Кусеин ИСАЕВ:
"Элди алдоо доору бүттү. Эми элдин эсебинен жан багууга болбойт"

Президенттин өзүнүн катышуусу менен өткөн эл аралык эки чоң форумга БУУнун баш катчысы, Еврокомиссиянын төрагасы, Бүткүл дүйнөлүк банктын Орто Азия боюнча жетекчиси, Европа өнүктүрүү банкынын, Азия өнүктүрүү банкынын аймактык жетекчилери, Кытай, Россия, Япония, Корея өңдүү чоң өлкөлөр баштаган дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүнөн эл аралык эксперттер, саясат менен бизнестеги көрүнүктүү расмий өкүлдөр келишкен чоң жыйында "Таза коом" деп аталган кылым программасына финансылык чоң колдоо көрсөтүлөөрү белгилүү болду. Бул чоң окуяга байланыштуу кыргыз-түрк "Манас" университетинин профессору, мударис Кусеин ИСАЕВден сунуш-пикирлерин сурадык.

- Дүйнөлүк саясатты жана акчаны тегереткен чоң адамдар капыстан эле кымындай Кыргызстанды шайлоо алдына сүрөөнгө алганы кокустук эмес чыгаар?...
- Жетекчилерибиздин убадасына караганда, Кыргызстандын мындан аркы тагдырын аныктоочу бул чоң окуядан ички интриганын элементтерин издөө менин курагымдагы илимпоздун иши эмес. Жаңыдан көз жарып жаткан наристеге жакшы ат ыроолонгонун өткөндө айткам. "Таза коомго" байланышкан эл аралык эки форумду, ага аттуу-баштуу адамдардын келишин, Алмазбек Атамбаев башында турган кыргыз дипломатиясынын чоң ийгилиги, Кыргызстандын эл аралык аброюнун өскөндүгү, коңшулар арасындагы кадыр-баркынан кабар берет. Президент БУУнун баш катчысы Антониу Гутеррешти "досум" деди го. Туура, жел ооздорго жем таштабай, бул ишти Улуттук стратегиянын алкагында КСДПнын Кыргызстанды өнүктүрүү программасы катары бир-эки жыл мурдараак баштоо керек эле. Эне боюндагы баланы тогуз ай көтөргөндөй, кыязы ар бир нерсенин жетилип, жарык көрөөр учуру болот. Андыктан, туулганын эмес, турарын көбүрөөк ойлонушубуз керек. Буга чейин мен "Таза коомго" байланыштуу эки жыйынга чакырылдым. Эл түшүнө элек экен. Алгачкы стадиясы эле 9 долбоордон турган көп томду камтып, 25 жылга эсептелген чоң программаны 25 мүнөттө гезиттен окуп түшүнүү мүмкүн да эмес. "Программанын жалпы тексти иштелип чыгууда" дешпедиби. Азырынча анын финансылык, экономикалык, техникалык аспекти туралуу гана учкай маалымат бар. Албетте, аты айтып тургандай "Таза коомду" таза кол менен куруп башташыбыз керек. Андыктан, үч компоненти: экономиканы, билим берүүнү, саламаттык сактоону камтыган социалдык жана руханий аспектилери жалпыга жакында сунушталууга тийиш. Анүстүнө, "алгачкы натыйжаларын октябрда көрүп калабыз" деп жатышпайбы. Президенттик программанын башкы көзөмөлчүсү Сапар Исаков: "Негизги максат - Кыргызстанда Эстониядагыдай санариптик экономиканы киргизүү жана өлкөнүн аймагын бүтүндөй интернеттештирүү" деди.
- Программанын конкреттүү адамга кандай пайдасы бар?
- Кимге, мисалы сизгеби?
- Жок, жумушсуздарга. Менин уул-келиним жумушсуз. Алты балалуу болушту, анын төртөө эгиздер. Тийиштүү кагазын чогултуп бере албай, жөлөк пул алышпайт. Апам экөөбүздүн пенсиябыз менен жан сакташат...
- Жакшы мисал айттың. Санарип технологиясы, интернет коррупциянын жаназасын окуйт. Эң чоң кайгы болгон жумушсуздукту кыскартууга жардамга келет. Сенин уул-келиниңдин мисалында алсак, аларга интернет аркылуу бош жумуш орундарын сунуштайт. "Справкаларды чогултам" деп ар кимге жалдырап, акча бербейт. Бала төрөлөрү менен тийиштүү маалыматтын баардыгы жөлөк пул берчү жерге өзү барып түшөт. Интернет, санарип булактары алдабайт, алдатпайт, пара албайт. Эч ким жанына акча салып жүрбөйт, бара-бара ал жоголот. Телефон аркылуу төлөп, керектүү маалыматты телефон берет.
- Ушул сиз айтып жаткан кооз жомок, демек, программа мурункулардай болуп аткарылбай калсачы?
- Алмазбек Атамбаевдин ишенген, таянган тоосу бийик үчүн өтө жоопкерчиликтүү, машакаттуу, бир чети тобокел кадамга барып жатат. Элди алдоо доору бүттү. Элдин эсебинен жан багууга болбойт эми. Эми эл менен эсептешип, элге таянып иш кылгандан башка жол калган жок. Президент чоң ишеним көрсөтүп, өз ордун бошоткону жаткан азыркы өкмөт башчы менен администрациянын аппарат башчысы мурунку желмогуздардын кылык-жоругун кайталай албайт, мүмкүн да эмес. Санарип технологиясын кеңири жайылтып, колдонуп, коомду түп-тамырынан бери тазартуу, тазалануу жолу, акыры барып сөздөн ишке өтүү, чыныгы ак ниет, жаратман кадам башталыш керек. Талашып отура берүү майнапсыз экенин санарип көзгө сайып көрсөтүп турат. Интернеттештирүү коомдун баардык булуң-бурчуна жеткирилет. Демек, санарип жана интернет алтын доордун эң негизги көрсөткүчтөрүнөн болот, буюрса.
Санарип - адамга, коомго жардамга келе турган фантастикалык мүмкүнчүлүк. Ааламдашуу, дүйнөлөшүү технологиясынын бүгүнкү абалын, жетишкендиктерин чейрек кылым мурда элестетүү мүмкүн эмес эле да. Учак минип суткалап жете турган аралыктан эки адам каалаган учурда маңдай-тескей отуруп алып, үнүн эле укпастан, жүзүн да көрүп, дидарлашып, баарлашуусу, эч ким таңкалбаган кадыресе көрүнүш болуп калды. Америкадагы эгиз мунаранын кулап түшкөнүн, Японияда жер титирөөдөн атом станциясы кантип кыйраганын эки күн, эки сааттан кийин эмес, учурунда көрүп турдук. Илим, технология бизге жеткирбей өсүп баратат. Адамдар дайынсыз жоголуп, машиналар уурдалып жатпайбы. Жакынкы келечекте кишинин эле эмес, малдын, макулуктардын жүргөн жерин, жуктурган оорусун билип турууга мүмкүн болот. Илим жасалма интеллектти жаратууда. "Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба" деген макалыбыз бар эмеспи. Кылт эткендин баары байкалып, көрүнүп турса, адам аргасыз, жаны үчүн болсо да тазаланат.
- Биздин бийлик уюштурган жыйындарга даражалуу, өз тармактарынын даанышман кызмат адамдары келген экен. Ушулардын башка бир арамза ою жокпу, ниеттеринин тазалыгына ишенсек болобу?
- БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш "Таза коом" Бириккен Улуттар Уюмунун стратегиясына шайкеш келет" деп баалады. Еврокомиссиянын төрагасы Жан Клод Юнкер "долбоор Кыргызстандын инновациялык демилгеси, ал жарандык коомдун, мамлекеттик мекемелердин жана бизнестин күчү менен ишке ашат" деди. Бүткүл дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча жетекчиси Лилиана Бурунчук: "Санариптик экономика - өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүгү, ал аркылуу бардык иш жеңилдейт" деп ишенет. Европа өнүктүрүү банкынын өкүлү Кэндис Макдейган "Таза Коом" керектүү учурда керектүү жерде ишке ашканы турат. Кыргызстан акыркы жылдарда туура багытта өнүгүп келди. Азия өнүктүрүү банкы колдойт деген убада берди. Бул жогорку даражалуу адамдардын Кыргызстанга, кыргыз элине, кыргыз бийлигине ишеним көрсөтүп жатышынан жамандык издегенибиз пастык болот. Өз алдымча ойлонуп отуруп, "Таза коом" долбоору - соңку жылдары ойчулдарыбыз, көз ачыктарыбыз айтып келген "Алтын доордун" босогосу го (?) деп болжоп койдум.
- "Алтын доор" туралуу көп угуп жүрөм. Үч жыл мурун Россиядан карапайым беш аял келип, "Алтын доор Кыргызстандан башталат" деп айтып кетишкенин теледен көргөм. Гүлзат Шамсутдин деген өтө билимдүү кызыбыз жакында "Супарада" таза адамдарды чогултуп, көбү жаштар, айран уютуп, ырымын жасап, Манас айттырып бата алган болчу. Сиз "Алтын доор" туралуу кеп козгогондо дароо ушулар эсиме түштү.
- Жанагы даражалуулар, көп чоң өлкөлөрдүн өкүлдөрү Кыргызстанга чогулуп, кыргыз элине, кыргыз жетекчилерине ишеним көрсөтүп, кыргызча айтканда, "батасын берип" жатышы бекеринен эмес да. Илим менен мистиканын, миф менен реалдуулуктун чегинде билинип-билинбей, көрүнүп-көрүнбөй жашап, ою таза, жолу таза адамдын сезиминен билинбей орун-очок алып, үмүт жаратып, үндөп турган ойлор болот. Байыртан Манас бабабыздан тарта кыргыздар баардыгын жакшыга жоруп, жакшыны кеп кылган үчүн агарып-көгөрүп келатабыз. "Алтын доор" идеясын соңку учурда көп уктум. Ал элдин аруу тилеги.
Мен социологмун. Социолог эч бир саясый күчтүн таасирине баш ийбей, акыйкат, объективдүү, калыс изилдөөлөрдү жүргүзүүчү илим. Социология саясаттан алыс, таза болгону дурус. Мамлекет менен калктын ортосундагы чындыкты ачып турууга милдеттүү. Таза бийликке бул керек. Бийлик таза эмес болсо, андан чочуп турат. "Таза коом" шылуундардын заманасын курутуп, артка таштап, мамлекетти түп тамырынан бери жаңылоо зарылчылыгын жаратып отурат. Башында булганып алдык. Эми андан эртерээк тазаланып чыгышыбыз керек. "Башка элдин эрежеси менен жашаган эл өнүкпөйт" деп айткан экен Лев Гумилев. "Адам жолду түздөбөйт, жол адамды түздөйт" дептир Чыгыш акылмандары. Өз жолубузга түшпөсөк болбойт. Биз кыргыздын көөнө салт-санаасын теңирчилик жана ислам маданияты, шарият менен шайкеш келтирип жашап келген элбиз. Феодализмден социализмге секирип кеткендигибиз тууралуу далай диссертация корголгон. Жаңыны бат кабылдоо каныбызда бар. "Таза коом" идеясын деле илгиртпей иштетерибизге көзүм жетет. Эл менен бийликтин мамилеси оңолчудай болуп турат. Атамбаевдин соңку аракеттеринен соң, өзгөчө курултай институту боюнча сунуштарынан кийин бийликке терең ишеним артылып баратат.
Аңгемелешкен
Солтон САРИЕВ