mainkaptal
Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript
Пользовательский поиск
Кыргыз гезиттер
Келдибеков "оюн" кылып, Мадумаровду аксатууда...
Марк Твендин "прессадагы сен жөнүндөгү некрологдон башка ар бир сөз, атүгүл эң жаман сөз да бул - реклама" деген даанышман кеби бар. Ансыңарындай, Ахматбек Келдибеков саясаттагы жүрүш-турушу менен кыйла сөздү артынан ээрчитүүдө. Аз күн мурда эле "Азаттыкка" маек берип, "Үчилтиктин" ынтымагы бекем экенин, президенттик шайлоого карай биримдиктүү күч катары аттанышарын кайталаган. Көп өтпөй Камчыбек Ташиев экөө кайрадан Адахан Мадумаровго айтпастан "Акшумкар" партиясынын съездине катышып, Темир Сариевди мактоо менен кошулууга алгачкы кадамдарын таштап коюшту.

Мындай көрүнүштөн соң Мадумаровдун итатайы дагы тутулуп, булардын улам-улам ойнотконуна, алдап атканына ызырынып, тиштенип отурат. Келдибековдун мындай "саясый ходдорунан" улам ойлойт экенсиң, "бул атайын эле Мадумаров менен биригүү мунасасына барганы, аны ыңгайы келгенде ара жолго таштап кетүүгө башында эле кызыкдар болгонбу?" деп. Себеби, "түштүк картасы" боюнча экөө бири-бирине атаандаш катары сыпатталат. Мындайда койнуңа жылмаңдай кирип келип, байкатпастан "бычак уруп" кеткендей образдын жаралганы кандай?..
Ахмат мырза табиятынан куу жигит, президенттик шайлоого талапкер катары каттала албасын башында эле билген (соттолуп калганы боюнча), бирок болбой эле жүткүнүп, өзүнө пиар жасоо жагынан упай алууну көздөгөн. Саясый соодага баруу үчүн жөн жатпай ары-бери урунуп, коомчулуктун көңүл борборунда туруш керек да. Натыйжада, Мадумаровдун шансы аз экенин байкады да, дароо Сариевге ставка жасап, ага кошулуу үчүн кам көргөндөй. Эгерде Темике президент болуп калса, премьер-министрликти алуу боюнча соодалашат. Болбосо кийинки парламенттик шайлоодо "Акшумкар" менен "Ата Журттун" тандемин жаратууга ашыгат. Эмнеси болсо да Келдибеков өкмөт башына келүүнү самоодо, себеби, жаңы Конституция боюнча премьердин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Кыскасы, көчөдө калбоонун амалын издеген убагы. Ошого катар ал түштүктөгү негизги атаандашы Мадумаровду да алсыратып кетүүнү биринчи планга коюп, түркүн түстүү "оюндары" менен чаргытууда. Бирок, элдин көзү көрөгөч эмеспи. Коомчулук деле соңку убакта Келдибековдун "өспүрүм баладай кыялына" тоюп бүтүштү. Чоң саясатта ар бир кадамыңды талдап, туруктуу позицияда жүрсөң бааланасың. Тескерисинче, улам бир жээкке секирип, аныгында актана берсең эч ким олуттуу көз караш менен карабай калат да.
Сакен Бөрүбаев





Урмат САМАЕВ, "Кыргызстан" фракциясынан ЖК депутаты:
"Токмокто контрабанда менен иш кылган эмесмин, бирок, тааныштарым бар..."

Чүйдүн тыңчыкма жаштарынын бири, "Чемпион" каймана аты бар эл өкүлүн интервьюга тартып, азыноолак ой бөлүштүк. Эске сала кетсек, Конституциянын өзгөрүшүнө каршы эң алгачкылардан добуш берген дал ушул маектешибиз болчу.

- Урмат мырза, экс-фракция лидериңиз Канат Исаев өзүнө карата катар-катар кылмыш иши ачылганы саясатта дымы чыкпай кетти да. Анан калса фракциядагы депутаттар менен да жолугушпай, четтеп жүргөнү кандай? Сиз парламентке "Кыргызстан" фракциясы, анын ичинен токмоктук катары Исаевдин арты менен келгениңиз сөз болуп жүрөт. Мындай жааттагы суроолорго кандай жообуңуз бар?
- Канат Кедейканович фракциянын депутаттары менен ар дайым жолугуп турат. Баардыгы менен мамилеси жакшы. Катар-катар кылмыш иши боюнча, эми аны убакыт тастыктайт. Туура, менин депутат болушума Канат Кедейкановичтин салымы, аракети көп болгон. Аны жашырганда не?
- Азыр парламентте сиздердин фракциянын айрым депутаттарына караганда кийинки тизмеде депутаттык мандатты күтүп турган, шайлоодо добушту көп алган талапкерлерге мандат ыйгаруу, алдыга жылдыруу өнөктүгү качан болчудай? Сизге карата да "кетет" деген сөздөр бар го?
- Кудай буюрса, жакын аранын ичинде ушул өңдүү суроолоруңардын баарын фракциянын төрагасына бериңиз. Меники боюнча да алар чечет.
- Бүгүн сиз үчүн партияда лидер ким? Канат Исаевби, Алмаз Баатырбековбу же көмүскөдөгү кожоюн Шаршенбек Абдыкеримовбу?
- Фракциябызда Алмаз Баатырбековду лидер катары шайлаганбыз 17 добуш менен...
- Парламенттен кичи мекениңиз Токмоктун көйгөйлөрү боюнча ооз ачканыңыз байкалбайт го?
- Чүй-Токмок боюнча көйгөйлөрдү көтөрүп эле келгенбиз. Келечекте Кыргызстан боюнча дагы көтөрөбүз.
- Сиз депутаттыкка чейин Токмоктон спортсмен катары артыңызга "чоң муштумдардан" команда түзүп, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы контрабанданы көзөмөлгө алчу белеңиз? Сиздин бул жааттагы "ишиңизди" Токмок ШИИББ башчысы Максат Чойбеков билип калып, тартипке чакырып, "демиңизди суутуп" койду беле, бир тойдон кармап алып...
- Эч кандай контрабанда менен иш кылган эмесмин, бирок, тааныштарым бар... Ал эми Токмоктун милиция башчысы Максат Чойбеков менен жакшы эле мамилем бар болчу. Экөөбүздүн ортобуздагы мамиле азыр деле жакшы. Ал эми спортсмендерден андай деле команда түзгөн эмесмин. Ага-инилерим бар...
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ





Сооронбай
Жээнбековдун талапкерлигин Путин менен Медведев жактырдыбы?

Президент Атамбаевдин Москвага болгон иш сапары жемиштүү башталганын алгачкы эле күндөрдөн байкасак болот. Маселен, Путин өзү жөнүндө тартылган кинонун премьерасына баруудан баш тартып, кыргыз лидери менен кечки тамактанууга отурганы - эки өлкөнүн жылуу алакасы үчүн болууда. Албетте, бул жааттан майда баратына чейин тиешелүү ММКлар сайрашса керек. А биз ток этерине келели.





Беш күндүк сапардын ийгиликтүү башталганы - Путин менен Медведев биздин Атамбаевдин өтүнүчүн эске алышарынан кабар берет. Азырынча коомчулукка ачык айтылбаса да, президенттик шайлоого КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбековду Россиянын жетекчилери колдой турганы, бул жаатта бир пикирге келишкени бизге маалымдалды. Бүгүнкү бийликтин саясатын улантуучу катары КР өкмөт башчысынын жактырылышы - мамлекеттин туруктуулугуна жана өнүгүүсүнө болгон кыйшаюусуз кадам катары бааланат. Албетте, мындай саясый жемиштин жаратуучусу катары Алмазбек Шаршенович экенинде талаш жок. Эң башкы стратегиялык өнөктөшүбүз Россия державасы Кыргызстандагы кырдаалга, шайлоо процессине кайдыгер карабай, жардам көрсөтүүгө кол сунганы жакшы жөрөлгө.
Аныгында, Сооронбай Жээнбеков үчүн натыйжалуу жол ачылды. Эми эл үчүн ак ниет, таза ишмердигин уланта берсе, трайбализмден жогору турса, туугандарын мамлекеттик бийликке кийлигишүүсүнө кескин түрдө бөгөт койсо, ишенимди толук актайт. Биз да бул жагынан баам салып турмакчыбыз. О.э. калың эл да ар бир кыймылын карап турат.
Арстан АЛГЫРБЕКОВ





меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика