PRESSKG.COM

Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript

mainkaptal
 
  меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Базардын бир катар серепчилери акыркы жылдары курулуш тармагы кыйынчылыкка кептелгенин айтышканы менен курулуш технологиясы ушул азыр да мурдагыдай эле өнүгүн атат.
Учурда активдүү курулуштар күчүндө- чакан жеке курулуштардан тартып ири өндүрүштүк имараттардан борборлорго чейин. Бүгүнкү күндө өз ишинде көбүнчө заманбап технологияны пайдаланган ар кандай курулуш адистери абдан таңсык.
Мындай абалда курулушка чыгымды аз салып, бирок сапатын көрүү мүмкүн. Жаңы технологиялар жана материалдар базарда тез- тез пайда болот жана ар бир жаңычылдык курулушчулардын ишин жеңилдетет.

Тилекке каршы, курулуштагы инновациялык технологиялар көбүнчө чакан жана орто курулушчулардын сатып алуусуна баасынан улам туура келбейт. Бул ири шаарларга жана чакан шаарчаларга да тийиштүү.
Учурда бир топ жетимдү курулуш материалдарына кирпич менен шлакоблок кирет. Салыштырганда бул эки материал ар кандай жаатта пайдаланууга боло турганын көрсөтөт. Кирпич бир катар көрсөткүчтөрү: тизүүдөгү жеңилдиги, жылуулук сактагандыгы жана наркы боюнча шлакоблокко жол бошотот. Ичи көңдөй курулуш блоктор жеке курулушчулар үчүн абдан ыңгайлуу.
Курулуш блокторун өндүрүү бүгүн ар кандай себептерден улам популярдуу. Алар аз кабаттуу үйлөрдү курууда абдан ыңгайлуу жана аны менен менен иштегенде ташчынын кызматы керектелбейт. Бир курулуш блогу 3-4 кирпичти оңой эле алмаштырат. Ошондуктан: эки же үч кабаттуу имарат кыска мөөнөттө курулат.
Курулуш блокторунан тургузулган дубалдар жылуу жана добуш өткөрбөгөн өзгөчөлүгү менен айырмаланат. Мунун дагы бир артыкчылыгы - наркы да анча кымбат эмес.
Кирпичке караганда шлакоблоктор арзан турат. Анткени, аны чыгаруунун бардык компоненттери арзан жана жетимдүү. Башкысы, шлакоблоктор же курулуш блокторун жогорку сапатта, өз алдынча аз акча коротуп, жасоого болот.
Биринчи курулуш блокторун темирбетондук конструкциядагы заводдо гана чыгара алган, ал үчүн атайын катыруучу камераны колдонушкан. Мындан улам аларды үй шартында даярдоо мүмкүн эместей туюлган. Бирок, суроо -талап көбөйгөндөн кийин өндүрүштүн технологиясы да өзгөрдү. Дээрлик 20 жыл мурун курулуш блокторун чакан өндүрүштө же жеке курулушта колдонууга үй шартында даярдоочу технология чыккан.
Курулуш блокторун жасоону бизнес катары пайдалануу үчүн ылайыктуу имарат тандоо керек. Ал аянты жана башка шарттары жагынан бири бирине туура келиши шарт. Жакшы имаратты сатып алса да, ижарага алса да болот.
Белгилеш керек, шаардын сыртында жайгашкан имаратты арзан баага ижарага алса болот. Көпчүлүк ишкерлер так ушундай кылышат. Башкы талап -өндүрүш имаратында идеалдуу тегиз пол, жакшы иштеген вентиляция жана жылдын ысык айларында да жылыткыч тутуму болушу шарт.

Имарат тандалгандан кийин бардык керектүү жабдыктарды сатып алуу керек. Курулуш блокторун жасоочу өндүрүш үчүн вибростанок, чийки зат, тегиз аянт, 220 В кубаттуулукту талап кылган электр тутуму зарыл. Өндүрүштүн бардык деталын так иштеп чыгыңыз да, андан кандай кырдаал болбосун баш тартпаңыз.
Курулуш блокторун өндүрүүчү өндүрүшкө алынган вибростаноктор ар кандай конструкцияда болушу мүмкүн. Мисалы, чакан, же ири, кол менен же электр тогу менен иштетиле тургандар бар. Сапаттуурагы болуп атамекендик өндүрүштөн чыккан вибростанок эсептелинет, ошондой эле мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдө жасалгандар да талапка ылайык.
Өндүрүштү уюштуруу үчүн цемент, толтургуч жана суу керектлеет. Курулуш блокторун бекемдетүү үчүн кошумчаларды кошууга болот, бирок бул сөзсүз түрө эмес. Чийки заттардын баары сапаттуу болсун. Цементти абдан тактык менен көрсөтүлгөн ченеминен ашырбай колдонуу керек. Цементтин белгиси канчалык бийик болсо, ага кеткен чыгым да ошончолук аз болот.
Толтургуч катары ар түрдүү материалдар колдонулат. Алардын катарына шебень, кум, шлак жана күл, граншлак жана жыгачтын таарындысы, металл кырындысы жана керамзит кирет. Толтургучтар табигый жана жасалма материалдардан боло берет. Толтургучтун түрү негизинен курулуш материалдарына кандай талап коюлса, ошого жараша жана кандай шартта өндүрүлөт, ага жараша тандалат.
Курулуш блокторуна бекемдетүүчү кошулаларды кошуу сөзсүз түрдө керек эмес. Аларды кошкондо блоктор мезгилинен эрте катыйт, бул анча чоң эмес аянта жайгашкан өндүрүш үчүн ыңгайлуу.
Курулуш блокторун бекемдете турган кошулмалар кошулгандан кийин жарака кетүүлөр азайып, ар кандай талкалануудан сактайт. Андан тышкары, мындай кошулмада жасалган блоктордун суукка жана нымдуулукка чыдамдуулугу жогору.
Курулуш блокторун өндүрүү технологиясы үч негизги тепкичтен өтүү керектиги айтылат. Бул бетонду даярдоо, блокторду калыпка келтирүү, аларды кургатуу жана даяр болгон блокторду жыйноо.
Курулуш блокторун өндүрүүнү кирелешүү бизнеске айландырууга арналган бир канча сунуштар жана кеңештер бар.
Сапаттуу товар өндүрүүгө кызыкдар болгон квалификациялуу жумушчуларды жумушка алыңыз, анан аларга эмгегине жараша татыктуу айлык акы коюп бериңиз.
Блокторду сатууну эң ылдыйкы баадан баштаңыз, бул атаандаштардан суурулуп чыгууга жардам берет. Продукциянын сапаты өндүрүүүчүлөр сатып алуучулар тараптан ыраазычылык уккудай болсун.




Яндекс.Метрика