PRESSKG.COM

Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript

mainkaptal
 
  меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Ири шаарларда анна чакан мегаполистерде эчактан бери маршруттук такси деп аталган унаа түрү популярдуулукка ээ.
Бир канча жыл мурда мындай унаа түрү коомдук транспортту толугу менен четке сүрүп чыгарып, шаар көчөлөрүндөгү лидерликти колго алган.
Албетте, бул жерде бир канча жетишпестиктер да бар. Баарынан биринчи, колдонуучулар мындай унаа түрүн башкарган айдоочулардын оройлугун жана эч кандай жеңилдетүүлөр жоктугун айтышат. Бирок, ага карабай маршруттук такси шашылган шаар тургундарынын арасында популярдуулукка жетишкен.
Маршруттук такси менен жүргүнчүлөрдү ташуу бизнеси бүгүн кирешелүү тармакка айланган, ошондуктан бизнес жаатына кирүүнүн каалагандар ушул тармакты тандашат. Кызмат көрсөткөн маршруттук таксилер абдан көп, мисалы, Орусиянын бир шаарында эле сегиз миңге жакын ушундай түрдөгү унаалар иштешет. Биздин өкө да мындай көрүнүштөн артта калган эмес, шаарлардагы саналуу троллейбус- автобустарды эске албаганда, жүргүнчүлөрдүн кыймылын бир гана маршруттук автоунаалар камсыздашат. Ал турмак, бул көрүнүш аймактарга да жетип, айыл менен айылды, район менен районду, же шаар менен айылды туташтырган да так ушул маршруттук таксилер.
Маршруттук такси бизнесин сабаттуу жолго коюу шартын аныктаардан мурун, анда кандай суммадагы инвестиция жана канчалык тобокелчилдик кездешерин карап көрүү керек.
Мындай бизнести уюштурууда биринчи кадам, автопаркты түзүү менен башталат. Бүгүнкү күндө, дүйнөлүк базарда автоунаалардын кеңири түрлөрү сатыкка чыгарылганына карабастан, бизде азырынча азыраак.
Бул мындай автоунааларды алып келүүдө бажы төлөмдөрү абдан жогору экени менен түшүндүрүлөт, ошондуктан импорттук автоунаалардын баасы чегинен ашты. Ошондуктан, каражатты үнөмдөйм десеңиз, импорттук эмес, жакынкы өлкөлөрдө эле жасалган автоунаага басым жасаганыңыз оң.
Алар чындыгында, башка импорттук унааларга караганда арзан, ага жараша бардык жагынан: сапаты да, көрүнүшү боюнча да алардан артта калат. Каражатты өтө үнөмдөп, эң арзан автоунаа сатып алуудан баш тартыңыз. Элибизде жакшы макал бар: "Арзандын оокаты татыбайт". Анын сыңарындай, аз акчага келген автоунаа маршруттук такси режиминде иштөөгө жарабай калышы толук мүмкүн.
Ошондо, мындай автоунаалар менен иштөө тозокко айланат, анын айынан сизди эң көп киреше дагы кубанта албай калышы ыктымал. Анын үстүнө, алардын шаймандарын өз алдыңызча оңдоп, алмаштырууга туура келет, бул көп убакытты алат жана чоң чыгымга дуушарлантат. Эгер кымбат автоунаага каражатыңыз жетпесе, учурда автоунааларды ижарага берүүчүлөр четтен чыгат, ошондойлор менен келишим түзүңүз.
Жеке ишканаңызды түптөөнүн башталышында, андай аракет жеке менчикке салык төлөө милдетинен кутултат, биринчи төлөмгө коюлчу каражаттын көлөмүн азайтат. Маршруттук такси катары үзгүлтүксүз иштетүүгө автоунаалар ижарага негизинен үч жылдан төрт жылга чейинки келишим мөөнөттө берилет. Андан соң автоунаанын пайдалануу мөөнөтү бүткөндө калган акчасын төлөп, сатып алсаңыз да болот. Негизинен, калган сумма автоунаа үчүн алгачкы төлөмдүн өздүк наркынын 20 пайызына жетет.
Маршруттук таксиде жүргүнчүлөрдү ташуу бизнесинин бизнес- планын түзүүдө дагы бир чыгымды сөзсүз көңүлгө алуу керек, ал - камсыздандыруу. Бул өзгөчө жеке менчик эмес, ижарага алынган автоунааларга тийиштүү.
Башка бардык жүргүнчү ташуучу автоунааларды да кыймыл учурунда кездешчү ар кандай кырсыктардан алдын алуу үчүн камсыздандыруу ашыктык кылбайт. Орточо эсепте жалпы камсыздандыруу суммасынын 1 пайызын талап кылат. Бардык камсыздандырууларды эсептеп, ага бюджеттен канча чыгым кетээрин билишиңиз керек.
Андан соң автоунаа- маршруттук таксилерди жасап- түзөөгө канча чыгаша кетеринин планын түзүңүз. Бул жакка негизинен күйүүчү май кошулат. Оңдоо иштери, токтотуучу жай жана унааларды жууганга кетчү каражат да кирет. Алардын баасы ар кандай маанилүү факторлордон көз каранды- автоунаалардын сутка ичинде канча чакырым жүргөндүгү, жеке менчик токтотуучу жай барбы, же жокпу - ага байланыштуу жана техникалык кызмат көрсөтүү жайынын баасына да көз каранды болот.
Маршруттук таксилерге ылайыктуу автоунааларды үнөмдүү деп айтуу болбой турганын эске алуу кажет, алар чоң чыгымды талап кылышат, тапкан кирешенин олуттуу бөлүгү кайра эле күйүүчү майга кетет. Көптөгөн ишти жаңы баштаган ишкерлер күйүүчү майга кетчү чыгымды маршруттук таксинин айдоочусуна оодарууга аракеттенет, бирок, мындай чечим такыр туура эмес. Бул ишкананын чыгашаларын азайтканы менен салык төлөөдө кайра көбөйөт. Ошондуктан, күйүүчү май чыгашасын өз моюнуңузга эле артканыңыз жакшы.
Чыгашаларды үнөмдөөнүн натыйжалуу түрү автопарк үчүн жайды шаардын четинен табуу болуп эсептелинет. Шаардын сыртында жашаган айдоочуларды жумушка алсаңыз, андан бетер жакшы. Эгер ишкер ири автомобилдик парктын ээси болсо, анда күйүүчү май жеткирүүчүлөр жана унаа тетиктерин сатуучулар менен келишимдик негизде иштешсе болот. Мындан улам алардын баасын белгилүү чекке чейин ылдыйлата алат.
Айдоочуларды ишке алууга да кылдаттык керек, анткени, айдоочу канчалык тил билги болсо, маршруттук таксинин кадыр-баркы да ошончолук артат. Айдоочу алдын ала белгиленген режимди тыкыр сактап иштөөсү кажет. Багыттар боюнча бир нече жолу өзүңүз айдап барып көрүңүз, ошондо кирешенин кандай деңгээлине үмүт артууга болоорун түшүнөсүз.
Мындай абалда айдоочулар иш берген тарапты алдай алышпайт. Андан тышкары, өзүңүз айдап бару мене налган маалыматыңыз багыттар менен иштөө планын түзүүңүзгө да жардам берет. Бардык айдоочулар D категориясынын ээлери болууга тийиш, алар жүргүнчү ташуучу автоунааларды, анын ичинде маршруттук таксилерди айдоо укугуна ээ.
Ишканадагы штатка сөзсүз түрдө бухгалтер- кассир, медициналык кызматкер жана диспетчер кириши шарт. Алардын башкы милдети багытка чыгуу алдында автоунааларды кароо болуп эсептелинет. Жумушчулардын айлык маянасын ишкананын бир айдагы тапкан кирешесинин алкагында белгилеңиз.
Мындай бизнести түптөөгө киришип атып транспорт кайсы багыт менен жүрөөрүн аныктаңыз. Бул мурдатан чийинге салынган багытпы, же жаңы киргизилген багытпы, тактаңыз. Маршруттук такси кармоого арналган бизнес кирешелүү, анткени, анын кызматынан пайдаланчулар көп.




Яндекс.Метрика