PRESSKG.COM

Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript

mainkaptal
 
  меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Жашыруун эмес, ар кандай таштанды заманбап шаардын тургундарынын кадимки турмушунун ажырагыс жандоочусу.
Андан дагы бир адам жыл ичинде болжол менен 300 килограмм ар кандай таштандыларды таштайт. Болгондо да, бул таштандылардын жарым бөлүгүн кагаздар түзөт. Кагаз таштандыларын "макулатура" деп аташат, алар кайра иштетүүгө толугу менен жарактуу.
Макулатураны кайра иштетүү иши экологиялык милдетти да артынат, анткени, 100 килограмм кайра иштетилген кагаз бир чоң дарактын өлчөмүнө туура келет, а 1000 кг - бул дээрлик 4 кубометр жыгач сөңгөгү эмеспи.
Булардын баары макулатураны кайра иштетүү абдан пайдалуу жана кирешелүү бизес экенин, ал турмак, коомду тазалаган сыймыктуу да иш болоорун түшүндүрөт. Макулатура иштетүү бизнесин ачуу менен ишкер социалдык- жоопкерчиликтүүү ишкананы жаратат.
Бул жарандардын сый-урматын гана пайда кылат, шаардын жашоочулары күн сайын ар кандай курч жана татаал экологиялык маселелерди угушат. Макулатураны кайра иштеткен социалдык уюмдар, дайыма болбосо да туруктуу ыраазычылык каражаттарды алып турушат, андан тышкары, аймактык жана мамлекеттик бийликтен бонус, грант да келет. Булардын баары киреше эмей эмне.
Сапаттуу бизнес- пландын алкагында ишкер тез эле башталышындагы чыгашаларын кайтарып алат, анан киреше табууга өтөт. Бүгүнкү күндөгү бардык макулатуралар мамлекеттик стандарттын негизинде үч категорияга бөлүнөт.

"А" тобу жогорку сапаттагы макулатуралардын топтомун түшүндүрөт. Буга кагаз мүшөктөрү, баштыктар, жазууга жана компьютерге ыңгайлашкан ак кагаздар кирет.

"Б" категория, орто сапаттагы макулатуралар - катуу кагаз, гезиттен башка бардык полиграфиялык продукциялар.

Үчүнчү "В" категория абдан ылдыйкы сапаттагы кагаздарга ээ - атайын курамдар, же боекторго көмүлгөн ар кандай гезиттер жана катуу кагаздар. Сапаттуу кайра иштетүүдө мурда пайдаланылган кагаздардын болжол менен төрттөн үч бөлүгү экинчи айланууга түшүп, экинчи жашоо алышат. Бирок, биздин өлкөдө бул көрсөткүч бир топ ылдый, акыркы маалыматтарга караганда 20 пайызга да жетпейт.

Ошондуктан, макулатураны кайра иштетүүчү ишканалар базары чоң эмес деп ишенимдүү айта алабыз, ага жаңы иш баштаган ишкердин кирүүсү кыйынчылык жаратпайт.
Макулатураны кайра иштетүү бизнеси бир канча спецификалык белгилерден турат, аны жеке менчик завод ачаардын алдында кылдат талдаңыз. Башында заводдун чийки зат менен камсыз кылуу маселесин чечүү керек.
Макулатураны кайра иштетүүчү орточо жана кичи фабрикалар күнүнө 10 тонна макулатураны кайра иштете алаары эсептелген. Макулатураларды даярдоочу бир нече булактар да белгилүү. Бул эл жашаган жайларда макулатура кабыл ала турган атайын пунктарды ачуу жана соода, административдик мекемелеринен, өнөр жай ишканаларынан ташып келүү.
Макулатуранын килограммынын баасы макулатуранын кандай категорияда экенине байланыштуу. Албетте, эң кымбаты "А" категориясындагы макулатура. Ал эми "В" категориясындагы кагаздарга эң аз акча бөлүүгө болот.
Андан тышкары, кайра иштетүү ишканасы макулатураны заводко, же белгиленген дарекке өздөрү жеткирип келгендерге да көбүрөөк акча төлөшү керек. А эгер сата турган тарап макулатураны жеткирүүнү каалабаса, анда баасы да ылдыйлайт.
Чийки заттарды табуу маселеси чечилгенден кийин кичи заводду уюштурууга керектүү жабдыктарды сатып алуу маселеси пайда болот. Мында өндүрүш линиясын алууда бир канча варианттар бар, аларды топтому менен, же ар бир жабдыкты өзүнчө сатып алууга да болот.
Тажрыйбалуу ишкерлер оптималдык чечим деп чийки затты иштеп чыгаруучу жабдыктарды бир сатып алганда тобу менен сатып алууну айтышат.
Мындай өндүрүш линиясы чогултуп, орнотууга жана ишке киргизүүгө оңой, ишкердин өндүрүштү уюштуруу иштерине бөлүнгөн убактысы үнөмдөлөт. Көпчүлүгү техникалык линияны кытай өндүрүшчүлөрүнөн сатып алууга басым жасашат, анткени, алар сапаты менен наркы дал келген продукцияларды сунушташат.
Өндүрүш линияларынын курамынан жана функциялык милдеттеринен улам шаймандардын наркы айырмаланат. Ошондуктан, тандоо жасаардан мурда болочоктогу ишканага кандай жабдыктар зарыл экендигин жакшы билиңиз. Андан соң штатка алынуучу кызматкерлер тууралуу ойлонуңуз. Бул жерде дагы бир маанилүү жагдайды эске салалы, өндүрүш күнү-түнү токтобостон иштеши керек.
Бул демек, жумушчулар заводдо дайыма болушу керек дегенди билдирет. Бир өндүрүштүн орточо иши үчүн сегиз жумушчу талап кылынат. Макулатура иштетүү боюнча кичи заводдун туруктуу иштөөсүн эки кызматкер камсыздай алат, ошондо алар үч кезмет менен иштешет.
Жумушчуларды ишке алуу менен кезмет маселесин дароо чечиңиз, эгер жумушчуну бул канааттандырбаса, жакшысы, анын талапкеригинен баш тартыңыз. Макулатураны кайра иштетүү жараяны жөнөкөй, ишкана ийгиликтүү болушу үчүн ишкер аны толугу менен билиши шарт. Макулатураны алгач сууга чыласа, ал акырындап боткого, же ири бөлтөкчөлөргө айланат.
Анан майдалоочу, же жумшартуучу аппараттын жардамы менен бөлтөкчөлөр майдаланат. Кийинки тепкичте алынган аралашманы металл жана башка нерселерден арылтуу керек. Ошондо, кагаз таза, эч кандай тактары жок тунук болот. Бул процедура аяктагандан кийин ботко сыяктуу масса калат.
Ал кагаз чыгаруучу машинага куюлат, ал жактан бирдей калыңдыкка келет да, кургагандан кийин кагазга айланат. Маркетингдик иликтөө аныктагандай, макулатураны кайра иштетүү бизнеси абдан кирешелүү жана натыйжалуу, ошондуктан күн сайын бул тармакка бизнеске жаңы аралашкан жаш ишкерлер кошулушат.



Яндекс.Метрика