Ачык кеп

Мен кайрылып келип, кырдаалды курчуткум келбейт
- "Мен бүгүнкү күндө Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга түздөн түз дагы, кыйыр түрүндө да кийлигишпейм" - деди мурдагы президент Курманбек Бакиев "РИА Новостиге" 24-май күнү берген интервьюсунда.

- Деги эле кандайча мындай болуп кетти? Сиздин оюңузча, себеби эмнеде? Мүмкүн, сырттагылардын таасиридир?
- "Революция" кылууга эч кандай - экономикалык дагы, саясий дагы өбөлгөлөр жок болчу. Жок! Жок болчу! 2005-жылдын апрелинен бери 2007-жылга чейин такай митингдер, пикеттер болуп турган. Биз буларга көнүп деле калганбыз. Буга карабастан биз экономиканын деңгээлин түшүргөн жокпуз, жакырчылыкка жол берген жокпуз. Тескерисинче, беш жыл ичинде биз экономиканын ушунчалык өсүү темпине, мамлекеттик бюджеттин 3-3,5 эсеге жогорулашына жетиштик. Карапайым адамдар канчалаган жолдор, жаңы мектептер, ооруканалар курулганын өз көздөрү менен көрүп жатышкан. Пенсия, пособиелердин көлөмү көбөйүп, айлык маяналар өскөн... Ал эми бүгүн бийликке келген убактылуу өкмөт беш жыл аралыгында бизге иштегенге мүмкүнчүлүк беришкен жок. Тагыраак айтканда, алар экономикалык жана саясий жактан президенттин командасына утулганын түшүнүштү. Алардын бир гана жолу бийликти курал-жарак менен басып алуу гана калды. Алар кан төгүү менен ушуну жасашты да, мамлекет башчысынын мойнуна тагып коюштун аракетин кылышты. Алардын иши эмне себептен ишке ашты? Кыргызстандагы күч органдары бул окуяга даяр эмес эле. Анткени, маалымат жок болчу. Оппозицияга (Бишкекте) митинг өткөргөнгө демейдегидей эле уруксат берилген. Бирок, Таласта трагедиялуу окуя болуп өттү. Милиционерлерди мыкаачылык менен ур-токмокко алышат. Аларды өрттөп, көздөрүн чукуп алууга чейин барып, кордошот. Ашынган жырткычтык. Андай болсо да, күч органдары курал колдонушкан эмес. Талста митингчилерге карата бир да ок атылбаган. Андан кийин митингчилер облустук администрацияны басып алышып, аларга келген ички иштер министрин кандай кылышканын баарыңар көрдүңөр... Ал кудай сактап тирүү калды. А мен бул тууралуу жетисинде (апрелде) билдим. Атамбаевдин кеңсесине курал-жарактарды алып келип коюшкан эле... Бирок, кеч болуп калган.
- Сиздин оюңузча, бийликти басып алууга олуттуу даярдыктар болгонбу?
- Мындай иш бир күндө жасалбайт. Алар даярданышкан. Бул митингдерге катышкандар куралданган, беттери чүмкөлгөн, жакшы даярдалышкан адамдар болушкан. Алардын ичинде чет элдиктер да бар эле. Сырттан келгендер да, биздикилер да болгон. Болбосо, Ак үйдүн (президент менен өкмөт мүчөлөрү олтурган) коргоочуларына жардамга бараткан БТРди басып алышкандыгын кандайча түшүндүрүүгө болот. БТР өчүп калганда, митингчилердин бирөө аны от алдырып, Ак үйгө айдап барган да, ири калиберлүү пулемёт менен терезелерге атышкан. Саат он экилер чамасында президенттин кабинетиндеги менин терезелериме атышкан. Ок эс алуучу бөлмөнүн терезесинен кирип, менин жанымдан өтүп, эшиктин кашегине барып кадалды. Ак үйдү кайтарып жаткандар согуштук патрондор менен эмес, жаш агыздыруучу газ менен резина окторду колдонушкан. Андан кийин гана Ак үйгө кирүүгө аракет кылган машинанын дөңгөлөктөрүнө атышкан. Бул жакшы уюшулган куралдуу бийлик басып алуучулук. Таласта баш аламандык башталганда милиционердлерди уруп, өлтүрө башташкан, ошондуктан, ИИМдин кызматкердлеринин бир бөлүгү ошол жакка, бир бөлүгү ошол маалда тынч болбой турган Нарынга жөнөтүлгөн. Бул Бишкекте милиционерлердин аз санда калышы үчүн атайын жасалган. Ачыгын айтканда, биз күч органдары менен алектенген эмеспиз. Мен баары бир башкача жолду тандап алганмын. Менин жасаган ишиме эл баа берип, турмушубуз оңолсо, мындай нерселер болбойт деп ойлогонмун. Бул окуяда ким атты, кандайча, кайдан атты бул тууралуу териштиришибиз керек.
- 2007-жылы Ак үйдү ушундай эле басып алууга болгон аракетти токтотуп калдыңыздар да, а эмне үчүн бул жолу токтото албай калдыңыздар?
- Анда митингчилердин арасында агрессивдүү адамдар болгон, бирок, курал-жарак жок эле. Ал эми бул жолу автоматтар. Снайпердик мылтыктар менен келишти.
- Окуялар башталганда Бишкекте кезиңизде, андан кийин өлкөнүн түштүгүнө кеткениңизде да эл алдына чыгып эч кандай маалымат берген жоксуз, ал эми сиздин каршылаштарыңыз тынбай чыгып турушту, сиз маалыматтык согушта утулуп калдыңыз...
- Алар бийликке келишкенде баардыгын басып алышты, биз чындыгында утулуп калдык. Бүгүнкү күнгө чейин маалымат бир жактуу берилип жатат. Ошондуктан, мен достук колун сунган Белоруссиянын президенти Александр Лукашенкого аябай ыраазымын. Ал мага бул жерде пресс-конференция өткөргөнгө жардам берип, окуялар кандай болгондугун айтып беришиме мүмкүнчүлүк түзүп берди. Бирок, ал маалыматтар Кыргыз элине жетпей калды. Анткени, улуттук телеканал менин билдирүүмдү берген жок. Ошондуктан, Жалал-Абад облустук телекомпаниясынын жалпы жамааты иштөөдөн баш тартышты.
- Белоруссиянын генпрокуратурасы Кыргызстандан сизди айыптаган документтерди алды. Ал документтерде сизди Кыргызстанга кайтарып берүү жөнүндө да айтылган...
- Менин дарегиме коюлган күнөөлөр негизсиз. Биринчиден, мен мамлекет башчысы катары Ак үйдү коргоого эч кандай тиешем жок. Муну Ак үйдө турган күч структураларынын, укук коргоо органдарынын жетекчилери, президенттин аппаратынын жетекчиси тастыктайт. Кимиси болбосун, президент Ак үйдү коргоого тиешеси болгонбу, жокпу айтып беришет.
- Демек, Сизди митингчилерге ок атууга буйрук берди деген күнөөлөр негизсиз экен да?
- Ооба, эч кандай негиз жок. Муну мен жүз процент жоопкерчидлик менен айта алам. Мен ошондуктан бир жума бою эч жакка кетпей түштүктө болдум, "Парламент, эгер силерди Бишкекте иштетпей жатса, түштүккө келип ишиңерди баштагыла" дедим. Экинчиден, мен биринчи күндөн тартып эле "эл аралык көз карандысыз комиссияны түзгүлө, алар Бишкекте болгон окуяларды текшерип, ким жоопкерчиликти алышы керектигин түшүндүрүп беришсин" дедим. Бирок, буга эч ким барган жок. Тилекке каршы, ОДКБ да аябай салкын реакция кылды. Бир гана Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко принципиалдуулугун көрсөтүп, ушул тууралуу айтып чыкты. Ал эми Таласка барган укук коргоочулардан түзүлгөн көз карандысыз комиссия бүгүнкү убактылуу өкмөттүн дарегине нааразычылыгын билдирди.
- Курманбек Салиевич, мындан аркы жашооңузду кандай пландаштырып, эмне кылайын деп жатасыз?
- Мен азыр бассам-турсам да оюм Кыргызстанда. Мен эмнеси болсо да ушул мамлекеттин президентимин. Беш жыл президент болуп иштедим, ушул беш жылдын ичинде мен бир да жолу толук кандуу эс алганым жок. Менин эс алуум эч качан он күндөн ашкан эмес. Ошондо да Кыргызстандын чегинен чыкпай, Ысык-Көлдө гана эс алчумун. Мен толугу менен өзүмдү ишке арнагам. Анан ушундай жыйынтыкка келип калуу мен үчүн аябагандай эле чоң стресс. Мен бүгүнкү күндө Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга түздөн түз дагы, кыйыр түрүндө да кийлигишпейм. Анткени, мен өлкөдөн кетип жатканда Россия менен Казакстандын жетекчилери менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүмдө, алар мага түз эле айтышкан: "Курманбек Салиевич, Ак үйдүн жанында болгон окуяга Сизди эч ким күнөөлөбөйт. Эгер кудай сактасын, түндүк-түштүк болуп, жарандык согуш башталып кетсе, анда мунун баардыгын сиздин мойнуңузга илишет". Мен муну жакшы түшүнгөнмүн, ошондуктан, өлкөнү таштап чыгып кеттим, мен түштүктө жүргөндө Талас менен Бишкекте болгон окуяга эл ушунчалык нааразы болуп, мыйзамдуу президентти коргоого куралданып чыгууга даяр эле. Мен ошондуктан Кыргызстандан чыгып кеттим. Мен ошондуктан өзүмдүн бир туугандарым, балдарым менен да телефондон да сүйлөшпөйм. Ошентсе да, бүгүнкү күндө бардык нерсени менин мойнума илип жатышат. Мамлекетти башкарууну билишпегендиги, кырдаалды стабилдештирүүгө күчү жетпей эмне гана деген сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Алгыла, тоногула, мунун баардыгы силердики, бул эмне дегендик?
- Акыркы күндөрдөгү Жалал-Абаддагы кыргыз-өзбек кагылышуулары жыйырма жыл мурдагы Ош менен Өзгөндө болгон жаңжалды эске салат, азыр ошол кандуу кагылыш кайталанып кетиши мүмкүнбү?
- 90-жылдагы улут аралык кагылышуу болгондо мен партиянын Көк-Жаңгак шаардык комитетинин биринчи секретары болуп иштечүмүн. Ал жерде тынчтыкты сактап калдык, бирок, абал аябай кооптуу эле. Кыргызстан, өзгөчө, түштүк күйүп жаткан. Андайдан кудай сактасын! Канчалаган адамдардын өмүрлөрү кыйылды. Мен алып жаткан маалыматтарга караганда, түштүктөгү азыркы кырдаал ошого барып такалышы мүмкүн. Ошондуктан, бийликтин жергиликтүү органдары, убактылуу өкмөт кырдаалды жөнгө салуу үчүн олуттуу чечимдерди кабыл алуулары тийиш. Эгерде кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетсе, буга чейин болгондордон дагы абдан чоң трагедияга айланышы мүмкүн. Ал эми бүгүнкү бийлик эмоция менен гана иштеп жатат. Алардын так мамлекеттик саясаты, программасы тууралуу азырынча мен эч нерсе уга элекмин.
- Алардын баардыгы сиздин мурдагы тилектештериңиз эле го...
- Ошондуктан, мен аларды абдан жакшы билем. Көп нерсе айтсам болмок, бирок, кыскача айтайын. Алардын көпчүлүгү абдан эмоционалдуу жана тең салмактуу эмес адамдар, арасында жакшы адамдар да бар, анттсе да, мамлекеттик башкарууда кээ бирин айтпаганда, көбүнүн тажырыйбасы жок. Буга жылдаган убакыттар керек. Тармакты, регионду, өлкөнү башкаруу оңой эмес. Эмоциялар менен алыска кетпейсиң. Бүгүнкү күндө болуп жаткан окуялар алардын мамлекетти башкарууга тажырыйбасы жок экендигин көрсөтүп турат, алар иштей да алышпайт.
- Сиз "ОДКБ да аябай салкын реакция кылды" дедиңиз. А сиздин оюңузча, уюм эмне кылыш керек эле?
- Кыргызстан учураган мындай кырдаалда баарынан мурда кошуна мамлекеттер жана баарынан мурда ОДКБ өлкөлөрү чечкиндүү жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алышы керек эле. Мен бул тууралуу бир ай мурун эле айтканмын. ОДКБнын коалициялык тынчтык орнотуучу күчтөрүн киргизип, тартипти камсыз кылыш керек эле. Бүгүнкү күнгө чейин рейдерлик жол менен басып алуулар болуп жатат. Бүгүн Бишкекте ишкерлерге бандиттер нотариус менен келип, тапанча менен коркутуп, алардын бизнестерин өздөрүнө жаздырып алып жатышат. А күч органдары болуп өткөн окуялардан кийин алсыз болуп, жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга жараксыз болуп калды. Мен аларды кыргызга, өзбекке жана башкаларга бөлбөйм, Кыргызстандын жалпы жарандары тууралуу айтып жатам. Эгер мен жаңылбасам, ОДКБнын уставында эгерде мамлекеттин бүтүндүгүнө, улут аралык мамилелерге коркунуч келсе, мамлекет башчыларынын Кеңеши тынчтык орнотуучу күчтөрдү киргизүүгө чечим кабыл алышы керек эле, өлкөнүн жетекчилеринин өтүнүчү болуп жаткандан кийин.
- Сиздин пландарыңыз жөнүндөгү суроого кайрылсак, Белоруссияда жашооңузду уланта бересизби?
- Менин Белоруссияда тил боюнча маселем жок. Мен кудайга шүгүр жакшы сүйлөйм. Бул биринчиден. Александр Григорьевич мени коллегасы катары гана эмес, досу катары да кабыл алды. Мен Белорус парламентине, Белорус элине аябай ыраазымын. Мындан кийин эмне кылышымды айтыш мен үчүн аябай оор. Мен иш менен алек болгон адаммын. Бош олтура албайм. Мындан кийин эмне кылаарымды убакыт көрсөтөт. Мен айылымда түштүктө жүргөндө бир журналист артымдан калбай, "эгерде сиз саясаттан кетсеңиз, эмне кыласыз?" деген суроосун берген. Мен ага "өндүрүш менен алектенем" дегем, ага деле болбой, тагыраак айтсаңыз дей бергенинен "оюнчук чыгарам" деп койгом. Ушул айтып койгонумду бардык телеканалдардан "президент эми өз ишин таштап, оюнчуктарды өндүрүү менен алекетенет экен" деп айтып чыгышты. Чындыгында, андай эмес да. Менин оюмча, мен топтогон тажырыйбаны эч бир академиядан да окуй албайсың. Мен бул жерде да кандайдыр пайдам тиерине ишенем. Бирок, азырынча кандай, айта албайм. Мен пайдам тийиш үчүн баардыгын жасайм. Калган өмүрүмдү жөн эле өткөрүп коюуну каалабайм.
- Сиз бүгүнкү күндө өзүңүздүн статусуңузду кандай көрөсүз? Президентпи, экс-президентпи, же жөн эле Белоруссиянын коногубу?..
- Биздин мыйзам боюнча президент өз ыктыяры менен кызматтан кеткенде парламентке арыз жазат. Парламент карап чыгып, кабыл алгандыгын бекитет. Ушундан кийин гана президенттин укугу токтойт. Мен арызды Кыргызстандын туруктуулугу, укуктуулугу сакталсын деп жазганмын. Юридикалык жактан жазганым менен парламент кабыл алган жок. Ошондуктан, менин отставкам күчүнө кирген жок. Менин абалым? Александр Григоревичтин айтымында, президент бойдонмун. А бүгүн келгендер, 17-жылдагыдай, декерет чыгарышып, парламентти, конституциялык сотту таркатып жиберишти. Эмнеге? Макул, мен кеттим, бирок, өлкөдө стабилдүүлүк жок, баш аламандык уланып жатат, мени менен иштегендерди куугунтукка алышууда. Бир туугандарым жөнүндө айтпай эле коеюн. Жада калса, мага кыйыр туугандардан бери ар бири куугунтукка алынып жатышат. Кыргызстандын эли мага мындай мамиле кылган жок. Бул күнөөсүз адамдарды курмандыкка чалып, бийликти курал менен басып алган бир ууч топтун мамилеси. Алар бийликке келишип, бардык күнөөнү мага оодарып жатышат. Эгерде эл аралык, көз карандысыз иликтөө жүргүзүлсө, нормалдуу сот болсо, бардык күнөөнү алар тартышат. Буга мен толугу менен ишенем. Укук коргоо органдарында да баш аламандык. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда криминалдар менен күч органдары кошулуп кеткен. Алар бүгүнкү күндүн кожоюндары. Мындай кырдаалда мен кайтып барып, акыбалды курчуткум келбейт. Бул дээрлик мүмкүн эмес. Мен түштүктө жүргөнүмдө өзүмдүн кызматымды сунуштадым, "ушундай болуп калган соң, парламенти чогулткула да, укук талаасына киргиле" - дедим. Алар угушкан жок. Ошондуктан, азыркы алардын чечимдери, юридикалык жактан алып караганда мыйзамсыз. Парламент жок, президент чет өлкөдө. Эгерде бул окуяга эл аралык туура баа берилбесе, КМШ өлкөлөрүндө да ушундай окуя болуп кетиши мүмкүн. Мен "Оппозиция кыйкыра берсин, ызы-чуу боло берсин. А мен өлкөнүн экономикасын, элдин жашоо деңгээлин көтөрсөм, эл ак, караны өздөрү ажыратып алат" деп эсептегенмин. Оппозиция болуш керек, бирок, конструктивдүү болуш керек. Мен түшүнөм, эгер оппозиция "бул өкмөттүн программасы, бул президенттин программасы. Силердин бул программаңарда булар иштебей жатат, биз муну сунуштайбыз" десе. Ушундай оппозиция болуш керек. Пулемет, автоматтар менен өкмөттүк мекемелерди басып алып, биз "биз бийлик, биз революция жасадык" дегени оппозициянын иши эмес. Бул куралчан бийлик басып алуу. Карапайым адамдар бүгүнкү күнгө чейин эмне болгонун түшүнбөй жүрүшөт.
- Бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикасы жумшактап айтканда, аябай коркунучтуу абалда...
- Ооба, тилекке каршы, Кыргызстандын экономикасы беш-он жылга артка кетти. Биз ушундай жакшы мыйзамдарды кабыл алып, бизнести өнүктүрүүгө аябай жакшы шартты түзгөнбүз. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагыдай бизнес жүргүзүү башка мамлекеттерде мүмкүн эмес. Эмне себептен биздин экономикабыз көтөрүлө баштады? Ушул биз кабыл алган мыйзамдардын аркасында. А эми азыр булар эмне кылып жатышат? Алар бизнесмендердин, ишкерлердин иштерине тоскоол болуп, муунтуп жатышат.
- Сизди бир туугандарыңыздын, уулуңуз Максимдин чоң мамлекеттик кызматты ээлегендиги, мамлекетке келип жаткан бардык инвестицияны башкаргандыгы үчүн күнөөлөшүүдө. Аны өз ордуңузга даярдаган имишсиз?..
- Менден "эмне себептен сиз уулуңузду ЦАРИИге жетекчи кылып койдуңуз?" деп жакында сурашты. Жооп өтө жөнөкөй. Кыргызстандын сырткы карызы 2 миллиард доллардан ашык. Инвестициялар келип жатат жана келе берет, алардын эффективдүүлүгү дайыма жогору эмес. Акчалар келип жатат, бирок, ошондой эле жок болуп жатат. Тигил жерде жеп койгон, бул жерде жеп койгон. Ким инвестиция алып келсе, ал жейт. Мен эмне үчүн Максимди койдум? Максим эл аралык бизнесмен катары жакшы өстү, бизнестин ийне-жибине чейин жакшы түшүнөт. Мен эмне себептен буга барып, өзүмдүн баламды жогору кызматка койдум. Мен баламды койгондон кийин инвестицияга жоопкерчиликти өз мойнума алам. Бир дагы долларды эч ким жей албайт да, бирөөнүн чөнтөгүнө кетпейт. Мен Максим менен сүйлөшкөндө, "уулум, мен сени ушундай жогорку кызматка койдум. Мен сага ишенем" дегем. Баардыгы ачык жана таза болгондугун текшерүүлөр көрсөтүп турат. Россиядан алган кредит боюнча, киреше түшүп, ай сайын кайтара баштаганбыз. Ал ушунчалык туура уюштурулган болчу. Ачык айтканда, башкаларга ишеним аз болгондугуна байланыштуу, ушул орунга өз уулумду койгонмун. Анткени, өзүмдүн уулумду койгонум ката болгондур.
- Сиз буга өкүнөсүзбү?
- Жок, өкүнбөйм. Эгерде ушул кызматта Максимге жок дегенде эки жыл убакыт беришкенде ал эмнеге жөндөмдүү экендигин далилдемек. Аны мураскер кылуу жөнүндө сөз да болгон эмес. Бир гана мисал, ал кыргыз тилин билчү эмес. Максим кыргыз тилине караганда, англис тилин жакшы билчү. А мамлекет башчысы болушу үчүн кыргыз тилин сөзсүз билиши керек эле. Элдин психологиясын билиш үчүн кыргыз тилинде ойлонуш керек. Ошондуктан, ачык айтам, менин максатым кандай болгондугун. Ал борбордук агенттиктин башчысы болсо, жакшы иштесе, инвестициялар келип, экономикабыз көтөрүлсө деген ой эле. Мен үчүнчү мөөнөткө калмак эмесмин. Президенттик шайлоолор өтөт, мамлекеттин башка башчысын шайлайбыз. Анын кандидатурасын премьер-министрликке карап көрсөк болмок. Мен муну өзүмчө эле жакынкы төрт жылга пландаштырганмын. Төрт жылдын ичинде канчалаган өзгөрүүлөр болмок. Максим күчтүү юрист, ал эмне жасаса да, мыйзам чегинде болчу. Эгерде ага жооп берүүгө туура келсе, Максим дагы тигил жерде эмес, эл аралык сотто жооп беришин каалайм. Ал жакка кайсыл Бакиевди алып келсе дагы, алар мына муну айтат: "мына президент болбосо да, уулу же бир туугандардын бирөөсү кармалды. Алгыла да, каалаганыңарды жасагыла". Бүгүн Кыргызстанда мына ушундай болот. Максим бизнесмен болуп тургандагы иштер мыйзамдын алкагында жүргүзүлгөндүгүнө толугу менен ишенем. Анткени, ал менин ата катары жана президент катары койгон талабымды билет.
- Болуп өткөн окуялардан сиз кандай жыйынтык чыгарасыз?
- Көрсө, демократияны да коргой билиш керек экен. Кандай демократия болбосун, эгерде, ал өзүн коргой албаса, демократияны киргизүүгө эртелик кылат.