mainkaptal
 
  меню
Бизнес идеялар
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Балмуздакты сүйбөй коюу мүмкүн эмес. Бул балалык чактын даамы, дайыма бейпил, санаасыз күндөрдү эске салат. Балмуздак көбүнчө өз алдынча азык катары пайдаланылса, кээде ар түрдүү чүйгүн жана башка тамактардын катарына кирип калган учурлар да жок эмес.
Балдар да, улуулар да балмуздакты бирдей сүйүп жешет. Көптөгөн жылдар бою ишкерлердин балмуздак жасап чыгаруу ишкерчилигиндеги жыл сайын жаңы технологиялардын чыгышы, балмуздактын улам башка түрү ойлонулуп табылышы, сатып алуучулардын күчтүү кабыл алуусу кызыгуусун жаратып келет. Бул балмуздакка болгон суроо- талап ылдыйлабай, тескерисинче, күчөп отурганынын далили боло алат.
Көптөгөн ишкерлер балмуздакты мезгилдик суроо-талапка ээ азык деп аташат. Жылдын суук мезгилинде балмуздак аз сатылып алынат дешет.
Бирок, жада калса кыштын ортосунда да балмуздакка болгон суроо- талап нөлгө түшпөйт. Балмуздакты ар кандай майрамдарда жана үй-бүлөдөгү жеке даталуу күндөрдө сатып алуучулар чекеден чыгат. Ошондуктан, эгер сиз балмуздак өндүрүү боюнча жеке ишкерчилигиңизди баштайм десеңиз анын кирешелүүлүгүнөн жана сатып алуучуларынын көптүгүнөн шектенбесеңиз болот.

Балмуздак өндүрүү боюнча компаниянын бизнес-планын түзүүдө, сөзсүз түрдө бизнести ачууга керектелчү бардык чыгашаларды жакшылап эсептеңиз. Ошондо, бюджетти туура тактаган болосуз.
Ишкерлер сатып алуучуларга балмуздакты кантип жеткирүү маселесин да алдын ала изилдеши керек. Анткени, бул ишке бардык эле автопаркта кездешчү жөнөкөй машинелер жарабайт.
Балмуздактарды жеткирүүгө муздаткыч камералары бар автоунаалар керектелет. Андайлар айрым гана транспорттук компанияларда бар жана акысына аз эмес сумма сурашат. Ошондуктан, балмуздак менен алектенүүнү каалаган ишкерлердин басымдуу бөлүгү мындай автоунааларды сатып алууну ойлонушат.
Башталышында бир автоунаа эле жетет. Кийинчерээк, бизнести кеңейткенде, жылып жүрүүчү муздаткыч камералуу машинелердин санын да көбөйтүүнү ойлоносуз. Бул чыгашалардын баары туруктуу болоорунан күмөн санабаңыз. Убакыт-сааты менен болуп турчу чыгалашаларды да унутпаш керек, балмуздакты өндүрүү боюнча цехте алар көнүмүш көрүнүш. Биринчи чыгаша - бул өндүрүштү жүргүзүүгө зарыл болгон чийки заттын сатыктагы баасы. Айрым ишкерлер бул үчүн кургак сүттү пайдаланышат, аны суу менен аралаштырып, жыйынтыгында керектүү даамдагы балмуздакты ала аласыз.
Бирок, кургак сүттөр колдонулбаган классикалык технологиянын жактоочулары да табылат, алар балмуздакты көп компоненттүү технологиялардын негизинде жасоону жактырышат. Туура, кургак сүт менен жасалган балмуздак өндүрүүчүлөр классикалык технологияны колдогондорго караганда чыгашасын азайтып, анын негизинде кирешесин көбөйтөт. Бирок, классикалык технология менен жасалган балмуздак сапаттуу болгондуктан, аны сатып алуучулардын да катары арбын.
Чыгашалардын суммасын азайтууга тез арада балмуздактын улам жаңы түрлөрүн ойлоп таап, кардарларга сунуштап туруу керек. Анын курамына кошула турган кошулмалар да бирдей боло бербей, жаңычылдыкка жол бериши шарт. Бирок, көпчүлүк ишкерлердин максаты азыкты сапаттуу чыгарууга коюлбай, чыгымдарды азайтып, атаандаштыкта алдыга чыгып, эптеп базарды ээлеп алууга умтулат. Тилекке каршы, жаңычылдык болбосо, жаңы ишке кирген компаниялар бул тармакта нечен жыл иштеп "акула" болуп калган компаниялар менен бир гана аймактык эмес, жалпы өлкөлүк базарда да атаандаша албайт.
Мындай учурда, башка тарапка чыгуу керек, сизден мурда орун ээлеген компанияларды жылдырууну максат кылбастан, башка жактан өзүңүзгө жай тапканыңыз оң. Чакан компанияларда мындай абалда атаандаштык бир гана айла бар, ал балмуздактын баасын арзандатуу. Гигант компанияларга так ушул нерсе оорчулук келтирет. Алар кыла албаганды сиздин компания кылса, арзан азыктын суроочулары да көп болот.
Андан тышкары, эсиңизде болсун, муздак азыктарды өндүрүүчүлөрдүн базарында атаандаштык күчтүү болгондуктан, чакан ишканалардын көпкө кармалышы кыйын. Алар бара-бара көбүнчө корпорацияларга сиңип кетишет да, убакыттын өтүшү менен майда компаниялар жоюлуп, бир нече ири компаниялар гана калат. Ошондуктан, бүгүнкү күндө чакан ишкананын базарга аралашып орун таап кетүүсүнө уникалдуу даамдагы товар жардам берет. Анан дагы ал уникалдуу даамдагы товардын наркы өтө кымбат эмес, керектөөчүлөрдүн калың катмарына жетимдүү болсо, мына ошондо гана ийгилик жылмаят.
Балмуздак өндүрүү боюнча бизнес ачууда жарнама керекпи, же керек эмеспи, өзүңүз чечиңиз. Белгилеп коелу, бул нерсе жеке брендиңизди элге таанытууну көздөгөн учурда гана зарыл болот. Баса, бул чындап эле туура чечим, анткени, белгилүү бренддеги балмуздакка суроо-талап күчтүү, а анын сатылуу баасына өздүк наркы эле эмес бренддин баасын да киргизиңиз.
Балмуздак базарынын башкы маселеси - жарнама канчалык күчтүү болбосун, сатып алуучу өзүнө жаккан бренддеги, же бренди жок эле жөнөкөй балмуздакты сатып алат. Өндүрүшчүлөрдүн аракетине карабай, балмуздак эчак эле достук мамиленин "символу" болбой калган. Бул демек, балмуздактын жарнамасы жалпы көңүлдү алгач азыкка буруп, андан кийин гана кайсы бир бренддин алдында жасалган балмуздактарга басым жасаш керектигин белгилейт.
Балмуздак үчүн таңгакты кылдат тандаңыз. Ал бир катар эрежелерге жооп бериши керек. Сатып алуучулардын көңүлүн товарды чагылдырып турган таңгактагы балмуздактар тартат. Ошондой эле таңгак жеткирүүдө товарды бузбагыдай ыңгайлуу болушу шарт.
Балмуздак өндүрүү боюнча өндүрүш киршелелүү жана ийгиликтүү болсун десеңиз, бул базардын өнүгүү тенденциясын жакшылап үйрөнүңүз. Пайдаланууга жетимдүү болгон көп сандаган маркетингдик иликтөөлөр базардын боштугун жана акыбалын жакшылап түшүнүүгө, атаандаштык талаанын өлчөмүн ченөөгө жардам берет. Ал түрлөрдүн типологиясын, сатуу каналдарынын саны жана көрүнүшүн талдоого үйрөтөт.
Ушундай ыкма менен балмуздактын заманбап өндүрүүчүлөрү бизнести уюштурууга чын дилден сабаттуу аракет кылса, тандап алынган тармактагы ишмердүүлүгү тез эле ийгилик жаратат.