кое албай калышыңыз да мүмкүн. Арзан жана көз көнүп калган буюмдар менен баштоо жеңил. Мисалы, калктын орточо кирешелүү катмарына арналган кадимки үйлөнүү үлпөт салонун ачыңыз.
Эгер, сизде талант да болуп, тигүүчүлүк өнөргө жакын келсеңиз, дүкөндөгү көйнөктөр өз колуңуздан жаралса- абдан сонун! Андан тышкары даяр көйнөктү сатып алууга караганда, тигүүчүгө тапшырык берип тиктирсеңиз да арзан түшөт. Анан да тигүүчү таанышыңыз, же жакыныңыз болсо, сизге үч эсе пайда болду дей бериңиз.
Убакыттын өтүшү менен эгер ишиңиз алдыга жылса, салондогу көйнөктөрдүн катарын жаңылап, жогорку кирешелүү катмардын "жүрөгүн" багындырып алууга аракет жасаңыз. Кардарыңыз канчалык бай болсо, ошончолук сиздин капчыгыңыз кампаят. Бул баарына белгилүү аксиома. Бирок, мындай деңгээлдеги кардарга кабылуу үчүн сизге өсүү жана өсүү керек. Мында абдан сапаттуу жана келечектеги өркүндөгөн ишке умтулуп аракеттенүү зарыл.

Келечекте ар кайсы катмардагы кардарлар үчүн дүкөндөр тармагын ачсаңыз абдан жакшы. Киреше анда сизди көпкө күттүрбөйт. Ижарага берилчү кийимдер менен жасалгалардын баалары кымбаттаган сайын кызмат акыңыз да жогорулай берет. Көбүнчө киреше кийим менен жасалганын өздүк наркынын 30%ын түзөт.



Яндекс.Метрика