PRESSKG.COM

Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript

mainkaptal
 
  меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Бүгүнкү күнү супермаркет, гипермаркет жана соода борборлору абдан көп ачылып атканына карабастан, чакан күркөлөр менен соода чатырчалары актуалдуулугун жогото элек. Андай соода жайлардын алгачкы карлыгачтары кайра куруу мезгилинде пайда болгон, ошондон бери ушул күнгө чейин базардан четтебей, өлкөнүн а кайсы аймактарында өз иштерин кылдыратып келатышат.

Чакан бизнестин мындай түрүн башталышында көп сумма каражатты талап кылбаган бизнестин түрүнө кошсок болот. Дүкөнчө: соода чатырча, же күркөлөрдө ар кандай товарлар менен соода кылуучу жайлар жашынган. Аларга керектөөчүлөр тарабынан суроо-талап дагы деле бар.

Мындай бизнести баштоого биринчи жолку инвестиция аз талап кылынгандыктан, бул тармакка дайыма жаңы иш баштаган ишкерлер келишет. Ал бизнести уюштурууда бир нече негизги бизнес-пландар түзүлөт, алар биригип алдыга коюлган максаттын өтөөсүнө жетүүгө жардам беришет.
Күркөлөрдөгү товарларды бириндетип сатууга байланышкан бизнес бир катар жакшы мүнөзгө ээ. Аны ийгиликтүү кылуудагы башкы талап - соода түйүндөрүн уюштуруу үчүн адамдар эң көп өткөн жерди тандоо туура, ал жерден жыл мезгилине жана аба ырайына карабай элдин күчтүү агымы өтүп тургандай болсун.
Ал соода түйүндөрүндө ар кандай товарлар сатылса болот. Соода чатырчалары жана күркөлөр абдан ыңгайлуу жана чакан болгондуктан, аны башка жайга көчүрүү дагы жеңил.
Чатырчалардын жана күркөлөрдүн аянты аздыгы башка жагынан караганда да ишкерге пайда - ири дүкөндөргө салыштырмалуу чыгашасы аз.
Чакан соода чатырчасын, же күркө ачуунун алдында бир нече майда нерселерди эске тутуу керек. Бардык тоскоолдуктарды алдын ала билүү бизнестин жүрүшүн жакшы түшүнүп, татаалдыктардан оңой өтүүгө жетелейт.
Мында дароо бир нече соода чатырчаларын ачуу эң бир оптималдуу чечим болуп саналат. Муну өтө оңой түшүндүргөнгө аракет кылалы. Бир соода түйүнүндөгү соода жакшы жүрүшпөсө, экинчи түйүндө жакшы болот да, бардык чыгашаларды жаап кетет.

Чатырчадан кичи супермаркет жасоонун кереги жок, башкача айтканда, бардык азыктарды катар тизип, тамеки, мөмө-жемиш жана татууларды бир убакта сатуу болбойт. Ар бир азык үчүн өзүнчө чатырча ачуу заманбап көрүнүштү жаратат. Мындай атайылаштырылган соода чатырчаларынан түшкөн киреше бир нече эсе көп болот. Адистер бир продукцияга жабыша бербөөнү айтат, анда эле бизнесиңиз артка кетип, кайра калыбына келтирүү оңойго турбайт.
Көпчүлүк адистер соода чатырларын ачуу бизнесин үй-бүлөлүк кылуу туура болоорун айтышат. Анткени, мындай кичинекей түйүндөрдө көз боемочулукту жакшы көргөн соодагерлерге туш келүү коркунучу көбүрөөк. Анда, ишкердин кирешеден түшкөн жарым акчасы чөнтөгүнө жетпей, ара жолдон үчүнчү колдун че)гээлинде калат. Үй-бүлөлүк бизнеске айландырганда, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири соода кылса, бири товар алып келүү ишине аралашып, андагы киреше ачык-айкын болуп, баары үй-бүлөлүк бюджетке түшөт.
Андан тышкары, жалданган соодагерлер бизнестин туруктуу өнүгүүсүнө кызыкдар эмес, кайдыгерлик бардык соода түйүндөрдүн ишинин алдыга жылуусуна тоскоолдук жаратат. Демек, соода чатырчаларына жана күркөлөргө соодагер алууда абдан кылдаттык менен тандоо жасоо керек. Мүмкүн болушунча сиздин ишиңизге кошкө)үл болбогон жакындарыңыздан тапсаңыз, иш алдыга жылат.
Соодага товарларды тандоодо бир нече факторлорду эске алуу кажет. Мисалы, эгер сиздин күркөңүздөн анча алыс эмес жерде офистер, же билим берүү мекмелери жайгашса, анда канцелярдык товарларды сатса)ыз соода жакшы болоорунан күмөн жок. Ал эми шаардын тынч райондорунда жайгашкан күркө азык-түлүк сатуу менен алектенсе туура болот.
Эгер алардын арасында жарамдуулук мөөнөтүн аз товарлар кездешсе, анда күркөгө сөзсүз муздаткыч орнотуу керек. Тилекке каршы, бул соода аянтынын азайышына алып келет, анткен менен ишкерди товарлар бузулуп кеткенде, пайда болчу чыгашадан куткарат.
Белгилей кетчү нерсе, соода залды сабаттуу жасалгаласа, муздаткыч коюлуп аянт кичирейсе деле, көрктүү көрүнүп, сатып алуучуларды өзүнө тартат. Бир нерсе эси)изде болсун, товарларды текчеге жыюу кадимки иш эмес, ага чыгармачылык фантазияны колдонуп, ар бир товар текченин жарашыктуулук арттырып тургандай тизүү керек.
Баса, соода чатырчасын, же күркөнү ачууда бизнес - план түзгөндө, уруксат берүүчү документтерге кете турган чыгымды да эсептеш керек. Бул үчүн бийликтин шаардык бутагына- муниципалитетке, же айыл өкмөтүнө кайрылуу зарыл. Бул жараян кыйынчылыкты деле жаратпайт, бирок, кайсы бир суммадагы чыгымга туш болосуз.
Ишкерди жабдыктарды сатып алууда да чыгашы тосуп алат. Жабдыктардын арасындагы эң башкысы - бул күркөнүн өзү, аны даяр түрүндө сатып алууга болот. Чоң жүк ташуучу атайын техниканын жардамы менен күркөнү соода кылуучу жерге жеткиртип, орнотууга болот.
Күркө толугу менен өрт коопсуздугунун жана санитардык- эпидемиологиялык кызматтын эрежелерине туура келүүсү шарт. Текчелер, айнек текчелер жана башка соодага керектүү жабдыктар сатылып алынып, коммуникация тутуму киргизилет. Күркө жылуулук жана суу жеткирүүчү автономиялык тутумга уланган болсо, абдан жакшы.
Албетте, чакан соода түйүндөрүн жана күркөлөрдү ачуу ишинде жарнама жана маркетингдик аракеттер зарыл эмес. Ушундан улам бизнес-планда чыгашалар аз эсептелет, бул бизнестин аз акча менен жолго коюулуусун өбөлгөлөйт.
Бирок, бир катар жарнамалык кадамдар баары бир керектелет. Негизинен күркөнүн жанында ачык түстөр менен жазылган плакаттарды илүү туура. Андан тышкары, адистер кардарларды өзүнө тартуунун дагы бир ыкмасын сунуштайт. Ал үчүн кардарлар үчүн атайын жеңилдетүүлөр, бонус, арзандатууларды өткөрүп туруңуз.
Белгиленчү нерсе, чатырчалар менен күркөлөр көбүнчө абдан катаал атаандаштыкта жашаганга аргасыз. Өзгөчө бул күркөнүн айланасында соода борборлору, базарлар жайгашканда байкалат. Бирок, күркө соодасын көп убакыттан бери жасап атса, репутацияга ээ болуп, туруктуу кардарлардан куру калбайт. Албетте, соода чатырчаларын жана күркөлөрдү ачуу бизнесиндеги ийгиликтин башкы ачкычы - бизнести сабаттуу ойлонуштуруп, ишти туура баштоо болуп эсептелинет.





Яндекс.Метрика