Кулак кагыш

Убактылуу өкмөттү убактылуу да тааныгылары келишпейт
Өткөн саныбызда жаздык эле, Убактылуу өкмөт түштүккө көңүл бурбай жатат деп. Айтып оозду жыя электе тополоң чыкты. Ош, Жалал-Абаддагы кабарчыларыбыз кооптуу жагдай тууралуу бизге маалыматтарды берип турушкан. Аягы жаңжал менен бүтөөрү, жылдыз санатып же төлгө тарттырбай эле белгилүү болуп калган. Убактылуу өкмөт өздөрү мыйзамсыз отурушкандан кийин, жаңжалдар чыга берээри турулуу иш.

"Ак жол" партиясы десе эле жети баштуу желмогуз көрүнө береби буларга. Алардын арасында деле принцибинен тайбаган, эл үчүн жүрөгү күйгөн азаматтар бар. Алардын жүргүзгөн саясаты менен макул болбой, партиянын катарынан чыгып кеткендер да болгон. Азыр эми парламент "Убактылуу өкмөттү легитимдештирип берели" десе, Текебаев, "булардан бата алгандан көрө, көчөдө жүргөнүм жакшы" деп асман-айдан кетип жатат. Ал эми орустар баш болгон дүйнөлүк коомчулук "тез арада мыйзамдашкыла, анан сүйлөшөбүз" деп, булардын Убактылуу болсо да Өкмөт экенин тааныбай атышат. Мындай кылганы Текебаевдин принциптүүлүгүбү же кежирлигиби? Шейит кеткен 87 азаматтын арбагынан коркуп жатканыбы же мурунку бийликке болгон өчөштүгүбү, кекчилдигиби? "Принцип үчүн жасап жатат" дейин десең, өзү мыйзамчы, мыйзам талаасына келиш керек экенин жакшы түшүнөт. Мыйзам жолуна түшмөйүнчө кечээки Ош, Жалал-Абаддагы окуялар кайталана берээрин деле билет.
Суталиновдун чыканагына чейин көрсөткөн "жестин" айтып түгөтө албай жүрүштү эле, 12-майдагы митингде Атамбаевдин айтканына эмне дейбиз? Аны деле бүткүл Кыргызстан укту. Генералдарды "деревянный" деп, ал эми "комиссар Каттани" деген ылакап атка ээ болгон Субаналиевди болсо "көчүккө" теңеп койгону Атамбаевдин бери болгондо маданиятсыздыгы го? М. Турганбаевди ИИМге орун басарлыкка дайындап, коллективке тааныштырганы алып барганда "Кулов, Ниязов, Тулеевдерди алигисинен асып коём" деген сөзүнө эмне дейсин? Атактуу Жириновский мунун алдында шоона эшпей калды. Адамды дарга асканда моюнунан, болбосо бутунан аскандарын укчу элек, бирок "калтасынан" асканы тууралу укпаптырбыз. Алмаз мырзанын айныган фантазиясына сөз жок экен, болбосо элге төбөсү көрүнгөн, эл камында жүрөм деген адамдын айтаары ушулбу? Бул кылыгы үчүн генералдар ага рахмат айтышпаса керек.
Макул, эки кыргыз тытышып бийлик талашып жатат дейли, өздөрүнүн чатагын өздөрү жайгарбайбы? Эмне үчүн К. Батыровду автоматчандары менен аралаштырышат бул жаңжалга? Туура, алар деле Кыргызстандын жарандары, бирок, 90-жылдагы Ош окуясы элдин эсинен чыга элек алигиче. Кечээги Жалал-Абаддагы окуяда өзбектердин автомат көтөрүп чыккандары, от менен ойногондук деп эсептелет. Акыбал оор болуп турганда, бул окуя улуттар аралык жаңжалга айланып кетпейт деп ким кепил болот? Милиция, армия дегениң мындай окуяларга кайдыгер карап калыптыр. Анан кантишсин, каягына тартса деле "крайний" болуп калышат экен. Кечээ телевизордон Оштогу жаңжалды көрсөтүп атат, тиякта элдер бирин-бири таш менен атышып, таяк менен сабашып, мушташып атса, милиция кызматкерлери сырттан карап турушат. Жалал-Абадда болсо караандары деле көрүнбөйт. Бул эмнени билдирет, Убактылуу өкмөттү бийлик катары тааныбагандыгы го. Убактылуу өкмөт болсо "элдик кошуун" дегенди түзүп алып, ошолордун күчү менен жаңжалды басып атышат. Бул кылгандары эл менен элди кагыштырып, чатакты күчөтүп жаткандай туюлат экен. Себеби, Бакиеви болобу, Түлееви болобу, же болбосо жанагы Атамбаев атаган "деревянный" генералдар болобу, булардын да пикирлеш, тарапташтары толтура да. Булардан башка дагы канчасы жүрөт, ичинен нааразы болсо да, амбицияларын басып, стабилдүүлүк керек дешип. "Ата-Мекен", СДПК, "Ак шумкар" партияларынын мүчөлөрүнөн башка да эл бар (эл менен элди кагыштырып дегеним ошол). А буларың болсо, кайра аларды шылдыңдашып, провакация кылып жатышат. Алардын оюн уксак, болуп жаткан окуяларга таптакыр башкача баа беришет. Бакиев БУУдан көз каранды эмес эксперттик комиссия чакырып,"7-апрелде болгон окуяга ким күнөөлүү, ошону изилдеп текшертели, менде күнөө болсо, эл алдында атылып кеткенге макулмун" деп какшап атат. Андан булар эмнеге качып атышат? Аркасы таза болсо эмнеден коркушат? Өздөрү баштабайбы ошол ишти, далилдешпейби чындыкты, көпчүлүк элди шек санатышпай. "Бакиев күнөөлүү" деп кыйкыра беришсе эле далилденип калбайт да. Кечээги Жалал-Абаддагыны эсепке албаганда, ортодо 87 азаматтын өлүмү турат. Бир миллион сом акча берип койсо эле, алардын арбагы ыраазы болбойт болуш керек?
Дагы бир айта турган нерсе, биздин аксакалдарыбыз, энелерибиз кайда жүрүшөт?! Демейде сүйлөшсө тилдеринен чаң чыгып кетет. Мындай коогалаң күндө элге чыгып айтышпайбы, нарктуу сөздөрүн. Жанагы бийлик талашып, итче тытышкандарды токтотушпайбы, сакалдарын ортого салып. Же аларды да эч ким укпай калганбы? "Өз агасын агалай албаган, бирөөнүн босогосун сагалайт" деп айткан акылмандарыбыз. Аксакал дегидей деле карыларыбыз жок деши деле мүмкүн кээ бирөөлөр. Бирок, кандай болгон күндө деле, сөздөрүн угушубуз керек. Жакшысын эч ким бербейт бизге. Же сөзсүз эле, янки менен орус келиш керекпи, бизди тынчтандырыш үчүн? Андай болсо, биз сөз жүзүндө эле эгемендүү мамлекет экенбиз да?

А. КАЛИМБЕТОВ




Кадыржан Батыровдун "баатыр-лыгы", Бектур Асановдун беш жүз автоматчаны
13-майда Жалал-Абад шаарында дагы жаңжал чыкты. Бул жолу "Бакиев келсин!" деген ураандарды көтөрүп алышкан мурунку бийликтин тарапкерлери чыгышты. Алар түз эле облустук администрациянын имаратына келишип, эч кандай уруш-талашы жок эле ээлеп алышты. Губернатордун милдетин аткаруучу Бектур Асановду аялдар жулмалаганы калганда, аксакал адамдар ортого түшүп, эч кимди тийгиздирбей чыгарып жиберишти. Ал түнү Жалал-Абадда абал тынч болду. Бирок, эртеси 14-майда шаарга кире бериштеги МАИ постунун жанына адамдар топтоло баштады. Негизинен алар Аксы, Базар-Коргон райондорунун тургундары экен. Аларды Ө.Текебаевдин иниси Асылбек Текебаев баштаган элдик кошуун баштап келди. Топтолгондорго шаар тургундарынан да кошулушуп, саат 11лер чамасында Ленин көчөсү менен жогору көздөй обладминистрацияга жөнөштү. Алардын алдын торой администрацияда олтурган адамдар чыгышып, таш, таяк ыргытышып, жаңжал чыгып кетти. Бир аздан кийин элдик кошуун артка чегинип кетти да, Токтогул көчөсүнө келип туруп калышты. Ошол жерге Б.Асанов келип, "азыр бизге 500 автоматчан жардамга келет" деп элди шыктандырып жатты. Аңгыча К.Батыров баштаган жоон топ адамдар келип, топтолуп тургандар менен кошо обладминистрацияны көздөй кайрадан жөнөштү. Жакындап калганда Батыров баштаган өзбек жигиттеринин арасынан автомат атыла баштады. Ага жооп болуп тигил тараптан да ок атыла баштады. Бир маалда жогору жактан да автоматтын үнү чыга баштады. Көрсө, Таш-Булак айыл округунун башчысы Тайкожо деген өзбек баштаган топ келип калыптыр. Ошентип, 15-20 мүнөттүн аралыгында обладминистрациянын имараты Бакиевчилерден тазаланып, Асанов, Текебаев баштаган убактылуу өкмөттүн дайындалган адамдары өз ордуларына келишти. Андан кийин чогулгандарга Б.Кадыров чыгып сүйлөп, чарчаганча Бакиевдерди "сөгүп" акырында "буларды түп-тамыры менен жок кылыш керек" деп, туугандарын ээрчитип алып, Тейит айылын көздөй кетишти. Ооруканага алып кеткен жарадарлар жөнүндө билели деп барсак, бизге киргенге уруксат бербей коюшту. Ошол жерде тургандардын айтымында, жаракат алгандар кырктан ашып, төрт адам каза болуптур. Каза болгондорду тууган-уруктары тез эле айылдарына алып жөнөштү. Эки жигитти Кара-Кулжа районуна, бирөөсүн Сафаровка айылына, бирөөсүн шаардын Көк-Арт кичи районуна алып кетишти. Андан чыгып Тейит айылына барсак, ал жерге Кадыров менен барган миңге чукул адамдар дүнүйө-оокатын бүт талап алып, Бакиевдин туугандарына караштуу 3 үйдү өрттөп жиберишкен. Арасында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 91 жаштагы Абдувасит аксакалдын да үйү бар экен. Аксакалдын өзүн кошуналары арачалап калышыптыр. Үйү менен кошо бүт документтери да өрттөнүп кетиптир. К.Батыровдун алдында Абдувасит карынын кошунасы Эшем деген эже келип, чыркырап ортого түшүп, дүйнөсүн алсаңар да, үйүн өрттөбөгүлө десе "жок, Букардын тамырынан бери жоготуш керек" деп, өрт өчүрүүчүлөрдүн машинасын да киргизбей койгон. Батыровдор кеткенден кийин Б.Асанов эки чоң автобус, үч микроавтобус менен спецназдарды алып келип, ал үйгө граната ыргытып жардырып жиберишкен. Нааразы болгон элдин айтуусу боюнча, К.Батыров жеке өчөштүгүн ушунчалык мыкаачылык менен жүзөгө ашырабы? Мунун кылганы мусулманчылыктын да эч бир эрежесине туура келбейт. Батыровго окшогондорго күч органдарынын алы жетпей калганбы? Бир тууган Бакиевдерге аласасы болсо, өздөрүнөн албайбы, жигитче. Бул ишти иликтештиргенге убактылуу өкмөт деле кызыкдар болбосо керек, өздөрү кийлигишип жаткандан кийин.

Ө.ТАШБАЕВ, Жалал-Абад