PRESSKG.COM

ActionTeaser.ru - ???????? ???????

mainkaptal
 
  меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Эгер сиз кездемелер тармагында тажрыйбаңыз жана билимиңиз, ошондой эле ишти жаңы баштоого керектелчү каражатыңыз болсо, анда кездемелер дүкөнүн ачууга белди бек бууп кирише бериңиз.
Учурда кийим тигүү боюнча калктын эң көп бөлүгү алектенбесе да, эксперттердин айтымында, кездемелерге болгон талап күчтүү. Талап бар болсо, ишкердин ишинин алдыга жылышына мүмкүнчүлүк да бар. Бирок болочок ишкерлерди дароо эскертели, бул базардагы атаандаштык өтө катаал.
Ошондуктан, дүкөн ачуу боюнча акыркы чечим кабыл алуунун алдында, ошол аймактагы бардык атаандаштарга көз салыңыз. Мындай серептөөдө басымды башка дүкөндөрдөгү кезмеделер түрүнө да салган оң. Дүкөндөгү товардын ар түрдүүлүгү анын ийгилигинин кепилдиги болгондуктан, атаандаштардын алсыз жагын байкап, аны өзүңүздөгү өзгөчөлүккө пайдалансаңыз болот.
Дүкөндө башка жерден табуу мүмкүн болбогон кездемелер орун алсын. Андан тышкары, дүкөндүн баа саясаты да башка дүкөндөргө окшошпосун.
Мындай даярдануу кадамынан кийин дүкөндү жайгаштыра турган имарат табуу керектелет. Эл арасында жайгашкан имараттардан тандаңыз, дүкөнгө кирип- чыккандардын саны көп болсо, туруктуу кардарларды чогултуп, калктын кеңири катмарына таанымал боло аласыз.
Мында идеалдуу чечим - шаардын борборунан имарат сатып алуу же ижарага алуу болуп эсептелинет. Имарат ири соода борборунун, же базардын жанында болсо абдан жакшы. Дүкөндүн аянты кожоюнга туруктуу сатып алуучулардын каалоосун жана талабына ылайыкташтырып кездемелердин ар түрүн жайнатып коюуга мүмкүнчүлүк бергендей болсун. Дүкөнгө болжол менен 50-60 чарчы метр аянт жетиштүү.
Мындай имараттын ай сайын төлөнүүчү ижара акысы ал кайсы аймакта жайгашкандыгына жараша аныкталат. Эгер орточо көрсөткүчтөрдү эске алганда ал 40, же 70 миң сом болот.

Имараттын бардык шарты өрт инспекциясынын талаптарына жооп бергидей болсун. Болбосо, дүкөндү ачуу үчүн керектелчү уруксат кагазы менен сертификат алуу мүмкүн эмес. Имараттын кайтаруусу жакшы болушуна да көз салыңыз. Эгер ал өзүнчө турган имарат болсо, анда кызматташууга кайтаруу компанияларын издеш керек.
Дүкөндүн ийгилиги сатыла турган кездемелердин сапатынан көз каранды. Ошондуктан, кездемелерди жеткирүүчү тараптын алып келгендерине дыкат көз салыңыз, жакшы болсо бардык түрлөрдү бир жеткирүүчүдөн алган дурус. Учурда сапаттуу товарларды чет өлкөлөрдөн гана эмес, өз өлкөбүздөн да тапканга болот. Жакшысы, көптөн бери базар жаатында жүргөн жеткирүүчү катары жакшы репутациясы бар тарапка басым жасаңыз.
Эгер сиз чет өлкөлүк жеткирүүчүлөр менен иштешем десеңиз, анда бул жараянды көзөмөлдөп туруу бир топ кыйын болоорун билиңиз. Эң биринчиден, сиз келчү кездемелердин жараянын толугу менен билип, көзөмөлдөй ала турган болушуңуз керек.
Ошол эле учурда кездемелерди азыраак партиялар менен сатып алуу пайдасыз. Анда чыгашанын баары жол киреге кетет. Ага карабай чет өлкөдөн кездеме алдырам деген ойдон кайтпасаңыз, анда дароо чоң партия менен алдыртыңыз. Чет өлкөлүк жеткирүүчүлөр менен иштешүүнүн дагы бир коркунучтуу жагы, көп учурда жеткиче товарлар ар кандай жабыркоого учурайт. Албетте, аны сиз жол киреге чыгым тартпастан, кайра артка кайтара аласыз, бирок, буга алтындай убактыңыз кетет.
Кездемелер сатылчу дүкөндүн ишинин илгери болушунун дагы бир маанилүү пункту - сабаттуу жарнама компаниясын тандоо. Мындай бизнести алдыга жылдырууга эң бир стандарттуу жарнама багыттары: телекөрсөтүү, радио, ММК жарайт. Айрыкча, атайылаштырылган адистик журналдарга жарнама берүүгө кызыкдар болуңуз. Дүкөндүн бренди сизге пайда алып келиши үчүн эске дароо сакталуучу жакыраган слоган, же логотип керек.
Кийимдерди тигүү жана оңдоо боюнча шаардык ательелер, фирма, кесиптик кийим тике фабрикалар менен кызматташуу пайдалуу. Ал үчүн мындай кызматташтыкты түзүүгө соода өкүлүн жалдоо керек, ал сиздин дүкөндөгү кездемелердин үлгүсүн көрсөтүп сунуштайт. Аны менен катар туруктуу кардарлар үчүн жеңилдетүү жолун ойлоп чыгыңыз.
Жумушка сабаттуу адис кызматкерлерди алуу абдан зарыл. Сиздин дүкөнүңүздүн сатуучулары коммуникабелдүү, сылык, жайдары болушу шарт. Аны менен катар кездемелер жаатындагы атайын билими болгону да дурус. Сатуучу дүкөндө турган кездемелердин мүмкүн болушунча баарынын курамы жана сапаты тууралуу кабардар болууга тийиш.
Эксперттердин пикиринде, мындай дүкөндү тейлөөгө 3-4 сатуучу -консультанттар жана эки кассир керектелет. Айлык маянанын өлчөмү алардын квалификациясына тажрыйбасына жана ошол аймактагы айлык акынын орточо көрсөткүчүнө жараша болот. Орточо эсеп менен алганда, кездеме сатуучу дүкөндүн сатуучуларынын жана кассирлеринин айлык маянасы 10-25 миң сомго жетет.
Эгер сиз бул тармакты жакшы түшүнсөңүз, бухгалтерге төлөнчү айлык акы чыгашасынан арыла аласыз. Андан тышкары, бизнес эксперттер бизнести уюштуруунун баштапкы кадамдарында бухгалтер жалдабастан, анын милдетин өз моюнуңузга артуу керектигин аябай эскертишет. Абдан зарыл болуп баратса, толук эмес, жарым штаттагы туруктуу эмес жумушка бухгалтер алууга болот. Баштапкы учурларда ишкер ишти өз алдынча эсептгенге аргасыз болсо, бул бардык жараяндарды жакшы өздөштүрүүсүнө жардам берет.
Мындай ишмердүүлүккө керек болчу документтер тууралуу сөз кылсак, кездемелер дүкөнүн ачууга анчалык көп документтер топтому керектелбейт. Орточо көрсөткүчтө, мындай дүкөндү ачууга болжол менен 1,5 млн сом кетиши мүмкүн. Практика көрсөткөндөй, дүкөндүн күнүмдүк акча жүгүртүүсү 25 миңге жетет.





Яндекс.Метрика