Бириң кайың, бириң тал...

Убактылуу Өкмөттүн араздашуусу башталды
Жириновскийдин тогузунчу округ жөнүндө "балп" эттиргени жөн жерден эмес окшойт.
Күнү кечээ, Бакиевди Ак үйдөн айдап чыгып, бийликке Убактылуу Өкмөт келгендин эртеси, эл арасында "бул окуяда Путиндин кулагы көрүнүп калды, болбосо тиги бешөөнүн колунан эч нерсе келмек эмес" деген сөз айтыла баштаган. Себеби, "эски тондун жамаачысындай" болуп, булардын ой-максаты, келечек пландары ар башкача болчу. Буга чейин бир пикирге келе алышпай, туш тарапка бөлүнүп кетишкен. Муну ошол учурда эле К. Байболов бир гезитке берген маегинде айткан, "БЭК тин" он беш мүчөсү болсо баары эле президент болом дегендер экен. Алар менен чогуу эл камын көрүп, жакшы бир нерсе бүтүрө алгыдай эмессиң" маанисинде. Булар менен бир пикирге келе албай, Т.Сариев өзүнчө аттанган президенттик шайлоого. ММКлар аркылуу бирин бири моокумдары кана "шыбашканын" да окуганбыз. Б.Бешимов болсо акыркы президенттик шайлоодон кийин "кокуй, бийлик мени тигинтип коркутуп жатат, минтип коркутуп жатат, өмүрүм бала-чакам коркунучта" деп депутат экенине кайыл болуп Американы көздөй качкан. Көрсө, бийлик коркутпай эле өздөрү тил табыша албаптыр да, болбосо мындай кыйын кезеңде өзүнүн мурдагы пикирлештери менен бирге болбойт беле? Америкага элчи кылып дайындашса макул болбой коюптур. Рушайлонун азыр Бишкекке келип Убактылуу Өкмөттүн кеңешчиси катары көзөмөлгө алып отурганы эмнеси? Бул дегени, Убактылуу Өкмөттү "под контролем" кармап турганы го. Бакиевдердин телефон аркылуу сүйлөшкөндөрүн "тыңшап", элге чыгарып атканы түшүнүктүү дейли (аларды элге "мокочо" көрсөтүп жаткандагысы), ал эми Убактылуу Өкмөттүн сүйлөшкөндөрүн интернетке чыгаргандарын кандай түшүнөбүз?. Айта кетчү нерсе, булардын барысын Орусиянын ФСБсы жасап жатат дешет билгендер. Убактылуу Өкмөттүн эл арасында баркы төмөн экендигин, парламенттик башкарууга орустардын каршы экендигин эске алсак, анда ФСБ Убактылуу Өкмөттү референдумга жеткирбей эле тактан алып түшөт го. Эми президенттике кимди алып келишет? Н.Тулеевдиби же Бахтияр Алиевдиби? Сөзүмдүн башындагы "Путиндин кулагы" жөнүндөгү сөз ушундан улам айтылган. Эми, Бекназаров менен Атамбаевдин, Сариев менен Бекназаровдун телефон аркылуу сүйлөшкөндөрүн чын деп эсептей турган болсок, анда көптөгөн суроолор пайда болот. Миллион долларды Марат Бакиев эмес, казынадан ысыраптап Ош, Жалал-Абаддагы жаңжалды ушулар уюштурдубу? Улуттар аралык жаңжал Бакиевге эмес буларга керекпи? 87 адамдын каны кандай максат менен төгүлдү? Жалган болсо эмне үчүн ММКлар аркылуу түшүндүрмө беришпейт? Бакиевдердин телефондон сүйлөшкөндөрүн канча күндөн бери телевизордон көрсөтүп жатышат. Муну менен көпчүлүктүн үрөйүн учуруп, кооптондуруп жатышканын билишпейби? Ал эми түштүктөгү Бакиевдердин тарапташтарын шыктандырып жатпайбы? Бекназаров болсо Атамбаевди "досторчо" коркутуп жатат. Сооронбайдын 400миң доллары жөнүндө кеп кылып, дагы бир төңкөрүш жасайм дейт. Ыя, айланайындар, бул кишиге өлкөдөгү стабилдүүлүк, тынчтык, төгүлгөн адам каны түккө да турбайбы? Өзүнүн кызыкчылыгы үчүн, бардык ишке даярбы? Анда эмне үчүн Бакиевдерди каралаган сөздөрдү сүйлөйт? Же Бекназаровго боло береби? Атамбаевдин болсо кебетеси тигиндей, оозунан чыккан сөздү талдай албай дөөдүрөйт. Эл ушул "оорулуулар" үчүн көтөрүлүп канын төккөнбү деп кейийсиң. Жалал-Абадда болсо И.Исаковдун жообун күтүп жатышат. К.Батыровду кантип кармап жазалашаар экен? Ал азыр Ташкентте палоо демдетип, көк чай ичип олтурса керек салкында, Убактылуу Өкмөттү шылдыңдап коюп. "Кетсин" деген Б. Асанову дагы деле отурат губернатордун креслосунда. Жок дегенде ушунусун алмаштырып коюшпайбы, элди бир азга болсо да тынчтандырып. Андай кыла алышпаса керек, себеби ал дагы көп "секреттерин" билет булардын. Эртең сайрап чыкса абийирлери мындан да жаман ашмалтай болот. Ү.Сыдыков менен И.Масалиевди камап койсо эле маселе чечилип калат дешсе, анда буларың терең жаңылышат. Бакиевдердин сүйлөшкөн сөзүн уксаң, бу кишилер тууралуу бир да сөз жок экен. Демек, алардын планына булардын тийешеси жок. Ү.Сыдыковдор да Убактылуу Өкмөттүн бийликке жарамсыздыгын билип, кеч болуп кала электе алмаштыралы дешкендир. Булар чыгышпаса эртең башкалары чыгышы мүмкүн. Ортодо болсо чайналган эл. Жөжөнү санай турган күз тез эле келет. Дыйкандарыбыздын акыбалына мышык ыйлайт. Күзүндө кандай түшүм алышат? Деги эле эртеңки жашоо бүдөмүктөнүп, кырдаал өтө эле кооптуу. Жараткан өзү колдоп, элибизге жакшылык берсин.
А.КАЛИМБЕТОВ




Кадыржан Батыров айткан сөздөрү үчүн кечирим сурайт
Жалал-Абаттагы Өзбек маданий борборунун президенти Кадыржан Батыров айткан сөздөрү үчүн кечирим сураган видео кайрылуу таратты. Ал бул кайрылуусун 23-майда жергиликтүү тартип коргоо органдарына тапшырды. Анда К. Батыров кылмышкерлер жана Конституциянын долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча айткан сөздөрү айрым адамдарды таарынтып койгонун, ушундан улам кечирим сурай турганын билдирди. Жалал-Абат шаарында жергиликтүү эл К. Батыровдун айткандарына жаалданып 19-майда көчөгө чыгышкан. Шаардагы К. Батыровго таандык делген "Элдердин достугу" университетинин жанындагы кагылыштан үч адам өлгөн, жетимиштен ашууну жаракат алган. Ошол күнү Жалал-Абат шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал жарыяланып 30-майга чейин коменданттык саат киргизилген болчу.

Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн телефон сүйлөшүүлөрү монтаждалган
Башкы прокурор Байтемир Ибраев убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн телефондогу сүйлөшүүлөрү тымызын жазылган аудиотасманын айрым жерлери монтаждалган, -деп билдирди. Анын маалымдашынча, убактылуу өкмөт мүчөлөрү Алмазбек Атамбаев менен Азимбек Бекназаровдун Бажы кызматынын жетекчисин дайындоо үчүн 400 миң доллар алуу жана Азимбек Бекназаров менен Темир Сариевдин 1 миллион доллардын изин жайгаруу тууралуу сүйлөшкөндөрү боюнча кылмыш иши козголгон эмес. Б. Ибраев эгерде убактылуу өкмөттүн аты аталган мүчөлөрүнөн кимдир бирөө кайрылса кылмыш иши козголот деп билдирди. Өткөн жумада Интернетте А. Атамбаев менен А. Бекназаровдун 400 миң доллар, ошондой эле А. Бекназаров менен Т. Сариевдин 1 миллион доллар тууралуу телефондон сүйлөшкөндөрү коомчулукка тарап кеткен. Убактылуу өкмөт бул 1 миллион доллар өлкөнүн түштүгүндөгү кырдаалды жөнгөрүүгө жумшалды деп билдирген. Ал эми А. Атамбаев кечээ маалымат жыйын өткөрүп Бажы кызматынын башчысын дайындоодо 400 миң долларды албаганын жарыялады.
"Азаттык"