(Аңгеме)

МЕЗГИЛДИН ЭСКИРГЕН БАРАКТАРЫ
"Ооба, мен анда али да болсо бул жашоонун ачкыл даамын тата элек,турмуш агымына кошула элек бала элем", - деп, баштады Алтынбек байкем өзүнүн алгач сөзүн.
Көк түстөгү жеңил машина кара жолдо зыпылдап бир калыпта кетип баратты. Сыртта себелеп жааган жазгы жамгыр, эне төшүн аймалаган наристедей терезени аймалашат.
Алтынбек байкем терең улутунуп, сөздү эмнеден баштаарын билбегендей бир топко дейре суналып жаткан кара жолду ойлуу тиктеп баратты.
- Ал кезде он алтыда болчумун. Үйдөгү балдардын улуусу мен болгондуктанбы, же ошол учурдагы айылдык кишилердин кадыр-баркка ээ болуш үчүн жасаган аракеттеринен уламбы?
Айтор, атам мени окутам, элдин балдарындай чоң иштен иштеп "баланчанын баласы дедиртип жүрөрсүң" деген тилеги бар эле.
Mына ошентип орто мектепти бүтөр замат, атам мени студент туугандарыбызга кошуп Бишкекке жөнөттү. Эх, ошондо кубанганымды айтпа.
Бул менин алгачкы ирет өз алдымча турмуш агымына жасаган кадамым эле. Бишкектин жайкы сулуу көктөмү, кызыл-тазыл гүлдөр, жапжашыл бульварлар, аллеялар, асманга атылып чыккан фонтандар, кооз салынган үйлөр, жагымдуу музыкалар, түнкү жаштардын бийлери, кино театрларды көргөндө мен өзүмдү башка бир дүйнөнү аралап жүргөндөй сездим. Күндөн-күнгө өзгөрүлүүгө, татына кийинип маданияттуусүйлөөгө, шаар адамдарына тез-эле аралашып кетүүгө далалаттандым.
Негизги максатым окууга өтүп алуу эле. Билим алчу жаштардын жайкы сыноодогу таймашуусу кызуу башталды. Чынында менин күнү-түнү окуганым, атамдын жасаган аракеттери текке кетпеди. Көксөгөн максатыбыз орундалып мен политехникалык институттун студенти болдум. Студенттик күндөр биринен сала экинчиси кызыктуу көрүнүп, группалаштарым, досторум сезимге жылуулук калтырып, күндөн-күнгө тааныштарым көбөйүп баратты.
Азыр ойлосом, ошол студенттик күндөрүм, жашоомдун быша элек жемиштериндей болуп калыптыр.
Жашоо...! Жашоо демекчи, бул кандай таттуу нерсе, биз аны эч качан баалай албайт окшойбуз? Анын өктөмдүгү, ылдамдыгы, мезгилдин эскирген барактарындай артта калган унутулгус, кайрылгыс окуяларын өз учурунда мен да баалай албаптырмын. Студенттик күндөр өзүнүн огунан жазбай айлана берди. Жыл айланып 1-курсту ийгиликтүү аяктадым. Кайрадан каникул бүтүп айыл-чарба жумушу. Кайрадан алтын күз келди, студенттик турмуш улана баштады.
Бул жыл мага өзгөчө жыл болду. Асмандан издегенимди жерден таап алгандай Роза менен таанышып сүйүү жөнүндө, махабат жөнүндө түбү жок ойлор пайда болду.
Өткөндү билбей туруп, учурдун мааниси менен келечектин максатын түшүнүү да кыйын тура... Муну айтып жатканымдын себеби мен сүйүү деген ушул турбайбы деп, Розаны кыялымда сулуунун сулуусу, аял-заттын периштеси кылып алыптырмын. Биздин мамилелер аябай ысык болду. Роза үчүн далай балдар менен мушташып, далай жолу аны ыза кылганымчы? Азыр да эстеп өкүнүп калам. Атаганат, эмне үчүн анттим экен? Бул менин өзүмчүлдүгүм болсо керек.
Баса, бир окуя эч бир эсимен кетпейт. Кар себелеп жаап турган сүйлөшкөн убакыт боюнча кыз-келиндер институтунун жатаканасына Розага келдим. Негедир ал белгилеген убакыттан кечигип жатты. Күтүп тура берүүгө чыдамым жетпеди. Кире бериштеги кемпирдин "токто" дегенине карабай, бөлмөсүн көздөй атып чыктым. Бөлмө ачык. Төрт жигит бакылдашып сүйлөшүп олтурат. Колдорум калчылдап жүрөгүм муздай түштү. Бир канча жолу Розаны сурап келген жигитти жазбай эле тааныдым. Дал ошол жигитти кирип барып жакадан кандай алганымды сезбей калыптырмып.
Ай жигит коё турчу жай сүйлөшөлү дегенине карабай эшикти көздөй сүйрөп жөнөдүм. Маңдайда олтурган кең далылуу узун жигит тура калып жаак талаштыра коюп калды. Көзүмөн от чагылыша түшүп, кетенчиктеп барып туруп калдым.
Ызама чыдабай мен да кол кайтарып жиберсем мурунунан каны чыга түштү. Тиги үчөө жабыла бергенде керебеттин үстүнө чыга качтым. Сөгүнүп-сагынып мушташыбыз улана берди. Роза кирип келип ыйлап жиберди. Колундагы чайнегин коё коюп Алтынбекти урбагыла, бул эмне кылганыңар деп жатып муруну канап жаткан узун жигитти көрүп байке, сизге эмне болду деп, ого бетер эчкирип ыйлап алды. Биз негедир турган жерлерибизде катып калыптырбыз. Бул көрүнүшкө мен ого бетер ызаландым. Тумагым менен моюн орогучумду жерден силкип алып токтоосуз эшикти көздөй жөнөдүм. Кулагым ызы-чуу болуп эчкимдин сөзүн аңдай албай, сыртка чыгып максатсыз кайдадыр сапар тарттым.
- Себелеп жааган жумшак кар, муздак шамал акырындан өзүнүн ызгаар суугуна денемди багындырат. Кимгедир жаным кашайып, барысын өз ичимен сөгүп келаттым.
Кубалашып өтүп жаткан күндөр...
Бул күндөр эчкимди күтпөдү. Ооба өтө берет экен. Өмүрдүн жыргалы да, ачуусу да, убактылуу таттуусу да мезгилдин дөңгөлөгү менен артта калып жатты. Экинчи курсту мурункудай баалай албадым. Өзүмдү көп ирет азапка салып, обу жок иштерди башыман кечирдим.
Розанын дүйнөсү таза жан эле, анын карагаттай татына көздөрү татынакай бетине жарашыктуу күлкүсү, далай жанды суктандырган келбеттүү сымбаты күнү- күнкүдөй көз алдымда кино тасмадай тартылганы тартылган. Көзүмдүн кареги менен кошо тегеренип, мен дегенде ичкен ашын жерге койгон анын элпектиги, адамгерчилиги бар эле.
Дарактар жаңы бүрдөп айлана-чөйрө көгөрө баштаган кез. Институттар аралык мелдештер болуп жаткан. Бийиктикке секирүү боюнча 1-орунга, ал эми 3 чакырым аралыкка жүгүрүү боюнча 2-орунга жетиштим. Бул күн өзгөчө күн болду. Биз Роза экөөбүз кубанычтуу үйгө жөнөдүк. Meн ага эмики мелдеште 1-орунду алам деп убада берип келаткам. Капыстан кызыл түстөгү жигули токтой калып Розаны чакырды. Роза чочуп кетип, Алтынбек мени кечир, бул менин агам болот, кечинде жолугабыз деп шашып жөнөдү. Артынан ээрчий басып кала бердим. Эмеле ойлоп келаткан ойлорум, ойрон болду. Жалгыз өзүм ресторанга кирип аябай ичтим. Көзүмдү ачсам апакай бөлмөдө, ак шейшепте жатыптырмын, колум таңылып бүт денем сыздап турат. Ал аңгыча ак халатчан кыз кирип.
- Ай сулуу жигит тап кандай деп, жылуу жылмайды. Ошондо билдим доктурда жатканымды. Угушума караганда, мушташып кетиптирмин бей тааныш балдар менен. Барынан жаманы ошол күнү биздин факультеттин деканынын кызынын тою болуп жатыптыр. Тойго келген мугалимдер менин кылык-жоругума күбө болгонун кийин билдим. Бул окуя мага окууну аргасыз таштоого себепкер болду окшойт.
Ооруканада канча күн жатканым эсимде жок. Күнүгө Роза эки-үч ирет келип кетет. Сабактарыма жетише албай бараттым. Бир жагынан мугалимдердин мамилелери кескин өзгөрүлдү. Экинчи жагынан негедир окууга болгон кызыгуум жоголуп кетти.
Жүрөктү өйүгөн туңгуюк ойлор: Эмнеге мынча өзүмдү кыйнадым? Ким үчүн окуп жүрөм?
Жашоонун маңызы эмнеде? Бул суроолор кайда барсам оюмда жашап алды.
Жайкы сессия башталып, көпчүлүк сабактардан экзамен-зачетторумду кыйынчылык менен тапшырдым. Бир экзаменден мугалим койбой, убара кылды. Шаардагы атамдын таанышын көздөй жөнөдүм. Үйүнө жете берээрде, анын сөзү эсиме түштү:
"Балаңыз колунан келсе, башы болсо окуйт, болбосо бир күнү келээр мурдунун суусу агып". Бул сөздү кандай ой менен айтканын ошол замат түшүнгөм. Анткени сураган акчасына атам макул болуп, мен каршы тургам.
Эшигинин алдына жетип, намысым чыдабай кайра кайрылдым. бул күндөр даамсыз супсак, оор күндөр болду мен үчүн.
Күтүүсүздөн барысын таштап салып үйдү көздөй сапар тарттым. Баары артта калып жатты. Менин тунук сүйүүм. Ооба, эч бир жанга алмаштыргыс таза сүйүүм, бирге окуган курбуларым, досторум, аздыр-көптүр билим алган имараттар, китепканалар, мен жүргөн автобус, троллейбустар, сүйүктүү кино театрым "Манас", стипендиямдын алгачкы клиенти болгон "Минутка" кафеси..., Айтор кым-куут машинеге толгон шаардын көчөлөрү артта калып жатты. Барыдан да, жаштыгымдын күлгүн чагы артта калып баратканына ыйлагым келди. Мени жолдо ката чырмап алган сансыз ойлор түбү жок санаам кыйнап баратты. Роза, сессиясын тапшырып болуп, каникулга кетип баратып, кыздарына алакандай кат жазып таштап кетиптир. Катты кайра баштан окуп кирдим.
"Кымбатым Алтынбек!
Сен менин бактымсың, сен менин сүйүүмсүң! Мен азыр сен үчүн гана жашап жүргөндөймүн. Сага дайым кайталап айтып жүргөн ыймандай сырым. Бизди алдыда көп жакшы нерселер күтөт. Мен сага ишенем биз баарысын жеңебиз. Акыркы күндөрү мен сенден бир нерсени көп байкап калдым. "Мен бир жаңылдым, кесипти да, сүйүүмдү да туура эмес тандап алыптырмын" деп, көңүл - оорутасың. Турмуштун бир гана жагын карабай көп кырдуулугун эске ала жүрсөң"? Турмушка жаралуу оңой болгон менен жашап кетүү кыйын деген сөздү мен четке кагар элем, себеби: Адам сабырдуу, иш билги болсо, жашоо маңыздуу эле болот болуш керек. Биз адамдар кубанычты анча сезбей, кайгыга сандалып калабыз. Бул биздин жашообуздан алыс болушу керек. Себеби кайгыдан сандалган адам (эрксиз) өзүнө зыян келтириши мүмкүн. Ошон үчүн сабырдуулук, токтоолук акылга сыйган нерсе эмеспи.
Сен аябай кызуу кандуулук кылып жибересиң. Баягы кыштын күндөрү өткөн окуя эсиңдеби? Meни кызганып өз байкемди досторун кошуп сабап кеткенсиң. Байкем экен, ал бизди кечирди. Ошентсе да кийин анын бетин кантип карайбыз билбейм.
Бирок, канткен мемен сенин мүнөздүү жагың бар, ал сенин намыстуулугуң. Сенде тыянак чыга турган, максатты көздөөчү акыл бар. Мына ошондуктан сени эчкимге алмаштыргым келбейт.
Бир акылман айткан экен "Аялдын эки кана түрү болот, биринчиси - бизди азапка салса, экинчиси - азабыбызды тартат" Ошол эки түрдүн экинчисине арзысам да сага жетсем, сенден ажырабасам деген таттуу үмүтүм бар Алтынбек?!"
Катты мындан ары окуй албадым. Самолёттон чексиз мейкиндикти, тээ алыста акырын жылып бараткан булуттарды кадала тиктедим. Оюм башаламан болуп баратты. Мен экинчи ирет кайрылып барбадым шаарга. Биздин үй-бүлөгө, менин бул кылганым катуу сокку болду. Бир нече жолу апамдын кайгырып ыйлаганы, атамдын зээни кейигени, мени айласыз абалга калтырып жүрдү. Баарыдан да туугандарымдын көз карашы, мага болгон досторумдун мамилеси кескин өзгөрүлдү. Ал эми мезгил, убакыт өзүнүн агымынан жазбай ага берди. Мезгилдин барактары убакыттын өтүшү менен саргайып кала берди, кала берди, кала берди, эскирип кала берди...
- Мына ушундай иним. Менин жаштыгымдан калган орчундуу кемчиликтер. Муну сага айтып жатканымдын себеби:" Мен кетирген кемчиликтерди сен эч качан башыңдан кечирбе. Бардык нерсенин өз учурунда болгону жакшы эмеспи. Мына мен сага айтып олтурган акылды ал учурда мага эчким айткан эмес. "Өмүрдүн бааланышы узундугуна эмес, мазмунуна карата болот тура.
Өмүр, жашоо, сүйүү...
Өмүр деген гүл турбайбы, Сүйүү ага чогулган бал, ошол балды кимдер гана татыбайт, татысын бирок чөмүлбөсүн! Ар дайым жашоонун маңызын туура пайдалан. Анткени мен байыр алалбай калган жерге сен баратасың байыр алганы, өзүңдүн кабылдооңо жараша билим алганы баратасың. Билим алуу кандай жакшы нерсе. Билимдин өзү эле адам баласына нукура алтын, эбегейсиз чоң байлык эмеспи.
Алтынбек байкемдин бул сөздөрү сезимдеримди жашытып жиберди. Анын жүрөктү муюткан сөздөрүн угуп олтуруп убакыттын кандай өткөнү билинбеди.
Поезд вокзалдын алдында турган Жалал-Абад - Фрунзе маршруту боюнча жөнөөчү поезд өзүнүн вагондорун акырын силкип ордунан козголду.
Шалбырттаган жазгы жамгыр тынымсыз себелейт. Түнкү алсыз шамдардын жарыгында байкемдин жамгырды тоготпой мени узата кол булгап тиктеп турганы, мага болгон бир туугандык сезими мени турмуш агымына октоп жөнөткөндөй кандайдыр бир касиеттүү ыйык нерсени мага тапшыргандай сезилип турду. Эшикте тынымсыз жамгыр жаап жатат.
Ооба, мөлтүр, таза жамгыр, ушул мөлтүр жамгырдай адамдардын бардыгы ак ниеттүү, кең пейил болсо гана атаганат!
Кулагыма Алтынбек байкемдин сөзү кайталана берди. Анын татына салабаттуу элеси кайталангыс сөздөрү, кирсиз көңүлү барыдан да, мезгилдин эскирген барактарында калган анын жаштык өмүрү көз алдымда тартылып баратты...

Сакен МЫРЗАШ уулу