PRESSKG.COM

ActionTeaser.ru - ???????? ???????

mainkaptal
 
  меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Заманбап курулуш технологиясынын шарапаты менен акыркы убакта аз кабаттуу турак-жайлардын баасы бир топ ылдыйлады.
Үйлөр көз алдыбызда курулуп атат: коттеждин ачкычын тапшыруу ашып кетсе 3-6 ай убакытты алат. Бизнестин бул түрүнүн перспективасы начар эмес жана курулушта "классикалык" кыш менен бетондун ордуна заманбап технологияларды колдонуу бир топ артыкчылыкка ээ.
Европада болжол менен 30 жылдан бери кымбат баалуу долбоорлор аз кабаттуу турак-жайларга колдонулбайт. Үйлөр абдан тез курулат- 3-6 ай- болду, жаңы үй даяр. Адатта, бардык жаңы нерселер биринчи борборго келет эмеспи. Петербург менен Москвада мындай технологиялар 5 жылдан ашуун убакыттан бери колдонулууда, бир гана аймактар дагы деле жаңы ыкмага күмөн санашат.

Ал жакта жалпы кабылдоодогу стереотип сищген, ал - "кыштан артык дагы деле эч нерсе ойлоп табыша элек". Ойлоп табышкан. Болгондо да эчак. Биздин адамдар ушундай жаралыптыр-бардык жаңы нерсенин жаман жагын издеп турушат. Орус өкмөтү жарандарын турак-жайларды өз алдынча курууга чакырганы менен аз гана адамдар ага бел байлашты.
Чама-чаркы жеткендин баары куруп отурбай, шаарчадан коттежди ылайыктуу баада сатып алууну туура көрөт. Ошондуктан, жер ээлеринин жана курулуш ээлеринин аз кабаттуу үйлөрдү куруу менен пайда табууга мүмкүнчүлүгү кещири. Учурда кимдин колунда ири жер активдери турса, анда ал оюнга керектүү бардык көзүрлөрдүн ээси деп эсептелинет.

Жакынкы жылдарга чейин жер ээлери барган сайын кымбаттап баштаган жер тилкелерин мындан да кымбатчылык болоор деп кармап турушкан. Бирок, алардын тилектерин таш каап, бир катар ири девелопердик компаниялар чоң курулуш долбоорлоруна мурда сатылып алынган жерлерди пайдаланмай болушту. Ага карабай, жер ээлеринде жерин кымбатка сатууда чеке жылытаарлык варианттар толтура. Жерди тилкелерге бөлүп сатып, же курулуш менен өз алдынча алектенүү деле туура, дагы бир вариант - жогоруда айтылган эки жолду бириктирип, жер тилкелерин жарымын сатып, жарымына өзү курулуш иштерин жүргүзсө да талапка төп келет.
Мисалы, "Промсвязьнедвижимость" компаниясы ушундай кылат, ага Подмосковьедеги он миңдеген гектар жер таандык. Жакында бул компаниянын өкүлдөрү "үнөм" классындагы курулуш иштерин баштоо планын жарыялашты. Бул базардагы бир катар ири оюнчулар жерди кымбат баага сатууга көбүрөөк ыкташат.
Мындай "жер дүкөнүнүн" ишмердүүлүгү компанияларга аз эмес киреше алып келет. Анткени, өз убагында алар жерди абдан чоң арзандатуу менен алышкан, эми гектарлаган жерлерди тилкелеп сатышса, киреше 200% болоорунан шектенбей деле койсо болот. Көпчүлүк курулуш компаниялары аз кабаттуу үйлөрдү курууга кызыкдар экенин эстесек, анда суроо-талаптарда кемчилик азырынча жок.
Орусиядагы жер активдеринин базары кызыл кулактыкка орун калтырбады. Мегаполистин айланасындагы жерлер абдан кымбаттаганынан, аны бир гана ири девелоперлер ала алышат.
"Үнөм-класс" термини акыркы убактарда тез-тезден курулуш компаниялары тарабынан угулат. "Бизнес-класс" журналынын девелоперлердин жардамы менен жүргүзгөн иликтөөсү көрсөткөндөй, бир катар чектелген шарттарда гана аз кабаттуу турак-жайларды куруу бизнеси киреше алып келет. Бирок, үнөм класстагы шаарчалар жердин кымбаттыгына байланыштуу шаардын жан-жакасына түшпөйт.

Подмосковье - бул планда абдан татаал аймак. Бир катар адистердин пикиринде, кымбат эмес турак-жайларды бир гана шаардан алысыраак аймактарда куруу мүмкүн.
Бирок, ал жакта деле баары оңой бүтпөйт.
Калининград облусунда курулуш менен алектенген бир ири девелопердик компаниянын өкүлдөрү бюрократиялык тоскоолдуктардын көптүгүнө жана жер менен курулуш материалдарынын кымбаттыгына даттанышат. "Мунун баары долбоордун киришелүүлүгүн азайтат жана бизге ишти толугу менен жолго коюуга мүмкүнчүлүк бербейт",- дейт алар.

Чындап эле, девелоперлердин басымдуу бөлүгү "үнөм" классындагы курулушка каражат жумшоого көщүлдөнүшпөйт. Бул мындай долбоорлордун пайдасы аз болгону менен түшүндүрүлөт. А кайрымдуулук менен алектенүүнү баары эле каалай беришпейт. Андан көрө, бар жерлерге кымбат балуу элиталык коттежд куруу кирешелүү.
Аймактардагы аз кабаттуу курулуштун жолундагы эң чоң тоскоол - калктын бул катмарынын ылдыйкы көрсөткүчтөгү кирешеси. Башкача айтканда, суроо-талап аз. Жыйынтык белгилүү - девелоперлердин бул багытттагы активдүүлүгүн камсыздоо үчүн мындай долбоорлордун кирешелүүлүгүн арттыруу керек.
А буга эки гана ыкма менен жетүү мүмкүн: курулуш иштерине чыгымдарды азайтуу жана даяр продукцияга бааны кымбаттатуу. Турак-жай калктын ортоңку катмарына жетимдүү болуусу үчүн чыгымдарды абдан эле азайтып, өлкөнүн конкреттүү бир аймагынын тургундарынын чама-чаркы жеткидей баа коюуга аракет жасоо.
Муну кантип иш жүзүнө ашыруу керек? Варианттардын бири - курулушка бир топ арзан материалдарды колдонуу, мисалы, жыгачты.
Жыгач менен жеңил бетон колдонуу турак-жайдын чарчы метринин баасын 250 долларга чейин арзандатат. Аянты 100 чарчы метрге жеткен чакан коттежди куруу курулуш компаниясына 25000 - 27000 долларга айланат.
Мисалы үчүн айталы, кыш менен куюлган коттеждин чарчы метринин баасы болбоду дегенде 400 долларды чапчыйт. Жакынкы убактарда мындай сегменттеги базар пайда болуп, аз кабаттуу турак-жайлар үчүн курулуш материалдарын чыгара башташы мүмкүн.
Эгер аз кабаттуу турак-жайларды куруу өнүксө, чакан бизнестин өкүлдөрүнө жаңы перспективалар ачылат. Анча чоң эмес фирмалар үчүн көщүл биринчи инфраструктаны өнүктүрүүгө коюлат. Анткени болочоктогу шаарчанын тургундарына тилкелерди каттоодо, имараттарды оңдоодо тийиштүү тармактын кызматтары керектелет, ошондой эле дүкөнү жок да шаарча да болчу беле.
Советтик мезгилдеги дача -шаарчаларынан айырмаланып, бул жерде жер казып, жөөк салып, кулап калган дарбазаны оңдоп, даракты кыйып бере турган боорукер кошуна болбойт. Ошондуктан, чакан бизнестин ээлерине кирешелүү олжо табылат. Үнөм-классындагы шаарчалар калкы жана өлчөмү боюнча адатта элиталык шаарчалардан ашып түшөт. Демек, кызмат көрсөтүүнүн чоң обьему пайда болот.
Кандай гана болбосун, эчактан бери эле ишкер мүмкүнчүлүгүн атамекендик көп кабаттуу курулуш базардан табууга аракеттенет. Төмөндө биз аз кабаттуу үйлөрдү куруудагы колдонулуучу эң бир перспективалуу технологиялар менен материалдардын бир нече мисалын келтиребиз.





Яндекс.Метрика