Интерполдо изделген эң ири 15 орус бизнесмени
Орустардын демилгеси менен эл аралык издөөгө алынган 66 000 адам бар. Кылмышкерлерди издөө Интерпол жана КМШнын алкагында Орусиянын катышуусу менен жүргүзүлгөндүгүнө карабастан алардын көптүгү таң калтырбай койбойт. Ошондой эле Интерполдун базасында орус сот адилеттиги тарабынан издөөгө алынган 457 адам бар экендиги белгилүү болду. 66 000 жана 457 сандарынын айырмасын кандайча түшүндүрүүгө болот? Генпрокурордун орун басарынын айтымында, байлыгы ашып-ташкан качкындар өнүккөн өлкөлөрдө, асыресе, Улуу Британияда жана Израилде жашырынганга аракет кылышса, айыпкерлердин көпчүлүгү КМШ өлкөлөрүнө качып кетишет. Демек, жогорудагы цифралардын айырмасы ушуга байланыштуу.
Интерпол аркылуу изделгендердин карточкалары анын сайтында атайын кызыл түстөгү белги (red notice) менен баса көрсөтүлөт. "Бул кызыл бурч менен кабарлоо" деп аталат. Ал эми Интерполдун Москвадагы бюросунан билдиргендей, "Кызыл бурчтун" бар экендиги ал адамга кайсыл бир өлкөдө күнөө тагылгандыгын жана аны тез аранын ичинде камоо керек экендигин түшүндүрөт. Бирок, аны камакка алууга ал ошол убакта жашап жаткан өлкө мүмкүндүк бербеши мүмкүн. Forbes Интерполдун базасындагы ири бизнестерге байланышкан орустардын 15 белгилүү "качкынынын" атын атады. Алар сот адилеттигинен качпай эле, чет мамлекеттерде мыйзамдуу түрдө жашап келе жатышат. Андыктан, аларды Орусияга кайрадан алып келип, жаза берүү мүмкүнчүлүгү өтө төмөн.
Андрей Азаров , "Волготанкер" "Волготанкер-АМСтин" мурдагы аткаруучу директору, Орусиядагы ири нефтпродуктыларын ташыган ОАО "Волготанкер" компаниясынын жетекчиси. Компаниянын бир катар топ-менеджерлери менен биргеликте алдамчылыкка барышкандыгы жана мйзамсыз кирешелерди өз чөнтөктөрүнө салып алышкандыгы үчүн күнөөлөнүшүүдө. Тагылган айыптар боюнча ал 10 жылга эркинен ажыратылат.
Сергей Бахир , "Русснефть" "Русснефть" нефть компаниясынын мурдагы вице-президенти. Ишкананын президенти Михаилом Гуцериев менен биргеликте мыйзамсыз ишкердик менен алектенгендиги жана атайын топ түзүп, ири өлчөмдөгү каражаттарды сол чөнтөккө сологондугу үчүн айып тагылган. Тагылган айып боюнча жаза өтөөнүн максималдуу мөөнөтү - 15 жыл.
Борис Березовский Мурдагы миллиардер, "Логоваз", "Сибнефть", "Аэрофлот", "Русский алюминий" жана башка көптөгөн компаниялардын шериктеш кожоюну, 90-жылдардагы эң күчтүү олигархтардын бири. 1999-жылы Россиянын генпрокуратурасы тарабынан федералдык, 2003-жылы алдамчылык жана акча каражаттарын жок кылгандыгы үчүн айыпталып, эл аралык издөө жарыяланган. Кийинчерээк прокуратура ага кошумча кылмыш иштерин козгогон. 2001-жылдан бери Улуу Британияда жашайт, 2003-жылы саясий качкын статусун алган. 2007-жылы "Аэрофлот" иши боюнча көзү жокто 6 жылдык колонияга кесилген. Мындан башка иштери боюнча иликтөөлөр жүргүзүлүп келет.
Виктор Бут Орус бизнесмени, бир нече авиакомпаниялардын кожоюну. АКШнын укук коргоо органдары дүйнөдөгү эң ири курал-жарыкты мыйзамсыз түрдө сатуучулардын бири катары эсептейт. Интерпол аркылуу издөөгө орустар тарабынан эмес, АКШ тараптан демилге көтөрүлгөн. Нью-Йорктун түштүк округунун прокуратурасынын сурагы боюнча 2008-жылдын мартында Бангкокто камакка алынган. Бутту АКШ Колумбиялык башкесерлерге жана баңгизатын ташуучуларга курал-жарак жеткирүү максатында кылмыштуу сөз бекитишип, терроризмге көмөк көрсөткөндүгү үчүн күнөөлөйт. 2009-жылдын августунда Таиланд соту Америкага Виктор Бутту күнөөлөрү жетишээрлик түрдө далилденбегендигине байланыштуу өткөрүп берүүдөн баш тарткан. 2010-жылдын февраль айында Америка тарап жаңы айыптарды таккан. Бул жолу ага "интернет-технологияларды колдонуу менен каражаттарды өз пайдасына алуу аракети жана экономикалык өзгөчө ыйгарым укуктар жөнүндөгү мыйзамды бузуу максатында кылмыштуу сөз бекиткен" деген күнөө коюлган. АКШнын колуна түшсө, Бут өмүр бою темир тордун артына түшө тургандыгы маалым.
Андрей Гольдберг , "Юнисстрой" Москвалык ири "Юнисстрой" курулуш компаниясынын мурдагы кожоюну 1997-жылы кардарлардан 30 миллион долларга чукул өлчөмдөгү акча каражатын алып, качып кеткен. Кылмыш иши "ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренеси менен козголгон. Он жыл мөөнөттө эркинен ажыратылат.
Александр Глуховской , "Россия" инвесткомпаниясы "Россия" инвестициялык компаниясынын топ-менеджери, өлкөдөгү белгилүү рейдерлердин бири. 100гө чукул ишкана-мекемелерди документтерди жасалмалоо менен басып алган, акционерлерге басым көрсөткөн жана күч колдонгон. Кылмыш жолу менен акча каражаттарына ээлик кылгандыгы жана алдамчылыгы үчүн айыпталат.Тагылган күнөөлөр боюнча 10 жылга эркинен ажыратылууга тийиш.
Владимир Дубов , "ЮКОС" РФнын Мамдумасынын мурдагы депутаты, "ЮКОС" нефть компаниясынын акционери, Menatep Groupтун шериктеш кожоюну. "ЮКОСтун" башка жетекчилери менен бирге алдоо жолу менен көп өлчөмдөгү каражатты уурдагандыгы, алдамчылык менен коомдук мүлктү зыянга учуратканы, салыктан качкандыгы үчүн күнөөлөнгөн. Тагылган айыптар боюнча 10 жылга эркинен ажыртуу мөөнөтү каралаган.
Михаил Живило , МИКОМ "МИКОМ компаниялар тобунун" мурдагы президенти. 90-жылдардын ортосунда Кузнецк металлургиялык комбинатын, Новокузнецк металлургиялык алюминий заводун, бир нече ири көмүр компанияларын көзөмөлдүккө алган. 2000-жылы Орусиянын генпрокуратурасы ага Кемеровск облусунун губернатору Аман Тулеевдин өмүрүнө кол салууну уюштургандыгы үчүн айыпталган. Живило Францияда жашырынган, 2001-жылы орус укук коргоо органдарынын сурагы менен камакка алынып, кайра боштондукка кое берилген. 2005-жылы Францияда "качкын" статусу берилген. Тагылган айыптар боюнча өмүр бою темир тор артында олтурууга тийиш.
Илья Кацнельсон , "Волготанкер" Volgotanker Marine Service компаниясынын мурдагы башчысы, ОАО "Волготанкер" компаниясынын филиалдарын жетектеген. Башка топ-менеджерлер менен биргеликте алдамчылыкка жана мыйзамсыз кирешелерге ээлик кылгандыгы үчүн айып тагылган. Күнөөлөрү боюнча 10 жылга эркинен ажыратылууга тийиш.
Александр Макаров , "Тольяттиазот" Аммиакты өндүрүүчү "Тольяттиазот" корпорациясынын вице-президенти. крупнейшего в мире производителя аммиака. 2006-жылы салык төлөөдөн качкандыгы, өтө көп өлчөмдөгү каражаттарды алдамчылык жана кылмыш жолу менен алгандыгы үчүн күнөөлөнгөн. Компаниянын билдирүүсү боюнча чет өлкөдө окууда жүрөт имиш. Тагылган айыптар боюнча 10 жылга эркинен ажыратуу мөөнөтү каралган.
Владимир Махлай , "Тольяттиазот" Дүйнөдөгү ири аммиак өндүрүүчү "Тольяттиазот" корпорациясынын президенти. 2006-жылы салык төлөөдөн качкандыгы, өтө көп өлчөмдөгү каражаттарды алдамчылык менен алгандыгы жана кылмыш жолу менен каражаттарды жок кылгандыгы үчүн күнөөлөнгөн. Компаниянын билдиргенине караганда, чет өлкөдө дарыланууда. Тагылган айыптар боюнча 10 жылга эркинен ажыратуу мөөнөтү каралган.
Юрий Никитин , нефтетрейдер Нефтетрейдер орусиялык "Совкомфлот" мамлекеттик компаниясынын мурдагы жетекчилери менен жең ичинен сүйлөшүп, бир нече алдамчлык иштерди жүргүзүп, натыйжада, компаниядан 500 миллион доллар уурдап алган. Ага тагылган күнөө боюнча максималдуу түрдө 10 жылга эркинен ажыратылат.
Константин Стародубцев , "Россия" инвесткомпаниясы "Россия" инвестициялык компаниясынын негиздөөчүсү жана башчысы, өлкөдөгү эң белгилүү рейдерлердин бири. 100гө чукул ишканаларды документтерди жасалмалоо менен акционерлерге күч колдонуп, басып алган. Алдамчылыгы жана кылмыш жолу менен акча каражаттарын жок кылгандыгы үчүн күнөөлөнөт. Тагылган айыптар боюнча 10 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратылат.
Александр Темерко , "ЮКОС" "ЮКОС" нефть компаниясынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары жана мурдагы вице-президенти. Алдоо жолу менен "Енисейнефтегаз" ОАОнун 19,7 акцияларына ээлик кылууга жетишкен. Лондондо жашайт. 2005-жылдын декабрында Лондон магистрдик соту Генпрокуратурага өткөрүп берүүдөн баш тарткан. Тагылган айыптар боюнча жаза өтөөсүнүн мөөнөтү - 10 жыл эркинен ажыратуу.
Михаил Трушин , "ЮКОС" "ЮКОС" нефть компаниясынын мурдагы биринчи вице-президенти. Компания тарабынан кайрымдуулукка жумшоого багытталган акча каражаттарын уурдап, жок кылгандыгы үчүн күнөөлөнөт. Ушул эле айып менен андан мурда "ЮКОС-Москва" компаниясынын иштерин башкаруучусунун орун басары А.Курцин кармалып, 14 жылга эркинен ажыратылган. 2005-жылы Трушин Улуу Британиядан саясий баш калка алууга жетишкен.





Авторитеттин акыркы сапары
Урматтуу окурман
"Авторитеттин акыркы сапары" аттуу тарыхый чыгарма бул опасыз жалган дүйнөдөн чыркырап чындык издеген. Кыргыздын кайсыл чөйрөдө болбосун намыс-ариеттин ыйык тутуп, Эр Табылды баатыр ата-бабасындай патриоттуулукту туу кылып көтөрүп чыккан. Кылымда бир жаралчу өлбөс-өчпөс темага айланган ыйык инсан. Рысбек Акматбаевдин жаркын элесине арналат.

(Башы өткөн санда)

- Ата!... Баарысы кеч болуп калды. Мага артка жол жок! - деди Рысбек.
Кесе сүйлөгөн Рысбектин сөзүнөн кийин ортодо тынчтык өкүм сүрүп калды. Үн сөзү жок ээрчишкен эки караан айылга жете берээрде...
Рысбектин чөнтөк телефону шыңгырады... Ало деди токтой калып. Бир топко үн катпай угуп турду да. Жердин жети түбүнөн болсо да сууруп чыгып, " Волчья ямага" алып келип койгула деди. Телефондогу байланышкан адам колундагы балдарынан экени түшүнүктүү болду абышкага.
- Баатыр! Деди абышка. Жашоонун маңызы эмне билесиңби? Эгер билсең жашоо оройлуктан,канкорлуктан же өктөмдүктөн турбайт. Бул тирүүлүктөн бей күнөө бир адам өлтүрсөң адамзаттын баарысын өлтүргөнгө барабар болот экенсин. Мага кезегинде эчким мындай акыл, кеңеш айткан эмес. Билбейм,
балким айтса да укмак эмесмин. Сен да ошондой сезимде болсоң керек азыр. Эскерте кетүүчү нерсе Иса пайгамбар айткандай дүйнөнү эч ким кылыч менен же канкорлук менен багынта албайт. Багынтуунун жалгыз жолу сүйүү, кечиримдүүлүк, кеменгерлик экен.
- Мен ал жолдон алыс калдым окшойт Ата! -деди Рысбек . Канчалык жан дүйнөмдү ыйманга бөлөп, жакшылык кылайын деген сайын жакындарым, досторум, туугандарым мыкаачылык кылышат. Канча ирет ок жеп, өлүмдөн калдым. Кээ бир убакта кимге ишенээримди да билбейм. Толтура элдин, өзүмдүн жакындарымдын арасында жүрсөм да жалгыздык муздак дубалдай каптап турат. Кимдир бирөө "Эркиндиктен жогору эч нерсе жок Рысбек! Мени коё бер братан! Чабан болсом да өмүр бою тоолор арасында жашайын, ырайым кыл!" -деп бутума жыгылып ыйласа, таң калганмын. Эй сен жыргап эле эркиндикте жүрөсүнго деп. Көрсө анын да өзүмдүн да эркиндигимди эчак эле канжыгага басып алган турбаймынбы. Эми өзүм ошол эркиндикти сагынып жүрөм. Айтыңызчы Ата эмне кылышым керек? Святой отец терең улутунуп "сходка" уюштур деди (жыйын өткөр деген сөз.) Ошол "сходнякта" биринчи кезек кан төгүүнү токтот да авторитеттерге, сучьи эмес волчьи мыйзамдар менен жашайбыз дейсиң. Кыргызстанга келип кеткен транзитный летундардын жүзүн ачуу бул үчүнчү маселе болот. Сен саясатка киришип жаткан соң крим дүйнөгө каршылашкан иниңди "Вор" шайлатышың керек. Эң оболу тили бурууларга "повод" бербөө зарыл. Бул учурда Бишкектин жаңы конуштарынын биринде автомат, тапанча менен куралданган, чүмбөт кийген бөр эңгезердей жигиттер аң уулаган мергенчилердей болуп сапарга чыгышты.
Уландысы кийинки санда.
Интернеттен даярдаган
Канжар Мундузбаев.